Талкуу башталды

Темир Сариев: "Энергетикалык коопсуздугубуз коркунучта!"
Өткөн саныбызда "Энергетиканы менчиктештирүү керекпи?" деген суроонун тегерегинде талкуу уютуруу тууралуу жазган элек. Коомдук парламент 20-февралда өзүнүн алгачкы отурумун өткөрүп, ушул маселени талкууга алды. Анда экс-депутат Темир Сариев ушул маселе боюнча оюн ортого салды. Аны сиздердин назарыңыздарга сунуштоо менен талкуубузду улантарыбызды билдиребиз.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө жүзүндө суу - энергетикалык запастардын ичинен негизги байлыктардын бири болуп эсептелет. Энергия ресурстары, атап айтканда нефти, көмүр, мазут, газ, суу ж.б. нерселер азыркы кезде ар кайсы мамлекеттердин ортосундагы мамиле катыштарды-жүзөгө ашырууда экономикалык гана эмес, саясый мүнөзгө да ээ. Анткени, алардын наркы барган сайын өсүп, ал эми запастарынын көлөмү барган сайын азаюуда.
Суу ресурстары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Россия менен Тажикстандан кийинки 3-чү орунда турат. Биздин өлкөбүздүн өзөндөрү менен дарыялары жогорку деңгээлдеги энергетикалык күч-кубатка ээ. Нарын дарыясы эле Волга жана Ангара сыяктуу дарыялардан ашып түшөт экен.
Кыргызстандыктардын баарын энергетикабыздын азыркы абалы жана анын потенциалы кандайча колдонуп жаткандыгы тууралуу маселе ойго салып жаткандыгы бекеринен эмес.
Учурда, энергетикада кыйын абал түзүлүп калды. Энергетика ведомоствосунун билдиргенине караганда, бир жылда он беш миллиард кВт саат энергия иштеп чыкканыбыз менен, анын 40% 2007-жылы дайынсыз жоготууга учураптыр. Жоголгон энергиянын көлөмү 6 млрд. кВт саат же анын наркы 3,7 млрд. сомду түзөт экен.
Адистердин айтымына караганда, электр энергиясына карата тарифтер эч негизсиз эле жогорулатылып жатат. Азыркы күндө бир кВт саат электр энергиясынын өздүк наркы 3 тыйын турганы менен, калайык калк үчүн анын баасы 62 тыйын, өндүрүш үчүн 90 тыйындан сатылууда. Демек, бул көрсөткүчтөр өздүк наркка караганда тиешелүү түрдө 20 жана 30 эсе көп дегенди билдирет.
Маселен, Казакстанда электр энергиясынын өздүк наркы кыйла жогору. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө электр энергиясына тартыштык байкалат жана 2010-жылы бул көрсөткүч 5 млрд. кВт саатты түзүшү мүмкүн. Бул болсо Камбарата-1 ГЭСинин долбоорлук кубаттуулугуна барабар келет.
Өзбекстан дагы Казакстан сыяктуу эле өзүнүн электр энергиясынын 90%на жакын бөлүгүн жылуулук электр станцияларында чыгарат жана анын 77% газды, мазутту жана көмүрдү пайдалануу менен жүзөгө ашат. Ошол эле мезгилде Казакстан менен Өзбекстанда газдын, мазуттун, көмүрдүн өздүк наркы тынымсыз өсүп келет жана ошондон улам энергиянын баасы дагы жогорулоодо.
Жогоруда айтылгандардын баары жакынкы жана алыскы келечекте электр энергиясын чыгарууда суу ресурстарынын мааниси жогорулай бере тургандыгын ачык айкын тастыктап турат.
(Уландысы 8-бетте)




  Альтернатива

Коомдук парламент кимдерге каскак?
"Акыйкат үчүн" кыймылы уюшулуп жатканда күн тартибине тогуз пункттан турган маселе киргизилген эле. Негедир эле ошол тогуз пункттун бири гана - коомдук парламент түзүү деген позициясы ЖКнын депутаттарынын тыбырчылап-тырчып кетишин шарттады.

Талуу жерине тийип алганбы деген түкшүмөл пайда болбой койбос. Чычалагандардын ири алды спикер А.Мадумаров болду. Баш мыйзамга шилтеме жасап келип: "Там говорится, какие в нашей стране существуют государственные органы, какие у этих государственных органов имеются полномочия. Поэтому, если в Конституции нет такого органа, он считается неконституционным", - дейт А.Мадумаров (akipress.kg). Конституцияда коомдук парламентке арналган атайы саптар жок экени ырас. Асыресе, закүнчүлдүк жагынан такыбалыгы жанда жок А. Мадумаров бир жагдайды эске албай турганы кадиксиз байкалат. Конституцияда же башка мыйзамдарда коомдук палатага же ошого окшогон башка коомдук институттарга жол берилбейт деп эч жерде айтылбаганын да, эскертилбегенин да А.Мадумаров моюнуна алууга милдетүү. Бул болсо коомдук палата конституциялык эмес деген жыйынтыкка алып келбей турган маанилүү юридикалык учур. Эл аралык укукта - эгер мыйзамда тыюу салынбагандардын баарына уруксат берилет деген ташка тамга баскандай болгон жөнөкөй бир акыйкат бар экенин эстен чыгарбасак артыкбаштык болбос эле. Демек, коомдук палатаны түзүү толук түрдө мыйзамдуу акция, конституциянын алкагында жасалып жаткан иш.
Коомдук палатага жана аны түзүүнүн демилгечилерине каскагын тигип каралоодо, ЖКнын чыгаандары "мыйзамсыздык кемчилигин ачып чыгуу" менен эле ыраазы болуп калышкан жок - Р.Акназарова тээ илгери эки иштен бир иш деп чампалап түзүп койгон, азыркы тапта элдин эсинен эбак чыгып, унутулуп кеткен "саясый партиялардын парламенти" дегенин казып чыгышты. Алардын ою боюнча СПП тургандан кийин коомдук парламентти түзүп кажети жок. Арийне, "мадумаровчулар" бир орчундуу жагдайды -коомдук палата менен СППнын ортосунда асман менен жердей айырма бар экенин эске алгысы келбей жатышат. СПП Р.Акназарова өзү мойнуна алгандай: "саясый партиялардын парламентинин планын ишке ашыруу "ЖК депутаттарынын, ошондой эле жогорку уюмдардын эркине байланыштуу" (bpc.kg). СПП, ошентип, ЖК менен "жогорку уюмдарга" көмөкчү орган катары иш жүргүзө турган структура. Башкача айтканда алардын тиркем-паразити. Ал эми, коомдук палата болсо официалдуу парламенттеги чыгарылган чечимдерге альтернативалык коомдук пикирлерди, көз караштарды туюндурууга мүмкүндүк бере турган трибуна катары кызмат кылат.
Коомдук парламент ЖК карата структуралык альтернитива болбойт деген пикирлерге кошулуу керек. "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидерлерлери деле моюнуна алгандай коомдук палатанын чыгарган чечимдерин аткарууга өкмөт милдетүү эмес. Максат официалдуу ЖК чыгарып жаткан мыйзамдардан, чечимдерден башкача ойлорду туюндуруу. Коомдогу плюрализмди калыптандыруу. Ошентип коомдук палата түзүүгө болгон аракеттерде А.Мадумаров менен аны колдоочуларынын теригип кете тургандай эрөөн-терөөн жок болуп чыгат.
Мадумаровчулар бетке карманган дагы бир "аргументи" коомдук парламент шайлоодо бийликке жетпей калгандардын ич күптүүлүгүн туюндура турган трибунага айланат дегени болду. Мында коомдук парламенттин уюштуруучуларына карата кырдануу ишаарасы жаткандыгын байкоо кыйынчылыкка турбас. Асыресе, коомдук палата ичинде өкүтү калган, кусаматы бар саясатчылардын куралына айланабы же кеңири коомдук пикирди туюндурган, учурдун көкөй кести проблемаларын көтөрүп чыккан уюм болобу - ал жөнүндө азыртан эле сыртынан туруп алып ченеп бычып бир жыйынтык чыгаруу олдоксондук болор. Андай тыянакка келүү үчүн олуттуу себептер болушу керек. Коомдук палата ишке кирише электе ага бир жаңсыл баа берүү ашкерелик..Мезгил өзү кимдики акыйкат, кимдики жалган жалаа экенин таразалап алар.
Мадумаровчуларды күйгүлтүккө салып күйүктүрүп жаткан маселе башкада. Эгер коомдук парламент демократиялык негизде жемиштүү иш алып барып элдин жактыруусуна, кеңири колдоосуна ээ боло баштаса, чындап эле коомдук альтернативалык көз караштарды туюндуруу аянтчасына айланса, түрдүү көз караштарга орун берүүгө шарт түзүлсө, анда "чөнтөк" парламент деген атка конгон, ансыз деле эл ичинде баркы төмөн азыркы ЖКнын бедели андан бетер түшүп кетээри анык. Жогору жактын оозун караган айдама, жеке өз пикирин айтууга укугу чектелген депутаттардын чыныгы жүзү ачылып калары аларды сестендирип, камтага салып турган жагдай. ЖКнын дыкаттык менен тереңге катылган демократиялык маскасы сыйрылып, декоративдик ролу ачык чыгып калары чочулатууда. Экинчи жагынан ЖКнын легитимдүүлүгү боюнча маселенин кырынан коюлуп калышына коомдук парламент өбөлгө түзөөрү бышык. Канткен күндө да коомдук парламент менен ЖКга элдин өзү баа бергени дурустур. Коомчулуктун эки институтту бири бири менен салыштырып бир жыйынтыкка келе турган укугун (право выбора) азырынча эч ким тыюу салып чектеп кое элек.
20-февралда коомдук парламенттин бет ачаары болуп өттү. Алгачкы жыйыны уюштуруу ишине арналды: 50 кишиден турган депутаттары парламенттин спикери менен анын орун басарын шайлашты. Уюштуруу ишинен тышкары депутат Т.Сариевдин энергетика системасын менчиктеширүүнүн ой-чуңкурлары боюнча маңыздуу доклады угулду. Коомдук парламенттин алгачкы талкуусуна баам салган адам анда демократиялык жөрөлгөгө негиз түзүлгөнүн көрө алар эле. Бул анын ишинин келечегинен үмүт кылдыра турган жосун.
Коомдук палатанын спикери болуп такшалган саясатчы, парламентаризм ишинде мол тажрыйбасы бар А,.Эркебаев шайланды. Эми "эпатажный" А.Мадумаров менен салмактуу, билимдүү А.Эркебаевди салыштырып көрүүгө мүмкүндүк ачылды..Кайсы палатынын иши майнаптуу болоруна бааны келечекте эл өзү берер. Коомдук парламентин жыйында ЖКга мүнөздүү льгота доолаган, квартира, машина сыяктуу комфорттук шарттарды түзүп берүүнү талап кылып өз көмөчүнө күл тарткан кызыл чеке талаш болбогону айтпаса белгилүүдүр. Коомдук парламент мамлекеттик бюджетке өлүмтүгүн арткан уюм эмес. Өз башына өзү ээ (самодостаточный), элге пайдадан башка зыяны жок экендиги анын артыкчылыктарынын бири.

Үсөн Касыбеков