Коомдук-саясый гезит
№24, 22.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  дабагерден даба сөз

Борис Сиротинский:
"Импотенцияны дарылоо жагынан алдыдабыз"
"On Clunic" филиалынын Бишкекте ачылганына аз гана убакыт болду. Ушул кыска мезгилдин ичинде эле клиника көпчүлүккө маалым болуп, оорулуулар ал жакты көздөй акырындап агыла башташты. Албетте, врачтын кабыл алуусунда болуу үчүн бир канча күн алдын ала жазылуусу керек.

Бишкектиктердин көңүлдөрүн дароо өзүнө тартып, кызыктырган бул клиниканын эмне өзгөчөлүгү бар? Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан суроолорго дүйнөнүн 14 өлкөсүндө 112 филиалды өзүнө камтыган "On Clunic International" фирмасынын башкы врачы Бишкекке келип, Борис Маркович Сиротинский кенен-кесир жооп берди.
- Биздин клиника кары-жашына карабай бардык эркектердин жы-ныстык жактан алсыраган (импотенция) ооруларды, ошондой эле геморрой жана арткы жоон ичегини гинекология, псориаз операцияларын эч оорутпастан жасашат жана айыктырышат.
- Эмне үчүн дал эле ушул багыт менен иштеп жатасыңар?
- Мунун бардыгы эркектердин импотенция оорусун дарылоодон башталган. Мындан 20-25-жыл мурун Израилдин алдыңкы сексопатолог менен урологдору ушундай оору менен ооруп жаткан эркектерди дарылоо ыкмасы эч жерде жок экенин билишип, бул ишти өздөрү колго алып иштөөнү чечишкен. Анткени, тукумсуздуктун 60 пайызы эркектердин жыныстык жагынан алсыздыгынын кесепетинен пайда болорун бардыгы жакшы билишчү. Албетте, биз бүгүнкү күндө демографиялык жактан төмөндөөнүн негизинде жашап жатабыз. Ошондой эле кандай гана мамлекет болбосун адам санын көбөйтүү саясатына багытталган иштерге чоң маани берүүдө. Ошондуктан бул маселени сөзсүз түрдө ишке ашырууга аракет кылып иштей баштадык.
Бул боюнча атайын программалар түзүлүп, дары-дармектер даярдалып, дарылоо методикалары иштелип чыккан. Бүгүнкү заманга төп келген техника, аппараттар, дары-дармектер Израиль менен Англияда кандай болсо Бишкекке да ошону жеткирүүнү, жайылтууну ылайык көрдүк. Атайын врачтарды тандап алып, аларды окутуп, көп нерсени үйрөттүк. Бир топ нерселерди өзгөртүүгө туура келди, өзгөчө врачтардын оорулууларга болгон мамилесин. Анткени оорулуулардын көпчүлүгү маанайлары түшкөн, көңүлдөрү чөккөн, бул жашоо кунарсыз болуп врачка келишет. Албетте, андайлар менен иштешүү жеңил эмес, бирок ар бир врач алардын көңүлүн, сырын таба билип, ошонусуна жараша мамиле кылуулары абзел. Албетте, кайсыл мамлекет болсо да оорулуулардын бардыгы бирдей болушат. Импотенция оорусу өтө эле орчундуу, курч маселе. Мурун бул оору менен ооругандар: "Бүттү эми, эркек эмесмин, бул - өлүм" деп эсептешсе, азыр биз 98 пайызга аларды айыктырганга мүмкүнчүлүгүбүз жетет.
- Айтмакчы, Борис Маркович, азыр "Виагра" дарысы, анын өзгөчөлүгү тууралуу бардыгы эле ар кандай кептерди айтышат. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз?
- "Виагра" дарысы медицина чөйрөсүнөн өзүнчө бөлүнүп чыгып кеткен нерсе. Аны врачтардын дайындоосу, көргөзмөсү менен гана пайдаланыш керек болчу. Андай болбой жатпайбы, бардыгы эркин сатылып, бүткүл дүйнөгө тарап кетти. Бул дарынын терс таасири да, оң таасири да бар. Оорулууларга врач гана рецепт бере алат.
- Клиника мындан сырткары дагы башка ооруларды дарылоо системасында да иштеп жатышат. Бул дагы кокусунан эмес да?
- Албетте, геморрой оорусу менен ооругандар дүйнөдө жүз миңдеп саналат. Андан хирургиялык жол менен гана арылса болот. Тагыраак айтканда, операция жолу менен гана айыктырышат, кан көп кетет, ооруйт, оорулуулар көпкө кыйналып жүрүшөт айыккыча. Ал эми биз алып келген техника аппаратураларыбыз менен беш-он мүнөттүн ичинде эч кандай операция жасабай, ооруттурбай жөн гана таза айыктырып бере алабыз. Бизден дарыланып чыккандан кийин ал адам эч нерсе болбогондой мурунку иштерин жасап жүрө берсе болот. Бирок бир топ убакытка чейин оор нерсени көтөрүүгө болбойт. Ушул техноло-гиянын негизинде дүйнө жүзүндө 80 пайызга жакын адамдар бул оорудан таптаза айыгып кетишти. Жоон ичегидеги тешикче, жаракаттарды калыбына келтирип дарылай турган атайын май дарыларды ала келгенбиз. Ошол май дарыларды сүйкөп эле дарыланып алса болот. Ал эми псориаз оорусуна кайрыла турган болсок, дүйнөдө бул оору менен ооругандар көп, бирок жакшы айыга албай келатышат. Биз мындай оору менен кыйналып жаткандарды кантип дарылоонун башкача жолун үйрөндүк: "Өлүк деңиз" деген бар ошонун баткактарын пайдалануу менен бул ооруну да жакшы дарылай алабыз. Оорулуу өзүн жеңил жакшы сезип калат. Бул баткакта көптөгөн пайдалуу заттар бар, ал квинтэссенция деп аталат. Дагы бир айта турган нерсе силердин республикада "Псоремисс" программасы боюнча иштеген эч ким жок. Ал эми төртүнчү багыттагы ишибиз бул - гинекология. Биз эркектерди айыктырып жаткандан кийин, анын сексуалдык өнөктөшүн дагы айыктырышыбыз керек. Болбосо өзүбүзгө керектүү ишибиздин натыйжасынын соңуна чыга албашыбыз мүмкүн. Оорулууларды дарылоодо бир гана жолу пайдаланчу аспаптар, сапаттуу дары-дармектер керектелет. Бизде дагы айта кетчү нерсе көпкө кезекке туруп калуу деген болбойт.
Эркектердин интимдик күчүн дарылоодо гинекология, проктология дагы башкы орунду ээлейт. Ошондуктан бизге келген оорулуулар алдын ала жазылышып, анан кезексиз дарылана башташат. Биз врачты күтүп же анализди күтүп оорулуулардын убактыларын бекер талаага кетишин каалабайбыз. Бардыгын тез-тез өз убагында сапаттуу бүтүрүүгө аракет жасайбыз. Албетте кээде 5-7 мүнөттөй кезекке күтүү болуп калат, алар үчүн атайын кабинеттер да бар.
- Сиз эң акыркы чыккан жаңы аппаратуларды Бишкекке алып келдик деп бир канча жолу баса белгилеп кеттиңиз. Ал эмне болгон жабдыктар?
- Бул жаңы модификациядагы УЗИ, же тагыраак айтканда орулуу адамдын ооруган жерин үч эсе чоңойтуп, аныктап, көрсөтүп бере алат. "Сургитрон" деген дагы жаңы аппарат алып келдик, анын жардамы менен полипкондиломду тазалайт, жаны моюнчасын патологияны да дарылайт. Албетте эч кандай оорутпай дарылайт.
- Бизде VIP- персона ыкмасы менен гана дарылашат деп ошого көнүп алганбыз...
- Биз силердин кандайдыр бир регионуңарда клиниканы ачаардан мурун ошол жердин экономикалык да абалын карайбыз. Анткени биз жалаң гана бай адамдарды эле дарылай бербейбиз, бай-кедейине карабай бардыгына бирдей мамиле жасайбыз.
- Биздин жергебиздин түштүк регионунда ушундай клиника ачканды пландаштырган жоксуңарбы?
- Азырынча, андай ойдо жок. Баса айтмакчы мен Кыргызстандын түштүк жагын эң жакшы билем. Анткени өзүм Ташкенде төрөлүп, ошол жакта чоңойгом. Биздин бир шартыбыз эле ушул, эгер алар бизге сөссүз түрдө дарыланабыз деп ниеттерин койсо. Эгерде алыскы региондордон атайын дарыланганы келишсе сөзсүз түрдө баасын төмөнүрөөк кылып дарылайбыз.




  Ойлон!

Оң жолго түшөм десең, окуучулук форма кий!
Азыр биздин мектептерге барсаң кимиси окуучу, кимиси мугалим экенин өңүнөн, жаш курагынан эле ажыратып билбесең, көп учурда кийген кийимдеринен айырмалай албайсың.

Анткени, жогорку класстардын кээ бир окуучулары (айрыкча кыздар) өздөрүнө таалим-тарбия берип жатышкан мугалимдери кийише элек чет өлкөлөрдөн алынып келип жаткан кымбат баалуу кийимдерди кийип жүрүшкөнүн көрүп эле жүрөбүз. Мындай учурда окуучусунан жупуну кийинген мугалим аларга кандай таасир кыла алат болду экен? Албетте, биринчи иретте билимди эмес, кийимди көздөгөн андай окуучуларга эч кандай билим да, тарбия да таасир этип, жукпай тургандыгы түшүнүктүү. Ошол кымбат баалуу кийимдерди кийип келишкен окуучулардын жанында жөнөкөй кийинген окуучу чүнчүп, өзүн басынтып, билим алууга анча умтулбай тургандыгы да шексиз. Мезгил зарылдыгы болуп турган ушул маселени чечүү үчүн Жогорку Кеңештин спикери Адахан Мадумаров биринчилерден болуп тынчсыздануу коңгу-роосун какты. Анын ою боюнча, мектептерге бирдей окуучулук форманы киргизүү билим алуунун натыйжалуулугун бир кыйла арттырат. Ал үчүн бул багытта изилдеп, иликтеп, тактоо иштеринен кийин атайын мыйзам кабыл алынуусу керек.
Чындыгында эле, спикердин тынчсыздануусу бекеринен эместей. Сыягы, мектептерге барган учурларда улууларга салам бермек турсун, кийген кийимдеринен улам көкүрөктөрү көк тиреген андай окуучуларды өз көзү менен көргөн окшойт. Уюлдук телефондору, кымбат баалуу кийимдери менен менен айлана-тегерегиндегилерди көзүнө илбей, үнүнүн бардыгынча ыржалактап күлүп, сүйлөшүп жаткан окуучуларды көрүп денең муздап, ичиркенесиң. Ата-энелери да аларга кой, ай дебей, эмне десе ошону жасап, сары ооз балапан кезинен баштап көпкөнчүлүккө шарт түзүп берет.
Бул жерде бир тараптуу аракет эч кандай жакшы натыйжа бербей тургандыгы турган иш. Ата-эне качан гана мектеп, коомчулук менен биргелешип аракеттенгенде иш алга жылат, окуучуга билим, тарбия жугат. Тартип бузуучулуктун көбөйүп бара жатышы ар ким өз алдынча чаржайыт иш жүргүзүп жаткандыктан улам келип чыгууда. Мектептерге бирдей окуучулук формаларды киргизүү майда көрүнүп, сезилгени менен өз мезгилинде көтөрүлгөн омоктуу маселе болуп олтурат.
Билим берүү жана илим министрлиги бул маселени иликтеп, тактоо, талкуулоо үчүн атайын жумушчу комиссиясын түзүүнүн алдында. Анын милдети мектептерде мугалимдер, ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүп, алардын ой-пикирлерин, сунуштарын билүү. Ошого жараша бир жыйынтыкка келүү. Ал комиссиянын акыркы сунушу Жогорку Кеңешке жиберилип, депутаттар жактырса ишке ашканы турат. Демек, кийимге эмес, билимге умтулууга жол ачылат. Эми бул ишке ашабы, же талашып, тартышып кала береби, кеп ошондо. Бирок, эл өкүлдөрү маселени оңунан чечеби, чечпейби, аны азырынча айтыш кыйын.

Жума Мамбетов














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan