Талкуу башталды

Темир Сариев: "Энергетикалык коопсуздугубуз коркунучта!"
Кыргызстан суу энергетика ресурстарына бай өлкө болуп саналат. Бир жыл ичинде анын аймагы аркылуу агып өткөн суулардын жалпы көлөмү 50 млрд. куб метрди түзөт, ал эми жер астындагы суулардын көлөмү 13 млрд. куб метрден ашат. Башкасын айтпаганда да, жалгыз Токтогул суу сактагычы эле жалпы Орто Азия аймагында суу бөлүштүрүү ишинде өтө маанилүү ролду ойнойт.
Токтогул ГЭСине Кыргызстанда чыгарылуучу электр энергиясынын 90% туура келет. Бүтүндөй Кыргызстан жай мезгилинде бир сутканын ичинде 18 млн. кВт саат энергия керектейт, ал эми кыш мезгилинде 65 млн. кВт саатка чейинки көлөмдө электр энергиясы талап кылынат. Өзүбүздүн муктаждыктан алып Караганда, биздин энергия системабыз өзүбүздүн гана талаптарга иштөөгө тийиш болчу. Бирок тилеке каршы иш жүзүндө мындай болгон жери жок.
Белгилүү болгондой Токтогул ГЭСинин суу сактагычы илгертен бери эле сугат режимине ылайык иштетилип келген. Башкача айтканда, жаз жана жай мезгилдерине Казакстан менен Өзбекстанды сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылат. Кыргызстандын өз мүдөөсүнөн алып караганда, Токтогул ГЭСи энергетикалык режимде иштеши зарыл. Тактап айтканда, кышкысын энергия иштеп чыгарышы керек, ал эми жаз жай айларында суу сактагыч сууга толтурулушу абзел.
Казакстан менен Өзбекстан кышкысын Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнү азайтууну өтүнүп келишет жана муну эки себеп менен түшүндүрүшөт. Биринчиси - кышкысын айдоо жерлерди суу каптоодон сактоону көздөшөт. Экинчиси - жайкысын сугат суусу мол болсун үчүн суу сактагычта суунун көп болушун каалашат.
Кошумчалай кете турган нерсе, кышкысын кошуна Тажикстан бизден энергия берүүнү суранып келет. Бул болсо кышында сууну ГЭСтен көбүрөөк агызыш керек дегенди түшүндүрөт. Ошентип, өзүбүздүн жана жакынкы кошуналардын кызыкчылыктары биздин суу-энергетикалык комплексибизди пайдалануу ишинде ар кандай карама-каршылыктарга кириптер болууда.
Айтылгандарга кошумча кийинки мезгилде Бишкек ТЭЦин, Бишкек жылуулук тармагы АКсын, "Түндүкэлектро" АКсын менчиктештирүү маселеси улам курч коюлуп жатат.
Аталган объектилердин бардыгы стратегиялык мүнөзгө ээ болуп саналат жана Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда турмуш-тиричиликти камсыз кылууда абдан маанилүү роль ойнойт. Мисалы, "Түндүкэлектро" Кыргызстандын энергия керектөөсүн 65% камсыз кылат экен.
Ачык айтуу керек, суу, жылуулук жана электр энергия ресурстарын чыгарууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу комплекстүү объектилерди бир колго берип коюу мамлекетибиздин улуттук, энергетикалык жана экономикалык коопсуздугуна тикелей коркунуч келтирет. Азыркы бийлик бул объектилерди менчиктештирүүнүн зарылдыгын энергетика системасындагы туура эмес башкаруу, уурдап-тоноочулук болуп жаткандыгы менен түшүндүрүп жатат. Ошол эле мезгилде бир нерсе таң калтырбай койбойт. Мамлекет өз колунда электр энергиясын аны башка бирөөнүн колуна салып берүүгө аракеттенүүдө. Мунун менен эле чектелип калбастан энергия акысын жогорулатууга да каршы эмес, бул болсо энергетиканы менчиктештиргиси келгендерге дагы кошумча ыңгайлуу шарттарды бермекчи.
Биз өлкөбүздүн өкмөтү энергетикалык объектилерди иштетүүнүн башка бир альтернативалуу жолдорун кароосу зарыл деп эсептейбиз. Айталы, Бишкек ТЭЦин, жылуулук тармактар ишканасын, Бишкек мэриясынын карамагына берсе болот. Анткени алар шаардын энергетикалык инфраструктурасын камсыз кылуучу негизги объектилер деп эсептелет. Адатта бул үчүн шаарда каражат жок деп айтып келишет. Бирок, буга анчалык ишенүүгө болбойт. Маселен, Казакстанда Алматы шаары өзүнүн ТЭЦин жана энергосистемасын арзыбаган 10 миллион долларга башкаларга сатып жиберип, бирок бир топ убакыттан кийин кайра аларды 100 миллион долларга сатып алууга мажбур болушкан.
"Түндүкэлектрону" эле алып карап көрөлүчү. Азыркы кезде өлкөбүздөгү энергия бөлүштүрүүчү төрт компаниянын ичинен дал ушул "Түндүкэлектро" абдан көп дайынсыз жоготууларга учурап жатат. Бул эмнеликтен? Буга жооп жөнөкөй эле. Анткени төлөөгө жарамдуу абоненттердин көпчүлүгү анын кызматынан пайдаланышат. Мындай өтө чоң, аймагы кең, чыгымдуу компанияны кармап туруунун эмне кереги бар? Аны Бишкек, Талас, Чүй деген өз-өзүнчө компанияларга бөлүп жиберүүгө эмнеге болбосун?
Азыркы эл аралык турмушта мамлекеттер өзара кызматташуусуз жашай албасы өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Кыргызстан дагы башка өлкөлөр, асыресе жакынкы кошуналар менен өз ара пайдалуу жана жакшы санаалаш мамилелерде болушу абзел. Бирок мындай мамилелер ириде Кыргызстандын өзүнүн экономикалык мүдөөлөрүнө зыян келтирбөөгө тийиш.
Үстүбүздөгү жылда нымдын аз болгонуна байланыштуу жана Токтогул ГЭСинде электр энергиясын чыгарууда жоготууларга жол бербөө максатында жана суу-энергетикалык комплексибизде түзүлгөн абалды оңдоо үчүн төмөндөгүлөрдү сунуш кылууга болот:
1. Кыргызстандын өкмөттөр аралык макулдашуулары бир жылдык же бир кыска мөөнөттүү негизде эмес, узак мөөнөттүү негизде түзүлүшү зарыл. Ушундай болгондо гана биз бир жагынан табигый-климаттык кубулуштардын таасирлеринин аздыр-көптүр алдын алабыз, экинчи жагынан - өз экономикабыздын келечегин божомолдоо жана пландаштыруу үчүн мүмкүнчүлүктөргө ээ болобуз. Бул Кыргызстан эле эмес, кошуна Казакстан жана Өзбекстан үчүн да пайдалуу.
2. Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычынын сугат мезгили ичинде сууну кое берүү режимин аныктоо боюнча Өзбекстан жана Казакстан менен өкмөттөр аралык макулдашуу түзүүдө кое берилүүчү суунун, чыгарылуучу электр энергиясынын дайындуу көлөмдөрүн белгилеши жана алардын бааларын так аныкташы зарыл. Мында Өзбекстанга берилүүчү электр энергиясынын баасы 1 кВт саат үчүн 3 центтен, ал эми Казакстанга берилүүчү энергиянын басы 2 центтен кем болбоого тийиш. Сууну жана электр энергиясын берүүнүн ачык айкындуулугун камсыз кылуу үчүн эсептешүү иши акча каражаттары аркылуу гана жүргүзүлүшү керек. Башкача айтканда, бартер (алмашып алуу) болбошу абзел. Кыргызстан өзүнө керектүү отун заттарын (көмүр, мазут, газ) да акча каражаттарына гана ачык-айкын сатып алышы керек.
3. Эгерде Өзбекстан менен Казакстан менен мындай макулдашууларды түзүүгө мүмкүн болбосо, анда кыргыз тарабы Токтогул суу сактагычын өзү үчүн зарыл болгон энергетикалык режимде колдонуу үчүн, жолун ачууга укуктук жана моралдык мүмкүнчүлүк ала алат. Биз жазында жана жайында суу сактагычка суу толтуруп, күзүндө жана кышында аны электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн пайдалана алабыз.
Биздин суу байлыгыбыз - Кыргызстан элине тийиштүү баа жеткис дөөлөт экендигине шек жок. Учурда дүйнө жүзүндө суу байлыгы нефти менен газдан да алда канча кымбат экендиги барган сайын түшүнүктүү болуп бара жатат. Ошондуктан, эгерде биз келерки урпактарыбыздын мүдөөлөрүн көздөсөк жана Ата Мекенибиздин нагыз көз карандысыздыгын камсыз кылууга умтулсак, анда унчукпай олтура берүүгө эч кандай акыбыз жок.