![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №24, 22.02.08-ж. |
Меймансап Форум Аалам "Ааламда" Боливия табигый кырсыктын кучагында Бул мамлекеттин президенти жакында өлкөдө чукул абал жарыялагандыгын билдирди, мунун себеби бир канча күндөн бери тынбай жаап жаткан нөшөрлөгөн жамгыр. Анын натыйжасында жер-жерлерди сел каптап, дарыя, өзөндөр ташкындап, калктын айласын алты кетирүүдө. Кийинки бир айдын ичинде 45 миңден ашуун үйбүлө баш калкасыз калды, 51 киши набыт болуп, көп миңдеген кишилер жараат алышты. Кырсык бир келбейт дешет эмеспи, эми жер-суу булгангандыктан улам калайык-калк ичинде безгек, ич өткөк сыяктуу жугуштуу ооруулардын дүрт этүүсү күтүлүүдө. Фидель Кастро бийликтен кетмей болду Жарым кылымга жакын мезгилден бери Латын Америкасындагы, дегеле батыш жарым шардагы социализмдин тиреги болуп эсептелип келаткан Кубанын ушул убакка чейинки айныксыз жол башчысы, айтылуу Фидель Кастро 81 жашында бийлигин, атап айтканда мамлекеттик кеңештин төрагасы, куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы кызматтарын өзүнүн бир тууган иниси, 77 жаштагы Рауль Кастрого расмий түрдө өткөрүп бермей болду. Чынында акыркы бир жарым жылда иниси агасынын ордун иш жүзүндө ээлеп келе жаткан. Анткени, Фидель Кастро сыркоолоп өз калыбына кадимкисиндей келе албай жүрөт. АКШда бюджет тартыштыгы өсүүдө Американын өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда акыркы төрт айда бюджеттин тартыштыгы (дефицити) 4 пайызга жогорулаган. Ал эми 2008-жылдын бюджетинин конгресске сунуш кылынган долбоорунда бюджеттин тартыштыгы 210 млрд доллар болот деп белгиленген. Бул бюджеттин жалпы суммасы 3.1 трл долларды түзөт. Бюджет тартыштыгы дегенде, албетте, каражат жетишсиз болуп калат дегенди түшүнүүгө болбойт, мында бюджетке түшүүчү тикелей каражаттардын, атап айтканда салыктан алынуучу мамлекеттик кирешелердин азайышы тууралуу гана кеп болуп жатат. Америка өкмөтүндө бюджет тартыштыгын жабуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Нефтиге болгон баа кайрадан көтөрүлө баштады Жакынкы күндөрдө нефтинин баасы дүйнөлүк товардык биржаларда кайрадан бир баррель үчүн 100 доллардык чектен өттү. Мунун себеби катары нефти экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) нефтини чыгарууну чектөө жөнүндөгү чечимин айтып жатышат. Нефтинин кымбатташы энергия заттарынын, күйүүчү жана майлоочу майлардын, ал эми алардын кымбатташы кеңири керектелүүчү товарлардын кымбатташына тепкич болуп бермекчи. Айтылуу көзү ачык маркум Ванганын айтымы боюнча 2018-жылы жаңы энергия булагы пайданыла баштайт делинет. Буга ишенген күндө да ага чейин нефтинин наркы дүйнөлүк бааларды өйдө-төмөн кылып турганы турган окшойт. Россияда арак ичүү сээлдей баштагандай Бул тууралуу Россиянын статистика органдары айта башташты. Маселен, ушул жылдын январь айында арак продукциясын чыгаруу өткөн жылдын январь айына салыштырганда болгону 81,7 пайызды түзгөн. Мунун себебин талдоочулар эки нерседен көрүшүүдө. Биринчиси - психологиялык себеп. Дандын наркынын кымбатташына байланыштуу Россияда бир бөтөлкө арактын баасы 100 рублдан ашып түштү, демек, бул суммага арак алгысы келбегендердин саны да көбөйүп жаткандай. Экинчиси - калктын кыйла бөлүгү, айрыкча жаштар батыштын таасири астында аз алкоголдуу ичимдиктерге, маселен пивого көбүрөөк качыра башташты. Индияда террористтер 13 адамдын өмүрүнө забын болушту Бул өлкөнүн чыгышындагы Орисса штатында жакында маоист террорчулар бир мезгилде бир нече полиция участокторуна чабуул коюшуп, мунун натыйжасында 13 адам мерт болду. Дегеле бул өлкө аркандай террористтик кысымдарга байма бай учурап келе жатканын белгилей кетүү керек. Маочулар сыяктуу социалдык-идеологиялык революциячыл кыймылдардын куралдуу аракеттеринен тышкары, этникалык кагылышуулар, ар кайсы багыттагы динчилдердин чыр-чатактары да Индиянын бийликтеринин жана калайык-калкынын баш оорусу болуп келе жаткандыгы жалпыга маалым. Америка президенти Африка өлкөлөрүн кыдырууда Кечээ жакында Жорж Бушту жубайы менен Африканын чоң өлкөлөрүнүн бири Танзанияда кандай шаан-шөкөт менен тосуп алгандыгы бардык дөйнөлүк телеканалдар аркылуу кең-кесири көрсөтүлбөдүбү. Буга жараша Ж. Буш да куру кол келбептир. Ал "Миң жылдыктын корпорациясы" аттуу атайын кордун эсебинен Танзанияга 700 млн доллар бериле тургандыгын жар салды. Бул өлкөгө чейин ал Бенинде болду. Ал эми Танзаниядан кийин Америка президенти Руандага, Ганага, Либерияга бармакчы. Косово көз карандысыз мамлекет деп таанылабы? Мурда Сербиянын курамында болгон бул аймакты бир нече мамлекет, маселен, АКШ, Германия, Франция, Түркия расмий тааный тургандыгы тууралуу билдиришти. Себеби, бул кадам элдердин өз тагдырын өзү аныктоо принцибине каршы келбейт экен. Ал эми Сербия болсо Косовонун бул чечими мыйзамсыз, бир жактуу мүнөздө болгондугу, жалпыга бирдей эларалык укуктук ченемдерге ылайык келбей тургандыгы жөнүндө канкакшап жатат. Анын мындай туруму Россия, Кытай, Испания жана башка өлкөлөрдүн колдоосуна ээ бо-лууда. Дүйнө жүзүндө маселеси Косового окшош тариздеги көптөгөн башка аймактар бар экендигин эске алганда, Косовонун көз карандысыздыгын бир беткей таануу, асыресе, буга Сербия макулдук бербегенине карабай таануу, дүйнөлүк саясатта, дүйнө жүзүндөгү турукташтыкта тескери, кайраштыруучу мааниге ээ болуп кетиши мүмкүн экендиги айгине эле көрүнүп тургандай. Арменияда президенттик шайлоо болду 19-февраль күнү Арменияда кезектеги президенттик шайлоо өттү. Анда негизги талапкерлер катары азыркы өкмөт башчысы Серж Саркисян жана мурдагы президент Левон Тер-Петросян эсептелинип келген. Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептеп бүтүп, С. Саркисянды жеңип чыкты деп жарыялады - ал бардык добуштардын 53 пайызына жакынын алган. Ал эми Л.Тер-Петросян экинчи орунга чыгып, добуштардын 21,5 пайызына ээ болуптур. Россиянын экс-министри Евгений Адамов соттолду Бул адам, өзү илимпоз, окумуштуулар арасында кадырлуу инсан болуп келген. 1998-2001-жылдары Россиянын атом өнөржай министри болуп иштеп турганда Кыргызстанда далай ирет болуп, мурдагы президент менен жолугушуп кетип турган. Анан эле Швейцарияда жашап жүргөн жеринде АКШнын дооматы менен камакка алынган. Кийинчерээк бул дооматка Россия да кошулган. Алдын ала тергөө жүргүзгөндөн кийин Швейцария бийликтери Е. Адамовду Россияга өткөрүп берген. Жакында Москвада бул иш боюнча сот болуп, Адамов 30 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз жок кылган деген айып боюнча 9 жылга кесилди. Бирок, соттолуучу өзүнө коюлган күнөөнү моюндабай, даттана тургандыгын билдирүүдө. Бетти даярдаган Койчуке КАНАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|