![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум Из калыптыр бул дүйнөгө! Талипжан Эшматов: "...жашооңдо бурулуш болот деген" (Уландысы. Башы өткөн санда) - Досторум бар, бирок мен турмушка чыккым келбейт-дедим. - Ала качып кетсечи? - Жок андай эмес. - Кайдан билесиң, айтмак беле? - Ачык айтат, айтпаса Кудай билгизип коет. - Кантип? - Түшүмдө же өңүмдө. - Анан туура чыгабы? - Ооба, туура чыгып келатат. - А мени? Меничи? Сезген же көргөн жок белең? - Эсте жок… Кабагын чытып, үшкүрүнүп жиберди. Анан аптыгып: - Бурул, кыз менен жигит дос болбойт!-дейт. Эртеси ал кызык киши дагы келиптир. Бир Досум да келип калды. Таанышкандан кийин Талип Досума эшикке чыгып келели деп, эшикке бир азга чыгып келишти. Анан бир кызык ыңгайсыздык сезиле баштады. Мага Талип Досумду шылдыңдагандай сүйлөгөнсүп атты. Ал кеткенден кийин: - Эшиктен ага эмне дедиңиз?, Эмне үчүн бат эле кетип калды? Таарынттыңызбы? - деп сурадым. - Алайын деп жүрөсүңбү деп сурасам, "Жок" деди. Анда мен алып кетсем таарынба дедим, - дейт. - Мен сизге макул болдум беле, эмне? Эмнеге минтесиз? - Таарынбачы Бурул. Ал эмес, мен, мен сени издеп жүрөм. Мурда өзүм да анчейин ишенбей калгам. Эми ишенем. "Отуз жети жашта Бурулга жолугасың, жашооңдо бурулуш болот деген. Эми ишендим", - деп отуруп калды. Нааразы болсом да,анын көз карашынан унчуга албай мен да тынч отуруп калдым. Бул эмне деген табышмак?.. 15-ноябрь күнү Талип мени ала качып кетти. Эки күндөн кийин эжем таап келип: "Эмне кызыбызды алып кетип калдың? " - деп Талипти жемелеп атса эле бир жумача мурун көрүп, таптакыр унутуп калган түшүм эсиме түштү. Болгондо да, бирөө атайылап телевизорду кое калып көрсөтүп, кайра заматта өчүрө салгандай элестеп кетти.Ошо түшүмдө так эле ушул кебетедеги киши көрүнүп, анан Жогортон үн угулат: "Мы выдаем тебя за него замуж. Он - младший брат твоего Учителя". Ошол жерден жемелеп аткан эжеме: "Эже, жемелебеңиз. Бир жума мурун түшүмдө көргөзүшүп, ушу кишиге мени берип атабыз дешкен Жогортон" дедим. "Айтпадым беле!" - деп, Талип жыргап сүйүнүп кетти. Апам укканда менден бетер таң калды. Бирок анын мага ишеними күчтүү болчу. Талипке нааразы болсо да: "Кудай деген киши экенсиң, Кудай деп бактылуу болгула!" - деди. Ошентип, Талип алып кетти. Жашоо Албетте, баары болгон бизде. Кубаныч да, кайгы да, баары. Балким, көп нерсе өтө курч мүнөздө да болгондур. Деги эле, мен Талип менен жашаган беш жылда ага чейинки бүт өмүрүмдө окуп алып, түшүнбөй же маани бербей жүргөн нерселердин көбү тез жана айкын көрүнүп калгандай болду. Кандайдыр бир ылдамдатылгандай жашоону баштап өткөргөнсүдүм. Талип өзү да бир жолу мага: "Мени менен көп нерсени батыраак түшүнөсүң", - деп айтканы эсимде. Ким билет, балким, ошондой болорун билип жүрсө керек. Кайсы бир китепти, менимче, С.Н.Рерихтин "Өнөр жарыгы" ("Свет искусства") деген китебин окуп жатып: "Дененин жашоосу рухтун жашоосуна шылтоо, каражат. Негизги окуялар менен себептер - рухта", - деп ойлоп койгом. Албетте, бул ой ошо кездеги мага гана ачылыш болгон. Ушул ой Талипке жолуккан күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин уламдан-улам бекемделип, улам жаңы окуялар менен далилденип келатат. Бир караганда биздин жашообуз кадимкидей эле өтүп жатса да, негизги нерсе - рухтун өнүгүүсү - эң маанилүү, эң көп талкууланчу жана эч качан унутулбачу нерсе эле. Турмуш өзү кандайдыр бир кийинкиге калтырбас, кечиктиргис чечимдерди талап кылып туруп алчу. Талипке жолуга электе мен рух жөнүндө көп окугам, бирок турмушта теоретик эле экенмин. Ошол теориялык билимдердин иш жүзүндө аткарылышын турмуштан көрө баштадым. Балким, мунун баары мага эле ушундай сезилип жаткандыр, бирок турмуштун кыйынчылыктарына, жакындардын түшүнбөстүгүнө, байкабастардын кеп-сөзүнө, өзүбүздүн артка тарткан саткын кемчиликтерибизге, деги эле эч нерсеге карабай рухтун өнүгүүсүн биринчи орунга койчубуз. Ушуга байланыштуунун баарына көп басым жасалып, көп көңүл бурулгандыктан, бул эскерүүлөрдү окуган киши биздин турмушубузду кандайдыр бир көркөмдөлгөн илимий-философиялык талкуу катары элестетиши мүмкүн. Бирок канча эстесем да, эртеден-кечке эле талкуу, изденүү эске түшөт. Башка нерселер маанисиз сыяктуу дайыма экинчи орунда калчу экен. Ошентсе да, көп эле учурларда ушундай талкуу жана ырлар менен гана эч нерсеге карабай бактылуу болуп жашаганбыз. Менде үйрөтөйүн деген ниет жок. Болгону, менимче, ар бир окурмандын жүрөгүнө жол таба ала турган ырлардын жаралышына жана Кудайым Кыргызга бир жараткан таланттын чыгармачылыгына күбө болгон адам катары гана бир аз ой бөлүштүм. Кудай Кыргызга буюруп, Талипке жаздырган жандуу ырларды биринчи угуп, биринчи окуп, баарынан биринчи мен бактылуу болгомун. Бул бакытым үчүн Кудайга да, тагдырыма да, Талипке да чексиз ыраазымын! Аян түштөр 28-январ, 2004-жыл. Эртең менен таң ата электе багымдат намазды эшикте карда басып жүрүп окугандан кийин, үшүп келип жатып, үргүлөп кетиптирмин, Түшүмдө асман көрүнөт. Жер бети түптүз, жапжашыл талаа. Күн апачык. Алыста горизонт. Андан жогору аба агарып барып, көгүлтүр бийик чексиз асман. Анан кандайдыр бир жактан жылаңайлак, жылаңбаш, ооруй электегисиндей ыкчам Талип пайда боло калат. Тармал чачтары артка таралган. Аябай сүйүнгөн түрү бар. Жаркылдап күлүп эле ошол жердин бетинен абада бир көзгө көрүнбөгөн баскычтарда баскансып, асмандын ак менен көк бириккен чегине чейин жепжеңил чуркап чыкты. Аякта Талиптен да чоң, болжолу 3х5 метр өлчөмдөгү жапжаңы калың, жашыл түстөгү китеп пайда болду. Бир көрүнбөгөн отургучка отургансып Талип отура калды да, китепти ачты. Баш жагына жаңы эле бир нече сап жазып баштаптыр. Ырлар окшойт деп коем. Талип ошол отурган калыбында андан ары ыр жазып кирди. "Демек, сен дагы ырыңды улантып атасыңбы? Чыктыңбы бошонуп? Дагы бир жолу Жерге келип, улуу акын болосуңбу?! Асмандагы ыр китебиңди жаңы гана баштаган турбайсыңбы!" - деп сүйүнүп турам. Аябай жыргап, жадырап карап атам. Уулум ойготуп жиберди. Кубанган боюнча тургум келбей жатым. Байкасам, Талип ооругандан баштап ушул түштү көргөнгө чейин бир туңгуюкка түшүп кетип, чыгалбай кыйналып аткандай эле чөгүү абалында жүргөндөй экем. Балким, буга төмөнкү окуя себепкер болгондур. 2001-жылдын 13-декабры болчу. Талип көптөн бери ооруп төшөктө жаткан. Жанынан жылдырбайт. "Сени менен бир жылуулук келет. Сен кетип калсаң эле денем муздап атат", - деп, колумду кармап жатат. Ошентип жанында отурсам, бир убакта ал: - Мен силерге эч нерсе калтыра албадым, - деди. - Антпе, айыгасың, - дедим, бирок ал башын чайкады. - Ук! Сөзүмдү бөлбө. Эсимди жоготуп коюп атам, - дейт. Унчукпай отуруп калдым. - Ырларымды сен чыгарасың. Баары үчүн кечирип кой мени. Балдарыма жөлөк болоюн деп жүрдүм эле… силерге эч нерсе калтыра албадым. Эч ким жардам бербей кыйналасың го, - деди да, кимге канча акча карыз экенин санап айта баштады. Бирок айтып баратып эле эсин дагы жоготуп койду. Ошо боюнча эсине келген жок. Жөөлүп атып, 14-декабрда эртең менен 6га 15 мүнөт калганда көз жумду. Ошентип, сегиз айдан ашык оору менен кармашып атып кетти. Аттиң-аттиң! Айта берсе арман көп… Талиптин денесин Токтогулга коюп келгенден кийин, ырларын чогултуп жазайын десем эле бир шумдуктай кыйноолор башталчу. Мен анын дептерлерин колума ала электе эле ал ооруп үйдө жаткандагысындай сезилип, кыйнала баштайм. Ага чейин тынч ойноп турган уулум болсо атасы мурда үйдө жүргөндөгүсүндөй жан-алы калбай секирип, ары-бери чуркап, тердеп-кургап бир орунга тура албай айласы кетет. Анан бир убакта өзүнөн-өзү чырланып, ыйлай баштайт. Менин да аябай ыйлагым келет. Ыйлайм. Ыйлап-ыйлап, анан баланы кыйнабайын, уктатып коюп жазайын дейм. Бирок ал уктагандан кийин деле баштасам, уктап жатып кыйналат, чочуп, чыңырып ыйлайт. Канча жолу баштап, ушундай болгондуктан бүтүрө албай келдим. А бирок ушул түшүмдө Талип асманга чуркап чыкканда мен да кошо эркиндикке чыккандай аябай кубаныч, жеңилдик, бир түшүнүксүз өзгөчө сүйүнүү сезилип, "Эми баары мурдагыдан да жакшы болот!" деген ишеним жандүйнөмө орной баштагансыды. Анан айта кетчү дагы бир окуя болду. Мен Талипке жолуга электе түшүмдө Устатымды көрчүмүн, ал кеңеш берип жүрчү. Апам да, иним да түштөрүндө көрүшчү. Ал убактарда биздин түштөрүбүз так болчу, турмушта аткарылчу. Бирок акыркы жети жылдын ичинде менин түштөрүм кандайыр бир бүдөмүк, жоруй турган болуп, Устатымды болсо өтө сейрек көрүп калгам. Ал эми ушу түштү көргөн күндүн эртеси, 29-январда таңга маал түшүмдө Устатым алыстан белги бере көрүнүп, ага кайра кантип жакындай алаарымды көрсөтүп берди. Ыраазымын!!! Түй, жүрөккө! Чексиз жолдун бирөө гана туура жол, Ошол жолду талбай издеп, дайын бол. Бул өмүрдө өз жолуңду таппасаң, Берекесиз анда өмүрүң- темир тор. Максат койгун өз жолуңду табууга, Тапкандан соң, андан ары барууга. Кыйын болсун, азап болсун, жолдору, Кайыл болгон бир багытта агууга. Талипжан Эшматов Даярдаган Мундуз Асаналиева |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|