![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум Эскерүү Калачы кандай жан эле... 23- февралда Жумгал районундагы мурдагы Кайырма, азыркы Байзак айылынын кулуну, элдин көрүнүктүү уулу Калачы Жапаровду эскерүү күнү өткөрүлдү. Калачы Жапаров мамлекеттик коопсуздук кызматында эмгектенип,чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринде өзүнүн артыкчылыгын көрсөткөндүгүн кесиптештери, аны жакындан тааныгандар айтып келишет. Ал бир нече сатиралык китептердин, көркөм котормонун автору, сөзү оозунан төгүлгөн, чыгармачыл инсан болгон, жаркылдаган, шайыр, шатыра- шатман мүнөзү, жумшак чымчып сүйлөгөн сөзү, күлкү чакырган кеби, жанга жагымдуу мамилеси менен көпчүлүктүн эсинде калган. Мындан 22 жыл илгери, 36 жаш курагында автомобиль кырсыгы аны арабыздан алып кетип зарлатса, элеси замандаштарынын эсинде аздектелип сакталып жүргөндүгү, артында атуулдук из калтыргандыгы каниет кылдырат. Кеч болсо да, 2000- жылы айылдын көчөсүнө ысымы берилип, кийинки муундарга өрнөк болгон өмүрүн баяндап бере турган жөрөлгөлөргө жол салынып келет. Айылга карай жол Быйылкы кыш Жумгалда өзгөчө экен. Ааламдагы бардык Аяз аталардын мекениндей туюлган жомоктогудай керемет кыш. Ой да, тоо да калың карга чөмүлгөн. Жумгалда мындай мезгилде жумгалдыктар гана чыдайт дешет. Мектептен үйүнө бараткан кичинекей окуучу кыздар, быйылкы кыйын кышта күрмөсүн чечип алып камаарабай карда олтурганын көрөсүң. Көмүр тарткан машиналар кезигип, Кара- Кече көмүр кенинин мекенинде экениңди эске салат. Жол арбыган сайын кыш-күрөөдө курсактары кампайып, бөйрөк таянып жаткандай, мал магдырайт. Жал-куйругу жалтылдаган жылкы жаныбарынын сынын айт. Жумгалдагыдай кышы катаал , бирок көркөмү келишкен жерден Мидин, Куйручук, Шаршен сыяктуу кайталангыс залкарлардан тартып, далай-далай таланттуу, көрүнүктүү инсандар чыкканына таң берип кайттык. Тегирменчинин уулу Ал кездеги Кайырма, азыркы Байзак айылында жашап өткөн тегирменчи Жапар аксакал уулдарына Калачы, Малачы,Улпакчы, Кебекчи деген ысым коюп алган. Кийин уулдарынын азан чакыргандагы аты кайсы, ырымдалып коюлганы кайсы экени унутулуп, тегирменге байланыштырып койгон ысымдары менен чакырылып калган. Маңдай терин төгүп, мээнет кылып эмгектенген карапайым киши уулу Калачынын өзгөчө идиректүү экенин баамдап, борборго, жогорку окуу жайга алпарат. Ал убакта жогорку окуу жайга тапшыруу, өтүү жана жогорку билимдүү болуу чоң сыймык болучу. Мектепте абдан жакшы окуган Калачы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырып, студенттикке кандидат болуп өтөт. Кандидат- студенттин атасы, Жумгалдан келген ошол тегирменчи университеттин ректоруна кирип, "мага окшогон карапайым кишинин идиреги бар уулу окууга өтүп, келечеги кең болобу же чоңдордун балдарына тең боло албай, окуп- чокубай калабы" деп катуу кейисе, сөзгө конок берген ректор "уулуңуздун окуусуна өзүм көзөмөл кылайын" деген убадасын аткарыптыр. Кийин ал кандидат-студент алгачкы семестрди жалаң бешке тапшырып, толук укуктуу студенттикке жетишет, университетти аяктап, юристтик кесипке ээ болот. Мамлекеттик коопсуздук комитетинин чалгындоо жана контрчалгындоо кызматына алынып, кадрдык офицер, полковник наамын алат.( Ал убакта жашында полковник болуу чоң түйшүк жана чоң сыймык болучу. Андай наамга чанда бирөө жетчү). Атайын тапшырмалар менен чет өлкөлөргө жиберилип, СССРдин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитеттеринин сыйлыктарына татыктуу болот. Москвадан коопсуздук кызматынын академиясын бүтүрүп чыгат. Эмгек жолунун башталышынан тартып, өмүрүнүн аягына чейин коопсуздук кызматында кызмат өтөйт. Калачы Жапаров чукугандай сөз тапкан, караңгыда көз тапкан, эргигенде сатира жана сезим саптарын жазган, көркөм адабий чыгармаларды орусчадан которгон, сөз кадырын, киши кадырын билген, жөнөкөй адам катары эсте калган. Өз кезегинде сатирик акын Жапаркул Алыбаевдин бул жаш сатирик жазуучунун "күлкүлүү кырдаалды да, сатиралык, күйдүргү кырдаалды да ажырата билгендигин", "отоо сөздөрдөн алыс, образ түзүү жагынан да бир кыйла алга кеткенин" белгилегени бар. Тегирменчинин уулу, ун салдырганы келген-кеткен кишилердин кеп-сөзүн кунт коюп угуп, кийин аларды кагазга көркөмдөп, калемпир- мурчун аралаштырып, кылдат түшүрө билгендиги анын чыгармачыл сапарын саймалаган. Кыска өмүрүн нуска жашап өткөнү көп кырдуу табиятынан таамай көрүнүп турат. Кайырмадан кандай инсандар чыккан Калачы Жапаровдун 1984-жылы жарыкка чыккан "Кадырыңыз жан болсун" аттуу китебинде "Айлымдын адамдарынан эки ооз баян" аттуу аңгеме бар. Анда "Кара-Ой менен Көк-Ойдун кап ортосундагы мелмилдеген дөңсөөгө жайланышкан Кайырма кыштагында да ар кыл мүнөздүн, ар кошкон кыялдын ээлери жашайт. Эгин оруп, мал багып, машина айдап, бала окуткан, жер гүлдөткөн баба дыйкан мээнеткечтер көп. Башкалары да бар. Мисалы, муруту түктөйгөн эркектерди ат үстүнөн эчкидей аласалдырып оодарып жүрүп, жашында "Балбан кыз" делинип атагы тарап, кийин өзү да балпайтып бала, созултуп кыз төрөгөн соң мурунку ысмы өчүп "Балбан сары" атыккан ургаачы ушул айылдан чыккан. Сазга тыгылган кунаажынды топтошкон эл уруп-сабап сууруй албай койгондо бир колдоп мүйүзүнөн, экинчи колдоп чычаңынан аткып кармап тартып чыккан ошол "Балбан сары" дешкенде ишенбей койгом. Антсем көпчүлүк жаалап, уятым бар-жогун иликтешип, кунаажындын тыгылган жерине түрткүлөп барып көргөзүшүп, ал тургай "мал ээси мына" деп Сабыржандын үйүнө чейин жетелешкен. Сабыкем болсо "Балбан сары" апам саздан сууруп чыккан уйдун тукуму деп кичинекей кашка музоону бедеден айдап келип ишендирген" деп азил-чыны аралаш тил менен айылдагы айырмалуу адамдарды сүрөттөп өткөн аңгемелерин окусаң, өз айылын жумшак сөз менен чымчый да, даңазалай да билгенин баамдайсыз. Мурдагы Кайырма, азыркы Байзак айылындагы орто мектепте ушундай эскерүү митингиси өтүп жатканда тургандардын арасында ошол каармандардын да бир тобу же ошого окшогондор да бар экени байкалды. Бишкектен келген экономист окумуштуу жердеши Айылчы Сарыбаев классташтарын тактап, трибунага чыгарып жатса, топтон бирөө "айланайын Айылчы, айылда жумуш жок, ошолордун баарын Бишкекке ала кетчи" деп жатпайбы. Жумгал жергесинен, өзгөчө ушул Байзак айылынан көрүнүктүү адамдар көп чыкканы көрүнөт. Буга далил издеп, алыска барбай эле, ошол эле айтылуу экономист Айылчы Сарыбаевди, айтылуу журналист, акын Алым Токтомушевди, адабиятчы Советбек Байгазиевди жана көптөгөн белгилүү адамдарды атап кетсек эле жетиштүү болчудай. Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору: -Алым Токтомушев, мен, Калачы болуп баарыбыз бир класста окуган элек. "А" жана "Б" деген эки класс бар эле. Бүгүн "А" класстан эч ким келбей, көбүнчө"Б" класстан келиптирбиз. Эски мектептин короосунда ойногон далай сонун күндөр артта калды. Калачы ушунчалык идиректүү, сабакка берилген окуучу эле. Ал дайыма үйүнөн сабакка даярданып келчү. Биз болсо ойноп жүрүп, "берсең боло көчүрүп алалы" деп урушуп атып, дайыма андан математиканы көчүрүп алчубуз. Кийин жогорку окуу жайында да чогуу жүрдүк. Китеп колунан түшпөгөн, билимдүү, шайыр, куудул, жан кишинин көңүлүн оорутпаган, колунан келген жардамын аянбаган, эң сонун жигит эле. Советбек Байгазиев, Алым Токтомушев, Калачы, мен ж.б. болуп кайырмалыктардын коомун түзгөн болчубуз, башталган ушул ишти мындан ары жандандырсакпы деген ойлорубуз бар. Өткүлбек Жумалиев: - Калачынын китеп баштыгында дайыма көмөч нан болоор эле, биз көмөчтү талашып, ойноп кетчүбүз. Ал тырышып, жалаң "5" ке окучу. Эч кимдин жардамысыз, өзү эле эсепти чыгарып, сабакка даярданып алчу. Мектепте ыр жазып, адабий дубал гезиттин редактору катары азил жазып, гезит чыгарчу. Танаписке чыкканда биз окуп алып жыргап, күлүп калчубуз. Айылдагы көптөгөн кишилерди, досторун ал кийин чыгармаларына каарман кылып алды. Юмор, сатира, котормо менен алектенди. Кытай тилин кадимкидей өздөштүрдү, айтор көп кырдуу, кайталангыс талант болчу. Калачынын ысымын бир айылдын көчөсүнө гана эмес, андан да көрүнүктүү жерге берсек да куп жарашмак. Кызы Аида бүгүн минтип үй-бүлө күттү. Какем өзү көрбөй кеткен небереси Азат так эле Какемдин өзүнө куюп койгондой окшош экен. Эми анын ысмын алып жүргөн көчөдө, айылда, жалпы элибизде Какемдей жигиттер көбүрөөк чыга берсин. Жубайы -Бишкек шаарынын Ленин райондук акимчилигинин жооптуу кызматкери Алтын Ниязовага узун өмүр берип, кызынын, неберелеринин убайын көрсүн демекчибиз. Жолдош Асылбеков, райондук улуттук коопсуздук кызматынын начальниги - Калачы Жапаровдун өздүк делосунан, аны менен бирге иштеген кесиптештеринен сурамжылап, кызматтык мүнөздөмө берүүгө аракеттендим. Ал агабыз улуттук коопсуздук комитетинде 1971- жылдан өмүрүнүн акырына чейин иштеди. 5-бөлүмдүн 1- бөлүмчөсүнүн начальниги болгон. Ал кезде бул чоң кызмат болучу. Чалгындоо жана контрчалгындоо иштеринде конкреттүү натыйжаларга жетише алган. Оор чекисттик иште профессионалдык бийик деңгээлин көрсөтө алгандыгы үчүн СССР коопсуздук комитетинин жана Кыргыз ССР коопсуздук комитетинин жетекчилеринин сыйлыгына татыктуу болгон. Өзүнүн бийик деңгээлинин натыйжасында Калачы Жапаров 1982-жылы Алжир элдик демократиялык республикасында кызматтык командировкада болгон. Эгерде кырсыкка кабылып, өмүрү кыйылбаганда Франция мамлекетине кызматтык командировкага жиберилмек. Ал кесиптештерине, кийинки муундарга чекисттик иштерде үлгү болуп кала бермекчи. Жумгал райондук акимчилигинин жетекчилиги да белгилегендей, мектептеги музейге бурч ачып, китептери, өрнөк өмүрү менен кийинки муундарды тааныштыруу парз. Айгүл Бакеева, Бишкек-Жумгал. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|