Коомдук-саясый гезит
№25, 26.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Жаз келатат...

Жамин АКИМАЛИЕВ, Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун башкы директору, академик:
"Эки жыл ичинде алты министр алмашты"
- Жамин агай, Айыл чарба министрлигинин азыркы жүргүзүп жаткан иштерине канааттанасызбы?
- Айыл чарба министрлигинин жүргүзгөн иштерине мен эле эмес, көпчүлүк канааттанбайт. Бул министрлик дыйкандар үчүн шарт түзгөн борбордук штаб, очок болушу керек. Дыйкандардын мүдөөсүн, проблемаларын Өкмөткө жеткирип, Жогорку Кеңешке айтып, атүгүл дыйкандарга тийиштүү мыйзамдарды карап, алга умтулушу керек да. 5-6 жылдан бери алга жылуу деген болгон жок.
Министрликте үрөн боюнча чоң тармак болушу керек, азыр бөлүм эле бар. Бул сапаттуу үрөн менен камсыз кылууга жетишсиз. А сапаттуу үрөн болбосо дыйкандардын эмгеги талаага кетет. Маселен, жакшы сапаттагы үрөндүн 95%ы өнүп чыгат. Ал эми дыйкандар азыр шартына жараша базардан үрөн, урук сатып алып эгип атат. Анын өнүмү 50%дан ашпайт. Эми жыйынтыгы кандай болот салыштырып көргүлө. Үрөн үчүн буудай, арпа, жүгөрү жана башка эгиндердин мыкты сапаттагы сортторун сактоо, аларды өндүрүү болбой калды. Азыркы министрликтин маалыматы боюнча 189 дыйкан чарбасы бар деп кагаз жүзүндө жазылып жүрөт. Бирок, алардын 6-7 чарбасы гана иштеп жатат. Үрөн боюнча атайын чарбаларды уюштуруп, облустун губернаторлору, райондун акимдери, айыл өкмөттүн башчылары менен иш жүргүзсө, ар бир районго бирден эле үрөн чарбасын уюштурса, Кыргызстан бүт камсыз болмок. Совет убагында Кыргызстан боюнча 47 үрөн чарбасы бар болчу, сапаттуу үрөн менен Ортоазияны камсыз кылчубуз.
- Министрлик негизи эмнеден аксап жатат?
- Министрликтин түзүмү Совет мезгилиндегидей боюнча калып калган. Анда баары мамлекеттики болчу. Азыр менчиктештирилип кеткен. Айыл чарбасынын түзүмү түп-тамырынан бери жаңы шартка ылайыкташтырып өзгөртүлүп, түзүлүшү керек. Министрликтин дыйкандарды үрөн, техника жагынан камсыздоого милдеттемелери, мүмкүнчүлүгү менен алгылыктуу кадамдарга баруу максаты, жоопкерчилик деген болушу зарыл эле. Анткендин ордуна буйрук берип, сводка толтуруп, куру жоопторду берүү менен чектелип отурат.
Эки жыл ичинде алты министр алмашты. Бул кантип болсун? Эми иш баштаарда кызматынан кетет. Ордуна жаңысы келет.
Туруктуу министр, өз кесибин мыкты билген фанат, айыл чарбасы боюнча "тирүү энциклопедия" болчу ишмерлер, орто, жаш муундагы кадрлар керек. Министрлик көп жагынан аксап келатат.
- Баса, мал чарбачылыгында да айтылчу проблемалар арбын эмеспи?
- Кыргыздар малга жакын эл. Айыл жеринде ар бир үй мал кармайт. Койдун саны 4млн. 200 миң. Кара мал миллионго жакын. Ал эми жылкынын саны да жарым миллионго чамалайт. Бирок, азыр малды ветеринардык дарылоо абдан начар. Мурда кездешпеген коркунучтуу оорулар бар. Сибирь жарасы, чечек, шарп, бруцеллез, кургак учук (туберкулез) жана башкалар. Атайын малчылар үчүн дарыкана уюштуруп койгонго чамасы жок министрликтин. Сүт, эт азыктарынан канчалаган адамдарга мал оорулары жугуп, ооруп жатышат. Эл арасында оорулар тууралуу профилактикалык, диагностикалык иштерди жүргүзүү керек. Мал дарылоо дагы коррупция болуп кеткен, жасалма дарылар сатылып…
- Былтыркы жылы дан азыктарынын бааларынын күтүүсүз жогорулашына министрликти күнөөлөгөндөр көп болду, айрымдар дүйнөлүк тенденцияга шылтоолоп коюшту. Сиз эмне дээр элеңиз?
- Дан азыктарынын кымбатташына Айыл чарба министрлигинин түздөн-түз күнөөсү бар. Дүйнөлүк тенденция деген куру шылтоо гана. Кымбаттаганда болору болду, эми кийинки жылдын камын көрөлү, кеч эмес, бизде шарт бар, күздүк буудайды планына жеткире эгип, алдын алалы деп канча айттым. Аткарылган жок. Атүгүл күздүк буудай 2006-жылга салыштырмалуу аз себилип калды.
Мурда 970 миң тонна буудай өндүрүлчү. Акыркы мезгилдерде 680 тонна буудай өндүрүлгөн. Ал эми буудай аянтчасы 450 гектарга кыскарып кеткен. Жетпеген буудайды Казакстандан тартып келип атабыз. Казакстан жакшысын бербейт. Анын үстүнө дүйнөлүк баа коюп койгон. Өзүбүздөн өндүрүлсө 4 эсе арзан болмок.

Үрөн үчүн буудай, арпа, жүгөрү жана башка эгиндердин мыкты сапаттагы сортторун сактоо, аларды өндүрүү болбой калды. Азыркы министрликтин маалыматы боюнча 189 дыйкан чарбасы бар деп кагаз жүзүндө жазылып жүрөт.

Мурда 970 миң тонна буудай өндүрүлчү. Акыркы мезгилдерде 680 тонна буудай өндүрүлгөн. Ал эми буудай аянтчасы 450 гектарга кыскарып кеткен.



  Дыйканчылыкты өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы:

Аскарбек Сагымбаев:
"Жазга даяр элебиз"
Күз менен күтүрөп келген кымбатчылык, ары кыштын башка жылдарга салыштырмалуу оор болгону да карапайым калктын жонун жукартты көрүнөт. "Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей, алдыда сүйкүмдүү сулуулугу, жагымдуу жылуулугу менен жадыраган жаз эшик черткилеп босогодо турат. Кыргызстан агрардык өлкөлөрдүн бири. Кымбатчылыктын башкы себеби болгон дан азыктарынын түшүмүнө, дегеле айыл чарбачылыгы жазга кандай даярдыктарды көрүп жатканын билүү максатында Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине маалымат сурап кайрылганбыз. Министрликтин маалымат кызматынын берген айтуусу боюнча, министрлик жеке өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, 2008-жылга карата, Кыргызстандын айыл-кыштактарынын тургундарына үрөн сатып алууну сунуш кылган. Министр А. Ногойбаевдин сөзүнө таянсак, долбоордо көрсөтүлгөн үрөн сатып алууга сарптала турган 500 млн. сом жергиликтүү дыйкандарды колдоо, үрөн (анын ичинен буудайды) , көчөттөрдү себүү, тигүүгө жумшалат.

Пресс-кызматы берген маалыматтарга канааттанбаганыбызды билдирип, Аскарбек Сагымбаевге байланышка чыктык.

- Аскарбек Авазбекович, алдыда жаз келатат, даярдык кандай?
- Азыркы учурда жер бетинен кардын кете электигине байланыштуу, жер айдоо сыяктуу иштер баштала элек. Президенттин указы менен бюджеттен жер семирткичтер үчүн 30 млн. сом бөлүнгөн. Жер семирткичтерди сатып алуу боюнча министрликте тендер өткөрүлүп, 30 миң 685 тонна аммиак, селитра сатып алынды. Облустарга, райондорго таркатылып берилди. Муну дыйкандар бир жылдык товардык-кредиттик түрдө ала алышат. Ал эми техникалык каражаттар үчүн 200 млн. сом акча каралган. МТС маркасындагы "Беларусь" тракторлорун сатып алуу үчүн иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Ал эми жерлерди айдоого 10миң куб. брондолгон дизелдик күйүүчү май (солярка) базар баасынан 4 сом - 4 сом 50 тыйынга арзан же тактап айтканда 20 сом 50 тыйындан дыйкандарга сатылат. Бул дагы региондорго бөлүндү.
Мындан сырткары жазгы талаа жумуштары үчүн биздин министрликтин бюджетине Өкмөттөн 20 млн. сом чегерилген. Ал эми 100 млн. сом Айыл банкка берилген. Бул каражат айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алганга, жер семирткичтерге, техникалык запастык бөлүктөргө жумшоого багытталган.
- Канча гектар аянтка күздүк буудай себилген?
- 2008-жылдын түшүмү үчүн 224 миң гектарга күздүк буудай себилген. Тоңдурма боюнча да 102 миң гектарга дан эгиндери айдалган. Чүй облусуна 90 миң гектарга дан эгиндери эгилди жана Жалалабат облусунда да басымдуу. Ал эми жазгы себүүлөр башында айтып кеткендей, азырынча баштала элек. Негизи жазга даяр элебиз.
Бетти даярдаган
Гүлбарчын Якубова




  Маалымат үчүн

Баанын өсүшүнө камдан
Өкмөт башчы Игорь Чудинов февралдын башында маалымат жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген эле.

Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, Кыргызстан азык-түлүккө баанын өсүш мүмкүнчүлүгүнө даяр турушу керек. Бул үчүн өкмөт тийиштүү чараларды иштеп чыгууда. Дыйкандарды дан эгүүгө кызыктыруу жана дан эгиндеринин аянтын кеңейтүү каралууда. . Маселен, быйыл дан эгиндеринин аянты 50 миң гектарга кеңейтилип, жалпысынан 410 миң гектар аянтка дан эгилет. Андан сырткары Казакстандан 50 миң тонна буудай сатылып алынат деген.

Азыркы кезде болсо, Мамлекеттик материалдык кор боюнча агенттиктин кампаларында 50 миң тонна буудай сакталып турат.

Игорь Чудиновдун эсеби боюнча ал кампаларда кеминде 60 миң тонна буудай кол тийгис болуп сакталууга тийиш. "Азык-түлүк коопсуздугу" боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып, бул маселе мына ошол мыйзам аркылуу тейленет.

Дыйкандар үчүн өкмөт быйыл Орусиядан 210 миллион сомго айыл чарба техникаларын сатып алган.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan