Коомдук-саясый гезит
№25, 26.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Будо каратэ

Баш байгени кимдер алышты?
Будо-каратэ боюнча Бишкектин ачык биринчилигине 6 спорт клуб жана "Шотокан" федерациясынын командасы катышып, мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү.

Кыздар арасындагы күч сынашууда баш байгени "Синоби" клубунун өкүлү Александра Гурьянова жеңип алды. Күмүш байге да анын өнөктөшү Елена Коломеецке ыйгарылды. "Будошин" спорт клубунда машыккан Акылбек кызы Айгерим үчүнчү орунду камсыз кылып, күмүш медаль тагынды.
Уландар арасында чыгыш күрөшүнүн сырларын билүүгө дилгир Темирбек уулу Изат биринчи орунду колдон чыгарган жок. Орозбек уулу Урмат, Денис Баранов, Көкүмбай уулу Улугбек өнөрү менен таанылып, мөрөй алышты.
Ал эми чоңдор арасындагы будо-каратэ кармашында "Фудошинкай" спорт клубунун өкүлү Вячеслав Олейникке теңдеш чыкпады. Экинчи орун - Михаил Звягинге, үчүнчүлүк - Николай Филипповго ыйгарылды.




  Профи бокс

Ибрагимовду Кличко утту
Совет доорунда профессионалдык бокс менен машыгууга тыюу салып, ышкыбоздордун гана мөрөй талашуусуна жол ачылып турган.

Эгемендүүлүккө ээ болгону совет курамындагы мурдакы өлкөлөрдүн боксчуларынын багы ачылды. Бир эле Орзубек Назаровду айтсак жетиштүү. Ал ышкыбоздор арасында Европа, СССРдин гана чемпиону болуп, дүйнөлүк атак-даңкка жете албаса да профессионалдык рингде өзүн көрсөтүү менен дүйнөнүн жети жолку чемпиону аталып, Кыргыз бокс мектебин көпчүлүккө таанытты.
Мурда профессионалдык бокста америкалыктар ышкыбоздор таймашууларында Кубалыктар кыйын болуп жүрүшсө, учурда советтик бокс мектебинен таалим-тарбия алган орусиялык, украиналык, казакстандык жана өзбекстандык боксчулар тигилердин "акесин таанытып", атак-даңкын, дүйнөлүк таажысын тартып алышууда.
Учурда дүйнөнү дүңгүрөткөн украиналык бир туугандар Кличкону кимдер билбейт?! IВF версиясы боюнча супер оор салмакта дүйнө чемпиону украиналык Владимир Кличко менен WBO версиясындагы дүйнө чемпиону орусиялык Султан Ибрагимовдун беттешүүсүн бокс күйөрмандары өтө чыдамсыздык менен күттү. Бул таймашуу 23-февраль мекен сакчыларынын күнүндө АКШнын Нью-Йорк шаарында өттү.
Владимир Кличко спорт чөйрөсүнө аттын кашкасындай таанымал чебер. Ал эми анын бул жолку атаандашы Султан Ибрагимов алгач Шеннон Бричтсти утуп чемпион болгон. Учурунда бул версияда "дүйнөлүк таажыны" белорус Сергей Ляхович утуп, чемпион болуп турган. Былтыр июнда Москвада дүйнөнүн көп жолку чемпиону, ардагер боксчу Эвандер Холифилди Султан Ибрагимов утуп, WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиондук наамын сактап, орусиялык күйөрмандарды сүйүнткөн. Эми Султан Ибрагимов профессионалдык бокста өтө чоң сыноого, дөө-шаанын бирине туш болуп, рингде багын бир сынап көрдү. "Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл" дегендей эле профи бокста эки версияны бириктирген (IBF жана WBO) беттешүү спорт күйөрмандардын да бүйүрүн кызытты.
Нью-Йорктогу таймашуу 12 раунддга созулуп, калыстар 119:110: 117:111 жана 118:110 упай менен жеңишти Владимир Кличкого ыйгарып, Украинанын туусу обого көтөрүлдү. Бул рингден күч сынашууда орусиялык Султан Ибрагимов журналисттерге мындай деди: - "Кличко кыйындыгын көрсөттү. Ал менден шамдагайлыгы менен жана жакшы даярдыгы менен айырмаланды. Бул беттешүү мага сабак болуп калды", - деди Султан.
Учурда профессионалдык кесипкөй бокстагы оор салмактагы бардык версиялар боюнча шериктеш өлкөлөрдөн чыккан бокс чеберлери дүйнө чемпиондору болуп турушат. Кличколордун улуусу Виталий менен Олег Маскаевдин таймашуусун да спорт күйөрмандары күтүп жатышат. Бул эки атаандаш совет доорунда ышкыбоздор боксунда бири-биринен жол талашып, бирине-бири "өч" болуп келатышса, эми профрингде да дүйнөлүк атак-даңкты талашып келүүдө. Виталий Кличко - WBC версиясынан дүйнөнүн экс-чемпиону болсо, Олег Маскаев учурдагы дүйнө чемпион, жеңүүчүсү. Айтор, эки дөө бир чечимге келишсе, быйыл жыл аягында же 2009-жылы супер оор салмактагы боксчулардын дүйнөлүк абсолюттук чемпиондугу үчүн күч сынашуу болушу мүмкүн. Мындай атак-даңк үчүн ушул экөө гана талапкер боло алышат.
P.S.: Владимир Кличконун бокстагы таймашуулары тууралуу кийинки санда кеңири кеп болот.




  Бишкекте жеңиш болбоду

Чыныгы таймаш
Алматыда күтүлүүдө
Стол тенниси боюнча балдар өспүрүмдөр спорт клубдарынын Борбор Азиялык биринчилиги Бишкекте алгач ирет өткөрүлдү. Бул жеткинчектер таймашына Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан 35 команда катышты.

Биринчи турда "Астана - Держава - 1" командасы алдыга озуп чыкты. Экинчи катарга өткөн жылы чемпион болгон "Вечерний Бишкек" командасы турду. Алардын катарында Михаил Белоглазов, Жандос Аринов, Бектемир Исмаилов ойноп, келечегинен үмүткөр кылып жүрүшөт. Үчүнчү орун "Караганда - 1" командасына ыйгарылды.
Ал эми жеке таймашууга карагандалык Маргарита Харченконун чеберчилиги жогору баага татып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Экинчи орун алматылык Анастасия Рыбинага ыйгарылып, күмүш медаль тагынды. Үчүнчү орунду да астаналык Анастасия Лаврова утуп кетти.
Жеткинчектердин стол теннисинин жеңүүчүсү деп астаналык Александр Герасименко таанылды. Күмүш жана коло байгелер бишкектик Михаил Белоглазов менен Жандос Ариновго буюрду.
Борбор Азия балдар чемпионатынын жеңүүчүлөрү 4 тур мелдештен кийин гана аныкталат. Эмки 2-тур май айында Алматыда болот. Бишкектен намысты алдырган балдар кийинки мелдешке азыртан даярданууда.




  Бильярд

Жердештерибиз дүйнөлүк таймашта
Бул күндөрү Алматыга спорт коомчулугунун көңүлү бурулуп турду. Себеби, бильярд спорту боюнча "Комбинированная пирамида" түрүнөн дүйнө чемпионаты 21-февралда Алматыда башталып, ушул жекшембиде айрым жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бул дүйнөлүк таймашууга Алатоодон 6 бильярд чебери аттанып барышты. Алар: Антон Метесов, Нурбек Эшбаев, Медер Жылжымышев, спорт чебери Кубанычбек Сагындыков (агасы Каныбек Сагындыковду кыргыздар барктай албай, ал Казакстанда жүрөт) Бишкектин чемпиону Зайлан Адамов жана жаштар арасында дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев дүйнөлүк таажы үчүн таймашып, өлкө намысын коргоду. Бешөө бир тең, ушул Каныбек Сагынбаев бир тең болуп, кыргызстандык күйөрмандар ага үмүтүн жандырып, дүйнө чемпиону болсо деп тилек кылып турушат. Жыйынтыгы кандай болоор экен? Аны кийинки саныбызда толук баяндап бермекчибиз.




  Кыздар күрөшү

Кыз Сайкалдай кыйын кыздар барбы?
Дүйнө жүзүндө кыз-келиндердин Эркин күрөшү абдан таасирлүү болуп, кызыккандар арбып баратат.
23-февралдан 26-февралга чейин Киевде эл аралык Эркин күрөш мелдеши болду. Бул таймашууга кыргызстандык 4 балбан кыз аттанып кетишти. Алар: Нурзат Шайлобаевна (48 кг), Кубатбек кызы Гүлина (55 кг), Сарыгул кызы Элзат (63 кг) жана Азиянын көп жолку жеңүүчүсү Яна Панова - ушул төрт балбан кыздын кимиси жеңүүчү болсо, ошол Азия чемпионатына барат. Себеби, бул Азия чемпионатында жеңүүчүлөргө Олимпиадага жолдомолор ыйгарылат дейт, улук машыктыруучу Токсонбай Асанов.




  Футбол

Бул күндөрү Ашхабатта футбол боюнча Түркмөнстандын президентинин Кубогуна арналган эл аралык турнир курч мүнөздө өттү.

Ашхабатта калыстык болбоду
Бул баш байге фондусу - 35 миң долларлык таймашууга 10 команда катышууда. Мында Кыргызстандын намысын коргоп аткан өлкөнүн 4 жолку чемпиону, Азия футбол федерациясынын Президентинин Кубогун эки ирет уткан Нарындын "Дордой-Динамо" командасы биринчи беттешүүсүн Түркмөнстандын вице-чемпиону "МТТУ" командасы менен беттешип, 2:1 эсебинде утулуп, алдыңкы топко кошулбай калды.
"Дордой" футбол клубунун вице-президенти Улугбек Салымбековдун айтымында оюнда калыстар түркмөндөргө тартып, дордойчуларды басып койгон. Бир нече жолу айып тобун тептирбей, оюндун эрежелери одоно бузулган. Мына ушундай жол менен "МТТУ" командасы Орусиянын Казань шаарынын "Рубин - 2" командасын да калыстардын "жардамы" менен утуп, баш байгеге түркмөндөр өздөрү талапкердин бири болду.
Эми "Дордой-Динамо" бүгүн (26-февралда) Орусиянын "Рубин-2" командасы менен беттешет. Кыйын деп мактап жүргөн "Дордойдун" чама-чаркы билине баштады.
- Бул команданын катарында нарындык жигиттер ойнобой эле, африкалык, орусиялык футболчулар ойноп жүргөнүнө футбол күйөрмандары бир чети абдан капа да болушууда.

Бетти даярдаган Кабыл Макешов












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan