Коомдук-саясый гезит
№25, 26.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  САНДАН-САНГА

Баратбай АРАКЕЕВ
(Повесть)
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
- Ии, эриккенде эле келип каласыңар, дагы эмне болуп кетти, ыя?
- Атаңдын башы болду! - Небактан бул көпкөн немеге кыжыры келип жүргөн Машаев заң-закүн дегениңди көз ирмем унутуп, тиги жаржайып турган немени бар күчү менен ичке урду эле тиги бир "ик" деп алып, ичин баса, жерге бүк түштү. Миша дароо анын колуна кишен салып, сыртка жетеледи.
Машинеде келатканда Машаев айтты:
- Эй, айбан, жанагы өлтүргөндөрдүн артынан барарыңа аз калды. Барганда кечирим сурап кой!
"Татарин" үн каткан жок. Каны ичине тартып, кубарып-кумсарып турду…

***
"Татарин" менен "Серыйды" Машаев тергөөчүгө өткөрүп, ал сурап жаткан күндөрдүн биринде Машаевдин кабинетине кызуу алкаш Света келди:
- Уруксатпы, начальник.
Эки-үч күндө барып дагы бир ирет сурак жүргүзмөк болуп жаткан Машаев ал неменин убара кылбай, өзү келгенине сүйүнүп кетти:
- Ии, кел, кел.
- Келдим. Баарын айтып берейин деп келдим.
- Кулак сенде.
Света бирде ыйлап, бирде сооронуп, көргөн-билгенин жашырбай айтты…
Бул аял өлгөн дунгандарга жакын жашагандыктан, аларды жакшы таанычу. Кез-кезде акчага иштеп, короо-жайындагы оокатын жасап, ремонту болуп калса аны да жасап, үйүн актап берчү. Алар да битирленбей, акчасын жакшы төлөп турушчу. Өздөрү талаасын да иштетип, соодасын да кылып, толгон акчалуу немелер экен.
Бир күнү Светанын үйүндө күйөөсү Витя, анын достору "Серый" менен "Татарин" болуп арак ичип отурганда сөздөн-сөз чыгып, байлыкка, акчага барып такалат. Ошондо Света:
- Акча дейсиңер, тиги кошуна дунгандын акчасындай акчаны түшүңөрдө да көрбөгөн чыгарсыңар,-дейт.
Берки үчөө бул кепти жата кала угушуп, кайра-кайра сурашат. Үйү канча бөлмө, ити кай жерге байланган, базардан кайсы убакта келишет,канча баласы бар, мылтык, тапанчасы барбы-жокпу… айтор, суралбаган суроо калбайт. Света билгенинин баарын чып-чыргасын коротпой айтып берет. Ошентип, үчөө дунгандын акчасын тономой болушат. Анан ошондон бир жума өтпөй, Света дунган эрди-катындын өлгөнүн угуп, кимдер өлтүргөнүн дароо түшүнөт. Витяга "өлтүрбөй эле тонобойсуңарбы" десе, ал аны өлөрчө тепкилеп салган: "Экинчи бул жөнүндө оозуңан чыкса - кызың экөөңөрдү коштоп мууздайм" деп…
Машаев аялдын сөзүн кунт кое угуп, анын айтканынын баарын анын өзүнө жаздырып алды.

***
Света милийсадан чыгып, түз эле үйүнө келди. Баарын айтып, бир оор жүктөн кутулгандай жеңилдеп да алды. Үйүнө кирип, чай коюп, каткан нан менен ичкен болуп, төркү үйгө өттү. Кызынын кичинекей керебетиндеги тарпы чыккан куурчакты алып, үстөлгө отуруп, көзүнө жаш алды. Ушул куурчакты кызы колунан түшүрчү эмес. Чалдыр-булдур сүйлөшө берчү…
Уктап калган Света эшиктин такылдаганынан ойгонуп кетти. Эшикти барып ачты. Витя күйөөсү экен. Беттен ала жаздап, кайра токтоду, өлтүрүп коюшу бар. Караңгыда, ээн үйдө ким билмек. А чынында Витя Светаны өлтүргөнү келген.
- Ии, кандай?-деди Витя эч нерсе билмексен болуп.
- Жакшы…
Витя көтөрө келген арактан бирден ичкенден кийин Света туздалган бадыраң алып келмекке кайра кайтты, "бадыраң калбай калган тура" деп. Чынында бадыраң болгон да эмес. Дагы жүздөн басышты. Бир маалда Света байкоос өңдөнүп бир кашыкты Витя тушка түшүрүп, "алып койчу" деди эле, ал эңкейе бергенде балка менен каракушка басып калды. Оңкосунан сайылган немени балкалап башын жанча берди.
- Мына сага! Мына сага! Кызымдын каны! Кызымдын каны!..
Кызын өлтүргөн немени балкалап башын жарып, бирөөнү өлтүрдүм дегенди эске албай, өч алганына, канга кан кылганына маашырланып, Света Витянын өлүгүнүн жанында көпкө отуруп, анан барып жатты. Жатып алып, өткөн окуяларды сыдыргыдан өткөрүп турду. Анан ою Витянын өлүмүнө жеткенде ондогон жыл отурчу түрмөнү эстеди. Жүрөгү кабынан козголо коркту. Жок, өлөйүн деген жок, моюнга из калтырып, "Витя муунта баштаганда жанталашып, балка менен уруп калганымды билбейм" деп айтмак. Ушуну ойлоп тапкан оңой эмес экен. Жипти өлүктүн жанына таштап, кайра барып жатты…
Эртеси эрте туруп, түз эле Машаевдин кабинетине келди. Ал жаңы эле ишке келген. Светаны көрүп, маңдайынан орун көрсөттү:
- Ии, дагы кандай маалыматың бар?
- Маалымат бар. Киши өлтүрүп келдим…
- Кимди?!-Машаев таң кала жооп күттү.
- Күйөөмдү өлтүрдүм, Витяны…
Света Витя муунтмакчы болгонун, анан балка менен чапканын айтып берди. Машаев дароо опертоп алып, Светаны кошо салып, үйүнө келишти. Ашканада Витянын өлүгү башы жарылып, кан көлкүлдөп жаткан экен. Эксперт сөөктү карап, фотограф тартып, муунтту деген жип менен өлтүргөн балка алынып, сөөктү моргго алып кетишти…
Кийин Света 3 жылга, "Татарин" менен "Серый" атууга кетишти.

***
Машаев эки жылдан бери отпуска ала элек болчу. Күзгө жуук отпускага чыгып, көп жылдан бери каалагандай айдап жүрчү полковник таякесинин "Жигулисине" ата-энесине арналган белек-бечкегин, тамак-ашын салып, айылына келди. Атасы адатынча барпалаңдап, аз коюнун бирин көтөрө чаап, тууган-туушкандарынан, кошуна-колоңдордон чакырып бата алып турду.
Эртеси Машаев шымаланып, бир огород толгон картошканы казганга киришти. Ууру-кескинин артынын жүрүп, ушул картошка казган жай турмушту сагынып калган белем, үч күндүн ичинде картошка тоодой үйүлүп, жертөлөгө киргизилди.
Үйрүлүп түшкөн апасы күндө кечте ысык тамагын белендеп, тамак ичкен уулунун кулак кужурун алат: "Эми жашың отуздан өттү, колукту алсаң боло, балам" деген менен башталган сөзгө далай мисалдатылган сөз уланат. "Айттым го, апа, быйыл үйлөнөм" дейт Машаев. "Ой, ушул сенин "быйылың" бүтпөс болду, бу качан түгөнөт деги, ыя?!" деп атасы ачууланат. "Болуптур, келиниңерди бүгүн эле алып келейин, аны-мунуга жетчү каражатыңар барбы?" дейт Машаев. Атасынын жообу даяр: "Өлбөгөн жанга табылар. Куданыкын кудай камдайт дейт. Ал жагынан коркпой эле кой".

(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
Ошол күнү кечке жатаар аяк болгончо коноктор Абдысаламды сөз кылып жатышты.
- Эртең ууга чыкканда алып алсак кандай болот, ыя, бул жигитти. Балким, бизге жардамдашаар. Өткөн жолкудай болбой.
Кызып калган немелер ошол окуяны талкууга ала башташты.
- Ушунчабыз жүрүп бир кийикти атканга жарабаптырбыз, уят эле го. Дал эле бет маңдайыбыздан чубап берип жатты…
- "Шашкан шайтандын иши" деген ошо да, жакшылап, шашпай мээлеп атыш керек болчу. Тигил жергиликтүү мергенчи жакшы эле бизди карай кийиктерди кайрып, үркүтүп берди эле, бирине дагы тийгизе албай калганыбызга таңгалам. "Жай жайылып бараткан кийиктерди ары жагынан чыгып, бери силер жашынып жаткан буктурманы карай үркүтөм, даяр тургула", - деп бизге жакшы эле эскерткен. "Тарс" этип зоо жаңырган мылтыктын үнүнө кийиктердин баары бизди карай үркүштү. Жаныбыздан чубап үркүп баратышкан кийиктерди бардыгы эле тарсылдатып атып жатышкан. "Эми мынча кийиктердин бардыгын кантип алып кетебиз, машинеге жүктөбөсөк" деп ичимден ойлоп жатпаймынбы. Кийиктердин баары дүрбөп өтүп кетишкенден кийин карасам, бир да бирөөнө тийбептир. Тарсылдатып атып жатканыбыз менен бирөөбүз да тийгизе албаптырбыз.
- Дагы жакшы, жолдо келатканда чаарчыгын ээрчиткен кийик жолугуп калбадыбы. Ал болбогондо таза эле куру кол кайтмак экенбиз…
- Болуптур, ал го ал, андан көрө бул жигитти эмне кылалы, өзүбүз менен кошо ээрчитип алалыбы. Биз тийгизе албаган кийиктерди бул атып берет.
Кээ бирлери ага каршы чыгышса, кээлери макул болушту. Ортодо талаш-тартыш жүрүп барып токтоду.
- Аны кошуп алганда эмне кылабыз, уунун кызыкчылыгы деле жок болуп калат. Бир жагынан жакшы эле болмок, бирок аябай кыйын, көзгө атаар мергенчи экен, жолуккан кийикти эле ыргыта атып жүрүп отурса биз үчүн ууга чыккандын маңызы деле жок болуп калат.
- Баса, айтмакчы, бул жигиттин ата-энеси каякта, эмне жумуш кылышат? - бардыгы Туткабайга суроолуу карашты.
- Мунун өз эне-атасы жок, таякелеринин колунда чоңойгон.
- Жетимби?
- Ошондой десе да болот. Атасы болсо жана айтпадым беле, бир айылды баккан мергенчи болчу деп. Кезектеги ууда жүрүп ошол мезгилде жаан жаап калып, тоодон чагылган тийип каза болгон. Аялы болсо бул ымыркайын таштап салып, төркүндөрүнө кетип, ошол боюнча күйөөгө тийип кетиптир.
- Таякелери эмне болуп иштейт, мунун башка бир туугандары барбы?
- Бир туугандары деле жок, жалгыз таякеси бар. Ошолор өстүрүп чоңойтуп, эрезеге жеткирип келатышат. Ал эми таякеси болсо мурун Союз мезгилинде чабан болуп иштечү. Кийин Союз чачырап, чарба тараганда өзүнүн энчисине алган бирин-экин мал менен тирлик кылышат. Жай мезгилинде малын бизге кошуп жайлоого чыгарышат. Мен алардан эч нерсе албайм, акы ордуна бул жигитти кошуп беришет. Тескерисинче, биз жайды-жайлата малга каралашып, баккандыгы үчүн бул жигитке акы төлөп беребиз. Тил алчаак, элпек жакшы жигит. Бирок көп сүйлөбөгөн түнттүк жайы бар. Мунун ушунчалык кыйын аткан мергенчилигин билген эмесмин. Албетте, анча-мынча атып калганын көргөм, бирок мынчалык деңгээлде көзгө атаарлыгын биринчи көрүшүм. Атасы каза болуп калгандан кийин буга көңүл бөлгөн деле эч ким болгон жок. Таякеси деле анча жакшы караган жок окшойт. Өзүнүн балдарынан арткан кийимдерди, тамактарды берет окшойт. Мындай сырткы кийимдерин, көп сүйлөбөгөнүн карап кээ бирөөлөр жүдөө деп ойлошу да мүмкүн, бирок аябай тың, чапчаң, зээндүү жигит. Бир нерсени бир көрдүбү, бат эле өздөштүрүп алат.
- Бул жигит жөнүндө дагы эмне билесиң?
- Болду, болгону эле ушул, башка өзгөчөлүгү деле жок. Мунун кыйын мергенчи экенин айылдагылар эч кимиси деле билишпейт. Мен азыр биринчи жолу көрүп атпаймынбы кыйын атканын. Мындайын мурун билгенде бат-бат кийикке жөнөтүп турат элем. Анын үстүнө мылтык көп кармабагандан кийин мунун ким экенин, атасын тартып мергенчи экенин эч ким билбейт да. Менин мылтыгыма кызыгып, кармалап калганын байкап калчумун, бирок ага карматчу эмесмин. Эски кек мылтыгым бар ошону менен суур атып келет. Өткөн жайда суурдун терисине карк кылды го мени. Быйыл болсо "суурларды жайына кой" деп тыюу салып таштагам. Болбосо айлана-чөйрөбүздөгү суурларды тим эле койгудай эмес.
- Эч жерде жумуш иштебейби?
- Айылда кайдагы жумуш, тигил таякесинин мал-салын эле каралашат. Күзүндө чөп жыйнашат, болгон эле жумушу ошол. Мергенчи экенин билишпейт, мылтык беришпейт да. А түгүл таякеси да билбейт болуш керек, мунун кыйын мергенчи экенин.
Сыртка таза абага чыгышканда Айыл чарба министри болуп иштеген Дөөлөтбай жанындагы маданият министри Султанга кайрылды.
- Кандай ойлойсуң, бул жигиттин тамырын акырын тартып көрбөйлүбү…
- В каком смысле?
- В прямом, мындай карап көрсөң, бизге керектүү жигит экен. Азыр бир көзүң бир көзүңө жоо дегендей досуңдан душманың көп.
- Түшүндүм, бул жигитти өзүбүзгө алып алсакпы дейсиңби?
- Бизге керектүү жигит экен, Туткабайдын айтымында карапайым, элпек, паслушный окшойт. Анын үстүнө эне-атасы да жок, жетим өсүптүр. Таякесин бат эле көндүрүп же акча берип азгырып…
- Кереги жок, бул жерге акчаны аралаштырбайлы, жаман ойлоп калуулары да мүмкүн. Андан көрөкчө, "жакшы жигит экен, окутуп-чокутуп, өзүбүз тарбиялап киши кылабыз" деп бал тилге салып алдап көрөлү. Айылдыктар карапайым, ишенчээк келишет эмеспи, балким ийип кетишээр.
- Жигит өзү макул болбой койсочу?
- Көндүрөбүз, бал тилге салып азгырабыз. Эгер макул болуп көнсө, тигил жакка барганда өзүбүз тарбиялап алабыз. Керек болсо таптакыр башка адам кылып чыгарабыз.
- Сенин сунушуң албетте, жакшы экен, бул боюнча Туткабайдын өзү менен кеңешип көрөлүчү, ал эмне дээр экен…
Эртеси алар өздөрү менен кошо Абдысаламды да ууга алып алмай болушту. Алардын негизги максаты ага кийик аттыруу эмес, жекеме-жеке сүйлөшүп, тамырын акырын тартуу болчу. Бул жакка караганда тоодо, ээн жерде ээн-эркин сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan