Кыска жооп

Фарида Карбосова:
"Күзүндө күйөөгө чыгам"
- Фарида, гезиттерге өзүңдүн сүйлөшкөн жигитиң жөнүндө эч жашырбастан жарыя айтып келесиң. Жигитиңе ошончолук эле ишенесиңби?
- Ооба, сүйлөшкөн жигитим бар. Экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз. Мен ага ишенем. Ошондуктан ачык айтып жүрөм.
- Анда качан үйлөнөсүңөр?
- Буюрса быйыл күзүндө. Октябрь айында өзүмдүн экинчи жеке концертимди элиме тартуулайм. Концертим өткөндөн кийин үйлөнөбүз деген пландарыбыз бар. Сүйүү сезимибиз анан кудайдын буйругу, тагдырдын жазганы деген да бар эмеспи.

Куудул Рахман Разыков:
"Жалпы байгебиз 8888$".
- Рахман мырза, быйылкы өтө турган "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" аттуу концертиңиздеги ырчы куудулдардын жеңүүчүлөрү кандай сыйланат?
- "Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы" конкурсттук концертибизге жалпы 8888$ сыйлык коюлду. Себеби, конкурска сегиз ырчы, сегиз куудул катышат.
- 8 -мартка карата уюштурдук. Сегиз күн удаа концерт беребиз. Баш байгебиз 4000 $. Калган акчалай сыйлыкты катышып жаткан ырчы куудулдарыбыздын баардыгына бирдей бөлүп берип сыйлайбыз.
Майрам ШАРИПОВА




Май кармаган бармагын жалайбы же?...
(Карандай какшыктар)
Эгерде тууган-туушкандары депутаттыкка каршы чыкса, анын эл алдында чыгып сүйлөгөнгө акысы барбы же жокпу?

Келечегин чала көргөн сыяктуу эле элдин көңүлүн азгыруу опурталдуу

Чоң кызматтан түшүп калган киши дароо оппозицияга бет алат.

Эгерде депутаттык май көл, сүт көл болбосо, акча чачуунун деле кажети болбойт.

"Акчаны шамалга ыргытса болот, эгер ал сени карай согуп турса".

Макал маңызы менен
"Кайда барсаң мамайдын көрү" - депутаттыкка өтө албай калган күчтүү фракциядагылардын арманы.

"Бир даам таткан жерге миң жолу салам бер". Бир жолу депутат болуп, анан кайра эле депутат болгусу келип аткандар.

"Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет". Көпчүлүккө аралашып жүрүп эле ойдо жок жерден депутат болуп калган аялдын сөзү.

"Көчүктү кыскан бай болот" - сессияда унчукпай үргүлөп отурушкан депутаттардын сөзү.




  Анекдоттор

Чукоткадагы эң алдыңкы деген фермерге журналист суроо узатат.
- Сиздер картошка тигүү боюнча жаңы ыкма ойлоп таапсыңар. Айткылачы, анын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Эмнеси бар экен, эртең менен көмсөк, кечинде кайра эле казып алабыз…
- Ой тобоо, мына кызык тамаша, силерде картөшкөлөр ушунчалык тез өсөбү?
- Жо-жок, курсагыбыз ачып кетсе эмне кылабыз.

Көп кабаттуу үйдө жашаган шаар акими айылдан келген туугандарын сыйлап жатты.
- Тамактан алгыла, салаттан жегиле, между прочим бул өзүбүздүн огороддун салаттары…
- Өзүңөр көп кабаттуу үйдө жашасаңар, каяктагы огород же балконуңарга өстүрөсүңөрбү?
- Жо-жок. Чоң-арыктагы мүрзөлөрдүн арасынан "көзүбүз өтүп кетсе" деп жер сатып алып койгонбуз. Бош жатканча деп ошол жерге бир нерсе тигебиз…

- Эмне үчүн ширеңке фабрикасынын директору Исмаиловго сыйлык берип жатышат?
- Акүйдүн жардырабыз деп келишкен террорчуларынын ширеңкелери такыр эле күйбөй коюптур.




  Беймаза суроолор

Эбин тапкан эки ичет дейт, эбин таппаган ачка калабы?
* * *
Тарбиялуу кыз таалимдүү болсо, сойку кыз кайдан чыгат?
* * *
Уят өлүмдөн катуу болсо, өлүм андан жумшакпы?
* * *
Энесин көрүп кызын албай эле, күч күйөө болуп кирип алса болобу?
* * *
"Базары жакын байыбайт" дейт, а коммерсанттар менен алып-сатарлар кантип байып жатышат болду экен?
* * *
Карт бойдокко таң атпаса, жаш бойдокко күн батабы?