![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум ЭПИЦЕНТР Кадр саясаты... Кадыралиев Аттокуровго каршы чыкты Жогорку Кеңештин жаш депутаты Санжарбек Кыдыралиев Орусиядагы мекендештерибиздин өлүмү үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуровду жоопкерчиликке тартыш керек деп эсептейт. "Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерибиз үчүн эч кандай жардамын көрсөтпөйт. Биздин дипломаттар кыргызстандыктардын укугун коргоо үчүн эч нерсени кылышпайт. Мекендештерибизди такыр баштар өлтүрүп жатса, элчибиз оозуна талкан салып алгансып, эч бир саясий билдирүү жасаганга жараган жок. Жарандарыбыз элчинин кабыл алуусуна такыр кире алышпайт экен. Анан ушундай элчи кантип Кыргызстандын чет жерде жүргөн жарандарынын кордолгон укуктарын коргойт?"- дейт Санжарбек мырза. Ага улай эле парламент депутаты Жусупжан Жээнбеков болсо, Аттокуровдун Кыргызстанда эч убакта иштебегенин жана ал Орусиянын жараны экендигин билдирди. Жээнбековдун сөзүнө караганда, Аттокуров элчи болуп шайланаарда гана Кыргызстандын жарандыгын алган. Жогорку Кеңештин спикери Адахан Мадумаров болсо, Жээнбеков туура маселе көтөрүп жатканын айтып, чыныгы адистер четте калып, кайдагы бир немелердин элчи болуп дайындалып жатканына өзүнүн нааразычылыгын билдирди. Көңүл деген көп нерсе... Экс-премьер ээрге минди Саясатта түз жүрүп, интригалардан алыс болуп, мамлекет башчынын көңүлүн тапсаң, талаада калбайт экенсиң. Айталы дегенибиз, аз күн мурда Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Азим Исабеков Бишкек Эркин экономикалык аймагына башкы директор болуп дайындалды. Эсиң барда этегиңди жап! "Асабанын" шайлоодогу жеңилүүсүнө Бекназаров күнөөлүбү? "Асаба" партиясынын 28-февралда боло турган курултайында улутчулдардын бөлүнүп кетүү коркунучу айтылууда. Себеби, партиянын ордо кеңешинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаровдон кутулууга аракет кылып жатышыптыр деген кеп саясий чөйрөдө уу-дуу болуп жүрөт. Ордо кеңештин мүчөлөрү декабрдагы парламенттик шайлоолордо партиянын утулуп калышына Азимбек мырзаны күнөөлөшүүдө. Жалпы кыргыз коомчулугу эле эмес, чет жерден келген эл аралык байкоочулар да шайлоонун адилетсиз өткөндүгүн байма-бай айтып жатышса да, "Асабачылардын" Бекназаровду айыптап жатышкандары күлкү келээрлик иш. Кокусунан, "Асабачылар" Бекназаров менен ажырашып кетишсе, аталган партия өлкө ичинде өзүнүн активдүүлүгүн жоготуп, унутта калышы толук мүмкүн. Себеби, эл "Бекназаров дегенде "Асабаны", "Асаба" дегенде Бекназаровду тааный турганында шек жок. Жөнөкөй сөз менен айтканда, карышкырдай сүрү бар Бекназаровго карата жасаган улутчулдардын аракети бийликтин тегирменине суу куйганга тете болуп жатат. Авторитардык режимге каршы Революциялык комитетти түзгөн Бекназаров "Асабасыз" деле саясатта кала берээрин унутпасак. Жаз жарыш Партиялар күчтөнө баштады Күн жылыган сайын саясий күчтөрдүн активдүүлүгү артып, курултай конференциаларга даярдыктар эмитен эле күч алууда. "Ата-Мекен" партиясы да март айынын экинчи жарымында конференция өткөрүүгө кам көрүүдө. Аталган партиянын лидери, көп жылдардан бери өзүнүн позициясынан тайбаган ӨмүрбекТекебаевдин билдиргенине караганда, жакынкы убактарда өлкөдө саясий кырдаал татаалдашуусу мүмкүн , андан тышкары оппозициалык күчтөрдүн биригүүсү күтүлүүдө дейт Жогорку Кеңештин экс-төрагасы. Мына сага! Жалалабат губернаторунун орун басары кызматынан алынды Майлуусуудагы мектептеги балдардын ууланышынын айынан Игорь Чудиновдун буйругу менен Жалалабат облусунун губернаторунун орун басары Камила Талиева иштен алынды. Реэкспорт деген балээ Орустун нанын сатып байыган шылуундар ким? Жакында Орусиянын өкмөтү дан эгиндерин экспорттоого Кыргызстанга чектөө киргизди. Буга кыргыз тараптагылардын эгинди реэкспорт кылып, башка жактарга сатып, марып жатканы себеп болгон экен. Тагыраак айтканда, ун тартыш болуп, нан кымбаттап, эл башына кыйынчылык түшүп турганда Орусия берген дан эгиндерин орто жолдо башка өлкөлөргө сатып байыган эргулдар бар экен. Алар ким экендигин укук коргоо органдары териштирип, чара көрөөр бекен? Бетти даярдаган Улан Мамбетов, Сабыр Муканбетов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|