![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум КурумУшу Эски дооматтар жана жаңы интерпретация Президент К.Бакиев Москвадагы КМШ өлкөлөрүнүн беймформал саммитинин жуп өтөөр алдында РИА "Новости" агентствосу менен "Russia Today" телеканалына кеңири интервью берген эле. Негедир Россия менен Кыргызстандын маалымат агентстволору менен саясый эксперттердин көңүл кадаганы президенттин интервьюсунун ичинен бир гана учуру - америкалык аскердик базаны өлкөнүн аймагынан чыгаруу боюнча айткандары болуп калды. Муну түшүнсө деле болот дечи, аскердик базанын башы эки жылдан бери бир жаңсыл ачылып кетпей, чубактын кунундай чубалжып келаткан орчундуу маселелерден. Бул жолкусунда деле адаттагыдай эле К.Бакиев америкалык аскердик контингентти болочокто чыгарары шексиз болуп калганына, бирок да, Афганистандагы жагдай алигиче турукташа электигине байланыштуу маселе келечекке калтырылганына токтолуптур. Эстен чыгып бараткан аскердик базаны чыгаруу дооматынын кайрадан актуалдашып калкып чыгышын саясый эксперттер Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстандагы АКШнын геосаясый башкы атаандаштары болгон державалардын алдында берген убадасы менен байланыштырышып, саммитте президенттин моюнуна көтөргөн милдетин аткарышын россиялыктар талап кылаары менен түшүндүрүштү. Аскердик база болочокто кажетсиз чыгарылат деп чечкиндүү билдирүүнүн артында тил эмизүүчүлүк менен маселени созуп, унуткарып кетүү аракети жатканын байкоого болот. Базаны чыгаруу К.Бакиевдин айтымында Афганистандагы кырдаалга түздөн-түз байланыштуу. Жагдай бир жаңсыл турукташканда гана маселенин башы ачылышы мүмкүн. Мындан сырткары Афганистадан агып чыгып жаткан наркотрафика проблемасы Кыргызстандын кызыкчылыгына таасир тийгизери белгиленет. Демек, К.Бакиев айткан убадасын Афганистандагы кырдаал менен наркотрафикке шылтап, белгисиз мөөнөттөргө калтырып созо бериши этимал. Анан да кырдаал жакында турукташып кетээри арсар экени баарыбызга белгилүү. Турукташып кеткен күнү деле дагы бир "обьективдүү себептер" чыгып калышы оңой. Же падишах зоругуп өлөт, же эшек аркаланып аа дүйнөгө кетет дегендей кеп, кыскасы. Сөз чынынан бузулбайт, экономика эңшерилип турганда жылына аренда үчүн 17,5 миллион доллар түшүрүп, ар бир учуп-конгон самолет үчүн өзүнчө кошумча акча төлөп жаткан базадан оңой эле кол жууп калууга болсун. Экинчи жагынан американын базасына байланыштуу өткөндө түзүлгөн прецедент бар - сөздү улам-улам жаңыртып аскер контингентин чыгарып жиберебиз деп опузалап, келишим түзгөндө "был допущен ряд невыгодных для Кыргызстана моментов" деп кысым жасай берсек америкалыктардын коргоо министриби, Баучериби же башкасыбы, шашылыш учуп келип "И, Жаныш акча түгөнүп калдыбы?" деп күлүп туруп аренда төлөмүн көтөрүп берет эмеспи. Башка аргасы деле жок. Базага алар азырынча муктаж. Ошентип, саан уйду сааганга жараша кактап саабаса болбойт. Бир гана жаман жери эки жылдан бери бүтпөгөн дооматтан тажаган америкалыктар "кечтим байдын кызынан" дешип, Ганси аэропортун башка жерге дислокациялап көчүрүп кетпесе болду. Айтымдарында азыр Афганистандагы Баграмга С-130 самолеттору (транспорт "танкери") жылдырылып кетилген, бизде КС-135 самолеттору эле калган экен. К.Бакиевдин интервьюсунда да америкалык аскердик-аба базасынан тышкары Кыргызстандын Россия, КМШ өлкөлөрү менен саясый-экономикалык карым-катнаштары, ОДКБ, ШОС, ЕврАзЭС, Кыргызстандын өзүндөгү социалдык-экономикалык абал сыяктанган чети оюла элек көптөгөн проблемалар козголуптур. Ошондуктан политолог Валентин Богатырев айткандай журналистердин "президенттин сөзүнүн бир бүртүгүн гана контекстен жулуп алышы", Американын базасына (ал коалициялык күчтөрдүн Афганистандагы антитеррористтик операцияларды жүргүзүү үчүн ООН мандаты менен ачылганын белгилеп кеткенибиз ашыктык болбос) көңүлдү кадап коюшу туура эмес. Кеңири пландан каралганы дурус. Президенттин интервьюсунан "Ак үйдүн" тышкы саясатында өнөкөт болуп калган ыргылжың учурларга, бүдөмүк жагдайларга тактоо киргизиле баштаганын баамдоо кыйын эмес. "Ак үй" ачыктан ачык АКШдан боюн обочолотуп, Россиянын геосаясий протекциясына өтө баштаганын, анын этегин кармап саясат жүргүзүүнү көздөп турганын жаземдебей көрүүгө болот. Аны Россия менен соода-экономикалык карым-катнаштарынын өсүп, инвестициялык кызматташуунун чыңала баштаганы, Россиянын Кыргызстанга болгон көмөгү зор экендиги сыяктанган көтөрө чалган сөздөрү бышыктай алат. "Ак үй" баштапкы улуу державалардын баарына бирдей мамиле кылуу, баарына бирдей жагуу б.а геосаясый көп вектордуу ийкем маневр жасоодон баш тарткан түрү бар. Мындан кийин Кыргызстандын А.Акаевдин тушундагы "эпчил козу эки эмет" саясаты четке кагылды деп түшүнгөнүбүз туура болор. Басма сөздө, чет элдик болобу же жергиликтүү аналиктерби, КМШдагы "түстүү революция" деп аталган окуя болуп өтүп, бийлик алмашылган өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын ичинен Кыргызстанды кошуп келишкени адат болуп калган эле. Жаңы бийлик коррупцияланган авторитардык режимди алмаштырып, демократиялык баалуулуктарды аздектеген прогрессивдүү саясий күч катары мүнөздөлгөн. Революциянын болуп өтүшүнө Батыштын, төтөн, АКШнын салымы чоң экенин баса белгиленип келген. Батышта "сетовой технология" деп аталаган "түстүү революциянын" планы иштелип чыкканы, ал Америка тарабынан мол каражаттар менен финансыланып, НПО жана жаштардын күчү менен ишке ашырылганы белгиленээр эле. Интервьюда К.Бакиев мындай көз караштарга орчундуу түзөтүүлөрдү киргизет. Кыргызстандагы "мандалак революциясы" деп аталып кеткен окуя менен Украина менен Грузиядагы революциялык процесстердин эч бир жакындыгы жок экендигин белгилейт.К.Бакиевдин айтымында Украина менен Грузияга окшоп "кыргыз революциясы" тыштан финансылаган эмес. "Мандалак революция" пенсионерлердин митингин колдоо үчүн деп берген 10-20 сомуна таянып, кургак лепешка, кант-чай менен жасалган иш. Эгерде, Американын аскердик-аба күчтөрүн чыгаруу боюнча айтылган сөздөрдө эбактан бери келаткан ашмалтай ойлор билдирилсе, кыргыз революциясы жөнүндөгү К.Бакиевдин азыркы пикиринде сенсациялык жагдайлар бар экенин байкоо кыйын эместир. Биринчиден, Батыштын, анын ичинде Американын жана эл аралык уюмдардын көмөгү, революцияга болгон катыштыгы жокко чыгарылат. Мындай пикир мындан ары аларга эч кандай "карыз" эмеспиз деген жыйынтыкка алып келери айкын. Эгер зарылдыгы чыгып калса "Ак үй" алардан кол жууп кетүүгө даяр деген каңкуу тургандыгы байкалбай койбос. Экинчиден, Украина менен Грузиядагыдай болбой кыргыз революциясынын өзгөчө "себеби менен методу" бар улуттук спецификалык окуя болгонун белгилөө менен К.Бакиев анын универсалдуу демократиялык мүнөзүн жокко чыгарат. Чындыгында эле Украина менен Грузиядагы окуялар менен Кыргызстандагы "март революциясын" салыштырып болбойт. Тигилердей бизде бийлик тынчтык жол менен алмашылбаганы белгилүү. Бизде "революцияны" мародерство, андан кийин редейство коштолду. Ошондуктан, Кыргызстандагы "революцияны" чет өлкөлүк кээ бир басма сөздө "шоңшогой калпакчан варварлардын жүрүшү" деп мүнөздөгөндөр чыккан болчу. Эми К,Бакиевдин демилгеси менен "революцияны кайрадан карап чыгуу аракети" тигилердин - "24-марттын" легитимдүүлүгүн моюнуна алгысы келбегендердин отун тутандыра турганы кадиксиз. Экинчи жактан, Кыргызстанда чындап эле демократиялык революция болгонунан шектенип, эки анжы болуп жүргөндөр президенттин билдирүүсү аркалуу кыйыр түрдө болсо да өздөрүнүн акыйкатына ырастоо табары анык. Кыргыз аналитиктери аскердик-аба базасына карата жасалган К.Бакиевдин билдирүүсүнө карата Америка менен эл аралык Европа коомчулугу жооп кылбай кулактын сыртынан кетирип коюшу мүмкүн деп эсептешет. Асыресе, аскер базасына карата болбосо да, Кыргызстандагы "революциянын" жаңы трактовкасына байланыштуу алар өз пикирин айтпай, унчукпай коет дегенибиз чекилик. Аналитикалык баа берүүчүлүк планда болсо да жооп айтышаары кажетсиз. Үсөн Касыбеков |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|