А-ап дедиби...

Донорлор берген 3,5 миллиард доллар кайда кетти?
Кыргызстан донорлордон канча акча алган?
Басма сөз беттеринде Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери чет өлкөлөрдөн жардам алды деп (2 млрд. доллар) айтылып жүрөт. Бул анчалык так маалымат эмес. 2005-жылдын 24-мартындагы революциядан кийин өкмөт тыштан келген жардамдын натыйжалуулугун текшерүү боюнча атайын комиссия түзүп, ага мени да киргизген эле. Ошондон улам билдим - Кыргызстандын донорлордон алган финансылык жардамы 3,5 млрд. доллардан кем эмес экен. Кем эмес дегеним, бул сумма - такталып, эсеби алынганы эле. Финансы министрлигинин кызматкерлери башында техникалык жана гуманитардык жардамдын эсеби жүргүзүлбөй, кийин маалымат базасын түзүп, мурдагыларын тактай келгенде айрымдары эстен чыгып, унутулуп, бир бөлүгү бул суммага кирбей калгандыгын айтышат.
Ушуга байланыштуу дагы бир нерсени тактай кетүү зарыл. Бул суммага 1 млрд. долларды түзгөн тикелей инвестиция кирбейт. Анткени аны мамлекет эмес, ишканалар алып, ошолор төлөп беришет. Ага улуттук валютаны киргизе электеги мурдагы советтик республикалардан алынган кредиттер да кошулган эмес. Мисалы, 1992-1993-жылдары биздин өлкө Орусиядан жалпы суммасы 130 млн. доллар турган товар алган. Ал азыр проценттери менен 200 млн. долларга жетип калды. Бул акча тышкы карызды санаганда кошуп эсептелинет, бирок тыштан келген финансылык жардамды эсептегенде киргизилбейт.
Статистиканы жакшы билбегендерге финансылык жардамдын тышкы карыздан андан башка да айырмачылыктары бар экенин эскерте кетмекчимин. Финансылык жардамдын суммасына кредиттерден тышкары бекер берилген акчалар да кирип кетет. Мен аталган комиссияда иштеп жүрүп, андай бекер берилген акчалар аз эмес болгондугуна көзүм жетти. 3,5 млрд. доллардын 1 млрд. доллардан ашыгы грант түрүндө берилиптир.
Жан башына же ички дүң продуктыга карата эсептегенде Кыргызстандын донорлордон алган жардамы дүйнө өлкөлөрүнүн ичиндеги чоң көрсөткүчтөрдүн бири. Албетте, ал жалаң батыш өлкөлөрүнүн акчасы менен күн көрүп, жан сакташкан Афганистан өңдүү өлкөлөрдүкүнө караганда бир кыйла төмөн. Бирок Советтер Союзу урагандан кийин пайда болгон өлкөлөрдүн ичинде алдынкы катарда турат. Бизге бул жагынан Армения, Грузия жана Молдова гана теңтайлаша алышат. Кыргызстан бул көрсөткүч боюнча калгандарынын баарынын алдында.
Бирдеме болсо эле, бийликтегилер биз Советтер Союзу учурунда Союздан көп акча алып турчу элек, ал урагандан кийин акчалар келбей калып, Кыргызстан ошондон кыйналып жатат деп айтканды жакшы көрүшөт. Бул чындыкка анчалык коошпойт. Эсептеп көрсөм, донорлордун берген акчасы андан кем эмес экен. Кыргызстан жыл сайын алардан өлкөнүн бюджетинин жарымына барабар акча алып турган. Анын 2,3 млрд. долларын эл аралык финансылык уюмдары, 0,7 млрд долларын АКШ, Япония, Швейцария жана башка мамлекеттердин өкмөттөрү беришкен.
Эмне үчүн донорлор Кыргызстандан акча аяшкан эмес?
Донорлордун Кыргызстандан акча аябай, ашкере марттык кылышы, менин оюмча, биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана саясий реформаларга алардын ичи чыгып, ыраазы болушу менен түшүндүрүлөт. Алар айтканды айткандай кылып аткарып, сөздү эки кылбаган Кыргызстанды чын дили менен колдогулары келишкен. Мында АКШнын геосаясий кызыкчылыгы да маанилүү роль ойносо керек деп ойлойм. Ал, менимче, Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиянын таасиринен чыгарып кетүүнү самаган. Бирок алардын баарын өзүнө дароо буруп кетүү мүмкүн болбогондуктан, ал акырындап аракет кылууну туура көргөн. Башкача айтканда, бир өлкөнү алдыга сүрөп, аны үлгүлүү өлкөгө айлантып, ал аркылуу калгандарына демократиянын жана эркин экономиканын артыкчылыктарын көрсөтүп, өзүнө тарткысы келген.
Мындай ролду Азия өлкөлөрүнүн маданиятына ыктаган Өзбекстан менен Түркмөнстан аркалай албасы башынан эле белгилүү болчу. Мага АКШ алгач, бизге эмес, Казакстанга үмүт арткандай сезилет. Акаевге чейин 80-жылдардын аягындагы батыш басма сөздөрүндө Назарбаевдин аты көп аталчу. Бирок кийинчерээк ал орус калкы көп бул өлкө Орусиянын эркинен чыга албасын түшүнүп, баштапкы оюнан кайткан өңдүү. Батыштын эрке баласы болуу бактысы ошентип кичине, эч нерсеси жок кедей өлкө болсо дагы Кыргызстандын энчисине тийген. Өзүнүн эркин коом түзүүгө багытталган алгачкы кадамдары менен "демократиянын аралчасы" атка конгон Кыргызстан башында аларды бир топ үмүттөндүрүп салган. Ал Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу батыштын маданиятын сиңирип кеткенге кандайдыр бир деңгээлде даяр өлкө болчу.
АКШ, Орусия жана Кытай өңдүү улуу державалардын геосаясий кызыкчылыктарынан чыккан кагылышты өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаев өтө эпчилдик менен пайдалана алган. Аны ислам өлкөлөрүнөн башкасынын баары - батышы да, чыгышы да, Орусиясы да, АКШысы да өз кишиси катары кабыл алып, жардам берүүгө даяр экендигин билдирип турушкан. Аскар Акаев бийликти алдыргандан кийин революция жасады деп АКШны айыптап чыкпадыбы, чындыгында ал авторитардык жолго түшүп, демократия анын чексиз бийлигине тоскоол болорун түшүнгөндөн кийин деле, бийликтеги акыркы минутасына чейин, батыштан кол үзбөй, алар менен кызматташууну улантып келген. Акаев экономиканы оңдоп жибере албаганы менен, бирөөнүн көңүлүн алып, акча сурап алуу жагына келгенде, алдыга эч кимди салган эмес.
Логика боюнча мындай чоң көлөмдөгү финансылык жардам Кыргызстанды гүлдөтүп жибериш керек болчу. Донорлор өздөрү, андай болбосо да, өлкө жакшынакай эле өнүгүп жатат деп ойлошкон. Алардын эсебинде, ички дүң продукты жылына 5% көбөйүп, жакырчылык жылдан жылга азайып жаткан. Бирок бул кагаз жүзүндө эле болчу. Иш жүзүндө ички дүң продуктынын өсүш темпи 3,5% ашкан эмес. Ал дагы туруктуу болбой, 3-4 ири ишкананын иштешине жараша азайып же көбөйүп турган. Донорлор берген акчанын жардамы менен жүргүзүлгөн экономикалык реформалардын жыйынтыгын чыгарсак, Кыргызстандын элинин жарымынан көбү жакыр бойдон калганын айтпай коюуга мүмкүн эмес. Ишканалар иштебей, эмгекке жарамдуу калктын 20% чет өлкөлөрдө жүрөт. Өлкөнүн тышкы карызы кооптуу деп эсептелген чекке жетип, өнүгүүгө тоскоол боло баштаганын эл аралык финансы уюмдарынын өздөрү да моюнга алууга аргасыз болуп отурат. 3,5 млрд доллар кайда кетти? Эмне үчүн мындай марттык берилген акчалар күткөндөй натыйжа берген жок? Бул суроолорго жооп табуу үчүн ал акчалар кайда жана кандай пайдаланганын изилдеп чыгуу зарыл.
Кумга куйган суудай жок болгон программалык займдар
Донорлор берген акчалардын бир бөлүгүн программалык займдар, башкача айтканда, бюджеттин тартыштыгын жабууга жана сомду кармап турууга берилген акчалар түзөт. Бул акчалар адатта структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган программалар үчүн берилет. Донорлордун оюнча, программалар ишке ашса, ооруп, оңоло албай жаткан экономика айыгып, бутуна туруп кетет. Программаларда тигини же муну жасайсың деген конкреттүү талаптар коюлгандыктан, аны "байланган кредиттер" деп да коюшат. Эл аралык финансы уюмдары жана донор өлкөлөр тарабынан баардыгы болуп 34 программа бекитилип, 1030 млн. доллар бөлүнгөн.
Бул акча эң төмөнкү проценттик ставка менен узак мөөнөткө берилгенин айта кетүү зарыл. Аны биздин бийлик бекер акчадай көрүп, берсе эле, жок дебей ала беришкенин көпчүлүк жакшы билет . Жеңилдетилген кредиттер деле, эгерде ал көбөйүп кетсе, проблема жаратып коюшу мүмкүн экенин практика көрсөттү. Көздү ачып-жумганча 15 жыл өтүп кетти. Кыргызстан аны төлөп бере албай, карызды кечип коюуну суранып Париж клубуна кайрылууга аргасыз болду. Карыздын айынан аз жерден ХИПК программасына да кирип кете жаздады.
Программалык займдардын натыйжалуулугун анализдеп жатып, ал акчаларды өлкө 90-жылдардын башында эгемендүүлүккө жетип, оор кырдаалга туш болгондо аргасыз алгандыгын эске алып коюу керек. Рынок экономикасына өтүп, өндүрүш төмөндөгөндөн төмөндөп, эл жакырланып жаткан шартта жаңыдан мамлекеттүүлүгүн түптөп жаткан Кыргызстан донорлордун жардамысыз өз алдынча бутка туруп кете алмак эмес. Бул акчалар өлкөнүн жаш экономиканын калыптанышына сөзсүз зор салым кошту.
Бирок бул актанууга таптакыр негиз болуп бере албайт. Тарыхта согушуп, экономикасы талкаланып, Кыргызстандан да кыйын абалга кептелген мамлекеттер болгон. Алар эч кимдин жардамысыз эле андан чыгып кетишкен. Бизде реформаларды жүргүзүүгө бөлүнгөн акча жетиштүү болду. Аларды ишке ишке ашыруу үчүн шарттар да идеалдуу түзүлдү. Ал эми эл аралык финансы уюмдарынын программалары болсо, жогоруда айтылгандай, күткөндөй натыйжа берген жок. Мен эл аралык финансы уюмдарына реформаларды жүргүзүүдө эч ким тоскоол болбой, алар каалаганын кылышканын айтып жатам. Кыргызстан биздин үлгүлүү окуучубуз деп аны өздөрү деле ырастап жүрүшкөн.
Сөзүм кур болбосун үчүн конкреттүү мисал келтирейин. Кыргызстан 15 жылдын ичинде эл аралык валюта фондунун кризисти жоюуга багытталган 5 программасын ишке ашырган: "Stand-by" (1993-1994), "ESAF" (1995-1998), 3 PRGF программысы (1998-2001, 2001-2003, 2004-2007). Билбегендердин эсине: бул программалар жогоруда айтылган 34 программанын негизгилери болуп эсептелет. Калган программалар булардын идеяларын өркүндөтүп, толуктап гана турат. Эреже боюнча эл аралык валюта фондунун программаларын аткарылышы тууралуу жылына эки жолу отчет түзүлүп, акча бериш-бербеш маселеси чечилет. Кыргызстан баш аягы 30 жакын отчет берди. Мен аларды Кыргызстан аткара албай, эл аралык валюта фондунан тил уккан 2 эле учурду билем.
1993-жылы мурда эл аралык валюта фонду менен иштешип көрбөгөн кыргыз өкмөтү бир аз өзүм билемдик кыла коюп, "Stand-by" программасынын айрым шарттарын аткарбай, андан жаза алган - эл аралык валюта фонду кезектеги траншты бербей койгон. Экинчи жолу мындай окуя азиялык финансылык кризистин учурунда дагы бир ирет кайталанган. Андан башка учурлардын баардыгында Кыргызстан ал программаларды үтүр-чекитине чейин аткарып, жалаң мактоо гана угуп келген. Башка программалардын аткарылышы да эл аралык финансы уюмдары тарабынан дайыма канааттандыралык деп бааланып турган. Эл аралык финансы уюмдары койгон талаптардын ичинде электр энергиясынын тарифин көтөрүү, пенсияга чыгуу жашын узартуу өңдүү көпчүлүктүн көңүлүнө жакпаган талаптар да болгон. Элден коркуп, каалабаса дагы, биздин бийлик алардын бирин калтырбай аткарып келген.
Кыргыз экономикасын иш жүзүндө эл аралык финансы уюмдары башкарып калган. Экономикалык саясат ийне-жибине чейин аталган уюмдардын офистеринде иштелип чыкчу. Кыргыз өкмөтү кагаз жүзүндө эле болуп, ал экономиканы кантип көтөрөм деп баш ооруткан эмес. Башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүндөй чыгармачылык менен иш кылуу деген анда түк болбогон. Кыргыз өкмөтү эл аралык финансы уюмдардын айтканын гана ишке ашырып техникалык гана милдеттерди аткарып калган.
(уландысы бар)

Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык анализ борборунун директору