![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум Парламенттер парадындагы айтыш... Коомдук парламент мыйзамдуубу же мыйзамсызбы? Өлкөбүздөгү болуп жаткан саясый кырдаал күндө бир жаңылыкты жаратып, деги элди тажатпас болду. Мындай күйдүргү да, күлдүргү да окуялар депутаттык шайлоолордон кийин башталганына баарыбыз күбө болуп келебиз. Партиялык тизме боюнча өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин көбүн нааразы кылды. Чыркыраган чындыкты ыйлатып туруп 70%дан ашыгын "Ак жол" партиясынын депутаттары түзгөн жаңы парламент пайда болдуда калды. Бул шайлоодо бийлик "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген кыргыздын макалын карапайым калкка дагы бир ирет жакшылап түшүндүрүп беришти. "Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт болуп"Жогорку кеңеш жаңы түзүлгөн коомдук парламентти жактыра бербеди... Адилет министри Марат Кайыпов коомдук парламенттин түзүлүшүнө караманча каршы чыгып, аны "мыйзамсыз" деп атады. "Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов да тим калбай министрге өз жообун узатты. Анда алардын айтканына бирге күбө бололу. Юстиция министри Марат Кайыпов: "Коомдук парламент легитимдүү эмес" Конституциябызга ылайык Кыргызстандын эли - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы. Кыргызстандын эли өз бийлигин Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу жүргүзөт. Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кеңеш Кыргызстан элинин атынан өкүл катары чыгууга укуктуу. Ошону менен бирге, мамлекеттик бийлик органдарын түзүү тартиби Кыргызстандын мыйзамдарында так аныкталган. Ошого байланыштуу, демилгечилердин өзүнүн ою боюнча бийлик органдарын, тактап айтканда Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык түзүлгөн Жогорку Кеңешти алмаштырууга талаптанган жана багытталган, адамдардын кээ бир тобу тарабынан кандайдыр бир түзүлүштөрдү уюштуруусу мыйзамсыз болуп эсептелет. Андан тышкары, "Коомдук парламент" сыяктуу түзүлүштүн уюштурулушу жана иштөөсү Кыргызстан жарандарын жаѕылыштырат жана белгиленген тартипте өзүнүн мамлекеттик бийлик органдарын түзүүгө болгон мыйзамдуу өзүнүн укугун ишке ашырган Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгүнүн укугун көзгө илбегендигин көрсөтөт. Көрсөтүлгөн адамдардын тобунун мындай көз карашы жүйөөлүү эмес жана жалпысынан өлкөнүн коомдук-саясий абалына терс таасир кылышы мүмкүн. Ошого байланыштуу, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кызмат адамынын наамын же бийлигин өзү билип ыйгарып алуу жана ушуга байланыштуу кандайдыр-бир коомдук коркунучтуу аракеттерди жасоо кылмыш катары жазалануучу аракет болуп саналарын өзгөчө белгилей кетүү зарыл. "Коомдук парламентти" түзүүнүн демилгечилери массалык маалымат каражаттарында анын уставын, регламентин жана максаттарын жарыялаганын жана бул түзүлүш саясий же болбосо коомдук уюмдун статусуна талаптанганын божомолдоого мүмкүндүк берерин белгилей кетүү зарыл. Андан тышкары, ушул жылдын 20-февралында расмий мамлекеттик органдардын ыйгарым укугуна кирген суроолорду карап, "Коомдук парламент" өзүнүн биринчи жыйналышын өткөргөн. Ошого байланыштуу, эгерде "Коомдук парламенттин" демилгечилери өзүнүн алдына белгилүү бир максаттарды жана милдеттерди койгон саясий же болбосо жарандардын коомдук бирикмеси деп эсептесе, анда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушундай түзүлүштүн уюштурулушун жана иштешин тиешелүү түрдө катташы керек болчу. Бирок, азыркы убакка чейин "Коомдук парламентти" түзүүнүн демилгечилери белгиленген тартипте Адилет органдарына мындай уюмду каттоо жөнүндө тиешелүү арыз менен кайрылышкан эмес, Адилет органдарында мындай аталыш менен катталган юридикалык жактын жоктугу, бул аталган түзүлүштүн уюштурулушунун жана иштешинин легитимдүү эместигин күбөлөндүрөт. Аликбек Жекшенкулов: "Кыргызстан эли Жогорку Кеңешке эмес, Коомдук парламентке ишеним артып турат" Юридикалык каттоодон өтпөсөк да коомдук парламент, коомдук уюм, коомдук трибуна катарында иштей баштадык. Чиновниктердин пикилери таасир эте албайт. Илим-билимдүү адамдарга кечиримсиз болгон ар кандай укуктук түшүнүктөрдү туура эмес пайдалануу атайын же билбестиктен болуп жатабы, айтор, бизди өзүнүн бир жактуу сабатсыздыгы менен таң калтырды. Ошонусу менен бул мамлекеттик мекеме өз ишин профессионалдуу түрдө аткара албай жатабы деген ойго салды. Биринчиден , юстиция министрлигинин Коомдук парламентти легитимдүү эмес деп жарыя кылгандыгы жөнүндө, айтсак: "бул министрликтин кызматчылары мамлекеттин жана укуктун теориясы боюнча түшүнүгүнүн деңгээли төмөндүгүн билдирет. Мисалы, айтылган маселеге жана укукка туура келсе да, келбесе дагы "легитимдүүлүк" деген түшүнүктү пайдалана беришкендиги. "Легитимдүүлүк" деген сөз, биринчи иретте - ишеним, элдин ишеними дегенди билдирет. Бул сөз укуктук философия, мамлекеттин жана укуктун теориясы боюнча абдан кеңири түшүнүк болуп эсептелет. Ошондуктан, кандайдыр бир уюмга же элдик жыйынга болгон калктын ишеними мамлекеттик органдарда каттого алууга же болбосо статистикалык эсептөөгө байланыштуу деген пикир өзүнүн калпыстыгы менен таң калтырат. "Эгер "легитимдүүлүк" дегенди элдин мамлекеттик бийликке болгон ишеними деп түшүнсөк, анда, азыркы Жогорку Кенештин өзү легитимсизби деген суроо жаралышы мүмкүн. Анткени, ушул мезгилге чейин Конституцияга, шайлоо кодексине коомчулуктун жана саясий партиялардын көптөгөн талап кылууларына карабай болуп өткөн шайлоорлордун расмий жыйынтыгы жарыяланган эмес. Буга, шайлоо убагындагы болуп өткөн көптөгөн тартип бузууларга, мыйзамсыздактарга карабастан Юстиция министрлиги жана укук коргоо органдары көз жумду мамиле кылып келе жатышат. Экинчиден Коомдук парламент, юстиция министрлигинин пресс-кызматы жарыялап жаткандай, эч убакта эч кимдин көзүн будамайлоого аракет кылган эмес: "Коомдук парламент өз ишин баштап жатканда калктын жана коомчулуктун көңүлүндө турган маселелерди талкууга алууга, өлкөнүн тагдырына тиешеси бар иштерге карата альтернативдүү, туура пикирлерди иштеп чыгууга аракет кылаарын жарыя кылган. "Кыргызстандын эли өз тагдырына байланыштуу болгон мамлекеттин саясатын талкууга алууга жана өлкөнүн стратегиялык байлыктарын менчиктештирүү, чек араларды ратификациялоо, Кыргызстандын территорияларын Казакстанга ж.б. коңшу мамлекеттерге берүү, сатуу, мамлекеттик мааниси бар кызматтык кадрлар саясаты сыяктуу маселелер жөнүндө так маалымат алууга укуктуу. "Эгер юстиция министрлигине окшогон мамлекеттик орган, калктын мындай укугун ар кандай түшүнүктөрдү баш аламан пайдалануу аркылуу чектөөгө аракет кылса, мына ушунун өзү укукту гана эмес элди сыйлабагандыктын белгиси болуп эсептелет. Үчүнчүдөн , Кыргызстандын Конституцисында - "Кыргызстандын жарандары, алардын бирикмелери ушул Конституция жана Кыргызстандын мыйзамдары менен тыюу салынгандан жана чектөөгө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу." деп даана көрсөтүлгөн. "өлкөнүн мыйзамдарында Коомдук парламентти уюштурууга жана анын ишине тыюу салуу жана тоскоолдук кылуу тууралуу эч кандай көрсөтмө жок. Ошондуктан Коомдук парламент легитимдүү иш алып барууга укугу бар. "Ошону менен катар Кыргыз мамлекетинин жарандары чогулуп жыйын кылуу, бирикме түзүү укугу эч кандай мамлекеттик органдарда расмий каттоого алууга байланышпайт. Жарандардын бирикмеси өздөрүнүн максаты жана милдеттерине карай ар түрдүу болушу мүмкүн. Эгер Коомдук парламент саясий партия катары шайлоого же кандайдыр бир долбоордо укуктук уюм катары катышууну көздөсө гана сөзсүз түрдө мамлекеттик органдан каттого өтүшү керек. Ошондой эле көздөгөн максаты жана милдетине жараша мамлекеттик укуктук органдардан статус албай коюга да укугу бар. Төртүнчүдөн, көпчүлүк аткаминерлерди тынчсыздандырып, бушайманга салып жаткан "Коомдук парламент" деген аталышка байланыштуу айтсак. "Кыргызстандын бир дагы мыйзамында "коомдук", ал гана эмес "парламент" деген сөздөрдү пайдалуунага тыюу салынган эмес. Ал гана эмес, ар бир акционердик коомдун өзүнүн президенти бар. Бирок бул алардын республиканын президентинин атын пайдаланып атат дегенге жатпайт. Бешинчиден, мындай түшүнүксүз жана билим деңгээли төмөн жарыялар бизди Кыргызстандын жарандарын, юстиция министринин деңгээли ээлеген кызматына жооп береби деген ойго салат. М.Кайыпов мырза коомго терс таасирин тийгизүүчү бир катар мыйзамдарды кабыл алдырууга жана толуктоо киргизүүгө кылган аракеттери менен белигилүү. Буга мисал кылып, анын министр катары коомдук уюмдардын ишин такай көзөмөлгө алууга карай көргөн демилгесин жана көп аял алуу маселесин жактоого кылган саамалыгын айтууга болот. Коомдук парламенттин ишмердүүлүгү ачык-айкындуулук менен жүргүзүлөт. Коомдук парламенттин ишин, кылган аракеттерибизди жана тиги же бул коомдук, мамлекеттик мааниге ээ болгон маселеге болгон мамилебиз менен пикирибизди элге кенири маалымдоо биздин негизги максатыбыз болуп саналат. Мамлекеттик кызматчылар Коомдук парламент жөнүндө кандай гана ой айтпасын, алардын баасы биз үчүн мааниге ээ эмес. Бардыгына эл тараза. Биз үчүн, өлкөнүн жарандарынын өз таламын талашып, коомдук кызыкчылыктарды эркин коргой алгандыгынын, алардын көптөгөн коомдук-чарбалык көйгөйлүү маселелердин чечилишине жемиштуу таасир берүүсүнүн жана ошондой эле Кыргызстандагы демократиялык процесстердин өнүгүшү менен бекемделишинин чыныгы мааниси бар. Бүгүнкү күнү Кыргызстан эли Жогорку Кеңешке эмес, Коомдук парламентке ишеним артып турганын унутпасак. Бетти даярдаган Майрам Шарипова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|