![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №25, 26.02.08-ж. |
Меймансап Форум Же жаайт же жаабайт… "БИЗ КЫРГЫЗБЫЗ" ДЕП СЫЙМЫКТАНА ЖАШАБАЙЛЫБЫ, ТЕБЕЛЕНБЕЙ! Шашпай ойлонуп көрсөң мыкты жашаган улуттар бизче коркпой-үркпөй эле улутчул болот экен. Көбүнүкү маданий улутчулдук десек болчудай. маселен, ошол улутчулдугу өз улутунун кызыкчылыгына багытталган жана да башка улуттарга анча зыяны тийбейт же таптакыр эле зыяны жок. Маселенби? Маселен, япондорду алалы, болбосо италиялыктар менен гректерди алалы, булар биз өңдөнүп эч кимге төрүн тебелетпейт "жамандын коногу билет" кылбайт эч качан. Биринчи иретте өз улутунун кызыкчылыгы корголот. Аларды тээ, алты тоонун ары жагында десек, капталыбыздагы өзбектерди алалы, аларды кандай айтсак да, өз улутунун кызыкчылыгын биринчи орунга койгондон кайтпайт. Прибалттарды - эстон, латыш, литвалыктарды айтпай-ак коелу, аларга жетиш үчүн жети кылым өмүр сүрүшүбүз керектир. "Кыргыз деген айкөл эл бар экен" десе мактана кетип оозубуздагыны алдырып, колубуздагыны жулдуруп, мойнубузга миндирип, "айкөл" болуп, ачка отура беребиз, "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" деп. Ушул маанини аздап оңдоп койсо турмуш чындыгы жарк дей түшөөр эле "Кыргызстан - жалпынын үйү" деп. Биздики - кыргыздардыкы эмес, башка жалпыныкы. Кудай сууну мол берген экен - аныбызга ээ боло албайбыз, алтын бериптир - мунубузга ээ боло албайбыз, жердин кереметин берген экен - четинен чет элге кемиртип жатабыз. Жерибиздин чеги кай жерден башталып, кай жерден бүтөөрүн билбейбиз. Жанагы чегара чатагынын четин ое албай жүргөн Аламанов деген мырзаны Африкага жиберип, ошол жердеги корук-парктардагы арстандар менен жолборстор өз чегарасын кандай белгилейт, кандай коргойтун үйрөнүп келгендей кылыш керек. Көргөндүрсүздөр, маселен, арстандар үйүрүнүн (прайдынын) анабашы өзүлөрүнө тиешелүү жердин чегине заарасын чачып белгилеп, андан өткөндү тытып жейт, жан аябай коргойт өз жерин. Биздин Аламанов бөлүмү менен барып, ошол арстандардан стажировкадан өтүп келип, "белги салса" тажик, өзбек, казак туугандарга жерибизди четинен алдырбайт элек дейм да… Алаңгыча казактар жерибизден гана эмес, жолубуздан да алганы турушат. Бийликке накта эркектер келбей жатканына аябай арданасың да! Аты эркек да, ага заты туура келбегендей жетекчилер толуп кетпедиби, шоруң курган кыргызда. Атың менен арбагыңдан айланайын Манас бабам кырса түгөнгүс кытайың менен калмагыңды кезеги менен чаап турчу экен. Эми азыр Манас бабабыз кыргыз экенинен шек ала да кетем. Ооба, оозума таш дечи, бирок менин кыргызымдын бүгүнкү улуттук абалы башкаларга акаарат айтчу эрлеринин жоктугу ошону айттырып жатпайбы. Башкасын кой, өз жерибизде жашап жатып өз тилибизди сактай албагандан кийин не деген калкпыз?! Тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун тилинен чаң чыгат тим эле. Бирок тилди сактоо, өнүктүрүү боюнча эч нерсе кылалбай жатпайбы. Эч нерсе кылалбайт! Анткени, бийликтин анабашындагылар кызыкдар эмес. Кызыкдар болгондордун колунда бийлик рычагы жок. Эң негизги өксүк - биздин кыргыз тилибиз кандайдыр-бир чечүүчү күчкө эгедер эмес. Эгерде кыргыз тилин билбегендер мамлекеттик кайсыл гана кызматта болбосун иштөөгө укуксуз болсо… ошондо ойрон орусуң отуз күндүн ичинде кыргызыңдын түшүн кыргызча жорумак. Мындай окуя прибалттардын турмушунда бар. А биз анте албайбыз. Анткени, биз башка улуттардан, биринчи иретте орустардан коркобуз, музообузда сүздүрүп салганбыз. Алардын аттарын укканда эле ушатып жиберебиз… Өгүнү Т.Жумагулов бир гезитте: "2005-жылкы революциядан кийин бийлик дурус көңүл бура баштады" деп Бакиевин түз айта албай, кошомат кылып атпайбы. А Президент болсо чогулуштан-чогулушка сүйлөп, сүйрөп жатпайбы орус тилин. Баланча деген гезит чыгат, түкүнчө миң сөздүк чыгат деп мактанып атышат. Маа демектен миллион гезит, миллиард сөздүк чыксын, тилиң керектелбесе, практикалык күчкө ээ болбогондон кийин гезит-сөздүктөрүңдүн кереги канча? Тилибиз жөнүндөгү чындыкты айтсак - тилибиз жоголуу жолунда. Андай эмес десеңер чындыктан адашканыңар ошол. Кыргыздын тең жарымы жашап жаткан Бишкекте кыргыз тилиндеги үч балабакча бар дейт, анан да массалык түрдө фамилияларын орусча кылып оңдотуп жатышыптыр. Бул маалыматтарды биздеги орус гезиттер кубануу менен жазып жатат. Деле ушу Т.Жумагуловдун куру адыраңдаганы өттү. Өгүнү радиодон сүйлөп жатат: "Турцияга барып келдим. Ошондо айттым: түрк тилдүү элдер бириксе орток тил кыргыз тили болот деп. Алар күлдү" дейт. Алар жөн күлгөн жок. Жумагуловду анан да кыргызыңды шылдыңдап күлдү да. Кантип эле кырк миллиондон ашык түрк эли же он миллиондон ашык өзбек же азербайжандар бир ууч элдин тили кыргыз тилинде сүйлөп калсын. Он орусту кыргызча сүйлөтө алышпайт да, асмандын башын айтышат! Ооба, биз айдамабыз, азгырылмабыз, намысыбыз тамам болду окшоду, баарынан кызыгы - өзүбүздүн менталитетке туура келбеген жосундарды бат кабыл алабыз. Намыс деген өзүбүз менен өзүбүз кармашканда эле эсибизге келет… түндүк-түштүк болгондо… Кечээ жакында орусуң Валентин-Валентина күнүн майрамдаса, ары жок кыргызың кошо дүрбөп жатпайбы. Ай, ал деген орусуңдуку, ошол сыяктуу элдердики. Биздин салт андан башкачараак, сыпайыраак. Бул күндү майрамдоо уяты жоктуктан артык эч нерсе алып келе албайт, азыркы акылы жок жаштарыбыз көчө-көчөдө өбүшүп калышат күнү-түнү эч кимди көзүнө илбей, "Валентинасына" гүл алып берет элем деп ууру кылгандары да болот. Бир ирет Жаңы жыл тосуп, балаты орнотуу салты улутубузга зордук менен кирди эле кыштын кыраан чилдесинде дайыны жок жаңы жылды тостурганды айтпаганда да, эмне деген гана балатылар кырчын кезинде кыйылып жатат. Жаңы жыл деген Ноорузубуз бар эмеспи жаратылыш накта жаңыланчу. Азыр "орустун ойногону жаман энесинин көчүгүн чукулайты" бизге даана жетип турат. Аяз атанын жанына Санта-Клаус деген четтин балээсин кыргыз тоолоруна зордук менен алып келип, элдин мээсин тегеретип турган чагы. Дагы бир орус гезити жазып жатпайбы: "Санта-Клаусту четке каксак, анда 800 миллион доллардан куружалак калабыз" деп. Көрсө, Санта-Клаус бизде десек турист көп келет экен да, ошончо доллар киреше кирет экен. Туризмди тейлеп жүргөн Мамашев менен Ысык-Көл губернатору ошол жомокко жанын бере тургандай ишенип алышыптыр. Өткөн жумада Исаев баш болгон Көлдүн жетекчилери балдарды стадионго топтоп, Санта-Клаус жөнүндө толгон сөз сүйлөп, балдарды тоңдурду. Суук тийип тоңгон балдар эртеси окуусуна бара албай калды дешти… Деле арыбыз жок, эй, кыргызым, Санта-Клаус - Сарыбай эмес, Калдыбай да эмес, каны-жаны башкалар ойлоп тапкан жөнеле жүк, түйшүк. Аны келген жагына кетириш керек. Эртең финндер же шведдер келип кыргыз жери биздики болчу деп талашса, Мамашевдер алгыла деп кол жайып турабы дейм. Көчүгүңөрдү кыссаңарчы! Кыргызым, бөтөнчө жүрөгүнүн жалыны кайта элек жаштар, дилиңерди аңтара карап, кыргыз деген кыраан эл экенибизди көз ирмем унутпай, ошол дилиңерге орнотпойсуңарбы. Ич ара "сен жаман, мен жаман" болбой, "биз мыкты" болбойбузбу. Ооба, кыргыз кезинде улуу эл болгон экен. Бирок биз ал тарых менен бүгүнкү күнү жашай албайбыз. Ата-бабабыз кыйын болгон деп саймедирей бергенден башка улуттар сыйлап калбайт. Биз азыр кыйын болушубуз керек. Биз өзүнчө эл болуп өмүр өтөйбүзбү же башка улутка сиңип жок болобузбу - өзүбүздүн колубузда. "Мен кыргызмын" деп кыйкыра жашабайлыбы. Ким тоскоол?! Баратбай АРАКЕЕВ Өмүр агат, өлүм агат... Адам көппү, машина көппү? Мына ушул суроо шаардыктарды бушайманга салууда.Эч тоскоолдуксуз жетчү жерге бат эле жетип барчу жакындагы эле мезгил азыр тарых болуп артта калды. Айрыкча эртең мененки саат сегизден он-онбирлерге чейин, кечкисин 7-8дерде борбордун Абдрахманов, Акунбаев көчөлөрүндө, Тынчтык, Чүй проспектилеринде машинанын көптүгүнөн пробка (тыгылыш) болуп жумушуңдан кечигесиң, барчу жериңе учурунда жете албайсың. Ал эми Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларынын тегерегинде басып жүрүү өтө кыйын. Эмне дегенде кишисинен машинасы көп, анан калса киши баса турган жолдордун баарын эми машиналар ээлеп алган. Лабиринттен жол издегендей жаныңды оозуңа тиштеп, машиналардын алды-артынан, капталдарынан жыланча соймоңдоп олтуруп, кененирээк жерге жеткенде "өх!" деп бир эс ала түшөсүң. Айрыкча Ош базарынын тегерегиндеги кишилердин бака-шакасынан, машиналардын дүрүлдөгөнүнөн кулак тунат. Кишисинен машинасы көп, машинасынан кишиси көп. Шаардын көчөлөрүндө маалыматтар боюнча үч миңге жакын кичиавтобустар, ар кандай маршруттар да жүрүшөт. Алар бир жүргүнчүнүн беш сому үчүн бири-бири менен мелдешкенсип ак чардактай "ойкуйт да кайкыйт". Ошентип, кырсыкка да кабылышат. КТРдин "Шок-фактысынан" машиналардын көптүгүнөн шаарда күн куру калбай автокырсыктар болуп, адамдардын бөөдө көз жумуп жатканын көрүп эле жүрөбүз. Ал эмес андай кырсыктардын айрымдарына өзүбүз күбө болуудабыз. Бир мисал. Жакында эле Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен анча алыс эмес автобус, троллейбус токтоочу аялдамага менчик жеңил таксилер толуп алгандыктан, 4-маршруттагы троллейбус жолдун ортосуна токтоду. Ага түшөм деп чуркап бара жаткан баланы артынан бир кичи автобус сүзүп барып тормоз басты. Дагы жакшы, эси ооп жыгылган менен артында асынган сумкасы баланы сактап калыптыр. Аялдаманы ээлеп алышкан таксичилер эч нерсе болбогондой тамекилерин буркуратып турушат. Буга эң биринчи ошолор күнөөлүү. Аларды аялдамадан айдап чыгарчу МАИ кызматкерлери кайда? Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев министрликти реформалоого киришкени жакшы. Бирок аны өзүнө жакын жерден баштаса болмок. Ишенбесеңиз, министрлигиңизден жүз кадам турган жогорудагы аялдамага басып келсеңиз, аны ээлеп алышкан менчик таксилерди көрөсүз, урматтуу министр мырза. Машиналардын көбөйүшүнүн дагы бир эң эле зыяндуу жагы - алар чыгарып жаткан уулуу газдар. Акырындык менен жарылчу минадай болуп алардан шаардыктар билинбестен ууланып жатышат. Германиядан, Балтика өлкөлөрүнөн сатылып келип жаткан машиналар иштөө мөөнөтү бүткөндүктөн жаңысына караганда эки, эки жарым эсе уулуу газды көп чыгарат экен. Ошолор менен дем алган адамдар өпкө, дем алуу органдарынын илдеттерине чалдыгышууда. Кыргызстанга айына орто эсеп менен он беш миңден жыйырма миңге чейинки машина алынып келет. Анын жарымына жакыны Бишкекке тиешелүү. Демек, муну автокырсыктан өлүмгө учуроо, уулануу көбөйөт деп түшүнсөк болот. Шаардыктар үчүн эң олуттуу болгон бул маселени тезинен чечүүнү шаардын эле бийлиги эмес, өлкөнүн да бийлиги ойлонуусу керек. Эгерде мындай темп менен машиналар алынып келе берсе биринчиден, аз убакыттан кийин машиналардын тыгылышынан шаардын көчөлөрүндө жүрүү мүмкүн болбой калат. Экинчиден, алардан ууланып, илдетке чалдыккандар көбөйүп, ооруканаларга батпайт. Үчүнчүдөн, машиналарын болушунча зуулдатып, ошончолук ылдамдык менен аркы дүйнөгө сапар алчулар ого бетер көбөйөт. Ооба, көчөлөрдө машиналар зуулдап, алар менен кошо өмүр агат, өлүм агат... Деги бийликтегилер козголуп, бул маселеге көңүл бургуча өзүбүзгө өзүбүз сак бололу. "Сактыкка кордук жок" дейт эмеспи. Жума Мамбетов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|