Акын Эсенгул Ибраевдин философиясы

"Танбагандай атам менен энемди,
Өзүмдөн эч бөлалбаймын мен элди"
Мен, албетте, акын Эсенгул Ибраевдин ырларын терең талдоого алайын деген максат койгонум жок, болгону анын жүрөккө дем берген ырлары тууралуу сөз козгогум келди.

О, Жараткан пендем десең мени эгер
Ыйман үйрүп, ырайымга келе көр.
Тирүүлүктө болгон баардык бакытты
Адегенде элге-журтка бере көр!

Ниети оңолсун, пейли оңолсун
адамдын,
Тынч уйкусу бузулбасын замандын.
О, Жараткан баарын, баарын
элге бер,
Элде болсо, менде жокту
табаармын.

Өзүм кылган мамилени элден күтөм
Мен элге кандай мамиле кылсам, элден ошону гана күтөм. Мен кылган мамилени эле мага берсе деп дайыма айтаар эле… Кандай учкул кептер, ойлор, өзүнө ишенүүчүлүк. Жеңишбек төкмө ырдагандай кылымда бир жаралчу талант эле…
Мен акынды жакындан билип калдым. Агайдын жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги ошондой эле акылман, кеменгерлиги, айткан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй жадымда. "Балам, сен адептүү бол, келиним, сен ыймандуу бол" деп дайыма алкаар эле. Кенедей баладан аксакал аталарга чейин көңүл бөлүп турчу. Кайсы гана жыйындарда, тойлордо болбосун кыжы-кужу болуп жаткан көпчүлүк тынчып, чымын учса угулчудай жымжырттык алеки мүнөттө орноп калчу.

Атың кыргыз
затың башка
Өзүң кыргыз
Сөзүң башка
Диниң кыргыз

Дилиң башка

Болуп калсын дебесең -
Жыйындарда,
Курултайда,
Чогулушта,
Жолугушта,

Ажоң баштап,

Кожоң коштоп
Өз тилиңде сүйлөбөйсүң
неге сен?!

Кыргыз үчүн, кыргыз тили үчүн күйүп-бышып, анан да миңдеген эл чогулуп, ажобуз катышкан бир жыйында ажону колу менен сайып көрсөтүп, "Ажоңдо да, кожоңдо да бар чекилик" дегенинде акындын кошоматчылыгы жок кең пейил, таза инсан экенине баа бересиң. Ар бир кичинекей нерсени ойлоп, баа берип, өлкөбүзгө кандай пайда келтирсем деп, ар бир болуп өткөн нерсеге бейгам калчу эмес. Өзгөчө түндүк-түштүк деп бөлүнүп жаткандарга кайрылган ырларычы. Ошол кезде эле алдын ала көрүп, азыркы убакты 5-6 жыл мурун айтып элге кайрылган экен.

Танбагандай атам менен энемди,
Өзүмдөн эч бөлалбаймын
мен элди.
Мен кыргызмын!
Кыргыз деп бил
Турган турпат,
Тулку боюм денемди.

Кыргыз туруп кыргыз бөлгүч
Сен эми,
Бир денемди
Эки бөлгүң келеби!
Бул чындыкты
Калп деп айтат кана, ким?
Оң карегим Түштүк болсо
Түндүк сол жак карегим.

Оң бөйрөгүм Түндүк болсо,
Сол бөйрөгүм ТҮШТҮГҮМ.
Аба,
Суудай керек бизге
Биримдешкен күч бүгүн.

Кандай философиялык ыр. Чындыгында ушул ыры чыкканда бири-бирибизден угуп, китебин сурап окуганыбыз эсимде, 2002-жылдар болсо керек. Эл-журттун ар-намысына тийип: "Элим ойлончу эки көзүң болсо, бирин алып койсом" маанисинде, бир ууч кыргыз эли болсок бөлүнбөйлүчү, бардыгыбыз биригип, эл-жер үчүн кызмат өтөйлү деп суранат.
Эсенгул агай жөнүндө жазуу эки-үч жылдан бери оюмда жүрчү. Өткөндө ушул теманы жазуу жөнүндө бир журналист менен баарлашсам: "Ал баардыгына жетишкен адам, эч кыйынчылык көргөн эмес, байлыгы да бар, эмнесин жазасың?", - дейт.
Атаңкөрү дедим, сенин көкүрөгүң бош экенин сезбептирмин, сени менен акылдашканча эки ооз сөз акын жөнүндө жазсам эмне деп ойлодум да, колума калемсап алып ушул оюмду ак кагаз бетине чиймелей баштадым. Эсенгул Ибраев азыркы "көөдөнү" бош ойлогондой бала болуп төрөлө калып эле ушундай жашоого туш болуп калды дейсиңби?

Карала ат минген бала
Эсенгул агай кандай кыйынчылыктарды көргөнүн, кандай турмушта чоңойгонун көрбөсөм да эшиткеним бар. Ал жөнүндө адабиятчы Байтемир Асаналиевге кайрылдым.
- Байтемир агай, Эсенгул агай "балалыгым оор мезгилге туш келген" деп айтып калчу эле. Сиз агай менен көп жылдар бою чогуу жүрүп калдыңыз, билгениңизди ортого салсаңыз…
- Эсенгул өзү алыскы тоолуу Тянь-Шандын башка айылдардан эч айырмасы жок Чет-Нура аймагында төрөлүптүр. Балалыгы согуштан кийинки убакка туш келип, 12-13 жашынан баштап жумушка аралашып, кенедей бала Карала деген атты минип, таң ата элек үрүл-бүрүлдө тоону көздөй жөнөчү экен. Тоодогу уйчулар сүттү саап, каймагын тартып алып, көк сүттү айран кылып уютса, аны карала атка бекем байлап кичинекей Эсенгул айылга, чөп чабыктагыларга алып келип литрлеп, ченеп өткөрчү экен. Өзүнөн кийинки карындашы Сакишти төрөгөндөн кийин апасы оо дүйнө тартып, апасынан айрылат. Карындашы да өзүнүн көз алдында чоңойгон, "өлгөндүн үстүнө көмгөн" дегендей, кандайдыр бир жалаа менен атасын камап кетишип, атууга буюрушат. Кийин аны кайрадан карап, сот чечими 10 жылга алмаштырылды. Апасынан эрте ажыраганы аз келгенсип, атасынын мээримине да бөлөнбөдү. Жаш кезинен эле чыйрак, тыкан акын айылдык жети жылдык мектепти бүтүп, кийин Нарындан окуп, педагогикалык окуу жайын бүтүп, кийин ар кайсы райондордо иштеп, акырында Улуттук университеттин журналистика факультетинде окуп калат.
Окуп жаткан кезинде коомдук иштерге активдүү катышып, бат эле эл оозуна алынган экен.
Эсенгул агайдын жубайы "Мен кайдан билейин, агаймын десе эле агай экен деп коркуп жүрөм. Мени коркутуп жүрүп эле баш ийдирип алган" деп күлүп калат. Көрсө жанагындай кыйынчылыктарды көп көрүп, окууга кечирээк тапшырган тура.
Мына азыркы төгөрөгү төп келген акын кандай турмуш баштан өткөрүп, кандай жашоого жетишкен.
Ошон үчүн турмушка терең көз менен карап, чындык үчүн күрөшүп, кыргыз үчүн күйүп келген.

Бул чындыкты өз да
Жат да угушсун,
Эне тилим -
Энем,
Элим,
Уюткум.

Тунук болсом, -
Тилим менен тунукмун.
Улут болсом, -
Тилим менен улутмун.
Анткени тил -
Ар улуттун
Улуттугун аныктаар,

Паспорту да
Мандаты да
Метрикасы улуттун.

Ал ар бир ырын кагаз карабай жатка билээр эле. Ар бир салтанатка өзүнчө ыр арнап, тилегин айтып батасын берчү. Куюлушкан ыр саптары акындын оозунан берметтей болуп чыгаар эле.

Аял - деңиз чалкыган
Эсенгул Ибраевдей таланттуу да, ары жөнөкөй да акынды мен жолуктура элекмин. Жаштарга берген акыл-насааты, ой-жүгүртүүсү бийик деңгээлде эле.
Эсенгул Ибраев деп ооруган, ырына суусаган окурмандар четтен табылат. Менин бир жакшы таанышым бар, кайсы жерге барбайлы, ар бир сөзүн Эсенгул агайдын ыры менен баштайт. Жакында эле дагы бир жолугушуу болуп калып,

Аял - деңиз чалкыган,
Жок дейт буга кайсы жан?
Бакча десек үйүңдүн
Булбулу ал таңшыган.

деп Эсенгул агабыз айткандай, аялдардын коомдогу ролу жөнүндө көпкө кеп курду.
Жыйын бүткөндө Айнура Болотбекованы сөзгө тарттым.
- Айнура, Эсенгул агай жөнүндө эмне айта аласыз, кандай адам эле дегендей?
- Эми Эсенгул Ибраевдин эң бир ыйык касиети улууну урматтап, кичүүнү ызаттап тураар эле. Кенедей баладан баштап, келин болобу, күйөө балабы, ар бирине көңүл буруп турчу. Кыргыз элине эмгеги сиңген, үй-бүлөсүнө камкор ата катары билем.
Эмнегедир агайдын ар бир ырын жатка билгим келип, бош боло калсам эле китептерин барактап, ырларына үңүлөм. Ар бир ыры жүрөктөн орун алып, кандайдыр бир сезимге курчайт. Ар бир адам бирөөнү кумир туткан сыяктуу, мен дагы Эсенгул агайдай болуп оор салмактуу, элдин алкышына татыгым келет.
Өмүрүнүн акыркы жылдарында оору менен алпурушуп жүрүп дагы ыр жазгандан алыстаган жок. Өзү чарчап турса да Саткын апага айтып берип жаздырган ырлары өзүнчө том китеп болчудай.
Ойлору, сезими тунук боюнча акыл-насаатын айтып, ырына да, жашоосуна да чекит коюп, бул жалган жашоо менен кош айтышты.
Жылдыздай жылт деп келишти,
Жылдыздай жаркып беришти.
Ыр деген - улуу ыйык сөз,
Коеюн кош бол, чекитти.

Даярдаган
Шааркүл Медетбекова