Аалам "Ааламда"

Арменияда оппозиция президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүүдө
24-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 19-февралда болуп өткөн президенттик шайлоо боюнча өз жыйынтыктарын расмий жарыялады жана добуштардын 57,8 пайызын алган Серж Саркисян жеңип чыкты деп билдирди.

Ал эми анын негизги атаандашы болуп саналып келген Левон Тер-Петросян 21% пайыз добуш алды деп жарыя кылынды. Л. Тер-Петросян жана аны колдогон оппозиция добуштар туура эмес эсептелди деген доомат коюп, шайлоонун жыйынтыгын Конституциялык сотко даттанууга ниеттенип жатат жана өлкө калкын акыйкаттык үчүн күрөшүүгө чакырууда.



Кипрдин эки бөлүгүн бириктиребиз деп жатышат
Өткөн кылымда Кипр мамлекети эки бөлүккө ажырап калган: грек бөлүгү аралдын түштүк жагын, ал эми дүйнө тааныбаса да иш жүзүндө өз алдынча мамлекет болгон, түрктөр жашаган бөлүгү түндүк жагын ээлеп турат.

Жакында грек Кипр мамлекетинде президенттик шайлоо өтүп, анда жеңип чыккан Димитрис Христофиас өлкөнүн эки бөлүгүн бириктирүү багытында түндүк Кипрдин башчысы Мехмет Али Талат менен сүйлөшүүлөргө бара тургандыгын билдирип жатат. Учурда түндүк Кипрди Түркиядан башка эч бир өлкө колдой элек, ал эми түштүк Кипр Евробирликтин мүчөсү болуп саналат.




Россияда президенттик шайлоо чукулдап калды
Бир жумадан кийин, 2-мартта Россияда кезектеги президенттик шайлоо болот.
Шайлоо бюллетенине алфавит тартибинде төрт талапкер киргизилет. Алар: Андрей Богданов (демократиялык партия), Владимир Жириновский (ЛДПР), Геннадий Зюганов (КПРФ), Дмитрий Медведев ("Единая Россия"). Божомолчулардын пикиринде Д. Медведев 70 пайыздын тегерегинде добуш алмакчы, ал эми экинчи орун 15-16 пайыз добуш алышы мүмкүн делген Г. Зюгановго таандык боло тургандай. Эскерте кете турган нерсе, оппозициядан ат салышабыз деген М. Касьянов жана Г. Каспаров Боршайкомдун элегинен өтпөй калышкан.




Косово маселеси жайынча бүтчүдөй эмес
Косово аймагы Сербиядан бөлүнүп чыгып, өз алдынча мамлекет болдук деп бир тараптуу жарыялагандан бери анын тегерегиндеги ызы-чуу тынчый элек.

АКШ баштаган батыш өлкөлөрү дароо аны расмий тааныгандыгын билдирип жиберишти жана ушунусу менен өздөрүнүн бир жактуу мамилесин айгинелеп койгондой болушту. Россия, Кытай, Испания жана башка мамлекеттер Косовонун көзкарандысыздыгын таанышкан жок жана Сербиянын макулдугу жок болгондуктан буга мыйзамдуу негиз жок деп эсептешет. Россиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Дмитрий Медведев жана тышкы иштер министри Сергей Лавров 25-февралда Сербияга келишти.




АКШда талапкерлер таймашы уланууда
Президенттикке шайлануу үчүн өз ара күрөштө демократиялык партиядан мурдагыдай эле Барак Обама менен Хиллари Клинтон бири биринен озуп чыгууга умтулушууда, себеби алардын бири гана президенттик шайлоого катышат. Азырынча Обама алдыда, жакында эле ал Висконсин штатында жеңишке жетишти. Ал эми республикалык партиядан мурдагыдай эле Жон Маккейн алдыда келе жатат, анын соңунда болсо - Митт Ронни.




Жорж Вашингтондун тутам чачы сатылды
Американын биринчи президентинин тутам чачы салынган медальон жакында аукциондо 17 миң долларга сатылды. Аны сатып алган адам өз атын атагысы келген жок. Бул тутам чач, кыязы, алгачкы президенттин денеси кайра казылып алынган 1837-жылы алынса керек.


Ирак жаңжалына Түркия да аралаша баштады
Ушул жылдын 22-февралында Түркия Ирактын түндүк бөлүгүнө өз аскерлерин киргизди.
Мунун себебин түркиялык курд террорчулары бул жерде өздөрүнө база куруп алгандыгы жана жергиликтүү курд уюмдары террорчуларга астыртан жигердүү көмөк көрсөтүп жаткандыгы менен түшүндүрүп жатышат. Учурда ирак курдистанында түрк аскерлери согуш операцияларын жүргүзүп жатат. Эки тараптан тең жоготуулар болуп жаткандыгы айтылууда.




Фидель Кастронун мураскери расмий шайланды
Кубада айтылуу жол башчынын башкаруу доору аяктады деп билдирилип жатканы менен анын иши, анын саясаты соңуна чыкты деп азырынча айтууга болбойт.
Себеби, бир чети анын бир тууганы, бир чети анын бекем максатташы, пикирдеши болуп саналган Рауль Кастрону өлкөнүн парламенти мамлекеттик кеңештин төрагалыгына шайлады. Бул - өлкөдөгү эң жогорку кызмат орду болуп саналат. Ал эми Фидель Кастро болсо өкмөттүн кеңешчиси катары ага көмөк көрсөтүп, акыл берип турмакчы.




"Оскар" 80-ирет берилди
Дүйнөнүн киноборбору катары эсептелген Голливудда 80-жолу "Оскар" сыйлыктарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул өзүнчө бир мааракелик иш-чарада россиялык киночулар байге алабыз деп ишенимдүү эле үмүт артып турушкан. Асыресе, Никита Михалковдун "12" аттуу тасмасы жеңишке жетишүүсү ыктымал деп айтылып жаткан. Ошондой эле Сергей Бодров (улуусу) Казакстанда тарткан "Монгол" деген тасманы да кыйла эле мактап-жактап келатышкан. Бирок, сыйлыктарды башка тасмалар, башка актерлор менен режиссерлор алышты.




Жаңы авиаотундун доору башталдыбы?
Өткөн жекшембиде жүргүнчүсү жок "Боинг-747" учагы Лондондон учуп чыгып Амстердамга барып конду.
Бул учуунун максаты жаңы биоотунду коммерциялык, башкача айтканда жүк жана жүргүнчү ташуу үчүн пайдалануу мүмкүндүгүн байкап көрүү эле. Жаңы биоотун демекчи, ал авиабензинден же авиакеросинден айырмаланып толугу менен күйүп кетет, ошондуктан экологиялык жактан зыянсыз. Азырынча аны накта түрүндө колдонуу жөнүндө кеп жок. Аны авиакеросинге аралаштырып пайдаланып жатышат. Бирок, бара-бара ал авиа керосинди сүрүп чыгат деген ишеним да аз эмес.

Бетти даярдаган Койчуке КАНАЕВ