![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 29.02.08-ж. |
Меймансап Форум Ата-журт ажары Туз көлдү суз көл кылбайлы Кыргыз берметиндей болуп Ысык-Көлдүн айлана-тегерегинде өзүнөн башка дагы адамдын ден-соолугуна жагымдуу таасир бере турган касиеттери бар жерлер көп. Окумуштуулардын изилдеп, далилдөөлөрүнө караганда көлдүн эки жагындагы суу баскан тик капталдарынан эки миңге жакын кичинекей булактар, ысык суулар агып, көлгө кошулуп турат экен. Ошолор көлгө өзгөчө касиет берип, ал өзүн-өзү тазалап, сулуулайт. Жайында кечкисин киргил тартып ылайланган көл эртеси көпкөк тартып, туптунук болуп турат. Ал эми түштүк жээктеги Актерек суусунун көлгө куйган жеринин чыгыш тарабынан орун алган дарылыгы баа жеткис Туз көл жөнүндө билелектер үчүн азынооолак маалымат берели. Ысык булактар Көл айланасындагы жерлерден чыгып жаткан ысык булактар арбын. Түптөгү Жыргалаң, Ак-Суудагы Арашан, Жети Өгүз курортундагы жер астынан оргуштап чыгып жаткан ысык булактар ар кандай илдет, дарттарга дабалыгы менен бир кылымга жакын мезгилден бери адамдын ден-соолугу үчүн кызмат кылып келүүдө. Учурунда Жыргалаң, Жети-Өгүз курорттору бүткүл союздук мааниге ээ болгон. Тоң районунун Барбулак айлынан анча алыс эмес көл жээгинен чыгып жаткан райондук ысык суунун температурасы 50-60 градуска жетип, сөөк, муун ооруларына миңдин бириндей эле дарылык касиети бар экен. Бирок, бул алда качан эле далилденгени менен "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей ага бийлик тарабынан да, саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да тиешелүү көңүл бурула элек. Туз көл - укмуш көл Ушул жердин чыгыш жагынан 4-5 чакырымдай жерде орун алган Туз көл жөнүндө 5-6 жылдан бери маалымат бериле баштады. Анын касиетин алгачкы жолу чет өлкөлүктөр аныктаган деген сөз бар. Ал Ысык-Көлдүн түштүк тарабы менен өткөн Бишкек - Каракол автожолунан 8-10 чакырымдай Ак-терек суусунун көлгө куйган жеринде көлдөн окчунураак 50-60 метрдей бийигирээк тектирчеде көлкүлдөп турат. Бул көлдүн азыр белгилүү болуп жаткан жанга жагымдуу, дартка даба касиеттерин билбей келгеним менен бактыма жараша ал көлдүн өзүн бала кезимден бери сопсонун билемин. Атам Асанбек ошол кездеги ХХ1 партсъезд (Ак-Сай айылы) атындагы колхоздун ириктерин багып, кышкысын так ушул Туз көлдүн чыгыш жагындагы Ташкудук деп аталган кыштоодо койлорун кыштатчу. 1950-жылдардын аягы, 1960-жылдардын баш жагында төрт-беш жыл катары менен кышкы каникул учурунда ошол кыштоого келип атама жардамдашып, күндүзү кой кайтарчумун. Туз көлдүн жээгине келгенде кышында да тоңбой сымаптай каралжын тартып, жылтылдап турганына таң кала таш ыргытып, ал түшкөн жерден майда толкундар тептегерек болуп айланасына тарап жатканын маашырланып карап турчумун. Балалыгымдын бир үзүмү Мына эми ошол менин балалык кезимдин бир үзүмдөй учурунун күбөсү, ал кезде эч кимдин көңүлүн бурбай белгисиз болуп келген кичинекей көл биздин кыргызстандыктардын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн да көңүлүн өзүнө тарта баштады. Мен буга аябай сыймыктанып, көкүрөгүм толкунданууга толуп мелт-калт этет. Бул жерге келгендерди анын айланасындагы бозоргон тоолор, кубарган чаптар сөзсүз кызыктырат деп ойлойм. Анткени АКШнын "Маккендин алтыны" деген көркөм фильмин көргөндөр андагыдай сейрек кездешүүчү жерлер көл жээгинде да бар экенине бир жагынан таң калса, бир жагынан суктанаары талашсыз. Ооба, Туз көл жайгашкан жер токой черлүү, жашыл ыраңдуу болбогону менен жаратылышы башка жерлерге окшобогон бир ажайып жер. Караган, алтыгана, чычырканак, жылгын, коен томук, чекенде, шыбак, терскен, жерге килемдей төшөлүп өскөн арча сыяктуу бадал, чөптөрдүн арасынан булт этип коен качат. Айдөш жерлерде, боз чаптардын боорлорунда чил, кекилик какылыктап "пырр" этип учат. Жаз алды менен чээнден чыккан жылан күнгө кактанып таш үстүндө, кумда жатат. Кескелдириктер жүгүрүп токтоп, башын көтөрүп эки жакты элеңдеп карайт. Жээкке шарп-шарп этип ак көбүгүн чачыратып жаба берген Ысык-Көлдүн майда толкундарынын үстүндө ак чардактар "карк-карк" этип ойкуп-кайкыйт. Түнкүсүн түлкү жортот. Ар бир жерге жаратылыш өзүнө ылайык жан-жаныбарларын, илбээсиндерин буйруптур. Так ушундай өзгөчөлүктөрү менен бул жер балалыгымдай кайталангыс да, таза да сыяктуу сезилет . Касиети канчалык Туз көлдүн касиеттерин дүйнөлүк мааниге ээ Өлүк деңизиники менен салыштырганда чындап эле кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Мен өскөн жердин ушундай укмуш касиеттери бар экен ээ! Ананчы! Эки күндүн биринде эле ыркырап чаң, кум учурган Балыкчыдан башталган шамалдан башка өзгөчөлүгү жок, адам анча кызыкпаган жерге эми туш-тараптан адамдар келе баштап, белгилүү жайга айланары шексиз. Бирок, Туз көлдүн адамдын ден-соолугу үчүн кайталангыс касиеттерин, өзгөчөлүктөрүн медицина жаатындагы окумуштуулар далилдеп, басма сөз беттерине жарыялап, радиотеледен айтып, көрсөтүп жатышса да республиканын саламаттык сактоо министрлиги, өзүбүздүн байларыбыз азырынча буга анча маани беришпегендей жүрүшөт. Камаарабай жүрүп, дагы бир чет өлкөлүк бай адамга алдырып жиберебизби деп чочулайсың. Өз жерибизге өзүбүздөн башка кимдер чындап күйө койсун. Экзема, котур, чакалай сыяктуу ар кандай жараларга табылгыс дары болуу менен бирге эле сөөк, муун ооруларынын айыгышына да себепкер дешет. Туз көлдө нелер гана жок. Кальций, натрий, күкүрт, магний, акиташ жана башкаларды жаратылыш адамдын ден-соолугу үчүн атайлап эле ушул кичинекей көлгө аралаштырып койгондой. Бул көлдүн туздуулугу Өлүк деңиздикине караганда эки-үч эсе көп. Заңкайган супермаркеттерди, соода борборлорун, бака-шака түшкөн базарларды куруп жатышкан ишкерлер, бизнесмендер атаганат ушул Туз көлгө көңүл буруп, ал жерге келип дарылануучулар, эс алуучулар, дарыгерлер үчүн атайын ыңгайлуулуктары бар жайларды курууга неге болбосун. Кирешесине киреше кошулуп, адамдар да алкыштарын айтып, ак баталарын беришмек. Саламаттык сактоо министрлиги Туз көлдүн касиетин эл арасында кеңири жайылтып, демилгечи бо-лууга тийиш эле. Таза суу да бар Баса, адам ичип, пайдалана турган таза сууну алыстан издеп алып келүүнүн да зарылчылыгы жок. Жогоруда Ташкудук деп айткандай - Ысык-Көлдүн ортосун карай жиреп барган таш булуңдан чыккан адам иче турган таза суу чыккан жердин аты коюлган. Ошол таш булуңдун учунда чөйчөктөй жердеги суунун тузу чөгүп, жерге сиңип таптаза болот окшойт сыягы. Биз да ошол суудан алып иччүбүз, тамак бышырчубуз. Ошол жерден эле түтүк менен ал суудан Туз көлдүн жээгине алып келүүгө болот. Бул жерде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлсө - дарылануучулар, эс алуучулар, алар менен кошо жаратылыштын сейрек учуроочу көрүнүштөрүнө кызыккан туристтер да келип бозоруп, пайдасыз жаткан жер адамга кызмат кылып, ажайып жерлердин бирине айланмак. Мезгил менен кошо адамдар да алга кадамдап жаңырууда. Эртеби-кечпи, бул жер адамдар дарылануучу, эс алуучу туристтик эң сонун жайлардын бирине айланаарына эч кандай шек кылбайм. Бирок аны колго алып баштоонун улуу бактысы кимдин үлүшүнө буюруп турат. Кеп мына ошондо. Туз көлгө каалагандай түшүп дарылана албай жүрүшкөн жергиликтүүлөр да бар. Алар нааразычылыктарын жашыра алышпайт. Себеби, кимдир бирөөлөр Туз көлдү мыйзамсыз ээлеп алышып, өз билгендерин жасап жаткан имиш. Бул боюнча атайын иликтөөдөн кийин окурмандарды тааныштырмакчыбыз. Жума Мамбетов Ырда десең ырдайын… Догдурбай Урмамбетов бактылуу обончубу? Ыр дүйнөсү - ырыстын дүйнөсү. Ыр саптары акындардын ой дүйнөсүн уурдаса, көөдөнүндө чайпалып, ыр сабын издеп, көлкүп төгүлгөн обон жаратуучулардын сезим туйлатып, түмөн-түйшүк мүшкүлүн салып, кыйнаганы да жөн жерден эместир. Акындар да, обончулар да ырга жипсиз байланып калганынын бир мандеми ушундабы деп ойлойсуң. Мекенге болгон сүйүүсүн "Алатоо кыргыз жери", "Көл элеси", "Ата-эне", "Чегарачы", "Мекен жер", "Бар бол, Атамекен" аттуу обондоруна, ал эми сезим сермеген ыргактарды "Асылзатым", "Акыркы коңгуроо", "Лира кызга", "Жаштык жазы", "Жүрөк сыры", "Айдайым" аттуу лирикалык ырларына сыйдырган обончу Догдурбек Урмамбетовду кепке тарткан элек. - Догдурбай агай, мен билгенден сиздин жүзгө чукул обондоруңуздун көбү Мекенге арналган. Себебин айтсаңыз? - "Ар кимдин туулган жери өзүнө - Мисир" деп айтылат эмеспи. Анын сыңарындай туулган жер, Атамекен тууралуу чыгарма жаратуунун да ырахаты өзгөчө. Мекенге карызмын, милдетүүмүн. Менин түбөлүктүү темам. Дагы да патриоттук ырларга обон жаза берсем дейм. - Сизди обончулардын кайсы агымына же муунуна кошсок болот? - Кызык суроо экен. (Күлүп) Чын эле. Мен Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, обончу Түгөлбай Казаков, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу көрүнүктүү инсандардын чыгармаларынан таасир алып, чыгармачылыкка аралаштым. Обондорумдун көбү Мекен темасына арналганы менен эстрадалык жанрда. Мунун себебин мындай түшүндүрөйүн. Орто мектепти бүткөндөн кийин, Токмоктон музыкалык билим алып, кайра Көлгө кеттим. 1979-жылдан баштап 2007-жылга чейин облуста иштедим. СССР таркагандан кийин, 1992-жылдан 2002-жылга чейин он жыл убакытка чыгармачылыкты таштоого туура келди. Айтканга оңой болгону менен он жыл чыгармачылык үчүн чоң убакыт экен. Ошентип же жаштарга кошула албай же агалардын агымына кошулбай, ортодо калыптырмын. - Обон биринчи жаралабы же ыр таап алып ага обон жазасызбы? - Адегенде обон жазып алып, ага ылайыктуу ыр таппай түйшөлгөн учурларым көп болчу. Кийинчерээк ырлардын жакшысын таап алып, анан обон жазганга өттүм. - Азыркы жаш обончулардын ыр-обондоруна канааттанасызбы? - Азыркы жаш обончу, ырчылардын деле арасында нукура таланттуулар бар. Чыгаан инсандардын деле жеңил-желпи ырлары, обондору толтура эле. Бирок, аларды күнөөлөп же чыгармачылыгын чектей албайсың. Турмуш агымына карап, эл өзү таразалап, жакканын тандап алат. Жаштарда азыр, мезгилдин агымынан артта калбайлы деген бир чоң умтулуу бар. Бирок ошол умтулууну туура багыттаса, жаштар жаңылбайт эле. Тилекке каршы, Батыш цивилизациясына болгон кызыгуу жаштардын аң-сезимин азгырып кетүүдө. Мейли, Батышка кызыксын, үйрөнсүн, бирок, жакшы жагын, керектүүсүн гана. - Сиз обончу катары мекенчилсиз, а ата катары балдарыңызга мекенчилдикти үйрөттүм деп ойлойсузбу? - Мен ата катары балдарымды "өзгөчө" тарбияладым деп айта албайм. Бирок, айрым учурларда үйбүлөдөгү таасир, балдарым менен болгон аталык мамиледе, төрт баламдын төрт башка мүнөзүндө, төрт түрдүү мекенчилдиги бар экенин байкап жүрөм. Демек, мекенчил балдарым бар десем болчудай го. - Чыгармачылык түйшүктүү жолго да, турмуштук жолго да чыдамкай, түшүнө билген өмүрлүк жолдош керек дешет го…? - Аның ырас. Чыгармачылыгымды колдоп, мен үчүн колунан келген жардамын аябаган өмүрлүк жолдошум бар, аты - Алтын. Кесиби-мугалим. Негизгиси үйүмдө түтүн булап, очогумдун оту өчпөй, үйүм толуп турат. Мен бул жагынан бактылуу элемин. Маектешкен Гүлбарчын Якубова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|