![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 29.02.08-ж. |
Меймансап Форум Кулак кагыш Кылмышкерлер кылтакка илиништи Төрт айдан ашык убакыт өтсө да эч ким бир кайрылып сурап койбогон 25-30 жаштардагы азият улутундагы жаш жигиттин сөөгү азыр да өлүкканада (моргдо) жатат. Окуя 2007-жылдын 13-октябрында борборубуздун четиндеги Ак-Ордо конушунда болгон 25 жаштагы Акматов Автандил менен 24 жаштагы Артыков Өмүралы дегендер Базаркоргон районунун Бешикжон айылынан борборго иштеп акча тапканы келишип, Ак-ордодо жалданып иштеп үй куруп жүрүшкөн. 13-октябрь күнү кечинде аракка чоң тоют болгон бул эки шумпай, ошол эле Ак-ордодон комоктун жанында ичип отурушуп, жолдо кетип бараткан жаш жигитке тийиштик кылышып, мушташ чыгарып, аны өлөрчө токмоктоп, таш менен башын жанчып туруп баса беришкен. Түнү менен ачык асман алдында калып, кансырап эс учун жоготкон жигитти эртең менен көргөндөр тез жардам бөлүмүн чакырып салып жиберишкен. Бирок, шордуу жигит ошол боюнча эсине келбей ооруканада көз жумган. Ал эми ооруканадан алынган билдирүү боюнча шаардык Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ошол эле күнү кылмыштын бетин ачышып, жогорудагы эки айбанды кармап колдоруна кишен салышты. Бирок, алар да мастык менен кылмыш кылышканын, ал эми жабырланган жигиттин ким экендигин өздөрү да билбесин айтышып ийин куушурушууда. Учурда эки кылмышкердин тергөө иши бүтүп, сотко жөнөтүү алдында турат. Бирок, булардын колунан жок жерден каза тапкан жигиттин ким экендиги али күнчө белгисиз бойдон. Анын дене боюна, кийген кийимине караганда селсаяк, көчөдө калган кишиге окшобойт. Аны издеген деле эч ким жок. Сыртынан караганда ал жигит жетиштүү эле жашаган үй бүлөдөн экендигин баамдоого болот. Урматтуу окурмандар! Эгер жогорудагы сүрөттөгү жашы 25-30 чамаларындагы жигитти тааныгандар болсо Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө байланышып коюңуздарды суранабыз. Өзгөчө белгилери, жашы 25-30 чамаларында, бою 170-175 см. Чачы кара, кыска. Кийген кийимдери көк түстөгү джинсы, үстүндө кара көк түстөгү олимпийка ак сызыгы менен көкүрөгүндө "адидас" деген жазуусу бар. Байланыш телефондору (0-312 64-01-55, 0773-04-74-04) Аста-пырылла... Кытайлыктардын сөөмөйүн кесип... Бети-башынан тамтык жок кескиленген кытайлык атуулдар 31 жаштагы Чи Вен Бай менен башы жарылып, оң колунун бир сөөмөйү кесилген анын жердеши 37 жаштагы Ли Цзень Фен 25-февраль күнү тез жардам бөлүмү аркылуу улуттук госпиталга жеткирилди. Экөө тең Бишкек шаарында бир үйдө убактылуу жашап келишкен. Өң-алакеттен кеткен эки мейман катуу коркуп калгандыктан ак халатчандарга да, милиция кызматкерлерине да эч нерсе айта алышкан жок. Шаардык милиция башкармалыгынын оперативдүү тергөө тобу окуя болгон жерди текшеришкенде ал жерден кара күрөң түстөгү тактар калган кийимдер, шейшеп жана Ли Цзен Фендин кесилген сөөмөйү табылган. Кытайлык меймандарды жакшы таанып билген бирөөлөр кыйнаган шекилдүү. Көп өтпөй эле оперативдүү топ шектүү адамдын изине түшүүгө үлгүрүштү. Себеби, ал шек жараткан 27 жаштагы бишкектик Н.Байтереков деген эргул изделип жатат. Себеби, шектүү жигиттин үйүн тинткен учурда табылган аш бычак, шым, куртка, свитрде жогорудагыдай кара күрөң түстөгү тактар бар экендиги аныкталган. Азыр, шектүү жигит изделип жатат. Ал колго түшсө мындай мыкаачылыкка барышына эмне түрткү болгондугу дайын болчудай. Антпесе, алактаган жабырлануучулар бир нерсе айтып берүүгө алдары келчүдөй эмес. Сен кайдасың... Ашуудан табылган өлүктөр Быйылкы кыштын катуулугун борбор калаабыздагы БОМЖдордун көпчүлүгүнүн тоңуп өлгөнүнөн улам баамдадык окшойт. Шаар бийлиги да муну туура түшүнүп, эми үй жайсыз адамдарды ушундай кырдаалдар учурунда убактылуу кармай турган жайларды курууну ар бир райондун акимчилигине милдеттендире баштады. Ал эми алыскы айыл-кыштактарда деле үй жайсыз адамдардын бар экендигин билебиз. Алардын абалы кандай болоор экен деген суроо туулат. Кышы катуу Чоґалайдын Карамык айылындагы "Карамык" постунан анча алыс эмес жерден 23-февраль күнү тоґуп өлгөн эки адамдын сөөгү табылган. Текшере келгенде экөө тең Тажикстандын Душанбе шаарынын тургундары 28 жаштагы М.Туракулова менен 31 жаштагы И.Хавизов дегендер болуп чыгышты. Алар 20-февраль күнү Кыргызстанга келе жатышып, Карамык - Алай автожолунун 6-чакырымына көчкү түшүп, жол жабылып калгандыктан машиналарын калтырып, чек ара постун көздөй жөө жөнөшкөн. Тилекке каршы жолдон чек ара постуна 700 метр жетпей экөө тең тоґуп калышкан. Маркумдардын денелери 23-февраль күнү жол ачылгандан кийин табылган. Тилсиз жоо Жаңгак токоюндагы өрт Айтылуу Арстанбап жаңгак токоюн кимдер билбейт. Айрыкча эгемендик алгандан кийин бул ажайып жерге туристтердин аягы тынбай каттап, токой ичи мурдагыдан да көрктөнө баштагандыгы кубандырат. Ал жердеги коомдук тартипти, келген туристтердин коопсуздугун камсыз кылып, айрым ээнбаштарды эсине келтирип турган "Артанбап" айылдык милиция бөлүмчөсү да бар. "Кырсыкты кайдан деп болбойт", ушул жылдын 26-февраль күнү аталган бөлүмчөнүн имаратын жанындагы жоон түп жаґгак дарагы басып калып, натыйжада электр токтор бири-бирине тийип өрт чыккан. Айлана-тегеректегилер акыл эсин жыйгыча эле имарат күйүп кетти. Материалдык чыгым азыр 114 200 сомду түздү. Кырсыкка күнөлүү деген жаңгак дарагы да катуу жабыр тарткан. "От менен да, ок менен да ойнобо" Киши өлтүргөн мергенчилик Дегеле, акылман элибиз бекер айтпайт. От менен ойноп дүрт этип күйүп кеткендер, ок менен ойноп жалп этип өтүп кеткендер жашоодо көп эле кездешет. Кайберендердин каргышы тийдиби же чындап эле кокустукпу, 24-февраль күнү Жети-Өгүз районунун Актерек айылынын тоосунан мергенчиликке чыгышкан ушул эле айылдын тургундары аркар-кулжа атпай эле бирин-бири атып алып, мергенчилик кайгылуу аяктады. 24 жаштагы Т.Эсеналиев 32 калибирлүү "ИЖ" мылтыгы менен ойноп отуруп шериги 27 жаштагы У.Кутчубековду атып алган. Мээлегендей жүрөккө кадалган октон жаш жигит ошол жерден мүрт кеткен. Текшерүүдө бул мергенчилер алып жүргөн жогорудагы мылтык эч жерде каттоодо жок болуп чыкты. Элдик макалды да, атайын мыйзамды да элес албаган мергенчини эми узак убакыт түрмө тозогу күтүп турганы ажеп эмес. Уурусу күч болсо... Инспекторду айдоочу токмоктоп... Жыл башынан бери эле Ош областынын аймагында уурдалган автоунаалардын саны 8ге жетти. Негизинен уурулар "Дэу-Тико" маркасындагы автолорду уурдашууда. Себеби, ал жүрбөй калса сүйрөй качууга да жеңил окшойт. Ал эми тетиктери Кыргызстандын түштүгү менен Үзбекстанда өтө тансык жана өтүмдүү болуп жаткандыгынан улам чыгууда. Уурулуктуу токтотуу жана кылмыштардын бетин ачуу багытында областа МАИ кызматкерлери атайын рейддерди өткөрүүгө аргасыз болушууда. Ушундай рейддерди өткөрүү учурунда Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөтүнөн "Дэу-Тико" маркасындагы автоунааны токтотуп, документтерин текшерип жаткан МАИ кызматкерин айдоочу ур-токмокко алып, боктоп сөгүп баса берген. Ошол эле күнү Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аракка тоюп алган мас айдоочу А.Анаров дегенди кармап келишти. Азыр айдоочуу соо болгону менен абалы оор. Бетти даярдаган С.Калманбетов Өткөн санга кайрылып... Кылмышкер милициялар Гезитибиздин өткөн санында "Алкымы бузулган милиционерлер"- деген темада пара алышкан милициялар тууралуу маалымат берип кеткенбиз.Эми алардын кимдер экени тууралуу тереңирээк маалымат беребиз. "3000 миң сомго ишиңди чечем", - деп опурулуп, карагай тартып бараткан Сокулуктук Ж.Арзыгуловдун тракторун камап салган "кызыл шапкелердин" айыбы ачылды. Көр оокаттын артынан эптеп күнүмдүк тирчилигин өткөрүп жүргөн бул адам милиция кызматкерлеринин мындай жоругуна чыдабай, ички иштер министрлигине жардам сурап кайрылган. Тийиштүү кызматтар оперативдүү иштерди жүргүзүп, иликтеп көрүшсө чын эле милиционерлер анын тракторун камап коюшуптур. Оперативдүү иштердин негизинде Ж.Арзыгуловдон 3000 сом пара алып жаткан жеринен Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын оперуполномочный, милициянын ага лейтенанты Н.Казакбаев, ушул эле бөлүмдүн МАИ кызматкери, ага сержант К.Абдыкалыков жана эч жерде иштебеген М.Намазбеков дегендер кармалды. Кызматтык кылмыштар тагыраак айтканда пара алгандар менен күрөшкөн бөлүмдүн кызматкери, болгондо да офицер өзү ушундай ишке барып жатса жанындагы МАИнин сержанты жөнүндө айтып болбойт. Анан азыр көпчүлүк кызматкерлер "штаттан тышкаркы жардамчы" деген күбөлүгү бар адамдарды жанына алып, аларды кылмышты ачууда же анын алдын алуу иштеринде колдонбой эле, алган параларын чогулткан же болбосо баа бычышкан кол балага айлантып алгандары кызык. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|