![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 29.02.08-ж. |
Меймансап Форум Сууда сүзүү Өлкө рекорду Токиодо Өткөн саныбызда Кыргызстандык эки суучул, Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан Василий Данилов менен Юрий Захаров Токиого Япониянын ачык чемпионатына жөнөп кеткенин кабарлаган элек. Ошол жактан 400 метр суда сүзүү жарышында Василий Данилов мөрөй албаса да жогорку чеберчилиги көрсөтүп, Кыргызстандын рекордуна Япониядан жаңы чек койду. 1980-жылдан бери бул 400 метр аралыкка сүзүү рекорду Сергей Крышинге таандык болуп, жаңырбай турган. Эми жаңы рекордчу - Данилов Василий болуп, ал бул аралыкты 4 минута 24,9 секундда комплекстүү сүзүү ыкмасы менен сүзүп, рекорд жаңыртты. Эми Кыргызстандын рекорддоруна эле жаңы чек кое бербей, Бээжинде мөрөй алууга аракет кылып, жапондордон тажрыйба топтоп, өнөрүн өркүндөтүп келишсе болгону. Аттиң, чалкыган Ысык-Көлүндө ак чабактай чабак урган ысыккөлдүк жигиттер, кыздар бул спортко башын сайып киришпей, эл-жер көрбөй, "үйдө баатыр" болуп жүрүшкөнү далайды ойго салаар… Жүгү жеңил эмес атлетика "Куюн Маамыт" жөө күлүктөр таймашы Кыргыз дене тарбия Академиясынын манежинде жеңил атлетика боюнча өлкөнүн кышкы биринчилигинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Эки күндүк таймашуулардын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду. Кыз-келиндер арасында үч аттам секирүүдө Албина Петрова менен Татьяна Пустовая өлкө чемпиону аталды. Ал эми уландар жана жаштар арасында үч аттам секирүүдө биринчи орундарды Дмитрий Хилинский жана Талгат Абдрахимов жеңип алышты. 3000 метр кыз-келиндердин жарышында марага Караколдон Надежда Лещева менен Бишкектен Виктория Полюдина озуп келишти. Ушул 3 км аралыкка уландар жана жаштардын арасында баш байгени Таластан Кубаныч Шерматов менен Караколдон Александр Мох утуп алышты. Тоскоолдуктар аркылуу 60 метрге чуркоодо кыздардан жаш курагына жараша Яснин Мунарова, Айганыш Асаналиева жана Виктория Ковешникова жеңүүчү деп таанылды. Ал эми уландар жана жаштар арасында өлкө чемпиондугуна бишкектик Дмитрий Никишов менен Карабалталык Александр Конопелько ээ болушту. Жаш курагына жараша 800 метрге кыздар жарышып, марага озуп чыккандары Луиза Кутуева, Александра Синкевич жана Галина Педан болуп, чеберчилигин көрсөтүштү. Галина Педан Афина олимпиадасына барууга дилгир болуп, жолдомо алууга аракет кылып, даярданып жатканы байкалды. Уландар жана жигиттерден 800 метрге чейинки жарышында өлкө биринчилиги Богдан Сидоренко, Андрей Бушмелев жана Сергей Пакурага ыйгарылды… Ардагерлер 1000 метрге жарышка түшүшүп, көп мелдеште мөрөй алган медик Калмурза Жолдошев марага озуп келип, кыргыз күйөрмандарын сүйүнттү. "Алатоо аймагында жаштар жеңил атлетикага көңүл буруп, машыктыруучулар да жандануу менен иштей баштады. Айрыкча айылдык кыргыз жигиттер, уландар Сатымкул Жуманазаровдой чемпион болууну самап, машыга баштады. Алар үчүн эл аралык мелдештердин, Азия дүйнө биринчилигинин эшиги ачык. Жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, эл аралык деңгээлге жетсе болгону, калган жол кире, каражатты федерация өзү моюнга алат. Бээжин олимпиадасында мөрөй алуу кыйын. Ал эми 2012-жылы Лондондо боло турган жайкы олимпиадалык оюндарда кыргыз улан-кыздары мөрөй талашууга катышуусу үчүн азыртан даярдык көрүү зарыл", - дейт өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, Кыргызстандын Улуттук олимпиада Комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Фехтования Бычакка сап кыргыз жокпу? Швециянын Стокольм шаарында 4-марттан 11-мартка чейин фехтования боюнча эл аралык Гран-при мелдеши болот. Мында мөрөй алган спортчуларга Бээжин олимпиадасына жолдомолор ыйгарылып, олимпиадалык таймашууларга жолу ачылат. Ошондуктан Кыргыз спорт жетекчилери ары карап ыйлап, бери карап күлүп 188 миң сомдук чыгымдарга көз жумуп, үч спортчу, бир машыктыруучуну Швецияга аттандырды. Алар: эл аралык спорт чебери Сергей Качурин, спорт чеберлери Александр Черных жана Андрей Хребатовду, башкы машыктыруучу М.Сафин баштап кетти. Эми булар мөрөй алып, ишенимди актап, Бээжинге жолдомо алышабы, аны бир Кудай билет?! Эмнегедир бул жолу өтө тажрыйбалуу "карт бөрүлөр" Азиянын көп жолку чемпиондору Андрей Ханадеев менен Мирсаид Миржалиловдор Швецияга барбай калышканы табышмактуу. Анан дагы ата-бабасы ат жалында кылыч кармап чоңойгон, бабабыз айкөл Манастын бир-эки бычакка сап болчу жигиттери ушундай фехтования спорту менен машыгып, намыска жарабай жүргөнү өтө өкүнүчтүү… Таэквондо таймашы Жеңүүчүлөрдүн бийик сересинде Өлкөдө Кореянын таэквондо таймашынын эки версиясы тең, бири-бирине атаандаш өнүгүп келатат. Бири - эл аралык таэквондо федерациясынын алкагында Түштүк Кореялыктардын эрежесин эш тутса, экинчи дүйнөлүк таэквондо федерациясынын Түндүк Кореянын ыкмаларын туу кылып келүүдө. Кээде экөөнү айырмалай албай баш адашат. Кечээ жакында ITF федерациясы таэквондо боюнча Бишкектин ачык биринчилигин Кожомкул спорт ордосунда өткөрдү. Бул таймашуу ушул чыгыш өнөрүн негиздеген генерал Чой Хонг Хинин урматына арналды. Мелдешке 200дөн ашуун спортчу катышып, чеберчилиги менен айырмаланганда болду. Айрыкча жигиттер арасында финалга Азиз Даутов менен Раис Чынгызбаевдин ортосундагы таймашуу көпчүлүктүн көңүлүнө толду. Ошондой эле кара кур ээси Дмитрий Кимден баш байгени жеңип алуу менен Олег Ростислав өлкөнүн тандалма командасына мүчөлүккө кабыл алынды. Мелдештин мыкты спортчусу деп да Азиз Даутов таанылды. Жеңүүчүлөрдүн бийик сересине Вячеслав Ли, Уларбек Нурматов да көтөрүлдү. Кыздардан Лиза Бельская, Перизат Шаршенбек кызы айырмаланды. Бокс Үмүтүбүздү актай алышар бекен? Өткөн саныбызда өлкөдөгү тандалган боксчулардын аракетинен майнап чыкпай, Тайланд Королунун Кубогуна барып, Бээжин олимпиадасына жолдомо албай келгенин сынга алып, акыркы үмүт Астанада калганын жазган элек… Сынды туура кабыл алгандар болду, чындык үчүн чычалагандар да табылды. Бангкокко боксчуларды баштап барып банкетке катышып, сый-урматын көрүп баса берген ЖК депутаты, профессионалдык бокстан дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров чыдап аягына чейин турганда тажрыйбалуу, нускалуу кеп-кеңешин берген болсо, жарым финалга чейин жетип, 3 коло байге менен чектелген боксчуларыбыздын жок дегенде экөө күмүш медаль тагынса эле Бээжин олимпиадасына 2 жолдомо колго тийип, кубанып калмак элек да. Мында 1-2-орундар үчүн жолдомолор ыйгарылып, ал эми былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатында болсо 1-орундан 8-орунга чейин илингендерге Олимпиадага жол ачылган. Кыргызстандыктар АКШ, Тайландга тоону томкорчудай ар бирине 9 боксчусун жиберсе да майнап чыккан эмес. Эми ошол сындан жыйынтык чыгаруу аракетиби, 26-февралдан баштап 1-мартка чейин бокстан Кыргызстандын быйылкы чемпионаты өтүүдө. Финалдык беттешүүлөр бүгүн 29-февралда башталат. Бул таймашууга өлкөнүн бардык облусунан тандалып келген жүздөн ашуун булгаары мээлей чеберлери, чемпиондук наам үчүн күч сынашып жатышат. Өлкөнүн улук машыктыруучусунун жардамчысы, эмгек сиңирген устат Бейшен Сабатаровдун билдиргенине караганда мында таанылып, жарк этип көрүнгөн эр-азаматтардан өлкөнүн тандалма командасынын катары толукталат. Себеби, март айында (15-24-мартта) Астанада Казакстандын Президентинин Кубогуна арналган Гран-при турнири болмокчу. Мында жок дегенде - 2-3 спортчу Бээжин Олимпиадасына жолдомо алып калышаар деген үмүт үлпүлдөп өчпөй турат… Боксчулардын таймашына күбө болуп, финалдык беттешүүлөрдү көрүүгө ынтызар болсоңуз, бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосуна келиңиз. Көрүп, көңүлүңүз көтөрүлүп же боксчуларды сүрөөгө алып бир кумардан чыгыңыздар… Бетти даярдаган Кабыл Макешов |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|