![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №26, 29.02.08-ж. |
Меймансап Форум Аял дүйнө Капастагы өмүр Аялдардын азыркы орду деп оозуңду ачсаң эле биздин эркектердин итатайы тутулуп, "ой, баягылар батышты туурап, обу жоктоно башташты" дешет. Алардын оюнда кийими бүтүн, карды ток "катындардын" кайгыра турган кенедей да жөнү жок экен. А ,бу деп башты оорутпай андан көрө казанды кайнатканды, бала тууп бакканды билип, өз ордун билип жүргөндөрү оң. Ушундай маанай айрыкча соңку мезгилде басымдуулук кылып, үй бүлөдөгү зомбулук деген билинбеген дартты мурдагыдан бетер күчөтүп, дээрлик айыкпас илдетке айланышына шарт түзүп жаткандай. Муну менен мен феминисттик көз карашты таңуулап же үй-бүлөдөгү "согуштун отун" тутантайын деп жаткан жокмун. Тек гана "аялдарды жакшы билем" деген эркектердин жанында эле жүргөн жубайы кандай сезим менен жашап, кандай күндү көрүп жатканына көңүлдөрүн бурайын дедим. Биз жашаган көп кабат үйдө коңшулар бири-бириникине кирип-чыгышып, жамандык-жакшылыкта чогуу болушат. Мен алардын соңунан ээрчий карап терезеде кала берем. Коңшулар мени эчтемени билбеген жарым эс неме деп ойлошот болуш керек. Алар берген чайды балким мен көбүнөн артык бермекмин, ага шартыбыз да, материалдык абалыбыз да жетишээрлик дечи. Бирок… күйөөм жаман көрөт. Коңшулар түгүл өзүмдүн тууган -туушкандарым менен да "тандап" катташам. Кимдир- бирөөнү конокко чакырыш үчүн жок дегенде бир жума даярданып, күйөөмдүн кабак-кашынан айланып, эмне десе да көтөрүп…айтор антип бирөөнүн көңүлүн алганым мен үчүн "кымбатка" түшөт. Бара-бара ушинтип суранып жалдырагандан заарканып, эч кимди чакырбай да калдым. Бир туугандарым биздикине келгенден көрө өз үйлөрүнө чакырганды туура көрүшөт. Мунусун күйөөм "жогорку жактагыларга"аралашып калганы менен түшүндүрөт. "Элита"чөйрөсүндөгүлөр ким менен болбосун байланышпай,өз теңдүүлөр менен гана алака-катыш кылышы керек экен. Ошентип кечээ эле өзүбүз чыккан чөйрөдөн оолактап, обочолошуп эле калдык. Үй жайыбызды да ошого жараша өзгөртүп, акыркы мода боюнча ремонт жасаттык. Кашык-чөмүчтөн тартып терезе-эшиктерге чейин элдикинен башкачасын койдуруп,жеген-ичкен тамагыбызды да өзгөрттүк. Дубалдын боорундагы килемди жерге салып, ашканадагы идиш салчу шкафты, эски керебетти айылдагы кемпир-чалга жеткирдик. Кызматы жогорулаган сайын күйөөмдүн адат-мүнөзү да өзгөрдү, үйдө анын сөзү эч качан эки болбошу керек, бирөөнү сындамак түгүл талкуулаганга акысы жок. Иштен кайсы убакта келбесин тамагы даяр болуп, эс алып жатканында эч ким анын бейкуттугун бузбашы керек. Сууга түшкөндө түрдүү чөптөрдүн кайнатмасын кошуп, мээлүүн температурада кармап, ваннаны жыпар-жытка толтуруп, үлпүлдөгөн сүлгүнү, самындын мыктысын, кремди жана атайын майларды суратпай камдашыбыз керек. Ваннадан чыгаары менен салкын пивону ачып, гезиттер менен кошо уктоочу бөлмөгө алып барышың керек.Туура жарым саатттан кийин массаж жасап, бир сааттан кийин жеңил тамак беришиң керек. Айта берсем аягына чыга албайм го,айтор кичинекей кызыбыз биякта эле калып, жалаң атасы менен алек болуп калдым. "Мен табит менен кийинишим керек"дейт да акчаны колума карматып, тири укмуш аталыштагы кийимдерди сатып кел деп жөнөтөт, өзү базарга барса кадырына доо кетет имиш. Жуманын төртүнчү күнү сөз жок, саунага барат,ал күнкү түйшүктү айта көрбөңүз, термоско кийик от,мамыры кошулган чайды демдеп,күрптүн же тооктун этин бышырып,минералдык суудан салып,салаттын экиден кем эмес түрүн кошуп… бир коробка кылып жөнөтөбүз. Айтымында эң маанилүү маселелерди ошондой жерде, маанилүү адамдар менен чечет экен. Ал күнкү мончого түшмөй түнкү саат бирлерге чейин созулат. Кол кенедей да бошобойт, ар бир мүнөт, ар бир саатың анын "имиджине" багытталган. "Билсең мен өзүм үчүн эмес, балдар үчүн аракет кылып жатам.Кызыбыз да, уулубуз да чоңоюп калды. Эртең үй бүлө күтүп калышса кадырлуу жерге барышы керек да, алардын фундаментин түзүп бергенге байлык да, бийлик да керек.." Уйкум канбай ушаланган мени чала-була карап коюп шаша-буша тамак жеп жатып сүйлөйт… "Кимдин баласы экен, кимдин кызы экен десе "Баланчаевдин" десе "Оо, дегидей болсо жаманбы,азыр мени кудай буйруса Кыргызстандын баары болбосо да жартысы билип калды… Ошентип кыш өтүп,жай келет. Атан төөдөй джип менен Ысык Көлгө бир жайда эки үч жолу каттаганыбызды көргөн коңшулар "жыргал эле ушунуку" дешет.Мен болсом сыр бербей машинеге түшөм.Ал жактан деле тамак бышырмай, конок күтмөй, массаж жасамай. Бара-бара өзүмдү аял эмес эле күйөөм менен балдарымдын күңүндөй сезип баратам. Чала уйкудан көзүмдүн асты көлбөктөп, беттерим бырышып, кадимкидей картайып калдым. Күйөөм болсо жылтылдап өңүнө чыгып, чачы жалтырап эки күндүн биринде тренировкага барып машыкканданбы, жашаргандын эле ичинде. "Эгер мен жаш аял алсам кандай дейсиң ыя, элдин баары эле алып жатпайбы? деп мени көпкө тиктеп калат.Төбөмдөн ылдый муздак суу куюп жибергенсип чыйрыга түшсөм да унчукпайм. "Тамаша кылам, дейт тээ кыйладан кийин, өзүмдүн эле тампышкам жетет." Бу мени эркелеткендегиси."Тампышка" деле бир кезде өзү менен эле чогуу окуган, окуганда да мыкты окуган,иштин көзүн билген идиректүү адис эле да. "Кой, экөөбүздүн бирибиз эле иштеп,бирөөбүз үйдү карайлы дебеди беле… Көкүрөгүмдөгү чүкөдөй түйүн чоңойгондон чоңоюп, өйүгөндөн өйүп бир күнү жарылаарын ойлоп жүрөм. Бул жолу айылга барганда да баягы "жаш катын алсамбысын" дагы баштады. Тээ түпкүрдөгү нерсе көтөрүлүп келип, ээ-жаа бербей жарылганын бир билем. Колумдагы депкирди тетигинден ары ыргытып жибердим: - Ал, азыр ал, болбосо бир колум туткуч, бир колум куургуч болуп өтө турган болдум. Сенин күүңдө, күчүңдө тургандагы күнүм ушу, анан качан менин чекемди жылытмак элең. Мени ушунча пайдаланганың жетишет. Эми менден башка келесоо сага кызмат кылсын! Сөрүдө отургандар селейип эле мени карап калышты.Таң калып калган күйөөм "Эй, тамашалап атам, кутурба" деген бойдон кала берди. Балдарым катып эле калгансышты. Аларга абалымды билгизбей, жакшы тарбия алышсын деп баарын ичиме батырып жүргөн элем да. Көчөгө чыгып,кетип баратсам "ой,жеңе,сиз кайда?"деп кайним ыржая алдымды тосту. Бирок сурданган кебетемден чочудубу,мындай боло берди. Көкүрөгүмдү кысып, көөдөнүмдү басып турган немеден бошонгондой жеңилдеп кетип баратам. Күмүш табадагы шоңшойгон стакандагы ширени кудум гейшалардай уктоочу бөлмөгө көтөрүп кирип, кайра буттун учу менен чыкчу күнүм бүткөнүнө жетине албай ушерге келдим… Жазып алган Сүйүн Курманова Менин укугум Мага дени соо аял керек Биз да бир кезде алданемедей үй-бүлө элек. Ашкере байып, бапырап бакытка жетпесек да алдыбызда ашыбыз, үстүбүздө үйүбүз, ортобузда ойноп турган балдарыбыз бар болчу. Экөөбүз тең иштеп турганда күнүмдүк жашоодо кем-карчты билбей, эл катары той берип бапыраңдап турганга мүмкүнчүлүгүбүз жетчү. Экөөбүз көңүлүбүз жай кезде уулубуз менен кызыбыздын келечегин кеп кылып, ошол таттуу тилек, аруу үмүттү бел кылып жашачубуз. Анан… жамандык жыла басып биздин бейпил уябызга жыландай сойлоп кирди. Мен ооруп калдым. Адегенде маани деле берген жокпуз. "Элдин баары эле ооруп жатпайбы, анын эмнеси бар" деп камаараган жокпуз. Эки ай дарыландым. Анан… врачым бир күнү мени онкология институтуна жөнөттү. "Жатында шишик бар экен, эмне шишик экенин аныкташ керек" дегенде эле эсим чыгып кетти. "Эжекебай, эки балам бар эле" деп врачка жалдырап ыйлап жибердим. Ал мени карап "кой, капа болбо, балдар деп, өзүң деле жаш турбайсыңбы" деп табышмактуу улутунуп койду. Ошондон тарта менден тынчтык кетти. Белгисиз бир коркунуч колу-бутумду тушап, түнкүсүн уйкум, күндүзү тынчым кетти. Балдарды ойлосом жүрөгүм оозума кептелип, эми кантчүмүн, кокус бирдеме болсом булардын күнү кимге түшөт деп өзүмдөн-өзүм алдастап, ичимдеги уйгу-туйгуга ээ боло албай күнү-түнү ыйлап чыгам. Күйөөм адегенде сооротумуш болуп жүрдү. Бара-бара менден оолактай баштаганын сезип калдым. "Тиги чакырды, мунун зарыл иши бар экен" деп эле үйдөн качып, кээде келбей калчу болду. Бирдеме десем дароо бакырып урушуп чыгат. Мени менен деги эле иши болбойт, өзүн эле жасап-түзөгөндүн аракетинде. Бир айча даярдап туруп "операция" жасаш керек дешти. Күйөөмө айтып келип "кокус операциядан турбай калсам балдарды жакшы бак, ушуларды ыйлатсаң көрүмдөн туруп келем" деп буркураган бойдон кеттим. Операциянын жүрөк түшүргөн сүрүн айтпай эле коеюн. Врачтар мындайда түшүнүү менен мамиле кылышат экен. Ошолордун алтын колунун жардамы менен алиги балекет шишиктен арылдым. Арып-азып, илдеттин азабын аябай тартып, жаным менен алек болуп калдым. Бир туугандарым, балдарым тегеректеп жүрүштү, бир гана күйөөм жок. "Кайда?" деп сурасам кайпактап айтышпайт. Айтор үйгө чыгып бардым. Мени кудум тиги дүйнөдөн кайтып келгендей эле кабыл алды. Эми ойлосом, "бүттү, келбейт" деп өзүн ишендирип койгон окшойт, айтор сүйүңкүрөбөй өзүнчө эле боюн оолактатып калды. Ага деле көңүл бурганга алым келген жок. Экөөбүз бир үйдө болгонубуз менен ыркы келишпеген коңшулардан жаман болуп жашап калдык. Мага каралашып турган сиңдимди кагып-силкип, ыгы келсе түртүп жибергенге чейин барып, эки күндүн биринде урушуп жаттык. "Келчи, сүйлөшөлү" десем, кадимкидей качат. Акыры чыдабады, ачыкка чыкты, "жатыныңды алдырып келдиң, эми мага сенин керегиң канча? Мага деген ден соолугу мыкты аял керек. Мен күүсү күчүндө турган эркекмин..," Көрсө эчак эле башка бирөө менен байланышып алыптыр. "Жакында тиги өлөт, ошондо үйгө алып келем" деген ою ишке ашпай, ошого жинденип жаткан тура… Акыры сиңдимди, анан балдар менен мени үйдөн кууп чыкты. Эки баламды эптеп жатып балдар үйүнө орноштуруп, өзүм ар кай жерде баш калкалап калдым… Отуз үч жаштагы Толкундун ден соолугу азыр жакшы. Аны оор илдеттин эле эмес, жабыркаган жан дүйнөсүн да айыктыруу оңойго турбай жатат. Анын башына оор кырдаал туш келгенде таштай салып, башка бирөөнүн этегине жармашкан күйөөсүнүн жоругу кимди болбосун иренжитпей ко йбойт. Анын адам түзүлүшүн билбеген түркөйлүгүнө да таң каласың. Эгерде мындай жорукка ал өзү түшүндүргөндөй эркектик муктаждыгын кандыруу эле себеп болсо, анда жаңылган. Жатын - аялдын бала жата турган гана уясы, ал аял эркектин төшөк мамилесине эч таасир этмек эмес. Сүйүн Курманова Сезим серпиндиси Максат… … Атың жакшы эле... Сенин атыңдагы бул сөз, ар бир адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашап, басып өткөн жолунда болот. Көпчүлүк баскан көчөлөрдө, акыркы карлардын бети да баскан издерден куру калбаптыр. Ушул кыштын карына Сенин эле изиң түшпөдү окшойт… А бүгүн ушул өмүрдө аз жашап, өмүр баскычтарын баспай калгандарды эстеп аттым. Кыздар мени жемелейт, "сен аны ойлобо" деп. Кантип, мен тааныган жашоодо бар болчуң, сени унутуш үчүн, мен тааныган жашоону да унутуу керек го. Мүмкүн эмес… Көз алдыма кайра элестейт. Күлүп калчу, мени туурап: "Акырын бассаң, Төрөгелдиге окшобой. XX-кылымдын баатырдык символун, сен улантайын деп атасыңбы". Ызааланып кетчүмүн. Жок, азыр ушул сөзүн уксам ызааланбайт элем. Укпай калбадымбы… Анын да алдыга койгон Максаты жагымдуу эле. Апасына: "бирөөгө бересиз да" деп көмүскө тергеп айтчу. Келечектеги болор жарын ушинтип койчу… Биз барктабаган ошол күндөр… Сен да ошол күндөр менен кала бердиң. Сагынып эстей аласың, бирөөгө айтып бере аласың… өкүнүчтүүсү ушул, өзүңө жолуга албагандык. .. Максат кылчумун, Сенин жакшы күндөрүңө орток болом деп. Ага жеткен жокмун. Ал Максат боюнча калды… Гүлбарчын Якубова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|