САНДАН-САНГА

(Повесть)
Баратбай АРАКЕЕВ
Мент
(Уландысы.
Башталышы өткөн санда)
Машаев он беш күнчө айылында жүрдү. Классташтары менен чер жазыша сүйлөштү, атасын ээрчитип, куран окутчу жерлерге барды. Эки күн тоого чыгып келди… Жакшы эс алды ушу жолу.
Шаарга келээри менен таякесиникине барды. Энеси берип жиберген эки тоок, боорсок, каймагын берип, таякеси экөө терең кептен баштап, бир бөтөлкөнү жара тартып, ошол күнү Машаев ошол жерге конуп калды.
Эртеси турса телефон шыңгырайт. Чалган Миша экен. Бул номерди билчү.
- Эки күндөн бери издейм,-деди Миша амандашкандан кийин. Сизди начальник издеп жатат.
- Эй, менин отпускам бүтө электе эмнеге издейт экен?
- Билбейм. Мени тап деген.
- Болуптур, анан барам.
Машаев жуунуп-таранып, таякеси менен чогуу отуруп, чайдан шашпай ичип, бөлүмгө келди.
Начальникке кирсе, ал жайдары кабыл алып, ал-абалын сурап, анан айтты:
- Машаев, сени куттуктап коеюун, сен бизден кеттиң, жөн кетпей, угронун начальниги болуп кеттиң.
Көрсө Машаевди борборго жакын райондордун бирине которуптур. Ал районду жакшы билет, ар кошкон улут жашаган, криминалы айда көп жер. Начальник болгонуна Машаев көп деле сүйүнө берген жок. Көнүп калган жеринен кимдин кеткиси келет эле. Бирок, барбайм деп айтууга да акысы жок, буйрук деген - буйрук!..
Отпускасы бүтөөрү менен жаңы чектелген районго келип, жаңы начальниктин кабинетинде турду. Жаңы начальник Турат Машаевге дароо эле жакты. Байкаганы - бул полковник наамын жаңы эле алган киши көзгө тике карап, сөздү түз сүйлөгөн неме экен. Мурда бул киши жөнүндө Машаевдин укканы бар. Ишине өтө так, эч нерседен кайра тартпаган, заң-закүндү бузган кол алдындагылардын чакчелекейин чыгарган, анан эң негизгиси - эч кимге сатылбаган неме экенин билчү. Өзү таза адамга өзүндөйлөр жагат эмеспи. Анан анын азыркы кеби Машаевди биротоло берилтип, сыйлатып салгандай болду.
Начальник Машаев менен жарым сааттай сүйлөшкөндөн кийин өзүнүн орнбасарларын, угронун бүткүл составын кабинетине чакырып, Машаевди тааныштырып, ишине ийгилик каалады.
Машаев жаңы кабинетине отуруп, кызматкерлер менен шашпай таанышып, учурдагы аткарылып жаткан иштердин чет-бучкагын укту. Анын баарын көзү ойноктогон орунбасары айтып берди. Ушул өзү курдуу жигит Машаевге бир көргөндө эле жаккан жок. Ошол ойноктогон көзүндө балакет-бастандын баары бар көрүнөт. Наамы - капитан. Баса, ушул жерге чектелип жатканда Машаев майорлук наам алып, эми "майор Машаев" болуп, уйкашып жатып калды.
Орунбасардын аты-Темиркан, фамилиясы-Батырбеков экен. Аты да, фамилиясы да жакшы угулат. Темиркан да Машаевди ичинен көп жактырбай турду. Анткени, начальник мен болом деп жүргөн эле. Анан калса бу майоруң кейкейген, керсейген немедей сезилди. Ошентип, начальник менен орунбасар сыртынан билинбегени менен бирин-бири жактырбай турушту, ошол алгачкы күнү эле.

***
Машаев бөлүмдөгүлөрдүн жардамы менен бир квартира таап, аз жүгүн көчүрүп, мурунку иштегендерине чай берип, коштошуп келүү үчүн Тураттан эки күнгө суранып, Бишкекке келди. Дароо бөлүмгө барып, Мишаны таап, базар кыдырып, аны-муну алып, кечинде иштен бош милийса досторун чакырып, тамагын берди. Жатаканасын үйлөнмөкчү болуп жаткан Мишага калтырып, аз идишин, жууркан-төшөгүн машинасына салып, жаңы ишине биротоло келди…
Ошентип, Машаев жаңы орунга олтуруп, ишин катуу баштагандай болду. Ошол көчүп келип, бирөөнүн квартирасынын бир бөлмөсүнө киргендин эртеси ал полковникке барды.
Турат Машаевди бир көргөндө эле жактыргансып калган эмеспи, жылуу кабыл алды:
- Ии, жолдош начальник, кел,-деп орун көрсөттү.
- Сизден бир нерсе сурайын деп келдим, жолдош полковник,-деди Машаев орун алгандан кийин.
- Ии, сура.
- Мага угронун начальниги катары эркиндикти кеңири бериңиз деп айтайын дегем.
- Эркиндикти бербей жаткан ким экен? Келе элек жатканда капаска түшүргөндөр чыктыбы?
- Жок. Бөлүмдөгү иштердин көбүн өзүм чечип, ар бир кызматкерге жеке жооп берейин дегенди айттым.
Полковник бул жигиттин курчтугуна ыраазы:
- Азырынча сен ишиңди баштай элексиң, мен сага аны кыл, муну кылба деп да айта элекмин. Туурабы?
- Туура, жолдош полковник.
- Туура болсо, эч нерседен кападар болбой, иштей бер. Менин талабым эле ошол - таза, тың иште. Калганы онунчу маселе. Түшүндүңбү?
- Түшүндүм.
- Таза иштесең, тың иштесең - артыңда мен турам. Тескери кетсең - менин да тескери кеткеним. Бара бер…
Машаев шефинин кабинетинен көңүлдүү чыкты. Полковник Турат жөнүндө мурун уккандары ашып-ташып кеткендей болду. Эми эч нерседен тайманбастан Машаев Турат үчүн жанын берүүгө даяр эле. Анткени, таза, курч деп уккан адамы ал уккандан алда канча жогору сезилди….
Машаев баарын чогултуп, айтайын деген, жо-ок, жасалма эмес сөзүн айтып турду:
- Балдар, буйрук ушундай экен, мен силерге начальник болдум. Ошондуктан, алгачкы сөзүмдү угуп коюуңуздарды суранам. Азыр биз жөнүндө, милийса жөнүндө укмуштуудай аңыздарды угуп жүрөсүңөр. Бизди жакшы сөзгө алган адам аз. Анткени, кай бир милиционер кадимкидей эле тонойт, жөн жерден күч колдонот, каалаганын кылат. Жанталашып, жардам сурагандардын өзүн кууратат. Эми ал жөнүндө көп сүйлөй бербейин. Айтаарым ушул - таза жүргүлө, так иштегиле! Бир балакетиңерди уксам - эч кимиңерди аябайм. Уктуңарбы?
- Уктук, - ончакты адамдан үчөө-төртөө ушинтип күңк-мыңк этти.
- Уксаңар, бошсуңар!
Машаевдин замына бул сөз таптакыр жаккан жок. Ого бетер жаман көрдү. "Энеңди урайын выскочка, күпүлдөй тур, бат эле маңкаң куюлуп, жардам сурачу күнүң бар…"-деп каны кайнай, машинесине түштү.
Машаев бөлүмдөгү иштердин баары менен бир жуманын ичинде таанышып чыкты. Кол алдындагылардын баарын бирден чакырып, бети ачылбаган иштери үчүн чучуктарына жеткире жекирди.

(Уландысы бар)




  Криминалдуу окуя

Миллионго бааланган өмүр
(Уландысы. Башталышы өткөн сандарда)
Бул жакка караганда тоодо эч ким жок жерде ээн-эркин сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Таң азандан бардыгы аттарына асынма баштык, бирден мылтык алып, үй ээсинин итин кошо ээрчитишип, тээ алыскы ак карлуу тоо тарапка багыт алышты. Алар менен кошо Абдысалам да жөнөдү. Күн акырындап өйдө көтөрүлө ысып төбөгө жеткенде, бардыгы тээ бет маңдайдагы тоонун жонуна чыга келишти. Бийик абага көнбөгөндүкүбү же тоого чыкпай жүрүшкөнгөбү, айтор Абдысаламдан башкаларынын бардыгы бышылдап-күшүлдөп оор дем алып жатышты.
Түш оой бийик жарды айланып өтүштү. Кийиктер кайсыл жакта жайылып жүрөрүн Абдысалам жакшы билчү. Алардын издерин, тезектерин карап, азыр кайсыл жакта кетип бараткандарын жаземдебей айтып берип, сары изине чөп салды.
- Аларды бүгүн кечке кууп жетсек кууп жеттик, кууп жетпесек таңга жуук кууп жетебиз.
Абдысалам жаңылбаптыр, ошол күнү жар түбүнө түнөшүп, эртеси күнү таңга жуук кууп жетишти. Бери жакта жашынып алып, тоо боорунда жайбаракат жайылып кетип баратышкан кийиктерди дүрбү менен карап турушту.
- Тээ жар башында турган кийикти көрдүңөрбү. Бул алардын эркеги, текеси. Айланага көз жиберип карап турат. Шектүү бир нерсе болсо эле өзүнүн үйүрүн ал жерден алып кетет. Жыт алып шектенип калган окшойт, үйүрлөр ылдамдай баштады. Биз эми өтө тездик менен тигилерди айланып өтүп, алдыларынан тосуп чыгышыбыз керек.
Баса албай чарчап-чаалыгып калган тигилердин түрлөрүн көрүп, Абдысалам негизги жүктү өзү алмай болду.
- Болуптур, мен кийиктердин алдын тороп тигил жакка өтүп барайын, а силер бул жакта аларды күтүп тургула. Аларды силерди карай үркүтөм, жакын келгенде гана аткыла, болбосо жакын жолобой качып кетишет.
- Кое тур, мен да сени менен барам, - Дөөлөтбай жигитти ээрчип алды. Анын максаты кийик кубалабай эле Абдысаламдын тамырын тартып көрүү болчу. Кийиктердин алдын тороп чыгыш үчүн кеминде эле эки чай кайнамдай убакыт жол жүрүштү. Баса албай энтиккен Дөөлөтбай кайра-кайра "эс алалычы" деп ташка отура калып жатты. Ара-чолодо акырын суроо узатты.
- Канчадасың иним?
- Жыйырма беште.
- Бойдоксуңбу?
- Ооба.
- Үйлөнөйүн деген оюң барбы?
- Азырынча ал жөнүндө ойлоно элекмин…
- Армияга барып келдиң беле?
- Ооба. Ростов-на-Донуда мотострелковый войскада кызмат өтөгөм.
- Метепти бүткөнсүң да…
- Ооба, өзүмдүн эле айылдан бүткөм.
- Окууга тапшырган жоксуңбу?
- Кайсы окууга?
- Жогорку окуу жайына…
- Аа… жок, тапшырган жокмун, шарт да жок, мүмкүнчүлүк да жок.
- Кайсы окууга тапшыргың келди эле?
- Тоо-таштарды кайтарган мергенчилердин окуусу барбы?
- Албетте бар.
- Андан эмне болуп чыгат?
- Егор деп коет, эгер кааласаң ага сени мен деле өткөрүп коем. Калаа жакка барып иштегенди каалайсыңбы?
Жигит ийнин күйшөп койду.
- Кой байке, эртерээк кыймылдайлы. Антпесек кийиктерди өткөрүп жиберебиз.
Экөө ошол боюнча тынымсыз жүрүп отурушуп, жонду айланып өтүшүп, кийиктердин алдын тосуп чыгышты. Чоң таштын түбүнө жатыша өздөрүн карай жай оттоп келатышкан кийиктерди дүрбү менен карап турушту.
- Мен дагы бала күнүмдөн кийикке кызыгам. Жыл сайын жай мезгилинде жайлоолорго барам кийик атканы. Кийик атпасам да өзүнчө бир кумардан чыгам, бул мен үчүн эң жакшы эс алуу болуп эсептелет.
Абдысалам унчукпай алды жакты дүрбү менен карап отура берди. Жакшылап сүйлөшкөнгө кырдаал түзүлдү.
- Жанагы менин сөзүмө жооп берген жоксуң го, иним?
- Кайсы?
- Егордун, то есть, мергенчиликтин окуусуна.
- Аа, аны мен билбейм.
- Ким билет?
- Таякемдер чечет бул маселени, мен алардын колунда чоңойбодумбу…
- Сенин таржымалыңдын анча-мынчасын мен уктум. Эгер таякеңди көндүрсөм калаага барар белең?
- Билбейм.
- Билбеймден башка жооп бере албайсыңбы?
- Биринчиден, мен калаада өмүрү жашап көргөн эмесмин, экинчиден, мен деген тоодо, жайлоодо таза абада көнгөн адаммын, ал жакка көнө албайм го.
- Ал жакта да тоо бар, ал жакта да жан-жаныбарлар, момундай кийиктер бар. Шаар четинде тоо арасында Альплагер деген жер бар. Керемет, кооз жер. Шаарга көнгүчө ошол жерде жашайсың.
- Эмнеге булардын баарын айтып атасыз мага?
- Сөздүн ток этээр жерине эле өтөлүчү, иним. Бизге жакшы мергенчи керек болчу, дал эле сен сыяктуу. Асмандан издегенибиз жерден табылып, Кудай жалгап сен өзүң кабылып отурбайсыңбы бизге. Айлыгың жакшы болот, окууга да тапшырасың, айлык алып иштей да бересиң.
- Ал жакта эмне иш кылам?
- Мергенчилик, өзүң айткандай тоо-таштарды кайтарасың. Кез-кез заказ менен кийиктерге биз менен кошо чогуу чыгып турасың. Кээде ар кандай заказдар болот, ошолорду аткарып турасың.
- Эмне заказ?
- Кандай десем... кийик, кулжа, түлкү, суур, карышкыр. Ушу сыяктууларды бизге атып берип турасың.
- Жоопко тартылып калбаймынбы?
- Өзүң ошол кызматта иштесең кантип жоопко тартылмак элең. Тескерисинче, кийик уулап жүргөндөрдү кармасаң, сен жоопко тартасың аларды. Тоо-таштарга өзүң кожоюн, өзүң бий болосуң.
- Каякка жашайм?
- Азырынча шаарга көнгөнчө ошол альплагерде жашайсың. Анан акырындап шаардан бардык шарты бар үй алып беребиз. Кааласаң үйлөндүрүп деле коебуз.
- Мен түшүнбөйм, мага эмне эле мынчалык кам көрүп атасыз? Мынчалык деңгээлде мага эч ким кам көргөн эмес, - ал эмненин башын кылтыйтып атат, делеге түшүнгөн жок.
- Сен өзүңдүн ким экениңди билбей жүргөн турбайсыңбы, иним. Сен деген Кудай-Таалам берген "одаренный", тубаса таланттуу мергенчи турбайсыңбы. Минтип жүрсөң кор болосуң, талантың кор болот. Сен деген өсүшүң керек. Мергенчиликтин секреттерин үйрөнүшүң керек.

(Уландысы бар)
Саадатбек Мырзакул уулу