Коомдук-саясый гезит
№26, 29.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Кулак салгыла!

Конкурс!
Динара Акулова жөнүндө ким жакшы билет?
Белгилүү ырчы Динара Акулова жакында күйөрмандарына концерт бергени жатат. Мына ошого карата биз окурмандар арасында конкурс уюштурууну туура көрдүк. Төмөндөгү суроолорго биринчилерден болуп жооп берген алгачкы 10 адамды концертке чакыруу билети күтөт.

1. Динара Акулова Мыскал Өмүрканова атындагы эң биринчи сыйлыгын качан алган?

2. Динаранын кызы Малика алгачкы жолу сахнага кайсы ыр менен чыккан?

3. Динара биринчи жолу кандай үлгүдөгү машина минген?

4. Маликанын сүйүктүү үй жаныбарынын аты?
Ушул төрт суроонун бирине жооп берген окурмандарга Динаранын концертине эки адамга билет белекке берилет.

Байланыш телефондору:
59-17-37, 59-17-38.




  Сүйүнчү айтам...

Камчы Сарыбаев:
"Жубайым 8-мартка чейин төрөсө, чоң белек берем"
- Камчы, келинчегиң менен сүйлөшүп жүрүп үйлөндүң беле?
- Ооба, Кыргыздрамтеатрдын астынан, кесиптешим Данияр Жантөрөев менен татынакай бир кыз сүйлөшүп туруптур. Ал кызга суктанып Даниярга: "Сүйлөшкөн кызың аябай сулуу го" десем, ал "Сүйлөшкөн кызым эмес, кегетилик карындашым болот" - деди да, мени менен тааныштырып койду. Аты Элнура экен. Аны сүйүп калып, алты ай сүйлөшүп жүрдүк. Бирок, ошол убакыт ичинде ага болгон ички сезимимди, сүйүүмдү сөз жүзүндө билдирүүдөн тартынып жүрдүм. Акыры намыстанып, 17-ноябрда катуу сүйөрүмдү ага айтып, 28-ноябрда баш кошуп алдык.
- Келинчегиңдин боюнда бар деп уктук эле, уул же кыз болорун билдиңби?
- Азыр заманбап техникалар бар эмеспи. УЗИден эркек бала деп мени сүйүнтүштү. Буюрса бүгүн-эртең уул төрөлөт деп күтүп жатам.
- 8-Март майрамы жакындап келатпайбы, келинчегиңе кандай белек бересиң?
- Буюрса 8-Мартка чейин төрөсө жубайыма чоң белек берем , андан кийин төрөсө кичирээк белек берем. Кандай белек экенин азырынча айтпай турайын. Ал келинчегим үчүн "сюрприз" болсун.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan