Коомдук-саясый гезит
№26, 29.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ой тобо-оо!

Айыл чарба министрлиги баарынан ашкере коррупциялашкан
Коррупцияны алдын-алуу боюнча улуттук агенттиктин маалыматын окуган киши Кыргызстанда коррупциялашпаган мекеме калбаптыр деген ойго кабылат.
Ашкере коррупциялашкан тармак бул айыл, суу чарба гана кайра иштетүү өнөр жайы. 20-февралга карата 218 коррупциялашкан кылмыш катталган, билим берүү жана илим министрлигинде 137, өнөр жай, энергетика, отун ресурстары тармагында 136, транспорт жана коммуникация министрлигинде 91 коррупция фактысы болсо, ИИМде - 68, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда 54, саламаттык сактоодо - 49, салыктар жана төлөмдөр комитетинде - 44 коррупция катталган. Ал эми кыймылсыз мүлк агенттигинде үч айдын ичинде эле 7 факты катталган.




  Милицияны ким коргойт?

Аламүдүн милициясы көчөдө калды
Аламүдүн райондук милицияны Аламүдүн базары тарабында жайгашкан мурдагы имаратынан Чүй облустук ички иштер башкармалыгы чыгарып койду.
Мурда райондук милиция облустук милициянын имаратынын биринчи кабатында жайгашып келген. Бул тууралуу райондун акими Саматбек Керимкулов билдирди. Өздөрү көчөдө калган милицияга эми ылайыктуу имарат табылбай турат.
Аламүдүн РИИБсинин начальниги Самудин Айдаров...




  Багы жокко дагы жок

50 миң алгың келсе, 5 миң бер
Кочкор районундагы Дөңалыш, Чолпон, Кызылдөбө айылдарында жер титирөөдөн жапа чеккен үйлөрдү кредит менен камсыздоо демилгеси болуп келген.
Бирок, бул дагы калыс каралбай, жер титирөөдөн жабыр тартканы аз келгенсип, кредит алууда да жабыркагандар бар экен. Маселен 50 миң сом алгысы келгендер 5 миң сом төлөшү керек турбайбы. Колунда акчасы барлар кредит алып, баягы эле акчасыздар кредиттен дагы кур калып атышыптыр. Деги өкмөт кай жакты карап отурат? -дешет нарындыктар. Бүгүнкү күнү акчасы жок айрым адамдар үйлөрүндөгү жаракаларга чүпүрөктөрдү тыгып алып, кыштан чыгышууда.
Айгүл Бакеева




  Сөөмөй...

Өнөкөткө айланууда
Кыргызстанда дагы бир Кытай жаранынын сөөмөйү кесилди.
Кыргыздар славян улутундагы адамдын өлүгүн кескилеп, сөөмөй кулактарын бири бирине белеке берип кордоп жатышат деген орустун скинхеддерине жетип, алар кыргыздарды өлтүрө баштаган деген маалымат тарады эле. Эми кытайдын товары менен күн көрүп жатканда, кытайлыктардын балеесине калбагай элек. Кыргызстанда эмне болуп, кандай заман орноп келе жатат, деги түшүнбөйсүң...




  Кезек кимде?

МЧС көчтү, Жураевдин жуураты
Кийинки кездери борборду Ошко көчүрүү кеби болуп көрбөгөндөй күч алып кетти. Шоона эшпеген шылтоолору ой-да толо.
Өткөндө баткендик депутат Мурат Жураев түндүк-түштүк маселесин борбор шаарды Ошко көчүрүү менен чечүүнү балп эттире эле ачык айтып чыккан. Анын акылы боюнча аны менен Кыргызстандын чекара маселесине да чек коюуга болот экен. Жок дегенде интеллигенттүү парламентти көчүрүү керек дейт. Эмне, азыркы парламент чылгый интеллигент болуп кетиптирби? Чоң жаңылышат. Парламентарийлер Ошко жатып алып, эки күндүн биринде өкмөттү, ажону чакырып алып турат экен да...
Анысы го ал, Жураевдин жуурат акылы боюнча парламентке кошуп биринчи кезекте Чекара кызматын, анын артынан Наркозаттарга көзөмөл агенттигин, Айылсуучарба министрлигинин суу чарба департаментин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгын, Дин иштери боюнча мамагенттикти, "Электр станциялары" ААКын... да Ошко көчүрүү керек. Анткени, аталган багыттар боюнча көйгөйлөр көбөйүп кеткен экен. Бул сөздүн учугу кайдан чыгып жатат болду экен? Бир депутаттын эле дегениби же... аны айттырып жаткан артындагылардыкыбы? Андай болсо аталган мекемелердин түштүк аймагындагы бөлүмдөрү, кызматтары эмне иш аткарып жатышат? Мындай көйгөйлөр Төөашуунун артында жокпу? Ал, "улуу көчкө" акчаны кайдан табышат? Борбор көчүрүлсө эле кой үстүнө торгой жумурткалап, коммунизм келип калабы?
А-бу дегиче МЧС Ош шаарына көчө баштады. Эмки кезек кимде?

Нурдин Асанов




  А-ап дедиби...

Донорлор берген 3,5 миллиард доллар кайда кетти?
(Башталышы гезиттин
өткөн санында)
Кумга куйган суудай жок болгон программалык займдар
Таң калыштуу, бирок чындык - демократия жана эркин экономика десе ичкен ашын жерге кое койчу эл аралык финансы уюмдары, Акаев бийликти узурпациялап алса дагы, анын режими кулаганга чейин колдоп келишти. Эл аралык валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк банк чуркап жүрүшүп, 2005-жылдын февралынын акыркы күндөрүндө Париж клубунан Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялап беришти. Клубдун отуруму бүтөрү менен ал жерде тышкы жардамды гармонизациялоо боюнча бүткүл дүйнөлүк саммит өткөрүлүп, ага Аскар Акаевди чакырышкан. Эл аралык финансы уюмдарынын ою боюнча биздин президент дүйнөнүн ар тарабынан чакырылган конокторго донорлор менен кантип ийгиликтүү кызматташуу керек экенин өз оозу менен айтып бериш керек болчу. Аскар Акаевге бул абройлуу форумда чыгып сүйлөө бактысын кудай буюрбаптыр. Анткени ал күндөрү революцияга саналуу гана сааттар калып, ал өз алапайын таппай жүргөн. Анын 15 жыл жүргүзгөн экономикалык саясатына элдин берген баасы эл аралык финансы уюмдарыныкынан таптакыр башка болчу.
Эл аралык финансы уюмдарынын программалары туура болуп, ал экономиканын өнүгүүсүнө дем берип, даба болуп кеткенде, донорлор берген доллардын ар бири экиден тууп, Кыргызстан оңолуп кетмек. Донорлор өздөрү да берген акчаларын кайтарып алышмак. Эл аралык финансы уюмдарынын Кыргызстандын экономикасында реформа кылбаган жери калган жок, а бирок негизгисине келгенде, ал кайпактап, кыйгап өтүп кетти. Алар, башкасын айтпаганда да, Кыргызстандын тышкы карызы кооптуу деп эсептелген чектен чыгып кеткенин да байкабай калгандыгын белгилей кетүү зарыл. Мен, мисалы, бул тууралуу алардан бир кыйла эрте - 1997-жылы эле жазып чыккам. Билбей калышты деп айтайын десең Кыргызстан ошол жылдары алган акчалардын 90% эл аралык финансы уюмдардыкы болгон экен.
Эл аралык финансы уюмдарынын программалардын эң негизги кемчилиги алардын экономиканын "оорусуна" диагнозду туура кое албагандыгында, экономика эмнеден аксаса, ошону көрө билбегендигинде жатат. Кыргыз экономикасы, алар айткандай, менчиктештирүүнүн жакшы жүрбөй жатканынан эмес, элементардык нерседен - тартиптин жоктугунан (мыйзамсыздык) жана коррупциянын өсүп кетишинен оңоло албай жаткан. Ал болсо өз кезегинде бийликтин бир колго топтолушуна, президенттин эч кимдин алдында жооп бербешине, ал өзүм билемдик кылып каалаганын жасашына, элди экиге бөлүп, өз жакындарына жана анын тилин уккандарга каалагандай шарт түзүп берип, ал эми калгандарына кайдыгер мамиле мамиле жасап, каяша айткандарды куугунтуктоого айланышына байланыштуу болгон. Мен бул жөнүндө "Кризистен кризиске чейин өнүгүү (экономикалык реформалар эмне үчүн натыйжа берген жок)" деген макаламда кеңири токтолгом. Бул жерде мен бийлик бир колго топтолгон өлкөлөр Африкада жана Азияда да көп экенин, аларда да эл аралык финансы уюмдары жүргүзгөн реформалар биздегидей болуп жыйынтык бербей жатканын кошумчалай кетмекчимин.
Экономиканын жакшы иштебей жатышы үчүн биринчи кезекте, албетте, биз, кыргызстандыктар, өзүбүз айыптуубуз дечи . Конституцияны туура оңдоп, элди ойлогон бийлик системасын түзгөндө абал азыркыдай болбойт эле. Бирок анда эл аралык финансы уюмдарынын күнөөсү жок бекен? Эмне үчүн алар экономиканын иштеп кетишине реалдуу жардам бербеген программаларды таңуулашат? Эмне үчүн экономиканы оңдой албаган өкмөткө акча берип, Акаевдин режиминин өмүрүн узартышат? Коррупцияланган бийликти каржылоо коррупцияны колдоо менен барабар да? Эгерде алар акча бербей койсо, бийликтин айыбы ачылып, эл эрте түшүнүп, жыйынтык да эрте чыгарылмак. Революция тезирээк болушу мүмкүн болчу.
Эл аралык финансы уюмдарынын программалары экономиканы оңдомок тургай, анын "оорусун" күчөтүп, кыйроо абалына жеткирерин батыштын айрым адистери да сезе башташты окшойт. 1999-жылы АКШнын конгресси белгилүү окумуштуулардан жана тажрыйбалуу практиктерден комиссия түзүп, ал болсо эл аралык финансы уюмдарынын программаларынан 12 пункттан турган кемчилик таап чыккан. Алардын биринде аталган уюмдар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына жөнсүз кийлигише берери айтылат. Комиссия фонддун берген акчалары бийлик балансын бузуп, аткаруу бийлигини ролун күчөтүп жиберерин баса белгилейт.
Айтылгандардан жыйынтык чыгара турган болсок, программалык займдар, программалардын өздөрү туура болбогондуктан, өлкөгө жетишерлик пайда берген жок. Алардын бир бөлүгү жөн эле жеп-ичкенге кетип калды. Экономика иштебесе, берилген акчанын бири экөө болуп көбөйбөсө, алардын кайтарымы болбосо, жеп-ичкенге кеткени ошол да. Экинчи бөлүгү, албетте, экономикага жукту. Ал, аз да болсо, өсүш болгонунан көрүнүп турат. Бирок ал акчалар айланып келип бийликтегилердин чөнтөгүнө түштү. Акаевдин экономика боюнча кеңешчиси А.Ослунддун айтымында, Акаевдин үй-бүлөсүнүн 1 млрд. доллар байлыгы бар. Анын уулу менен күйөө баласы бийликти пайдаланып, мамлекетти уурдашпаса, гениалдуу бизнесмен болуп кетишсе дагы, мынчалык кыска мөөнөттүн ичинде анча акча топтой алышпайт болчу да.
(Уландысы 7-бетте)




  Алло-о, саламатсызбы...

Дүйшөн Чотонов:
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү каза болду"
- Дүйшөн мырза, массалык маалымат каражаттарында Ата Мекенчилер Таласка эл менен жолугушууларды уюштурганы кетти деген кабар тараган эле. Анан жолугушуулар кандай өттү, элдин маанайы кандай экен?
- Ай карындашым, биз Таласка башка иштер менен бардык, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү каза болгон, ошо партиялашыбызга топурак салып эле кайра кайттык. Аны да айрымдар саясатташтырып жиберишиптир. Эми ушул туура эмес да.
Суроо салган Гүлбарчын Якубова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan