Дүйнө окшош

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз жарандарынын укугун коргоо жаатында мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун, Турсунбек Акундун да салымы чоң. Бирок эмнегедир аты аталган эки инсан, бири-бирине карата дайым оппозицияда болуп, сын айтып келишет. Экөөнүн бири-бирине болгон оюн угуп, окурмандар күбө болсун дедик.
Турсунбай Бакир уулу:
"Турсунбек Акун менин эгизим болгусу келет"
- Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун түптөлүшүнө жана эл арасында кадыр-баркка ээ болуусуна сиздин чоң салым кошконуңузду саясый чөйрө жакшы билет. Бирок экинчи мөөнөткө болгон шайлоодо депутаттар сизди эмес, Турсунбек Акунду шайлашты. Мунун сыры неде деп ойлойсуз?
- Мен өзүмдүн талапкерлигимди экинчи жолку шайлоодо койбой эле коеюн деп жаткам. Дүйнөлүк практикада да эки жолу Акыйкатчы болуп иштегендер өтө аз экен. Себеби карапайым калк көбүнчө жогорку жактагылардан жабыркап кайрылышат. Алардын укугун коргош үчүн бийликтеги өзүңдүн жакын жана тааныш адамдарың менен мамилең бузулат экен. Азыркы депутаттарга таарынычым жок. Бакиев эмне десе ошону аткаруучулар экенин баары жакшы билишет.
"Ак жолчулар" өздөрү деле "биз партиянын жөн гана жоокерлерибиз" деп ачык айтып жүрүшөт. Буларды күнөөлөй албайм.
- Турсунбек Акун сизден кечирим сурап чапан, калпак кийгизейин деп чакырып жаткан турбайбы. Эмне үчүн барбай жатасыз?
- Ортомчуларды жиберип, чакырганы чын. Биринчи менден кечирим сураганды коюп, укук коргоочу болуп, Ак үйдө отурганда маселелериңерди чечип берем деп, 2007-жылы Экинарындык эжеден 2000 доллар сураптыр. Асанбек деген кишинин үйүн саттырып досу аркылуу 15000 доллар алыптыр. Алган парасын өздөрүнө кайтарып берип, ошолордон кечирим сурасын. Жабырлануучулардын арызы менде жана Адахан Мадумаровдо, К. Бакиевде, Элмурза Сатыбалдиевде турат. Алар бул маселени кандай чечет, көрө жатарбыз. Экинчиден гезит бетиндеги "акыйкатчы институтуна дамбалчандар менен сакалчандар толуп кетти" - деген сөзүнө факты таап, элге ачык отчет берсин. Андан тышкары жеке абийириме тийишип, 3-4 аялы бар деген беймаани ушактарды таратып жүрдү.Ушул сөздөрү үчүн да ММК аркылуу кечирим сурасын, элге отчет берсин.
- Азыр эмне менен алектенип жатасыз?
- Планымда кыргыз мамлекетиндеги саясый иштер боюнча 4 китеп жазсамбы дегем. Биринчи китебим "Акыйкат тамчылары" деген ат менен жарык көрдү. Эки жумадан кийин бетачары болот. Китептеримде бардык чындыкты, бийликтин өзгөчө окуялары, финансисттердин иши жөнүндө элге ачык-айкын айтып берем. Ошондой эле 29-мартта ЭРК партиясынын 15-курултайын өткөрөбүз. Ошого даярдануудамын. "Альтернативдик кыймыл" түзөйүн деп жатам.
- Ал кыймылдын максаты кандай?
- Жетекчи эмес, системаны өзгөртүү керек, болбосо ким келбесин эч нерсе өзгөрүлбөйт, реалдуулук ага далил.
- Бүгүнкү күнү оппозициялык күчтөр коомдук парламент түзүшүп, биригүүгө аракет кылып жатышат. Биз сизди алардын арасынан эмнегедир көрө алган жокпуз?
- Алардын ою бар болгону бийликтеги жетекчини алмаштыруу. Менин жеке өзүмдүн ыймандуу программаларым менен иш алып бара берем.
- Президент сизге башка жумуш сунуштаса барасызбы?
- Мага сунуштабай эле КР "Акыйкатчысы жөнүндөгү мыйзамдын 6-статьясынын 11 пунктуна ылайык, милдеттүү түрдө мөөнөтүм толук аяктагандан кийин кызмат бериш керек. Бул боюнча президентке 2008- жылдын 14-февралында арыз жөнөттүм.
- А Турсунбек Акун экөөңүздөрдүн тең коомчулукта татыктуу ордуңуздар бар, бирок дайыма эле бири-бириңерди жактырбай ММК аркылуу айтышып жүргөнүңөргө күбө болуудабыз. Экөөңөрдүн ортоңорду качан кара мышык аралады эле?
- Мен да түшүнбөйм, мурдатан эле мага окшошкусу келе берет. Ал тургай мен фамилиямды өзгөрткөндөн кийин ал да Турсунбек Акун болуп алды. Кумир тутканына рахмат. Бирок аша чапты. Бул "атың чыкпаса жер өрттө" деген адам. Себеби, Баткен окуясы болуп жаткан убакта, "барымтадагы" адамдарды бошотоюн деп талибандарга сүйлөшкөнү барсам, менин артыман, "Жок, мен бошотом" деп Япониянын журналисттерин алдап, Б.Жанузаковдун жардамы менен Пакистанга өтүп кетиптир. Талибандагылар мага бир мамлекеттен эки элчи жиберген президентиңер кандай? Экөөңөрдүн атыңар да окшош экен деп, бир чети шылдыңдап, бир чети мени мууздап өлтүрүп кое жаздашты. Акун менин эгизим болгусу келе берет. Мурун Акаевдин убагында адам укуктарын коргоо боюнча комиссиянын төрагасы элем, жабылган ал орунду Курманбек Бакиевди, Дастан Сарыгуловду, Үсөн Сыдыковду алдап, укук комиссиянын төрагасы деген кызмат ачтырып алды. Андан кийин акыйкатчы болсом ал да Акыйкатчы болду. Эгерде менин ордума Турсунбек Акундай мал доктур эмес, башка адам келсе туура болмок. Менин да, анын да канчалык деңгээлде адам укугун коргой аларыбызды убакыт таразалайт. Мыйзам боюнча акыйкатчы боло турган адам эки тилде эркин сүйлөп экзамен бериш керек. Экзамен да бердиришкен жок. Себеби, ал өтпөй калмак. Бир кичинекей катта 17 катасы бар экенин депутаттарга айтып, жазган катын көрсөткөм. Мынчалык сабатсыз адамды көргөн эмесмин. Турсунбек Акун элге "Мен баары бир өтөм, Бакиевдин колтугундамын" - деп ачык эле айтыптыр.
- Мурда сиз менен иштешкендер ал жакта иштеп жатышабы?
- Өзү айткандай кыскартуулар башталыптыр. Ал тургай декреттегилерди да кыскартып жатыптыр. Бул мыйзамда жок. Мен беш жыл ичинде Акыйкатчы институтуна жалаң ишине берилген жаш адистерди, бардыгын конкурстун негизинде алып келгем. Азыр ал даяр тажрыйбалуу кадрларынан айрылып жатат. Татыктуу кадрларды кайра таба албайт. "Каалайсыңарбы, каалабайсыңарбы Турсунбай Бакир уулунун командасы кеткиле" деп буйрук бериптир. Мен аларга кетпегиле деп жатам. Себеби, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда ар бир мамлекеттик кызматкер жетекчинин мыйзамсыз аракеттеринен корголгон. Бирок кээ бирлери буга теңелбейли деп арызын жазып кетип калышыптыр.
- Бири-бириңиздерди сотко бердиңиздер эле, жыйынтыгы кандай болду? Же арызыңыздарды кайра алдыңарбы?
- 2002-жылы кош палаталуу кеңеш биринчи Акыйкатчыны шайлап жатканда 7 талапкерден мени тандап алышкан. Турсунбек Акун 2 эле добушка ээ болгон. Бирок таарынычын менден чыгаргысы келдиби, ошондон бери мага жалаа жаап, ушактап жүрөт. Бирок мен 5 жылдан бери жооп берген эмес элем, качан гана Акыйкатчы аппарат кызматкерлеринин абийирине тийише баштаганда, алар менден суранышты. "Мейли, сиздин абийириңизге тийишкенде жооп бербедиңиз, биздин абийирибизге тийишкенде жооп бербейсизби?" деп кайрылышты. Ошондо гана бардык ушактарын топтоп, жооп берүүгө туура келди. Орозо айында кечирим сурасаңыз кечирем дегем. Бирок кечирим сурабады. Ошондуктан сотко кайрылганга мажбур болдум. Чындыкка чычалап, ал да сотко берди. Арызыбызды алган жокпуз. Кандай чечилет, билбейм.
Маектешкен
Майрам Шарипова




Акыйкатчы Турсунбек Акун:
"Турсунбай Бакир уулуна чапан жабайын дегем…"
- Турсунбек мырза, Акыйкатчы кеңсесине келээриңиз менен эле Турсунбай Бакир уулунун кадрларын иштен айдап жатыптыр деп уктук. Ушу чынбы?
- Структура менен таанышып, кереги жок кызматтардын бар экендигине күбө болдум. Мисалы, мында Акыйкатчынын төрт кеңешчиси бар экен, мага экөө эле жетишет. Мен бул жердеги коллектив менен жолугуп, кыскартуу керек экендигин айттым. Бул сунушумду эмгек жамааты туура кабыл алды. Кыскартканыбыздын жакшы жери айлык акы көбөйөт. Азырынча облустардагы структураларды кармап, бара-бара ар бир райондо Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачып, учуру келгенде ар бир айылдарда да ачсакпы деп пландап жатабыз.
- Акыйкатсыздык менен келген парламенттеги "Ак жол" фракциясы Акыйкатчы кылып сизди шайлады. Эми Кыргызстанда кандай акыйкаттык болоор экен дегендер көп?
- Акыйкатчылыкка көрсөткөнү үчүн Бакиевге өзүмдүн ыраазычылыгымды "Аалам" аркылуу билдиргим келет. Мага ишеним көрсөтпөй, менден башкага деле ишеним көрсөтүп койсо болот эле да. Экинчиден, жалгыз "Ак жолдун" колдоосу менен өттү дегенге мен кошула албайм. "Ак жол" мага 30-40тай гана добуш берди. Мени Социал-демократтар да, Коммунисттер да колдогонун айтып кетишим керек. Ошентип, мен 3 фракциянын колдоосу менен Акыйкатчы болдум, так что мен жалгаз эле "Ак жолго" милдеттүү эмесмин. Керек болсо, шайлоо күнү "Ак жолдун" бир тобу мага каршы болушту.
- Азыркы спикер мамлекеттик катчы болуп турганда, сиз аны дайым сындап, экөөңүздөрдүн ортоңуздарда пикир келишпестиктер болуп келгени маалым. Сизди шайлоодо Адахан мырза кандай позицияны карманды?
- Мага каршы көмүскө аракеттерин сезип жаттым, колунан келбесин сездиби, айтор, ачык каршы чыкканга батынган жок. Аягында мага куттуктоосун айтты, анча-мынча сын-пикирлер болду.
- Турсунбай Бакир уулу экөөңүздөр бир ал сотко берип, бир сиз сотко берип аттыңар эле, бул соттошмойлордун аягы эмне менен бүтчүдөй?
- Мен 21-февралда парламентте ант бердим. Мен Турсунбай Бакир уулун офиске атайын чакырып, чапан, калпак кийгизеймн дегем, бирок ал келген жок. Ушул убакка чейин күтүп, телефон чалдырып чакыртсам да келбей жатат. Өзү келип, кабинеттин ачкычын өткөрүп берип кетсе болот эле да. Азыр деле чакыртып атам, келип кетсин же мен барайын деп. Элдешип алалы да, туурабы? Менин сөздөрүмдү уксун, туура түшүнсүн, туура жыйынтык чыгарсын да. Мен ал менен жолукканга дайым даярмын!
- Сиз элдешүү демилгеси менен чыгып жатыпсыз да?
- Ооба, атүгүл Турсунбай Бакир уулу былтыркы жылдагы "отпускноюн" да албаптыр, 48 миң сом алсын деп кол коюп бердим. Биринчи кабатка атайын галерея уюштуруп, Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы деп Турсунбайдын сүрөттөрүн чаптаттырайын деп жатам. Кандай болгон күндө да, Турсунбек менен Турсунбай башкалардай жетим эмес, жуп саясатчылардан. Экөөбүз бири-бирибиздин кемчилигибизди айтып, атаандашып турганда гана өсүү, өнүгүү деген болот. Мен кеткенден кийин башкалар менин сүрөтүмдү чаптаса чаптасын, чаптабаса койсун.
- Мыйзам боюнча Акыйкатчы мөөнөтүн толук иштеп бүтүп, кызматын өткөргөн убакта ага мамлекет тарабынан кызмат берилиши керек. Сиз бул маселеде эски Акыйкатчынын укугун коргойсузбу?
- Мыйзамда бар, ошол мыйзам туура эмес болуп жазылып калган деп ойлойм. Эми акыйкатчы өзгөчө киши эмес да, кызмат берилгидей.
Маектешкен Аида Асанбек кызы