Коомдук-саясый гезит
№26, 29.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Ойгон, кыргыз!

Тегин билбеген кыргыз - КУЛ!
Жер бетинде жашоо пайда болгондон баштап бардыгы: өсүмдүктөр, жаныбарлар, тоо-таш, суу, аба, дегеле жаратылыштын баары табияттын гана мыйзамы менен жашап келатат. Кыргыздар илгертен бери эле адам баласын табияттын бир түзүүчүсү катары таанышкан, башкача айтканда адамзат табият менен ажырагыс бүтүндүктө жашап келет. Адамзаттын жашоосу да табияттын мыйзамына баш иет. Жашоо үчүн күрөш дегендей, күчтүүлөрү жашоого татыктуу болуп, алсыздары жок болууга (өлүмгө) дуушар болот.

Жок болуп кетүү коркунучу кыргыздын маңдайында бакырайып оттой жанып турса да, кыргыздын кебелбей жатканы ай…

Эл-журттун, Мекендин көйгөйлөрү четке кагылып, "Үзөңгү-Кууш", "Сох" кетсе кетсин, менин курсагымды тойгузган жумушумдан айрылбасам эле болду" деген түшүнүк жашоонун мыйзамына айлана баштады.

Эл башына бүгүн "КИМДЕР" келди? Эл-журттун, Мекендин кызыкчылыгы четке кагылып, жеке кызыкчылык болуп көрбөгөндөй кыргыздын хан-ордосунда гүлдөп чыкты.

Өсүмдүктөр (же жаныбарлар) ар кандай түрлөргө, типтерге, класстарга бөлүнгөндөй эле адамзаты да бири биринен айырмаланып, өзгөчөлөнүп турган топторго: расаларга жана улуттарга бөлүнөт. өсүмдүктөрдүн (жаныбарлардын) ар бир түрү өзүнө гана таандык болгон жашоо шарттары жана чөйрөсү менен өзгөлөрдөн айырмаланып тургандай эле адамзаттын жашоосунда ар бир улут бөлөк улуттардан өз эне тили, маданияты, каада-салты, дүйнөтаанымы, тарыхы жана теги менен айырмаланып, ошол өзгөчөлүктөрүн толук сактап, баалаганда гана улут болуп аталып келет.
Тарыхтан билебиз, көптөгөн улуттар толугу менен жоюлуп жок болуп калган. Мунун себеби ошол элдердин тукуму курут болуп кырылгандыгында эмес, алар бөлөк элдердин (улуттардын) тилинин, маданиятынын, салтынын, дүйнөтаанымынын үстөмдүгүнө туруштук бере албай, ошол бөлөк элге сиңип, өз аты аталбай, тили, тарыхы унутулуп, салты, дүйнөтаанымы, дини өзгөрүлүп, илимдин тили менен айтканда ассимиляция болуп кеткендигинде.
Кыргыз элинде абалтан айтылып келген сөз бар: "Тегин билбеген адам - кул"- деген. Мунун мааниси, өз ата-тегин билбеген адам кайсы элге (улутка) таандык экенин билбейт, демек өзүнүн тилин, салтын, тарыхын, дүйнөтаанымын, дегеле өзү ким экенин билбейт. Кыргыздар мындай адамды эли жок же элинен ажыраган, демек эрксиз, жеке керт башын ойлогон, курсактын жана кекиртектин малайы, КУЛ деп аташкан.
Кул эрксиз дегени, ал жеке кызыкчылыктан башка эч нерсени көздөбөйт. Ал эми кыргыз эли илгертен бери элдүүлүгүн сактап жамаатташып жашап келген. Үй-бүлөлөр тукумга биригип, тукумдар урукка биригип, уруктар урууга биригип, уруулар канатка биригип, канаттар биригип кыргыз элин түзгөн. Ар бир кыргыз өзүн элдин ажырагыс бир бөлүгү катары эсептеп, баары бириккенде гана бир бүтүн организмди түзөөрүн билип, жеке кызыкчылыктан элдин (жердин) кызыкчылыгын жогору коюп, элдүүлүктү ыйык тутуп келген.
Ошондой ынтымактуу, биримдиктүү элдин башында албетте, бийликтин күчүн өз кызыкчылыгына эмес, Эл-журттун, Мекендин кызыкчылыгына жумшаган, эрки күчтүү Элдик кишилер кызмат өтөп келген. Адам баласынын табиятында "Эго" (өзүмчүлдүк) сезими жаралганынан баштап, өлгөнгө чейинки жашоосунда негиздүү орунду ээлейт. Ошондон улам пенде деген түшүнүк келген. Эрки күчтүү гана адам өзүнүн "Эгосун" тыйып, күнүмдүк пендечилик жашоонун сазына батпай, түбөлүктүүлүктү, элдүүлүктү самап, улуу иштерге бара алат.
Мына ушундай асыл сапат, касиет кыргыз элимди кылымдардан бери сактап, улутубуздун улуттугу жоголбой, нечен кылымдарды карыткан тарыхка ээ болуп, ушу күнгө чейин эгемендүүлүктү жоготпой келдик.
А бүгүн болсо, кыргыздын башына мүшкүл түшкөн абалдабыз. Элибиз бөлөк элдердин маданиятына, тилине, салттарына, динине, дүйнөтаанымына сугарылып жатканы аз келгенсип, бабаларыбыздан мурасталып келген Рух-дөөлөттөрүбүздү жерип, эне тилибизди чанып, Мекенибизди кемитип, маңкурт болуп баратпайбызбы!
Эл башына бүгүн "КИМДЕР" келди? Эл-журттун, Мекендин кызыкчылыгы четке кагылып, жеке кызыкчылык болуп көрбөгөндөй кыргыздын хан-ордосунда гүлдөп чыкты. Кыргыздын тилин, тарыхын, дүйнөтаанымын билбеген, салтын, маданиятын, дөөлөт-мурастарын барктабаган эрксиз "кулдар" элибиздин байлыктарын (жер, суу, кен ж.б.) талап, тоноп, сатып, кекиртек-курсактарын толтурушуп, келечегибизге балта чаап, эгемендүүлүгүбүздү сатыкка (приватизация) коюп, бал тилге салып, жок келечекти элибизге тартуу кылган "кулдар" тагдырыбызды чечип жатышат.
Атаны көрүп бала өсөт дейт, элдин башында турган "КИМДИ" көрүп эл кимге айланат. Тилин, тегин, тарыхын, маданиятын, каада-салтын, дүйнөтаанымын, дөөлөт-мурастарын унутуп, бара-бара билбей калып, элдүүлүгүн, улуттугун, эгемендүүлүгүн жоготуп, башка элдердин курамына кирип, өз аты аталбай алардын ичине сиңип жок болуп (тукуму курут болуп кырылып эмес) кетүү коркунучу кыргыздын маңдайында бакырайып оттой жанып турса да, кыргыздын кебелбей жатканы ай…
Батыштан келген элибизге жат болгон, "демократия" деп атанган, адам укугун туу кылып, ар бир кыргызды өзүмчүлгө айланткан идеология кыргызды бүгүн бийлик-оппозиция, бай-кедей, исламист, баптист, мунист, атеист, трайбалист, түндүк-түштүк, адам укугу, аял укугу, бала укугу, деп үй-бүлөлөрдү да бөлүп жарганга чейин баратат. Кыргыздын аң-сезимине батыштын өзүмчүл касиети орногондон баштап Эл-журттун, Мекендин көйгөйлөрү четке кагылып, "Үзөңгү-Кууш", "Сох" кетсе кетсин, менин курсагымды тойгузган жумушумдан айрылбасам эле болду" деген түшүнүк жашоонун мыйзамына айлана баштады. Ошондон улам, күнүмдүк курсактын айынан элибиздин шайлоолордо сатылып жатканы, элдин добуштарын акчага сатып алган төбөлдөрүбүз кызмат кылуунун ордуна мамлекеттин (элдин) эсебинен шайлоодогу жоготууларын толуктап, андан тышкары байып жатканы, шайлоодон өтпөй калып, көздөгөн орундарына жетпей калгандар пикет-митингдер менен элди бөлүп жаруусу, Оң менен Солду бириктирип Ичкиликке тукуртканы ж.б. көптөгөн мисалдар улут деп аталган кыргыз эл деген бүтүн организмдин бузулушун далилдейт.
Келечекте жок болуп кетпей, сакталып калабыз десек, элибиздин "Кыргыз" деген табиятын жандандырып, кайра жаралышыбыз зарыл. Тарыхка кайрылып, тегибизди билели. Союз доорунда баскынчыл саясатка ылайыкталган жасалма тарых эмес (кыргыз 16-кылымда калыптанган жапайы, маданиятсыз, сабатсыз, караңгы эл, деген), 6 миң жылдан ашуун мезгилди камтыган улуу тарыхыбызды билели. Элибиздин дүйнөтаанымын жана табият менен ажырагыз жашоосунун талабы катары табигый мыйзамы болгон каада-салтын билели.
Кыргыз ак калпагын башынан түшүрбөй кийип келген, өзгөчө баалап келген. Калпактын чокусу - ак мөңгүлүү Ала-тоо, калпактын кыры - Ала-тоону мекендеген кыргыз эл. Батыштын элдериндей кыргыздар эч убакта ак калпагын бөлөк элдин алдында чечкен эмес, жана ылдый койгон эмес, анткени, ар бир кыргыз Мекенин - ак мөңгүлүү Ала-тоосун жана эли-журтун (калпак) өз башынан, жеке кызыкчылыктан жогору, бийик жана ыйык тутуп келген. Кыргыздын ак калпагынын жоголушу - кыргыздын өзүнүн жоголушу деп түшүнгөн.
Демек, биз бүгүн эл катары сакталып, келечекте кыргыз деген атыбыз өчпөй, түбөлүктүүлүктү кааласак, анда кыргыз болуп төрөлүү аздык болот, кыргыз боло билели. Кыргыздын коом түзүлүшү жана башкаруу тарыхый тажрыйбасына кайрылып, бүгүнкү мамлекеттик деңгээлде туңгуюкка такалган абалдан чыгуунун жолун өзүбүздөн, бай тарыхыбыздан, элибиздин арасынан чыккан улуу инсандардын акылмандуулугунан гана издеп таап алабыз деген терең ишеним келечекке үмүт берет.

"Бакдөөлөт" коомдук
фондусунун жетекчиси

Мелис Мураталиев




  Учур кеп

Адашпа, түркүн улутка кыргыз!
Өзүңдөн өзүң бөлүндүң кыргыз,
Бириңе бириң сөгүндүң кыргыз
Алданып акча жолуна кыргыз,
Бириңди бириң өлтүрдүң кыргыз.

Ата салтын унуттуң кыргыз,
Батыштын салтын пир туттуң
кыргыз.
Аракка өзүң алдырып кыргыз,
Өзүңдү өзүң жок кылба кыргыз!

Өзүңдү өзүң жек көрдүң кыргыз,
Бийликтүүгө жүздөндүң кыргыз.
Батыштан үлгү аламын деп,
Ар намысты унуттуң кыргыз.

Ата-эне сыйлоо жок болду
кыргыз,
Баласын таштоо көп болду
кыргыз.
Ажырашып башканы алып,
Өзүңөн кетип, көптүң сен кыргыз

Жети атаңды унуттуң кыргыз,
Шайтандын жолун туу туттуң
кыргыз,
Адашып түркүн улутка кыргыз,
Акыры барып уу жутпа кыргыз!

Улуулукта ак жүрчү кыргыз,
Өзүңө өзүң сак жүрчү кыргыз,
Ата-тегин так билип кыргыз,
Туура жолго түшөлү кыргыз.

Атың сенин ыйык кыргыз,
Салтың сенин улуу кыргыз,
Мындан кийин Кудайым колдоп,
Жер жүзүндө бар болчу кыргыз.

Атыбыз алыс угулсун дейли,
Ишибиз оңго бурулсун дейли,
Манас ата арбагы колдоп,
Дүйнөгө башчы бололу дейли...

Барчын


Кыргыз жери

Сайында суулар агат, өскөн
токой,
Төмөндө мал жайылып,
жүрөт оттой.
Жогору көтөрүлсөң сени ээрчип,
Узатат арча кайың жылгын
коштоп.

Таң ата суусундукка саамал
жутсаң,
Жыргайсың боюң балкып,
чериң жазып.
Андан соң сыртка чыгып, аба
жутуп,
Сергийсиң кубаттанып,
демиң ысып.

"Жайлоо" деп кыргыз эли
тамшанышат,
Жайлоодо ак ичишет, эс алышат.
А бирок кыргызымдын жерине
окшош,
Жерлер аз салыштырсам
ушул күндө.

Алатоодо кенен жашап
кыргызым,
Кесе сунат балдай таттуу
кымызын.
Таштан ташка чуркап ойноп
балдары,
Дене чыңайт, күчтү жыйнайт
уул-кызың.

Акун Мырзакулов,
Токтогул районунан
чыккан акын












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan