Томуйган чеке кайра томуябы?

Жаңы шыпыргылар,
жаңы шыпырындылар.
Экс-премьер А.Атамбаев өткөн жылы капыл-тапылынан өлкөнү азык-түлүк кризиси баскан маалда - нан менен унга болгон баа 2-2,5 эсеге секирик жасаганын - ЖК депутаттарынын алдында чыгып сүйлөп, айтылуу "проморгалисин" жарыялагандан бери жарым жылга чукул убакыт өтүп кетиптир.

"Проморгали" окуясы 2007-жылдын сентябрынын башында болгон эле (10.9.2007), азыр 2008-жылдын 29-февралы. Андан бери көп суу акты. Эски парламент куйрукка тебилди, ордуна чоң "ложка" келди. Өкмөт алмашылды. Авторитардык режим орноду. Жаңы шыпыргылар,ошентип, жаңыча шыпыра башташты. Тилекке каршы, жаңы шыпыргылар келгени менен экономикада кенедей да жандануу байкалбайт, төтөн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тыңгылыктуу иштерди көрүү кыйын.Ошол эле А.Атамбаевдин тушундагы таз кейпибизден жанбай кедерибизден кетип баратканыбыз бараткан.
А.Атамбаев ЖКда чыгып сүйлөгөнүндө болору болду, эми келечектин камын ойлоп азык-түлүк кризисин алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүү зарыл деген эле. Алардын орчундуусу " скорейшее реформирование существующей системы управления, с четким разделением полномочий и сфер ответственности, конкретными целями и задачами. Такая работа будет проведена по каждому министерству и ведомству, в самом аппарате правительства"-деп көрсөткөн болчу экс-премьер. Эски өкмөт болсо кеткен. Жаңы келген. А.Атамбаев айткан "бир жакадан баш чыгаруу", ар бир министр өз ишин беш колундай билген багытта иш жүргүзүү боюнча жылыштар болдубу? Жапа тырмак иш алып баруу аракеттери көрүнөбү? Тилекке каршы, андай позитивдүү көрүнүштөр байкалбайт. Баягы эле ар бир министрлик менен ведостволор өз өзүнчө кыйын болуп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жатканы көрүнөт.
Эски өкмөттүн депутаттарга берген отчетунда дагы бир пункту менен мамлекеттик материалдык резерв агентствосуна эгин сатып алуу боюнча дан экспорттогон өлкөлөр менен узак мөөнөткө келишим түзүүнү колго алуусу сунушталган эле. Мындай чара кризисти алдын алууда натыйжалуу кадамдардан болмок. Асыресе, өз учурунда айтылган ал орундуу сөз азыр таптакыр унутулду. Аны эскерип койгон өкмөттө адам жок.
Мамлекеттик матрезерв фондусу кампадагы дан эгини эңшерилип өп-чап эле калганын, нан менен унга болгон баанын жаңы секириги кажетсиз болорун айтып, оозун кургак чөп менен сүртүп турган кези. Бир жарым ай мурун өкмөттүн жыйынында жаңы премьер-министр И.Чудинов коңшу Казакстандан алдын ала 40 миң тонна дан эгинин сатып алуу үчүн казнадан акча бөлүнгөнүн айткан эле. Асыресе, андан бери кыйла убакыт өтсө дагы матрезерв Казакстандан эгинди ташып келгенди мындай кой, эмдигиче келишим түзө элек экен.Эми араң сүйлөшүүлөрдү баштаган имиш. Матрезервдин кашаңдык кылып жатышына кимдер каскак.? Баягы өнөкөт оору: күнөө бизде эмес, башкаларда... Матрезерв фондусу менен анын башчысы Рахмонов кетирген шалаакылыкты "Белый пароход" басылмасы ачыктан ачык эле "агрессивдүү саботаж" деп атады. Ошентип, кечөөкү тарых бүгүн кайра кайталанып жатат. "Проморгалинин" экинчи этабы баштала турган көздөнүп калды. Деги жалкый турган көрүнбөйбүз. Өткөндөн сабак алуу деген бизде болбойт. Оозу күйгөн айранды ууртап ичээрин өкмөттөгүлөр билишпейби деп кетесиң.
Кыргыз чиновниктери антип-минтип ыңгыранып көчүгүн үстөлүнөн көтөргөнчө Казакстандын айыл чарба министри Акматжан Есимов "марттан баштап дан эгиндеринин экспортуна чектөө киргизебиз" деп билдирди. Андан бир аз илгери Россия дан эгинин тышка-КМШ өлкөлөрүнө ташып чыгарып сатуу боюнча бажы пошлинасын 40% көтөргөн болчу. Алардын өзгөлөргө карата жасалган "дискриминациялык" аракеттерин түшүнсө болот дечи--өздөрүнүн калкынын камын көрүп ички рыногун коргоп калууну көздөп жатышат.
А.Есимов экспорттук чектөө киргизүү боюнча айтып оозун жыйгыча дүйнөлүк товардык-дан эгиндер биржасында чоң өзгөрүү болуп кетти.Чикаго биржасындагы акыркы соода-сатыкта жогорку сапаттагы "катуу" буудайга болгон баа өскөнү билдирилет.Данга болгон баа 8% ке көтөрүлүп, бир бушели 11,99 долларды түзүп калганын РБК информагентствосу кабарлайт. Эксперттердин айтымында бул биржадагы рекордук көрсөткүч. Алар дан эгиндеринин дүйнөдөгү ири экспертерлордун жетөөнүн бири болгон Казакстандагы К.Есимов жарыялаган чектөөлөр менен байланыштырышты.Экинчи жагынан дүйнө рыногундагы дан эгиндерине болгон тартыштык дагы өз таасирин тийгизгенин белгилеп жатышат.
Ошентип, дүйнөлүк рынок кылт эткен өзгөрүүгө карата сезимтал реакция жасап турган жайы бар. Эгер бир аз буйдала түштүң болду, ач талаада кур каласың. Биздин өкмөттүн чиновниктерине окшоп ыңгыранып турса майнап чыгып, эл жарып кетпеси айкын. 1-марттан кийин Кыргызстандын дан эгиндериндеги кем -карчын толуктап турган Казакстандан пландашылган 40 миң тонна дан эгинин эски баасында сатып алышыбыз арсар болуп калды. Алсак да 3-4 эселеген жогорку баада алууга туура келет.
Экономист-аналитиктердин божомолуна караганда негизги азык түлүккө болгон баа жакында секирик жасап, рекордук чекке жетиши мүмкүн. Баа көтөрүлсө керектөө корзинасынын өлчөмүнүн үчтөн экисин азык-түлүк түзүп турган бизге окшогон жакыр өлкөдө төө көтөргүс чоң оорчулук болору кажетсиз. Эгер инфляция өкмөттүн көзөмөлүнөн биротоло чыгып кетсе, анда азык түлүк кризиси саясый кризиске өсүп өтүшү оңой. Тилекке каршы, И.Чудинов баштаган өкмөттүн жасаган чалды куйду ыраатсыз кадамдарына, шалаакы иштерине баам салып көрсөң алдыдан жакшылык үмүт этүү кыйын. Бийликке өткөн жылдагы азык-түлүк кризиси сабак болбогону байкалат. Баягы эле ашмалтайга айланган өсүп эле баратабыз, мына эми жыргайбыз, аз калды-экономикада "прорыв" жасаганы турабыз деген шыпыртмалары менен популисттик куру убадалары. Бирок, бийликтин "оптимистүү" билдирүүлөрү күндөн күнгө жакырланып итке минип бараткан элдин реалдуу жашоосунда кенедей ырастоо тапканын байкоо кыйын эместир.
Ырас, кийинки кездери адаттан тыш мамлекеттик чиновниктердин "дүйнөлүк кризистик тенденцияны", "обьективдүү себептерди" бетке кармап азыркы экономикалык-социалдык жайсыз абал, алдыдагы кризис, инфляциянын өсүшү, үрөн ресурстарындагы кем-карчтык, жазгы айдоо кампаниясына болгон камылганын аздыгы боюнча "чынчыл" прогноздору көбөйдү. Асыресе, алар ыймандай сырын айтып жатканына чыпчаң ишене бербейсиң. Айткандарында өздөрүнүн компетентсиздигин жаап-жашыруу же эңшерилген экономиканын жемирилме натыйжаларын алдын алып, өзүн өзү актоо аракетине чалыштап кеткен учурлар көп. Балким, чиновниктер келечектеги кризисти алдын алууга алы жетпей калганы ачык болуп чындыкты айтууга аргасыз болуп жатышкандыр. Кантсе да акыркысында акыйкаттын үлүшү чоң.

Үсөн Касыбеков




  А-ап!

"Голубой" кочкорлор
(Башталышы 3-бетте)
Рынок экономикасында ишканага инвестиция салуу бизнестин гана иши болуп эсептелет. Бирок анда бизнесмендердин алы жетпеген, өтө эле көп суммадагы акчаны узак мөөнөткө инвестиция кылып салууну талап кылган тармактар да кездешет. Мындай тармактардын катарына биринчи кезекте өндүрүштүк жана социалдык инфраструктура кирет. Жол, cуу, транспорт, байланыш, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка инфраструктуралык тармактар жакшы өнүкпөсө, ал жалпы экономиканы артка тартып коюшу мүмкүн. Аны куруу жана жакшы абалда кармап туруу негизинен мамлекеттин милдети.
Союз урагандан кийин, бюджетте жетиштүү акча болбогондуктан, Кыргызстандын инфраструктурасы тез эле кейпинен кете баштаган. Жолдорду cуу жеп, ар кайсы жери кемирилип, урады. Мамлекеттин алы жетсе, жамаачы салганга гана жетип, жетпесе дагы жок, жол өңгүл-дөңгүл болуп, аны менен машине жүрө албай калган. Мектептердин жана ооруканалардын дубалдарынын шыбактары түшүп, полдору сынып, чатырлары тешилип, алар ремонттолбой калды. Алар азыр деле оңолуп кеткен жок, ал эми 90-жылдары абал мындан да жаман болгонун көпчүлүк жакшы билет. Донорлор ушуларды оңдоп түздөөгө жана айрымдарын жаңы курууга да акча беришкен. Программалык займдардан айырмаланып бул акчалар инвестициялык кредиттер деп аталат. 1992-2005-жылдар аралыгында 124 долбоор ишке ашырылып, ага 1388 млн. доллар бөлүнгөн. Бул экономикага салынган жалпы инвестициянын жарымын түзөт. Ал акчалардын да көбү талаага кетти.
Инвестициялык долбоорлорго мүнөздүү бир мисал келтирейин. 1994-жылы кыргыз өкмөтү менен Бүткүл дүйнөлүк банктын алдындагы Өнүгүү боюнча агенттик өлкөнүн кой чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоор иштеп чыгышат.Тиешелүү келишим түзүлүп, аталган агенттик ага 16,8 млн.доллар кредит бермей болот. Бул долбоор өлкө ишке ашырган алгачкы долбоорлордун бири. Анын документтери менен таанышып отуруп, менде ошондо эле бийликте коррупция күчтүү болсо керек деген ой пайда болду. Эмне дегенде, кредиттин 40% же 7 млн. доллары чет өлкөлүк кеңешчилерди жалдоого каралыптыр. Алар гениалдуу идея ойлоп тапкан күндө деле, мындай кредит өзүн өзү актабайт болчу. Бул проект башынан эле жеп-ичели деп түзүлгөнү көрүнүп турат.
Чет өлкөлүк кеңешчилердин айтуусу боюнча Австралиядан 290 кочкор жана 400 кой алып келишет. Ар биринин баасы машинеге барабар. Алар аны менен ошо кездеги 10 млн. койду асылдандырып чыгышмак экен. Акча аябай жалдаган кеңешчилер колхоз-совхоз тарап, майда дыйкан чарба болорун, алар жүн пайда бербейт деп, эт багытындагы койго өтөрүн, койдун саны кескин кыскарарын билишпей калыптыр. Алып келинген кочкорлор жеген чөбүн актабай, аларды эч ким албай коюп, колдон колго өтөт. Угушума караганда, жаңы бийлик аларды мурдагы президенттин агасынын короосунан таап чыккан. Саларга кой жок байкуш кочкорлор бири бирине секирип, "голубой" болгонун академик Жамин Акималиев депутат кезинде парламент трибунасынан далай какшап айтып жүрдү.
Долбоорду мурда айыл чарбасында бир дагы иш кылып көрбөгөн, ага чейин жалаң курулуш иштери менен алектенип жүргөн түрк фирмасы жетектеген. Эсептөө палатасы текшергенде бөлүнгөн акчалар максатсыз пайдаланганын далилдеген көптөгөн фактылар чыккан. Баарынан коррупцияланган министрлик айыл чарба министрлиги деп жатышпайбы. Ошо чын көрүнөт. Долбоорго деп сатып алынган машинелер, компьютерлер жана башка жабдыктар ага тиешеси жок адамдардын, анын ичинде министрликтин жетекчилеринин үйлөрүнөн табылган. Чуу чыккандан кийин Өнүгүү боюнча агенттик долбоорду кайра карап чыгып, анын бюджетин 8 млн. долларга чейин кыскартууга мажбур болгон. Ага карабай проект өкмөт тарабынан да, аталган агенттик тарабынан да канааттандырарлык натыйжа берди деп табылыптыр. Мен муну аталган комиссияда иштеп жүрүп отчеттордон өз көзүм менен көрдүм. Калп айтпасам, Кыргызстан ал кредитти азыр кайтарып берип жатат.
Инвестициялык кредиттердин бир бөлүгү коррупциянын айынан, жогоруда келтирилген мисалга окшоп, чиновниктерге жем болуп кеткен. Жем болбогондору деле өзүн өзү актаган жок. Анткени долбоорлор жалпы экономикага кызмат кылып, ал жакшы иштегенде гана, алынган акчалардын орду чыгып, кайтарымы болмок. Анын үстүндө долбоорлорду тандап алууда да субъективдүү каталар көп кеткен. Алар экономиканын приоритеттүү тармактары туура аныкталганда гана жакшы натыйжа бермек. Кыргыз өкмөтү болсо энергетиканы да, айыл чарбасын да, кайра иштеп чыгаруу өнөр жайын да, туризмди да - көрүнгөндүн баарын приоритеттүү тармак деп жарыялап, анысы аз келгенсип аларды саясий кырдаалга жараша өзгөртө берген. Акча алардын баарын каржылоого жетпей, жөн эле чачылып кеткен.
(уландысы бар)

Сапар Орозбаков,
Бишкек экономикалык анализ борборунун директору