Ыр майдан

Динара АКУЛОВА:
"Энем 20 сом пенсиясынын 17 сомун мага берип, Фрунзеге жөнөткөн"
95-жылдар болсо керек, Динара менен жайдын аптаптуу ысыгында кереметтүү Ысык-Көлдөн насип буйруп, туз-даамдаш болуп таанышып калган жайым бар. Ошол кезде эле ырчы "Айдың көлдүн аккуусундай түшкө киресиң" деп обон созуп, элге жакшы эле таанылып калган кези. Динаранын ачыла элек, эл биле элек кээ бир талантын ачып бергим келип, баарлашып калдым.

- Чыгармачылыкка кантип баш багып калдыңыз?
- Тогуз бир туугандын бешинчисимин, бирок өз ата-энемдин эмес, Асыл таенемдин таалим-тарбиясын алып чоңойдум. Бешинчи класста окуп жүргөндө эле аккардеон чертип ырдап, комуз күүлөрүн өз алдымча үйрөнүп, ар кандай кружокторго катышып турчумун.
Атам да, апам да өтө талантуу адамдар эле. Апам абдан жакшы ырдачу. Эл алдына чыгып ырдаганды каалачу, бирок андай шарт болбой, сахнага чыга албай калды. Апамдын тилегин орундаткым келдиби же өзүмдүн каалоомбу, мен ырга берилип калдым. Эң биринчи тилегим эл алдына чыгып ырдоо болду.
Энем жыйырма сом пенсия алчу. Адаттагыдай акчасын алды да, өзү үч сомун алып калып мени 17 сом менен Фрунзеге окууга жөнөткөн.
Динара Акулова ушундай бийиктикке кантип жетти?
- Эми мен жылдыз деген сөзгө абдан каршымын, жылдыз деген асманда жанган, бүт дүйнө жүзүнө көрүнгөн, бирок кол жеткис нерсе, анан биз кантип ошондой кол жеткис нерсеге тең бололу. Мени жөн гана кыргыз эли үчүн кызмат кылган ырчы Динара Акулова десе эле жарашат. Атымды эл тааныган даражага өзүмдүн ак эмгегим, маңдай терим менен жеттим деп айта алам. Ата-энемдин акчасын сапырып чачкыдай байдын же министрдин кызы болбосом, мени менен кошо чуркаган кишим болбосо, мени ушул бийиктикке жеткирген менин элим, күйөрмандарым. Ошон үчүн элиме, жериме башымды ийип, таазим кылгандан эч тартынбайм.
- Динара өзүңүздүн чыгарган ырыңыз же обонуңуз барбы?
- Мен акынмын же обончумун деп мактанып айталбайм. Бирок кээ бирде "башка түшсө, байтал жорго…" деген сыяктуу болуп калат.
Бир жолу Малика чет өлкөгө бармай болуп, жакшы чыгарылган жаңы ыр керек болуп калды. Бир-эки музыкантка тапшырсам, мына-ана деп отуруп убакыт өтүп кетип, кызым кетээр убакка жакындап калды. Эмне кылаарымды билбей балам Жанышка барып, (Жаныш Момунов М.Ш) кейип-кепчип сүйлөшүп отуруп, кайсы бир кайрыктарды өзүм эле кыңылдай баштадым. Жаныш "аны койчу, муну койчу" деп жатып экөөбүз Малика үчүн "Музыка" деген ырды обону менен жаратып алдык. Малика "Музыка" деген бул ыр менен Түркия, Болгарияга барып келди. Кийинчерээк "Махабатым", "Сүрөтүңө", "Май айы - сулуу май" деген ырларды чыгардык.
Жакында боло турган концертиме жаңы ырлардын бет ачарын тартуу кылалы деп турабыз. "Мөл булак", "Атама", "Энекем" менин өзүмдүн калемиме таандык десем болот.
- Сиз кыргыз аялзатынын, дегеле энелердин кандай болушун каалайт элеңиз?
- Гастролдо жүрүп ойлоп коем, "уйкум канганча уктап, каалаган тамактарын жасап, балдарымды бойтойтуп тойгузуп, жомок айтып отурсам" деп… Күйөөсү кор кылбаса, көңүл буруп бакса деп ойлойм. Элибизде "Алган эри жарашса, кара катын ак болот, Алган ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот" деген макал тегин жерден айтылбаса керек.

Энемдин аты Асыл болчу, "Асыл энем" деп ырдай берчүмүн
Аялзаты гүлгө окшош назик, сезимтал, жароокер жан. Ошол гүлдү соолутпай, сезимдерин өлтүрбөй, назик жанды калкалап багып алсак, ээ мырзалар.
- Сиз кайда, кандай эс аласыз?
- Дагы деле гастроль, чет жер демекчи, ар кай жерде жүрүп, үйгө жеткиче эки көзүң төрт болот. Жайында өзүбүздүн касиеттүү Ысык-Көлдө үй-бүлөм менен чогуу эс алам. Кышкысын үйдө китеп окуп, уйкуну кандырып дегендей, мага негизи эле үйдө эс алган жагат.
- Бала чакта эсте калган күлкүлүү окуяларыңыз болсо керек?
- Бала чакта ырдаганды жакшы көрчүмүн. Ошо кезде "Асыл энем" деген ырды жаттап ырдай берчүмүн, анткени таенемдин аты Асыл эле. Адаттагыдай эле бир күнү сарайдын үстүнө чыгып тооктун жумурткаларын чогултуп, чөнтөктөрүмө салып самандын үстүнө секирип: "Асыл энем, таалайым менин энем" деп ырдап жатсам эле саман жукарып кеттиби же күч келдиби, айтор сарайдын үстүнөн ичине кулап түшсөм болобу. Бети-башым, чачымдан бери жумуртка, буту-колум да ооруксунуп калган.. Айтор ал окуя азыркыга чейин эсимден кетпейт. Азыр да эстеп алып күлөм. Энем чуркап келип, "Түмөнбайың менен жерге кир (энем чочуганда "Түмөнбай" деп чоочуп калчу), жумурткаң менен жерге кир, жумуртка терем деп өлүп калмак экенсиң" деп урушуп жүрөт.
- Жакында болчу концертиңизге Малика катышабы?
- Албетте, концертти Малика экөөбүз даярдап жатпайбызбы. Азыр менин эң биринчи колдоочум, жолдошум, сырдашарым, ырдашарым дагы Малика. Мага дем-күч берип, алга сүрөгөн да Маликам да.




  Сиз, кимсиз, продюсер?

Элла Акулова:
"Өзүмдө сокур тыйын болбосо, мен кимди көтөрмөкмүн?"
- Элла, продюсер деген ким? Кандай кызыкчылыкты көздөп, өзүңүздүн эмес, башка бирөөнүн атын чыгарыш үчүн жаныңызды жанга уруп иштейсиз?
- Продюсер - төгөрөгү төп келген абдан билимдүү мугалим. Окуучусу үчүн жан аябай иштеген, моралдык-материалдык жактан колдоп, бутунан чачына чейин кам көрүп, анан албетте акча табайын, ушул таптаган кушубуз табына келиши үчүн жанталашып иштеген адам. Өзүмдө сокур тыйыным болбосо мен кимди көтөрмөкмүн. Ошон үчүн продюсер - жетиштүү, бай адам болушу керек.
- Сиз абдан туура айттыңыз, биздин продюсерлерге суроо берсең эле "Кыргыз элинин таланттарын көтөрөйүн деп баланчага продюсер болуп жатам", - деп айтышат. Акыры акча үчүн урушуп-талашып, ажырашышат. А сиз кадимки кесип катары көрүп, толук кандуу продюсер болгуңуз келет турбайбы, туурабы?
- Эми кандай десем, бул да өзүнчө кесип дегеним туура го. Бирөө үчүн чуркап аны куурчак кылып жасап, рекламасын жасатып, элге жеткирип, ошончо акча жумшап, мына даяр дегенде концертке алып чыгып жана концерттен түшкөн акчадан өз гонорарыңды аласың да. Мен жөн гана иштебейм. Тууганбы, доспу, келишим менен иштешем. Баш отум менен кирем жана жыйынтыгын күтөм.
- Мурдатан өзбек ырчыларын алып келип, концерт берип калчу элеңиз, эми кыргыз ырчылары Бактыгүл Бадыева, Динара Акуловалар менен иштеше баштадыңыз го?
- Мен негизи өзбек ырчылары менен иштешем. Бактыгүл менен Динара болсо өзүмдүн жүрөгүм каалап, көмөктөшүп жаткандагым. Бул кыздар менен иш алпарыш абдан жеңил. Рас сүйлөштүңбү, хоп давай и алга!
- Сиздин иш жагынан алдыга киши салбасыңызды билебиз деңизчи, бирок башка кандай иштер менен алектенесиз?
- Мен негизи физкультура институтунда иштеп, мектепте завуч, директорлукка чейин көтөрүлүп, кийин милициянын офицери, Аламүдүн ИИБнен баштап, Чүй ИИБинде иштөө менен аяктагам.
Акыры барып токтоттум да "Элла" продюсерлик борборун ачып алып иштеп кеттим.
Бетти даярдаган
Шааркүл Медетбеков