Коомдук-саясый гезит
№26, 29.02.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Аалам "Ааламда"

Россияда да коомдук парламент түзүлөт
Жакында (2-мартта) өтүүчү президенттик шайлоо бүткөндөн кийин бул өлкөнүн "Башкача Россия" ("Другая Россия") аттуу оппозициялык коалициясы "Улуттук ассамблея" деген аталыштагы коомдук альтернативалуу парламентти түзө тургандыгын билдирди. Алардын ою боюнча, бул саясый-коомдук (расмий эмес деген мааниде) түзүлмө Россиядагы экинчи (альтернативалуу) бийлик чордону болуп калууга тийиш экен. "Улуттук ассамблеянын" алгачкы жыйыны 23-мартта болору болжолдонууда.

Россия Сербияны колдой тургандыгын тастыктады
Сербия мамлекети анын курамындагы Косово аймагынын өз алдынча бөлүнүп кетишине каршы экендигин дароо эле билдирген. Россия Косовону көзкарандысыз мамлекет деп таануу эларалык укук ченемдерине туура келбей тургандыгын башынан эле билдирип келатат. Жакында Россиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, президенттикке расмий дейбизби, мураскер дейбизби же негизги дейбизби талапкер болгон Дмитрий Медведев Сербияга иш сапары менен келип, Косово боюнча бул өлкөнүн турумун Россия колдой тургандыгын дагы бир ирет бекемдеди.

Казакстан данды экспорттоону кыскартмакчы
Акыркы мезгилде буудайдын дүйнөлүк базарлардагы баасы 25 пайызга жогорулагандыгы белгиленип жатат. Ошол эле мезгилде дандын дүйнөлүк жыйымынын көлөмү кыскарып жаткандыгы да айтылууда. Өздөрүнүн ички рынокторун коргоо, демек, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында данды экспорттоочу өлкөлөр экспорттун көлөмүн кыскарта тургандыктары тууралуу билдиришүүдө. Айталы, Россия менен Аргентина ушундай ниетин жашырышкан жок. Эми аларга Казакстан да кошулууда. Эгинди көп айдоочу өлкөлөрдүн катарына кирген Кытайдын түндүгүндө өткөн жылы кургакчылык болгондугун эске алганда, мындай кырдаал эгинди импорттоочу өлкөлөрдүн азык-түлүк рыногу үчүн кооптуу жагдайды түзбөй койбойт.

Флорида штатында электр тармагы өчүрүлдү
АКШнын бул штатында жайгашкан Турки-Пойнт АЭСинде 25-февралда болгон аварияга байланыштуу электр менен жабдуу убактылуу токтотулуп коюлган эле. Кыргсык, кийин билингендей, энергия бөлүштүрүүчү чоң станциядагы бузулуудан улам болуптур. Штаттын борбору Майами шаары баш болгон калктуу түйүндөрдө баш-аягы 4.4 млн адам электр энергиясысыз калган. 27-февралдан баштап электр энергиясын берүү калыбына келтириле баштады.

Косовону Польша тааныгандыгын билдирди
Албетте, буга таң калууга деле болбойт, анткени Польша мамлекети батыш саясатынын агымынан чыкпоо максатында мындай кадамды жасары күтүлүп жаткан. Себеби, АКШ баштаган негизги батыш мамлекеттери жана НАТО уюму Косовонун көз карандысыздыгын колдоорун билдиргенден кийин алардын тегерегиндеги мамлекеттер да бул кадамды колдой тургандыгы айкын эле болжолдонулуп келген. Польша болсо Косовону расмий тааныган 19-мамлекет болуп калды.

АКШда еврейлер баарынан бай жашайт
Америкада жакында жүлгүзүлгөн социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы андагы еврей (жүүт) жамааты башка диний жана этностук жамааттарга караганда бакыбат жашай тургандыгын көрсөттү. Алардын 46 пайыздан ашуун бөлүгүнүн жылдык кирешеси 100 миң доллардан ашат экен. Ал эми индустар болсо америкадагы эң билимдүү диний-этностук топ экени да тастыкталды.

Кошунасы кар менен ургандыгы үчүн атып өлтүргөн
АКШнын Филадельфия шаарында кишинин төбө чачын тик тургузган, бир чети турмуш-тиричиликтик, бир чети кылмыштуу окуя болуп өттү. Бул шаардын тургуну 16 жашар өспүрүм өзүнүн туулган күнүн белгилеп, өзү жашаган үйдүн короосунда жолдоштору менен кар тоголоктоп урушуп ойноп жаткан. Ал кокусунан өзү менен бир үйдө турган кошунасын кар тогологу менен бетке катуу уруп алат. Буга жинденген кошунасы үйүнө кирип тапанчасын алып чыгат да, өспүрүмдүн кечирим суранганына карабастан атып салып басып кетет.

Арменияда эки тараптуу митингдер өтүп жатат
19-февралда болгон президенттик шайлоодо жеңилип калган оппозиция жана анын негизги талапкери Левон Тер-Петросян ар кандай массалык акцияларды өткөрө баштаган эле. Аларга жооп кылып учурдагы өкмөт башчысы, шайлоодо жеңип чыкты деп расмий жарыя кылынган Серж Саркисяндын тарапкерлери да өлкөнүн борбору Еревандын башкы аянтында жооп кайтарган митингисин өткөрүштү. С.Саркисян азыр өлкөдө башкаруучу партия болуп саналган республикалык партиянын лидери экендигин да кошумчалай кетүү абзел.

Байыркы шаар калдыгы табылды
Перунун борбору Лима шаарынан түндүккө карай 370 км аралыктагы жерде археологдор байыркы шаар калдыгын табышты. Анын курагы болжол менен биздин заманга чейинки 4 500 жылдарга туура келет экен. Бул табылганын мааниси түштүк жана түндүк Америка материктериндеги цивилизациянын курагын дагы бир жарым миң жылга узарткандыгында турат. Буга чейинки тарыхый шаар калдыктарынын курагы биздин заманга чейинки үч миңинчи жылдар менен эсептелинип келген. Эскерте кете турган нерсе, акыркы табылга боюнча алганда, көөнө америкалык цивилизация байыркы египет пирамидаларынан, башкача айтканда байыркы египет цивилизациясынан бир жарым миң жыл улуу болуп калат экен.

Британияда жер титиреди
27-февраль күнү Британияда жер титиреп, анын күчү рихтер шкаласы боюнча 5.3 баллга жетиптир. Дүйнөнүн көптөгөн аймактары үчүн жер титирөө анчалык деле таңкыс кубулуш болуп саналбаса да, Европа, асыресе бекем жерпайлуу платформа болуп эсептелген түндүк Европа үчүн бул таң калыштуу эле көрүнүш. Анча деле кыйроо болбоптур. Айрым адамдар ар кандай жеңил жараат алыптыр. Эски үйлөрдүн мештеринин морлору кулаптыр.

Косовонун бөлүнүп кетишине каршы акциялар уланууда
Косово аймагы өзүн өзү көз карандысыз мамлекет деп жарыялагандан бери бул аймактын өзүндө, ошондой эле Сербияда, башка мамлекеттерде буга каршы ар кандай коомдук акциялар жасалып жатат. Жакында эле Сербиянын борбору Белградда АКШнын элчилиги өрттөлгөндүгү белгилүү. Косовонун сербдер жашаган Митровице чөлкөмүндө каршы митингилер токтолбой жүрүп жатат. Ал эми Сербия менен Косовонун чек арасында ар кандай кагылышуулар болууда. Австриянын борбору Венада, Евробирликтин борбору саналган Брюсселде, ошондой эле АКШнын ири шаарларында массалык демонстрациялар болуп жатат.

Бетти даярдаган Койчуке КАНАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan