Коомдук-саясый гезит
№27, 04.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Мара. мөөрөй

Азия чемпионаты Бишкекте өтөт
Египет өлкөсүнүн Каир шаарында спорттун беш түрү боюнча дүйнө Кубогунун этаптык мөрөй талашуусуна кыргызстандык Андрей Ханадеев менен Николай Ведмедь катышып келишти.

Андрей Азия аймагына таанымал эл аралык спорт чебери, Азия чемпионатынын көп жолку жеңүүчүсү, Пусанда өткөн Азия оюндарынын күмүш байге ээси.
Бул дүйнө Кубогунун күч сынашуусуна 37 өлкөнүн эки жүзгө чукул тандалган спортчулары катышты. Спорттун беш түрүнөн жеке таймашууда жаштык жалын дем берген Николай Ведмедь 28-орунга жетсе, дасыккан чебер Андрей Ханадеев - 31-орунга илинди. Тилекке каршы, кыргызстандык спортчулар финалдык таймашууларга илинбей калышты. Бирок, алар чуркоо жана мылтык атуу эксперименталдык сыноо финалына катышып, мында Андрей Ханадеев 9-орунду ээлесе, Николай Ведмедь 10-орунга жетти. Бул дүйнөлүк масштабда жакшы көрсөткүч. Себеби, 5-6 жылдан бери кыргызстандык спортчуларга каражат бөлүнбөй, машыгуулар үзгүлтүккө учурап, эл аралык мелдештерге барбай чеберчилик төмөндөп кеткен.
Спорттун беш түрү эмес, бир-эки түрүнө араң көңүл бурулуп, Кыргыз спортунун абалы кыйындап баратат…
Кыргызстандык спортчулар бул спорттун беш түрү (кросс, сууда сүзүү, фехтование, ат спорту жана мылтык атуу) боюнча Азиянын көп жолку чемпиондору, жеңүүчүлөрү болушкан. Мисалы, Павел Уваров менен Андрей Ханадеев Азиянын алты жолку чемпиондору болуп саналат.
Ошондуктан быйылкы Азия чемпионаты да Бишкекте 26-апрелде болуп өтмөкчү, учурда даярдыктар көрүлүүдө.



Аялдардын акыл таймашы
Бишкекте 8-Март кыз-келиндердин майрамына карата шахмат боюнча акыл таймашы өтүүдө.
Жеңүүчүлөрү 7-мартта аныкталат. Шахмат федерациясынын президенти өлкөнүн экономика жана соода министри Акылбек Жапаров марттыгын көрсөтүп, жеңүүчүлөргө кандай баалуу байге тартуулаарын көрө жатабыз.

Асканы багындырган альпинисттер
"Ала-Арча" жаратылыш паркында альпинизм боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилиги мурда күнү,
2-мартта башталды.

Бул мелдештин демилгечиси да, башкы калысы да даңазалуу альпинист Дмитрий Греков. Анан дагы мөрөй талашуунун негизги шарты экинчи разряддан жогорку альпинисттер гана мелдешке катыша алышат. Бир группада экиден алты адамга чейин болсо гана атайын маршрут, багыттар менен "тоолорду, аскаларды" багындыруу үчүн, альпинизмдин сырларын, ыкмаларын терең билүү үчүн аттанышат.
- Негизинен альпинизмдин техникалык ыкмаларын, ыкчамдыкты, тапкычтыкты сыноо, - дейт башкы калыс Дмитрий Греков. Мөрөй талашуу март айынын ортосуна чейин улантылып, жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтүп турат.




  Ыя?

Боксту өң-тааныштык алсыратууда
Өткөн жуманын аягында Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча өлкөнүн быйылкы чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Спорт адистери Кыргыз боксу кризиске учурап, деңгээли төмөндөп кеткенин сынга алышууда. Себеби, былтыр АКШнын Чикаго шаарында өткөн дүйнө чемпионатына жана февралдагы Тайланд королунун кубогунда кыргызстандык 9 боксчунун бирөө да Бээжин олимпиадасына жолдомо алууга чамасы жетпей калган. Ошондуктан бул чемпионаттын жыйынтыгына жараша өлкөнүн тандалма командасы иргелип түзүлөт деген машыктыруучулардын деми сууду.
Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Шайбек Карагазиев: - Ушунча элди дүрбөтүп жыл башында чемпионат өткөрүүнүн зарылдыгы жок эле. Себеби, Бээжинге олимпиадалык жолдомо алуу аракетинен майнап чыкпай жаткандыктан, акыркы үмүт Астанада өтө турган Казакстандын президентинин Кубогунда калгандыктан анда Кыргызстандын намысын коргой турган жигиттер эбак тандалып, даярдык көрүп жаткандыктан чемпионатта Бээжин олимпиадасынан кийин күзүндө өткөрүү максатка ылайык болмок. Ошондо жалпы республика боюнча жаштардын баарын катыштырып, мыктыларын тандап, 2010-жылы Кытайдын Гуанжу шаарында өтө турган 16-Азия оюндарына жана кийинки 2020-жылы Лондондо боло турган олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо алууга дилгир жигиттер тандалып, анан аларды олимпиадалык таймашууларга азыртан даярдык көрүүсүнө өбөлгө түзүлмөк.
Анан дагы 20 жылдан бери машыктыруучу болуп иштебей, бокстан четтеп бильярдга ооп кеткен Константин Коробковду улук машыктыруучу кылып коюп бокс адистерин нааразы кылышууда.
Бокс федерациясынын жетекчилеринин калыстык кылбай, өң-тааныштыкка салып таланттуу, күчтүү жигиттерди басынтып жатышканына өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бактыбек Рыскулов да агынан жарылып, чындык үчүн чыркыроодо.
- Шахтерлордун шаары Көкжаңгакка өз күчүм менен бокс залын куруп, үй-бүлөмдү карабай, эл намысы деп талаалап жүрүп, далай чемпиондорду тарбияладым. Анан федерациянын жетекчилери бокстун ташталканын чыгарып, кадырын кетирип бүтүрмөк болушту. Эл аралык мелдештерге мыкты, чыгаан боксчулар кетпей, өң-тааныштык менен "өз балдары", жакындары барып, Кыргызстанды уят кылып жатышат. Бээжинге олимпиадага жолдомо алууга акыркы үмүт Астанада калды эле, эми да чемпион болгондор барбай же мыктынын мыктысы иргеп алынбай коррупцияга жол берилүүдө. Кыргызстанда чындык эбак жок болгон. 75 кг салмакта Астанага Руслан Кариповду алып кетип жатышат. Бул салмакта Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн Азия чемпионатынын коло байге ээси, эл аралык спорт чебери Кымбатбек Рыскулов менен Руслан беттешсин, кимиси утса Астанага барсын деген адистерди жетекчилер укпай, тоготпой койду. Балким, Кымбатбек барса Бээжинге олимпиадалык жолдомо алышы мүмкүн эле, себеби ал учурда табына келип турган учуру, - деп каңырыгы түтөп, көзү жашылданып турду белгилүү устат Бактыбек.
Андан да кызыгы жума күнү финалдык таймашууга Токмок шаарынан эртең менен эрте келатып, жол кырсыгына кабылып, автомашинада жанындагы экөө каза болуп, аман калган Захидин Халдарбековду таразага түшүүгө жарым саат кырсыктын айынан кечигип келсе, федерация жетекчилери алгач, "финалга,баш байге үчүн чыгасың", - деп үмүткөр кылып коюшуп, акыркы мүнөттөрдө 18 жаштагы жигиттин шагын сындырып, мушташтырбай "кечигип келгенсиң" деген шылтоо менен ындынын өчүрүп, жеңишти беттешүүсүз эле оштук Ыйманбек Бийзаевге ыйгарып койгонуна айрым бокс адистери, күйөрмандар нааразы болушту. Ыйманбекте бир аз ыйман болсо, финалга Захидин менен чыгып, күчтүү, кыйын болсо таймаш менен жеңишке жетсе, өзүнүн эле кадыр-баркы жогоруламак.
- Оштук, жалалабаттык жигиттерди эле "сүрөп, кулагынан чоюп" рингде утулуп жатса деле утту дешип, чемпион кылуу адатка айланып баратат. Мурда да ушундай болуп, менин уулумду басып коюшкан. Ушундай калыстык жоктугунан жөндөмдүү жаштар боксту таштап кетүүдө, - дейт Захидиндин атасы, СССР спорт чебери, машыктыруучу Халдарбек Мухамеджанов.
Жеңил салмакта караколдук спорт чебери Медел Мамакеев токмоктук Азат Үсөналиевди утуп алды да, былтыркы чемпиондугун сактап калды.
Финалдык таймашуу болбой, 51 кг салмакта оштук Ыйманбек Бийзаевге жеңиш оңой-олтоң ыйгарылды.
Оштук Авасбек Абдуллаев 54 кг салмактын чемпиону болду.
Канттык Эрмек Сакенов 57 кг салмакта жеңүүчү деп табылды. Ал дагы мушташпай эле чемпион аталды. Себеби, анын атаандашы сокулуктук Хамид Вундиза беттешүүгө чыккан жок.
Бишкектик спорт чебердигине талапкер, 60 кг салмакта 18 жаштагы Мелис Исмаилов мурду канаганына да кайыл болуп, финалда карабалталык Ринат Юнусовду утуп, "спорт чебери" деген наамга арзыды.
Оштук Акмат Мадаминовдун жылдызы жанып, 64 кг салмакта өлкө чемпиону аталды. Барпылык Эргазы Мырзакеримов былтыркы чемпиондук наамын Акматка алдырып жиберди.
Карабалталык Мохмад Шидаев 69 кг салмакта жеңиштин бийик секисине көтөрүлүп, чемпиондук алтын медаль тагынды.
75 кг салмакта финалдык таймашуу болгон жок, себеби эл аралык спорт чебери Кымбатбек Рыскулов айкөлдүк кылып, атаандашы спорт чебердигине талапкер жалалабаттык жаш жигит Марат Шамаматовдун "көңүлү өссүн, спорт чебери деген наам алып, кийин өлкө намысын коргоп жүрсүн" деп жеңишти ага ыйгарып салды.
Оштук Рашид Аманкулов 81 кг салмакта баш байгенин ээси болуп, чемпиондук алтын медаль тагынды.
Бишкектик Фархат Юлбасаров 91 кг салмакта жеңүүчү болсо, 91 килодон жогорку мушкерлерден да бишкектик Марат Жуманаев 2008-жылдын чемпиону болду.
Андан дагы кызыгы, бокс Федерациясынын президенти, экс-депутат, өлкөнүн чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев ишинин көптүгүнө жана министрлик Ошко көчүп жаткандыгын шылтоо кылып, жетекчиликтен бошотууну суранып, арыз бергени болду. Федерациянын чукул чогулушу болуп, бардык облустардын өкүлдөрү, эмгек сиңирген устаттар чакырылбаса да, президиум мүчөлөрү президенттикке мурдакы СССР спорт чебери, учурда өлкөнүн транспорт прокурору Абдибакыт Халмурзаевди шайлап коюшту.
Бул бокс федерациясын учурунда мурдагы өкмөт башчысы Апас Жумагулов, учурдагы президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов, экс-президенттин уулу Айдар Акаев, Алматыдагы ген-консул Үмбөт Кадыралиев, министр Камчыбек Ташиев, "шапке" болушуп, аларды каражат жагынан жардам берип, колдоого алат деп "көзүн карап" президент кылышкан. Эми жаңы президент кандай иштейт, аны мезгил таразалайт.




  Кайдасыңар, көзгө атаарлар?!

Мергенчилик тукум кууйбу?
Ю.Фучик атындагы парктын ичиндеги атайын адистештирилген тирде Бишкек шаарынын ок атуу боюнча биринчилиги өткөрүлдү.

Эл аралык спорт чебери көзгө атаар мерген Руслан Исмаилов Бишкек шаарынын чемпиондук наамын сактап калуу менен башкаларга үлгү болуп, чеберчилигин көрсөттү. Бул ирет Руслан жел мылтык атууда 60 ирет ок чыгаруу менен 595 упайга ээ болуп, табында экенин далилдеди. Анын жеке рекорду - 596 упай болгонун да эскерте кетели. Руслан 22 жашта, Эл аралык аренада Кыргызстанды таанытып, мөрөй алып жүргөн мерген. Атасы да, апасы да ок атуу спортунун чеберлери. Руслан да Азия чемпионатында Бээжин олимпиадасына жолдомо алып, олимпиадалык мөрөй талашууга даярданууда.
Русландан кийинки экинчи орунду Асхат Токтоков (583 упай) ээлеп, күмүш медаль тагынды. Коло байгенин ээси - Акбар уулу Нооруз болду.
Кыз-келиндерден жел мылтыктан таамай аткан Варвара Антонова Бишкектин чемпиону аталды. Кыздар мылтыктан 40 жолу ок чыгарып, Варвара 385 упай топтоого жетишти.
Ал эми тапанчадан таамай атуу менен айырмаланган Иван Жуматин (мунун атасы да мерген, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу) 60 ок атып, 556 упай топтоо менен жеңиштин бийик сересине чемпион катары көтөрүлдү. Экинчи жана үчүнчү орундарды Чүй облусунун Панфилов районунан келип, бишкектиктер менен атаандашкан Нурбек Сарыгулов менен Эмилбек уулу Абай жеңип алышты.
Өзүңүздөр байкагандай тоо-ташта кийик уулап, мергендиги менен мактанып, даңкталып келаткан Кыргыздардын урпактары спортко аралаша баштаганы кубандырат. Бирок, алар ок-дары, эл аралык талапка ылайык мылтык-жабдуулардан кыйналышууда.
Мисалы, мергенчинин үстүнө кийүүчү күрмөсү эле 600-700 еврого чыкса, анын орточо мылтыгынын баасы эле - 2000-3000 еврону чапчыйт. Бул ок атуу федерациясынын президенти Марат Бакиев (өлкө башчысы К.Бакиевдин тун уулу) Кыргызстандагы айыл жергесиндеги көзгө атаар мергендердин тукумдарын, урпактарын иликтеп, ошолорго бул спортко катышууга шарт түзсө, олимпиада, дүйнө чемпиондору кыргыздардан да сөзсүз чыкмак.

Бетти даярдаган Кабыл Макешов












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan