![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум Аял дүйнө Буюккан жан - Жакшы көрүп карабагылачы, көзүңөр тиет! - чыканактай келин ороодогу кызыл эт баласынын бетин жаба салып бооруна кысат. Белгисиз бир күч келип, ушул түйүнчөктү колунан азыр эле жулуп кетчүдөй чырылдаган ал бул жакка кеч кирип, көз байланып калган кезде келген. Бараар башка жери калбай калганда, кышкы суук сөөктөн өтүп, өзү да, баласы да үшүп жедеп жыгыла жаздаганда келген. Келип эле ыйлап жиберген, - эже, жардам бергилечи, балам тоңуп кала турган болду. Бою бетегедей келин ошол түнү бут серппей көпкө уктады. Далайдан бери минтип баласынын ыйлаганын укпай уктай элек эле. Бурулга (белгилүү себептер менен каарманыбыздын аты өзгөртүлдү) өзү айткандай башынан эле кудай эч нерседен айткан эмес окшойт. Атасы аттан жыгылып каза болуп, үч чиедей бала менен калган апасы балдарын таята, таенесине таштап, башка бирөөнүн этегин кармап кетиптир. Ошол боюнча үч бала таятасынын карамагында чоңоюп, алар кайтыш болгон соң улам бир таякесинин колун карап, жумушун кылып эптеп чоңоюшуптур. Бурул сегизинчини бүткөн соң тажеңеси сүйлөшүп, өз төркүн жагындагы бирөөгө "качырып" жиберген экен. Төрөлгөндөн эле чабал кыз бала кезинен эле ар кай жакта түрткүнчөк болуп жүрсө кайдагы тарбия, кайдагы тажрыйба. Барган жерине жакпады да, батпады. Ителеп жумшаган кайын энеси кибиреген келинди кемирип-кесип жемелеп, "сандалган бир селсаяктын кызы экен, көрүнгөн жерге тууп салып жүрө берген неме тура, же колунан эч нерсе келбейт", деп жанын койбойт. Кибиреген "кичинекей" келин жаз алды менен уул төрөдү. "Дегеле өлө албай жүрүп мунун баласаагын, баланы деген тууган башка, баккан башка" деген кайын энеси күйөөдөн "төрөбөйт" деп чыгып келген кызына ымыркайды алып берип койду. "Сендей кезде биз бала төрөдүк дегенден уялчубуз, көрбөйсүңбү… баланчанын кызын, улактай секирип ойноп жүрөт, аман болсоң эртең эле дагы төрөп аласың…" "Өзүбүз бактырып жатып баланы кантмек элек" деген күйөөсү өзүнчө тирилик өткөрмөкчү болуп жумушка кирет, кайра кыскартылып эки-үч ай ар кайсы эшикти түрткүлөп жүрүп эптеп-септеп орношуп, кайра кыскарат. Кайын эне айткандай бат эле боюна бүтүп калды. Мындай болот деп ойлогон деле эмес, териси тар жаш келиндин кош кабат экенин, башкалар түгүл өзү да байкабай жүрүп жедеп кыймылдап калганда араң билди. Ал кезде күйөөсү менен урушуп, кайын энеси менен айтышып, тигилердин эки сөзүнүн бири "кет, жогол!" болуп калган. Андай болгон соң кимисине айтып боюнан алдыргыла дейт эле, апасы болсо эрден эрге тийип, өз башын кайда батыраарын билбей жүрөт. Ошентип үйдөн куулуп, Канттагы таекесиникине келген. Беш баласын эптеп багып жүргөн таекеси сыр билдирбегени менен таажеңеси чалкасынан кетти: "Элдин азабы эмес, өз балдарыбыздын тамагын зорго таап отурабыз, же жыргаткан иш болбосо. Боюңдагыны алдырып ташта, кантип бакмак элең, балага деген жалаяк, самын керек, өзүңө тамак-аш керек, сени эле ким төрөтүп, тыңытып турат экен…" Кулак-мээни жеген ызы-чуудан кийин аерден качып, чала тааныш бир эженикине келди. Эзели от жагылбаган анын үйүндө төрөөр-төрөгөнчө баш калкалап турду. "Эжекебай, эптеп боюман бошонуп алсам болду, анан кетем" деген. Челкейип ай-күнүнө жетип турган бечарага боору ооруган аял макул болгон. "Уул экен" дешти төрөткөндөр сүйүнчүлөп. Келин көзүн ачып ыңалап жаткан кызыл эт баланы карап же сүйүнөөрүн, же күйүнөөрүн билбейт. Төрт күндөн кийин баласын көтөрүп келгенин көрүп, баягы үйдүн ээси кыйкырып жиберди: - Эмне келдиң кокуй, бияктын суугун көрүп туруп. Плитка менен отурган үйдө кантип балаңды оройсуң? Бар, сендей бей-бечараларга жардам берчү уюмдарга бар. Балаң менен кирсең кантип жок десин… Дарбазанын сыртына чейин жетелеп келген аял бала көтөргөн аны артынан түртүп койду. Текилдеген бечара келин ыңаалаган үнү угулбаган баласын көтөрүп базарда кечке сандалып жүрдү. Акырында милиционер аны аялдарды коргоочу борборго алып келди. Сүйүн Курманова Кайдасың… Барсыңбы, Зарема? Көп жылдардан кийин болсо да гезит, телевидение аркылуу бирин-бири издеп таап алышкандарды көрүп-билип жүрбөйбүзбү. Ошондой үмүт менен мен да бир кездеги курбумду издештирип, сиздерге кайрылып жатам. Азыр биздин чачыбызды ак аралап, далай жылды карыттык. Убакыт деген учкан куштай сызып кетээри чын экен.Бир кездеги курбу-курдаштардын алды 60 жашка чыгып, очор- бачар болуп калдык.Ошентсе да үлбүрөгөн, эч нерсеге теңебеген жашчылыктын күндөрү көкүрөктө кала берет экен. Бир кездеги курбуларды эстесем, катарынан далайынын дарегин таппай келем. Өзгөчө жашы жыйырмада кезинде тал чыбыктай буралган, шайыр, чечкиндүү келген бир курбу кызымды эстейм. Анын аты- жөнү - Осмонова Зарема Асылбековна. 1966-жылы биз ар кайсы айылдардан борбор шаарга окууга өтөбүз деп агылып келген кезде, андагы Фрунзе шаарынан таанышкан болучубуз. Ошол учурда ал борбордогу Ботаника көчөсүндөгү 46- үйдүн 1- квартирасында жашачу.Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикалык факультетине тапшырып жүргөн. Зарема менен кол кармашып, далай таттуу күндөрдү өткөргөн элек. Ага далай жигиттер ашык болуп, артынан чуркачу. Арадан кырк жылдан ашуун убакыт өтүптүр. Зареманын дайын- дарегин билгим келет, ал турмуштан өз ордун, теңин тапты бекен, кандай болуп өзгөрүп, кандай өмүр сүрүп жатты экен дейм. Зарема, барсыңбы? Дайыныңды билдир. Балким, аны тааныгандар, үй-бүлөсү же жакын туугандары кабарын билдирээр. Ушундай үмүт менен сиздерге кайрылып жатам. Чолпон, Нарын областы. Маанай Сен дайым ушундайсыңбы? … Ушул суроонун жообун таппай койдум. Кээде ал жаркын маанай, кээде менин мүнөзүмдөй түнт. Табийгаттын коюу түнүндөй сүрдүү да, табигаттын жазындай сулуу, сүйкүмдүү да. Ал жашоо эмес, ал тагдыр… Жер бетиндеги бардык адамдардын, айрыкча, жашоо маңызына терең карагандардын, ойлорго маани бергендердин, жашоодон анча жолу боло бербегендердин, өзүн бактысыз сезгендердин да ой учугу ушул суроого келип кадалса керек. Сүрөтчүдөн сурасам, көпкө ойлонуп, айта албайм, мүмкүн кагаз бетине бир учкунун түшүрө алсам керек дейт. - Атайын келип менден сурайсыңбы? - Ооба, сүрөтчүлөр, жашоо-турмушка боек берип карашат дешкен эле? Ойлонуп турду көпкө. Бирдеме айтчудай улутунуп, кайра унчукпай, тартып жаткан сүрөтүнө үңүлүп, алаксый кетти. Анын тартып жаткан кичинекей керемети да, сүрөтчү дагы тагдыры өзүнө окшоп, мага табышмак боюнча калды. Мугалим эжейим айтчу: "Ар өткөн күн, ар бир баскан кадамыңар, турмуштук сабак, өзүнчө мектеп болот. Аны силер акылыңар толуп, эс тартканда билесиңер" деп койчу. Ошол сөзүн улам эстеп коем эжейдин. Балким, эжейимден сурасам ушул суроого жооп берер беле дейм. Баса, мен күндөлүк дептериме жазып алган жакшы сөз бар эле: "Башкалардын каталарынан да сабак ал, бардык нерсени жашап үйрөнүү үчүн бир өмүр аздык кылат" деген. Ким айтканын жазбай калыпмын. Ар ким ар кандай тагдыр менен жашап жатышат да дагы эле… Мен деле түшүнбөй калам. Ойдогум кээде келет, кээде келбейт. Бул ирет да арзып, берилип жасап жаткан жумушум оңунан чыкпай калды. "Өз убактысы бар" деп чоң энем айтып калчу. Убактысы келер деп күтүп отура берсем, "аракеттен" дегендерди кайда катарымды билбейм. Айтоор, түшүнбөй койдум. Бир өмүр жашап өткүчө ушул суроого жооп издейт көрүнөм. Мүмкүн тагдыр, мүмкүн мен ошондой… - А сен дайым ушундайсыңбы? - деп шыбырагансыйт, мен сүйгөн жазгы жамгыр… Мен да андан сурай берем: "Сен дайым ушундайсыңбы?"… Жооп жок, тек гана нөшөрлөп төгүп кирет… же менин суроомо ыйлаганын, же менин суроомо кубанганын биле албай кала берем… Гүлбарчын Якубова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|