Коомдук-саясый гезит
№27, 04.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Хан-С-титуция...

Артка карай алга
Бул жерде кеп коомдук жана мамлекеттик турмушту уюштуруудагы кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасын азыркы эгемен Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүндө, мамлекеттик башкаруу түзүмүндө колдонуу жөнүндө баратат.

Акыркы кездерде Кыргызстандын Конституциясы, анда тастыкталуучу мамлекеттик башкаруу системасы батышты туурабастан, кыргыз элинин өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө гана ылайык курулушу керек деген пикирлер кайрадан дембе-дем айтыла баштады. Мунун эрөн-төрөнү деле жок деңизчи, бирок, "чылпагын алам деп көзүн оюп алды" дегендей, таптакыр эле архаикалык түшүнүктөр менен көрүнүштөрдү туу тутуп, жандандырабыз деген талап - маркум Салижан Жигитов айткандай, арты менен алга карай умтулуу аракетине окшоп кетип жаткан жокпу.
Дегеле эгемен Кыргызстан көз жаргандан бери анын конституциялык курулушунда кыргыз элинин тарыхый жана руханий өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуунун зарылдыгы айтылып келет. Бирок, 2005-жылкы марттагы бийлик алмашууга чейин мындай маселе өлкөнүн мамлекеттик башкаруу түзүлүшүнө тикелей таандык болбой, коомдук, жамааттык турмушка тийиштүү айрым бир ченемдерге гана карата козголуп келгендигин да эскерте кетүү абзел. Үч мисалды келтире кетели. 1993-жылы эгемен мамлекетттин алгачкы Конституциясы кабыл алынып жатканда көп никеге турууга уруксат берүү маселеси көтөрүлүп чыкканда муну кыргыз элинин жашоо-турмушунун өзгөчөлүктөрүнүн бири деп далилдөөгө аракет болгон. Экинчи мисал - кыргыз карысын таштабай багышы керек деген элдик нормага таянуу менен балдар ата-энелерине кам көрүшү керек деген ченем Конституцияга киргизилген. Бирок мындан кандай укуктук майнап чыгып жаткандыгы - бул башка маселе. Үчүнчүсү - кыргыздын жамааттык жергиликтүү башкаруусуна мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү мамлекеттик башкаруу ишинде пайдалануу маселеси менен байланыштуу. Башкача айтканда, чакан жамааттарда илгертен жашап келе жаткан өз ара колдоочулук, өз ара жардам тажрыйбасын колдонуу менен жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга көмөк берчү нормалар да кыйыр түрүндө да болсо да Конституцияда өзүнүн ордун тапкан.
Ал эми 2005-жылкы март ынкылабынан кийин кыргыз элинин байыркы уруучулук, жамааттык жашоо принциптерин мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө негиз кылып алуу жөнүндө сунуштар, ал гана эмес талаптар айтыла баштады. Буга бир жагынан, ошол ынкылаптан кийинки жалпы элдик жаңылануу духу, изденүүчүлүк желаргысы себепкер болсо, экинчи жагынан - жаңы бийлик мурдагы Конституцияны түп-тамырынан өзгөртүп, чыныгы элдик бийликти камсыз кылган конституциялык түзүлүштү орноторун жар салып кирген болучу. Мына ушундай жагдайда ар кандай коомдук күчтөр өздөрүнүн сунуштарын жарыя кыла башташкан.
Ошол сунуштардын маани-маңызын кыскача баяндай кетели. Илгери-илгери, кыргыздар аскердик-демократиялык уруучулук коомдо уруу билермандары, элдин мыктылары менен жакшылары убак-убагы менен курултайга чогулуп, олуттуу маселелерди оро-пара олтуруп талкуулап, чечишчү экен, ал тургай эл башкарган жол башчыларын, ажолорун, кагандарын шайлап алышчу экен. Эми да ошол кездегидей эле жалпы элдик курултайды эң жогорку бийлик институту катары түзүп, анда өлкө президентин, парламентти, өкмөттү, сотторду шайласа, чыныгы элдик бийлик, чыныгы демократия деп сунуштап жатышат.
Элдик курултайды Конституциялык эң жогорку бийлик органы катары тастыктоонун дагы бир опурталдуу жагдайы бар. Ал мында - кандайдыр бир саясый күч же топ курултайда өзүнүн үстөмдүк абалын кандайдыр бир жол менен камсыз кылып, ал аркылуу өзү каалаган чечимдерди кабыл алууга жетишүү мүмкүндүгү. Биздин коомдун шартында мындай болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андай көп сандуу өкүлдүк орган түгүл, саны чектелүү кесипкөй парламентти деле өз билгениндей шайлап алуунун мисалдары азыр четтен табылат.
Бирок, баам салып көргөндө, баары бир парламент - мыйзам чыгаруучу бийлик курултайда шайлана тургандан кийин курултайдын ээлеген статусу, маани-маңызы бүдөмүк болуп кала тургандыгы айкын эле көрүнөт. Айталы, илгерки убакта элдик курултай кандайдыр бир даражада өкүлдүк бийликтин, демек, парламенттин ролун аткаргандыгын унутууга болбойт. Мындай дей турган болсок, бизде чоң жана кичине, эки бирдей парламент болуп калабы?
Уруучулук түзүлүштө реалдуу жашаган бир топ мамлекеттердин азыркы ал-абалы эле муну ачык-айкын тастыктап жатат. Мына, Кенияда эки айча мурдараакта болуп өткөн президенттик шайлоодон чыккан чатактан улам ондогон кишилер мерт болуп, үч жүз миңден ашуун адам үй-жайын таштап тентип кетти. Африканын Судан, Заир, Чад жана башка өлкөлөрүндө да ушундай кырдаал бар.
Дүйнө жүзүндөгү азыркы конституциялык укук тажрыйбасында бир да демократиялык делген мамлекетте мындай конституциялык орган жок экендигин да ойдон чыгарбоо зарыл. Болгону СССРдин 70 жылдан ашуун тарыхында буга окшош көрүнүш болгон. Өткөн кылымдын 20-30-жылдарында СССРде эл депутаттарынын съезди деген зор өкүлдүк орган эл тарабынан шайланып турган, ал эми анын акыркы, кайра куруу жылдарында мындай саясый-укуктук практика кайрадан жаңыртылып, СССР эл депутаттарынын съездинде президент, жогорку совет (парламент), өкмөт түзүлгөн. Бирок, анын ишинин натыйжалуу болбогонуна тарых өзү күбө.
Кеп ушуга жетти - кыргыздын азыр унутулбаса да, өзүнүн жигердүү саясый ролун жоготуп, мокотуп, оң канат, сол канат, ичкилик өңдүү уруулук бирикмелерин саясый жактан реанимациялоо, тирилтүү демилгелери да көтөрүлө баштады. Мындай демилгелер акыр аягы барып өлкөдөгү турукташтыкка залакасын тийгизбес бекен? Азыр баягыдай уруу-уруу болуп бөлүнүп, уруучулуктун салты, адаты боюнча жашаган заман кайрылгыс болуп кеткен. Аны кайрадан жандандыруу аракети, муну канчалык жакшы тилектер менен коштобойлу, барып-келип регрессивдүү, артка карай шилтенген, өткөндү көздөгөн кадам деп түшүнүүгө болот. Адамзаттын изги тажрыйбасын акыбеттүү пайдалансак эле алга карай кадам таштоого түрткү бере алат. Ал эми тарыхыбызды, өткөнүбүздү, салт-санаабызды сыйлоо, сактоо - бул саясый-конституциялык маселе эмес, жалпы кыргыздын ар намысынын, рухунун маселеси эмеспи.

Койчуке Канаев




  Тарых барактарынан

Жайыл хан
Архивдик булактарда, бул чабыштан кийин аман калгандардын тукумдары биримдикте болушуп, өзүнчө болуштуктарды түзүшкөн.

"Аккан арыктан суу агат" же Жайылдын урпактары...
1847-жылкы малыматтарда солто уруусунун талкан чоң багыш бөлүгүндө Мамаке уулу кыргыз волостугун - бий Дулат Бокуновдун жетекчилигинде, ал эми талкан - багыш бөлүгүндө Асанбайдын балдары волостун - бий Жаныбек Асандын уулу - Д.С.) жетектейт, ушул эле бөлүмдөгү Итике уулу кыргыз волостун - бий Рустем Беки уулу Итикенин небереси - Д.С.) башкарат делген. 29-апрель 1874-жылы Жетисуу областынын башчысынын буйругу менен Токмок уездинин келерки 1874-1876-жылдарга шайланган жергиликтүү калктын жетекчилерин дайындоо жүргүзүлгөндө Багыш волостунун башчылыгына - Айылчы Таштанбеков (Менимче бул Асандын уулу - Д.С.), Аламүдүн волостунун жетекчилигине - Рестамбек Мыктыбеков (мындан биз Итикенин Беки деген уулунун толук ысымын тааныйбыз -Д.С.), Алабука волостун башкарууга - Бай Карбозов (Балким бул Жайыл баатырдын Асанынын уулунун небереси Саадабайдын ысымынын кыскартылган түрүдүр - Д.С.), Карабалта волостунун башчылыгына - Малабай Рустемов (Итикенин чөбөрөсү - Д.С), көрсөтүлгөн. Дагы бир архив документинде, Карабалта волостунун №1-айылынын бийи - Сооронай Рустемов (Итикенин чөбөрөсү - Д.С) 30-январь 1879 жылы каарман жана ынтызаар кызматы үчүн Станислав тасмасындагы кичи күмүш медаль менен сыйлоого көрсөтүлгөн экен. Мындагы маалыматтардын дагы бир кызыктуу жагдайы - Алабука жана Багыш волостуктардын ошол мезгилде (Чүй өрөөнү) аталышы, ал Жайылдын таякелеринин бул жердеги ээлеген ордунан кабар берет.

Кеменгер башчыны эл эскерет
Кыргыз эли өзүнүн даңктуу башкаруучусун ардактап эскерет. Азыр Кыргыз Республикасынын Чүй областынын райондорунун бири Жайыл баатырдын ысымын алып жүрөт, 2002-жылдын 24-августунда баатырдын кичи мекени болгон, аталган райондун борбору, Карабалта шаарында баатырга келбеттүү эстелик орнотулган. Анын авторлору скульпторлор: Аскар Турумбетов, Азил Сейталиев, Каныбек Алыкулов. Улан Бейшенбаев, Владимир Козала. Бул шаарда Жайыл баатырдын жасалгаланган татынакай музейи ачылып, үзүрлүү иштеп жатат.
Жайыл баатыр жөнүндө, азырынча уламыштарга негизделген, иликтөө китептер басмадан чыгууда. Алардын ичинен өзгөчө белгилей турганы: Мухиддин Төлөбаев, Адылбек Оморов жана башкалар менен биргелешип жазылган 2 томдук "Жайыл баатыр: "Дастандар, тарых, санжыра, пьеса, ырлар" деген публицистикалык китептер эки басылышта 2004-2006-жылдарда жарыкка чыккан. Кыргыз акыны Бээрман Бөкөев "Жайыл баатыр" деген поэма жазды.
2006-жылы октябрь айларында Карабалта шаарында мамлекеттик деңгээлде баатырдын 300 жылдыгы белгиленип, анын алкагында 12-октябрда "Жайыл баатыр: тарых, учур жана келечек", аталыштагы эларалык илимий конференция Исхак Раззаков атындагы КТУ тарабынан уюштурулган. Мерке айылында, баатырдын сөөгү көмүлгөн жайында, келишимдүү эстелик салтанаттуу ачылган. 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин катышуусу менен элдик майрамдоолор салтанаттуу маанайда өткөрөлгөн.
Жогорудагы иш-чаралардын демилгечилери жана алардын уюштуруучуларынан болгон Жайыл баатырдын сыймыктуу урпактары - Ажыакмат Аман уулу, Мухиддин Төлөбаев ж.б. 1993-жылы 17-январда негиздеген эларалык "Жайыл ата" коомунун жигердүү ишмердүүлүгүн баса белгилесек болот. Албетте, булардын үзүрлүү иш-тажрыйбалары, ар бир ушундай коомдук уюмдарга өрнөк болчудай.
Кыргызстандын эли Кыргыз мамлелекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө өз салымын кошкон Жайыл баатыр Коңурбай уулу сыяктуу мамлекеттик ишмерлер менен сыймыктанууга акылуубуз. Анын ардактуу өмүр жолу, кыргыз элинин жаш муундарын мекенчил багытта тарбиялоого өбөлгө болмокчу.

Дөөлөтбек Сапаралиев, доцент, тарых илимдеринин кандидаты.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan