![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум Кулак салгыла! Конкурс! Динара Акулова жөнүндө ким жакшы билет? Белгилүү ырчы Динара Акулова жакында күйөрмандарына концерт бергени жатат. Мына ошого карата биз окурмандар арасында конкурс уюштурууну туура көрдүк. Төмөндөгү суроолорго биринчилерден болуп жооп берген алгачкы 10 адамды концертке чакыруу билети күтөт. 1. Динара Акулова Мыскал Өмүрканова атындагы эң биринчи сыйлыгын качан алган? 2. Динаранын кызы Малика алгачкы жолу сахнага кайсы ыр менен чыккан? 3. Динара биринчи жолу кандай үлгүдөгү машина минген? 4. Маликанын сүйүктүү үй жаныбарынын аты? Ушул төрт суроонун бирине жооп берген окурмандарга Динаранын концертине эки адамга билет белекке берилет. Байланыш телефондору: 59-17-37, 59-17-38. Анекдоттор Менменсинген эки жигит өздөрүнчө бири-бирине бой көтөрүп, сүйлөшүп отурушат. - Менде Кыргызстанда жок кымбат, сапаттуу эң жакшы деген товарлар бар… - Ой менде акча толтура, илибой товарыңды кымбатына карабай ала берем. - Чынбы? - Чын. - Андай болсо мен товар таап келейин. - Анда мен дагы акча издейин. * * * - Искендерди тааныйсыңбы, Жогорку Кеңеште депутат болуп, анан ЦУМдун директору болуп жүрчү эле го? - Тааныбаганда, ал деген менин эң жакын досум да. - Азыр ал "косяк" кетирип түрмөдө отурат имиш. - Аа.., анда ал башка Искендер турбайбы. * * * Эстен кеткис 24-март түнүндөгү дүкөндөрдү талап-тоноочулук башталганда бир жигит "Народный" дүкөнүнөн бир баштык толтура азык-түлүк алып үйүнө кудуңдап келатса, караңгы бурчтан чыга калган киши минтип коет дейт. - Колунда тапанчасы менен канжарынан башка эч нерсеси жок байкушка кайрымдуулук таштап кет. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|