![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум Көзүңдү ач ой... Сак болгула, салып кетчүлөр келатат Текшерүүчүлөрдүн "өнөрү" аянты нормага туура келбеген (50 чарчы метрден кем болбоого тийиш экен) павильондордо"Алкоголдук, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат" деген чечимден кийин күчөдү. Алакандай жерге (мисалы павильондордун дээрлик көпчүлүгүнүн аянты 15-20 чарчы метрден ашпайт) ай сайын жер үчүн салыкка 1800 сомдон кем эмес, патентке 1600, электр жарыгына 400-500 сомдон төлөшүп, үй-бүлөсүн багып жаткандарга азыр укугу барлар да, жоктор да келишип текшеришүүдө. Ош базарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан павильонду иштетип жаткан Жаркын аттуу аялдын сатыкта турган спирттик ичимдиктерин текшерүүчүлөр кеп-сөзгө келбей "конфискацияланды" деп алып кетип калышкан. "Андай чечимиңерди билбептирмин. Алганыңарды калтырып кеткиле. Алып келген фирмаларга кайра өткөрүп акчаларымды кайтарып алайын" деп жалдыраганына карабай, 5-6 миң сомдук арак-шарапты алып кете беришкен. Албетте, сооданын тартип, эрежеси сакталыш керек. Бирок адамча түшүндүрүп мамиле кылуу, айрыкча, мамлекеттик мекемеде иштегендердин, өзүн кызматкермин дегендердин милдети эмеспи. " Спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат" деп жер аянтынын көлөмүн шылтоо кылып алуунун өзүндө эле бир табышмактын чети кылтыйып тургансыйт. Мындагы эле максат спирт ичимдиктерин павильондордон саттырбай чоң дүкөндөргө алып чыгуу. Башкача ойлоого болбойт. Ал чоң дүкөндөрдүн ээлери кимдер? Алар павильондордун ээлеген аянты кичине болгондуктан деп арак-шараптарды саттырбоону ойлоп чыгаргандардын ичиндегилер эле. Капырай десең, өз кызыкчылыктары үчүн жоктон бар кылып, ойго келбеген нерселерди ойлоп чыгаргандарга баракелде, дебегенде эмне дейсиң. Ээлеген жер аянты 15-18 чарчы метр келген бир павильон мамлекет үчүн айына 3000 сомдон ашык акча төлөп турат. Андай павильондордун шаарда канчасы бар? Кичинекей жерди ээлеп тургандыктары үчүн мамлекетке ушунча акча төлөп жаткан павильондорду кысуунун кызыкчылыгы кимдерге? Буга чейин ошол павильондор спирт ичимдиктерин сатууга уруксат алуу үчүн "Кыргыз Алкодон" жыл сайын лицензия алып келишкен. Ага көп суммадагы акча төлөшкөн. Эми ошондой лицензия үчүн чоң дүкөндөр тиешелүү акчаларды төлөй тургандыгын бир Кудайдын өзү билет. Жогорудагыдай эрежени ойлоп тапкандын ордуна павильондорго спирт ичимдиктерин сатууга лицензия аркылуу уруксат берүү менен адамдарды ууландырып өлүмгө дуушар кылып жаткан колдон жасалган арак, самогондорду саткан павильондорго аеосуз күрөш жүргүзүү мамлекетке да, адамдарга эң чоң пайда алып келмек. Мындан ары жең ичинен андай жасалма арактарды павильондордо сатуу күч алып, андан ууланган адамдардын көбөйүшүнө гана шарт түзүлөөрү айдан ачык. Азыр павильондордо иштегендер койлорун карышкырлардан кайтарып короону айлана басып саксактаган малчылардай болуп эки-үчтөн туруп калышты. Жалгыз-жарым болсоң кой-айга, кеп-сөзгө келбей таламандын тал түшүндө тоноп кетип жатышса анан кантишет эле. Деги колдон-буттан алып улуп-жулуп турган бул заман "үргүлөбөй көзүңдү ач ой, көзүңдү ач" деп тыкан, сергек, ал гана турсун куу, шумпай болууга алып баратат окшойт. Жума Мамбетов Улуттук зарылчылык "Өнөр алды - кызыл тилсиз" кыргыз кыргыз эмес! Улуттук сыймык! Жер жүзүндөгү улут аттуунун ар бирине тиешеси бар зарылчылык. Улуттук сыймык - бул деген адамдардын каны-жанына уюган касиет сезим. Улуттук сыймык өчүп калса, өлгөнү ошол улуттун. Телекөрсөтүүдө тестиер балдарга: дүйнөдөгү улуттардын кимисиндей болгуң келет, деген мааниде суроо берилди. Англис, немис, француз, америкалык болгубуз келет дешти. Мен кыргызмын, кыргыз болом дегенчелик сөз айта албады, бири дагы. Бул, жалпы тыянакка негиз эмес. Бирок, кантсе да улутубуздун келечегине карата опурталдуулук бар экендигинен дагы бир кабар, мунун өзү. Биз кайсы касиеттерди көздүн карегиндей сактай алганда гана кыргыз бойдон өнүгөбүз, өсөбүз. Эң башкысы - "Өнөр алды - кызыл тил". Бир топ жыл болду, теледен, радиодон эки сөздүн бири орусчаланган учурларды жазып алып, оңолуу жагына өзгөрүүлөр барбы деп жыл өткөрүп салыштырып жүрөм. Оңолоор түрүбүз жок. Кандай болсо ошо бойдон. Эң жогорку кызматтардын бириндеги кыргыздын сүйлөгөнү: "Өкмөт парламенттин алдында подотчет"; "торговать эткенге укугу жок"; "биз правомерный действовать эттик". Канча жыл болду, ушундай сөздөр күн сайын айтылып атып, эрен-төрөнү жок болуп калды. Ушундай сүйлөсө деле боло берет турбайбы, деген түшүнүк муундан-муунга уланууда. 1972-жылы "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында басма кызматкерлеринин кеңешмеси өткөрүлүп, сөз устаты раматылык профессор Кусеин Карасаев баяндама жасап, коошпогон копол, кыргызча орусча чалмакей сөздөрдөн көп мисал келтирип, эне тилибизде таза сүйлөө канчалык курч маселе экендигин айткан эле. Андан бери 36 жыл өттү. Абал оңолдубу? Жок. Же бул, улутубузга эч деле зыяны жок, көңүлгө арзыбаган маселеби? Орусча чалып сүйлөп, эне тилибиздин касиетин туя албай калгандарга ошондой сезилиши мүмкүн. Эгер ошолор: эне тилимди кордобоюнчу, калайык-калкка, жаштарга жаман өрнөк көрсөтпөйүнчү деген кандайдыр бир жоопкерчилик сезимди туйса, ошол негизде аракет жасашса, кыргыздын сөз кудуретин оңой эле өздөштүрүшмөк жана ошонун өзү менен улут тагдырына таандык өтө талуу маселенин оңуна келишине өз салымдарын кошот эле. Сөз таасири эмне экендигине маани берилбесе, ага атайын жалпы элдик атайылап аракет жасалбаса, олуп-чолуп айтылып, омоктуу ойдун да куту качырылса, келечек болобу кыргызда. Атылган октон таамай айтылган сөз күчтүү деп бабаларыбыз бычактын мизиндей кырдаалда маселени таасын айтылган сөз аркылуу жөнгө салып келгендигине тарыхый мисалдар көп. Эгерде азыркы заман шартында теледе, радиодо, жыйындарда түркүн маселелерди талкуулоо учурунда, окуу жайларындагы сабактарда кыргыздар кыргыз тилинде таамай сүйлөй алышпаса, кыргыздын кыргыз бойдон өнүгүшү мүмкүн эмес. Мектеп мугалимдеринен баштап, бийликтин эң башындагыларга чейинкилердин бардыгы кыргыздын келечеги эне тилинин тазалыгында экендигин сезбесе, азыркыдай бозоргон боз куурай абалдан бошоно албайбыз. Улуттук сыймык эне тилибиздин күчү аркылуу. Мамлекет башчы Мустафа Кемаль Ататүркчөлүк аракет жасай алабы? Баары ошого жараша. Маселе өтө өтүшүп кеткен абалда. "Эй, казактар! Өз-ара казакча сүйлөшкүлө" деп Назарбаев кайра-кайра айтып, чоң каражат бөлүп, атайын далай кызмат орундарды түзүп, казак тилин калыбына келтирип салды. Бизде да ошондой болушу - улуттук зарылчылык. Кенжалы Сарымсаков "Ааламдын" архивинен "Адам артык болсун деп, Акыл менен тил берди" Кенжалы агай, биздин "Аалам" гезитинде "Тил дүйнө" деп атайын бетти алып барып жүрдү. Анын айрым үзүндүлөрү: "Актаңдай алп акындар: Арстанбек, Жеңижок, тоо булбулу Токтогул сындуу төкмөлөр он сегиз миң ааламды, заманды, ак менен караны, адал менен арамды, жакшы менен жаманды, жан-жаныбар жаратылыш дүйнөнү түп көтөрө түгөл айтуусуна түт келген сөз байлыктын, анын элестүүлүгүнүн, таамайлыгынын, таасирдүүлүгүнүн Арал деңизине окшоп эл оозунда соолуп бараткандыгы - эмне деген абал экендиги эске алынбай жүрүп олтурса "ооруну жашырса өлүм ашкерелегендик" болору анык. Эгерде азыркылар абалды оңуна келтире албасак, анда бизден кийинки муундагылар, миң-миңдеген жылдар бою калыптанып өнүккөн кылычтын мизиндей курч, тоо булагындай тунук, көзгө карек, көңүлгө данек, адашканга акыл, алсызга дем болуп, ата-бабалардан мурасталган сөз кудуреттен биротоло кол жууйт. *** "Көрүнүктүү чыгыш таанучу-түрколог, этнограф, айтылуу "Манас" изилдөөчү Василий Васильевич Радловдун (1837-1918) кыргыздардын ошол замандагы сөз кудуретине таңгалып мындай деп айтканы бар: "Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл мемиреп үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бу жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда". *** Телени ача калсам: "Твердое топливодон жардам берсеңиз", "Самый главный результат", "Алардын баары целенаправленно", Азыркы специалисттер" - деп сүйлөп атышат. Радлов айткан менен булардын айырмасы асман менен жердей болуп атпайбы. Суроо туулат: кайда баратабыз? Кыргыз элин эне тили жагынан ушундай абалга алып келген кимдер? Дүйнөдө канча эл, канча улут болсо алардын ар биринин эң талуу жери - тил. *** "12 кылымдын экинчи жарымында - 13 кылымдын баш жагында жашап өткөн борборазиялык ойчул жана акын Ахмед Йугнекинин "Чындыктар белеги" деген эмгегинин кол жазмасы Стамбулда сакталып туру. "Өзүңдүн кеп-сөзүңдү сактай алсаң өзүң сакталасың, эне тилиңерге этият болгула" - деп айтылат ал китепте. *** "14 кылымда жашап өткөн Асан Кайгы түрк элдерине орток. Кыргыздар гана эмес, ногойлор да, кара калпак, казак жана башка түрк элдери Асан Кайгыны өзүбүздүн байыркы бабабыз деп эсептешет. Көп ырларынын биринде: - "Ынтымак кетсе ыдырап, Журт башчысы дел болор. Айткан сөзү жел болор. Кызыл жибек кырмызы, Баркы кетип боз болор. Баасы кетсе улуктун, Бар адамга сөз болор. Адыр-адыр ак талаа, Козголбосо ным болор. Атадан калган алгы сөз, Айтылбаса кор болор" - дегени бар. *** "Төкмө акындык сөз өнөрүнүн алпы Арстанбек жашап (1824-1878) өткөн заман элибиздин "өнөр алды - кызыл тили" өнүккөн дагы бир мезгили: "Жаратты Кудай биринчи, Асман менен жерлерди. Жан-жаныбар жашоого, Жарык кылып күн берди. Тирүүлүгүн билсин деп, Түңкүсүнө ай берди. Адам артык болсун деп, Акыл менен тил берди. Адил жүрөр бекен деп, Амал, өнөр, дил берди" - деп баштап, Адам ата, Обо энени, пайгамбарларды, тирүүлүктүн өйдө-төмөнүн, ак-карасын тизмектеп, заманды ылгап айтып келип, акырында кыргыз менен казактын бир туугандыгын даңазалап, бир эт бышым ырдап токтогондо казактын Каңтарбай акыны: "Баракелде карагым. Кыргыз акындарынын шолпону экенсиң гой. Менин айтар сөзүм жок", - деп айтышпай туруп жеңилип берген экен. P.S. Гезитибизде бир топ жыл эмгектенген Кенжалы агайыбыз 5-мартта 69 жашка чыкканы турат. Ага Кудай күч кубат, бекем ден-соолук, узун өмүр берсин. Бар болуңуз, Кенжалы агай! |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|