![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум Саресеп Санта-Клаустун сапары Жакында Кыргызстанда Санта-Клаустун эл аралык фестивалы болуп өттү. Бул кыргыз жергеси үчүн сүйүнүчтүү кабарбы же күйүнүчтүүбү? Санта-Клаустун кышкы фестивалы быйыл Кыргызстанда чоң триумф менен өткөндүгүнөн коомчулук кеңири кабардар болду. Бул көрүнүш ырасында эле коомчулукту, өзгөчө арабыздагы пессимисттик маанайда жүргөндөрдү балалык баео дүйнөгө алып барып, көңүлүн көкөлөттүбү, болбосо көңүлгө түпөйүл ойлорду түйдүбү, кеп мына ошондо. Казакстан, Россия, Пакистан, Даниядан чубап келген Санта-Клаустар дал ушул Кыргызстан Санта-Клаустун борбору болчу жер экен деп суктанып кетишти. Алар ойго, тоого, көз тайгылткан Ысык-Көлгө көз кызартышты. Көл үстүндө күмүш түстүү толкундар менен тиктешип, "Ак кемеге" түшүп, көңүлдөрү көтөрүлүп турган кезде Чолпон-Атадагы "Рух ордо" маданий комплексинде бир кызык окуяга кабылышты. Алыс-жакындан келген коноктор "Рух ордого" саякаттап чыгышкандан кийин коноктор ал жакта токтотуп кеткен машина, майда-барат оокаттарын алып кеткени кайра ал маданий комплекске келсе, короодогу кызматкер "Киргизүүгө команда берилгени жок, ачпайм" деп өлкөнүн туризм министрлиги суранса да эшикти ачпай, алардын айласын кетирген. Анда Санта Клаустар "ачпаса дубалдан секирип түшөлү же жоон түтүк аркылуу сойлоп кирели" деп өздөрүн сооротушкан экен. Бул кароолдогу кызматкердин комплекстин эшигин араң дегенде ачканында да бир чындыктын үлүшү барбы дейсиң. Даниядан келген өкүл Санта-Клаустардын жайкы резиденциясы кайсы жерге ачылышы керек дегенде дал ошол "Рух ордо" комплексине ачыш керек дептир. Жайкысын Санта-Клаустар көз карегиндей сакталып келген "Рух ордого", кышкысын болсо ажайып "Ала арча" улуттук паркында конуш табышы керекпи? Санта-Клаустардын кышкы резиденциясына кайсы өлкөнүн өкүлү кыштайт десе даниялык Санта-Клаус "бул маселени биз али чече элекпиз" деп айтты. Кыргыздын Аяз атасы өзүнүн жеринде экенин эстей койгондой "Бул жерге мен жашасам болот, анда мага балдар эле эмес, чоңдор да келип-кетип турушат" деп айтканга дааптыр. Балким, туризм министрлигинин Санта-Клаустардын сапарын уюштурганы - туристтерди чакырып, казынаны байытуу үчүн көрүлгөн аракетидир. Бирок Санта-Клаус деп коюп, жогоруда айткандай, кыргыздын көркөм жерине орун-очок алып алган "санталар" сазайды колубузга карматпаайбы деген түпөйүл суроолор чыгат. Санта-Клаус майрамынын Кыргызстанда өтүшүнө Норвегия, Финляндия сыяктуу өлкөлөр каршы болуп, ошол биринчи фестивалга келбей коюшкан. Ал эми туризм министри Турусбек Мамашов Санта Клаус чокусун Жогорку Кеңеште атайын мыйзам менен бекитүү аракетине киришип жатат. Кыргызстанда Санта-Клаус деген чоку болмок турсун, Санта Клаустун өзү бар беле, кыргыздардын ата-бабасы жаңы-жылды жаз айында, Ноорузду жаңы күн, жаңы жыл деп алгачы бороз салынган эмгек күнүн майрам тутуп келишпеди беле. Эми эле христиандардын рождествосуна Ала-Тоонун чокуларынан Санта Клаустар самсаалап жөнөп калабы. Дегеле бул иш-чаралар Кыргызстанда канчалык каражат булагын ченебей ача турган болсо да, Санта Клаустардын Кыргызстанга болгон сапарын саресепке салып, кыргыздын өзүнө гана тиешелүү баалуулуктарын барктоого, кооз жерлерди нукура элден коруп, чоочундарды аралай-чаптырып, акыры "кой терисин жамынган карышкырдай" болгондордун айынан казынабыз каражатка толбой эле, тапкан-ташыганыбыз Санта-Клаустардын эсебине кантип түшкөнүн баамдабай арабөк абалда калбайбызбы деген ой келет. Айгүл Бакеева Санта ата келиңиз... Турусбек Мамашов: "Кыргызстанды рекламалап алдык" Жаңы жыл алдында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан "Кыргызстан Санта-Клаустун өлкөсү" деп белгиленип, кышкы иш-чаралар эларалык деңгээлде жүргүзүлөөрү маалымдалган жана өткөн жумада Санта-Клаустардын эларалык 1-фестивалы өткөрүлдү. Мындай иш-чарага каршы пикирлер айтылып, сындап чыккандар көп болду. Буга жооп иретинде мамлекеттик туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашовду кепке тартканбыз. - Турусбек Чукуевич, сиздердин агенттиктин демилгеси менен "Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү" деп аталган фестиваль өткөрүлөөрү белгиленип, фестиваль жыйынтыкталды. Бул фестиваль Кыргызстандагы туризмдин өнүгүүсүнө кандай конкреттүү таасир алып келди? - Туризм агенттиги өз алдынча толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк алган тармак катары "Санта-Клаустардын өлкөсү" деп белгилегенбиз. Туризм бардык өлкөлөрдө биринчи орунда турган тармак. Туризм-түтүнү жок завод. Ошондуктан туризмди өнүктүрүү, туристтер үчүн жакшы шарттарды түзүү негизги маселелерден. Швециялык компания Ортоазияга ( рыноктук тил менен айтканда "Санта-Клаус " дүйнөлүк соода марка болуп эсептелет) жайылтуу үчүн Кыргызстанды тандап алган. Кыргызстан үчүн бул чоң шанс. Шансты да туура пайдаланып калуу керек да. Бул фестивалга 10дон ашуун өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Эң негизгиси биз, мамлекетибиздин эң кооз жаратылышы, табийгый шарттары тууралуу, келген өкүлдөр аркылуу Кыргызстанды реклама жасап алдык. Биз Кыргызстанды миллиондогон сомдорду жумшасак да мындай реклама кыла албайт болчубуз. Биздин мамлекетти, жаратылышты, туристтик жайларды канчалык көп рекламаласак, Кыргызстан жөнүндө канчалык маалымат жеткиликтүү болсо, туристтердин келүүсү, кызыгуусу да ошончолук көп болот. - Өткөрүлгөн "Кыргызстан Санта-Клаустардын өлкөсү" фестивалынын мындай аталышына каршы пикирлер азыр деле айтылып келүүдө. Мүмкүн кыргызча "Аяз Атанын өлкөсү" деп аталса кандай болор эле? - Мындай суроону сиздин айрым кесиптештериңиз дагы берип жүрүшөт. "Санта-Клаустун" бизге эмне кереги бар деп. Ар бир нерсенин оң жагы жана терс жагы болот дегендей, айтылган сын-пикирлерди да таптакыр четке кагып кое албайм. Айтылыш керек. Бирок, эларалык деңгээлде болуп жаткандан кийин, көпчүлүк өлкөлөр "Аяз Атага" караганда, "Санта-Клаусту" таанышат. Атүгүл "Санта-Клаустардын" курултайы Европа өлкөлөрүндө көп жылдардан бери өткөрүлүп келатат. Тактап айтканда 53 жылдан бери өткөрүлөт экен. Ал эми "Аяз Атаны" биз кыргыздар жана казактар гана билебиз. Мындай жактарды да эске алыш керек. Ал эми рыноктун шарты бул бай жашоо. Маектешкен Гүлбарчын Якубова Жоголгон акчалар Донорлор берген 3,5 миллиард доллар кайда кетти? (Башталышы гезиттин өткөн сандарында) Бекер нерсенин баркы жок Донорлор берген жардамдын бир бөлүгү - техникалык жардам. Ага тиги же бул маселелерди чечүү боюнча берилген кеңештер, адистерди окутуп, үйрөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер, алардын ишин жакшыртуу үчүн сатып алынган компьютерлер, байланыш каражаттары жана башка курал-жабдыктар, инвестициялык долбоорлорду даярдоодо көрсөтүлгөн кызматтар кирет. Техникалык жардам бекер да, акчасына (кредит берип) да көрсөтүлө берет. Кредитке берилген техникалык жардам программалык займдарга жана инвестициялык кредиттерге киргендиктен, бул жерде жалаң бекер берилген техникалык жардамдар жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Финансы министрлигинин эсебинде, 1992-2005-жылдар аралыгында донорлордун бекер берген техникалык жардамы 613 млн. доллардан кем эмес болгон. Азыр чет өлкөлүктөр десе мурдун чүйрүп, аларды эч нерсени түшүнбөгөн, башына келгенин дөөрүп айта берген дөдөй, кыргыздарга кенедей да жакшылык кылбаган карасанатай душман кылып көрсөткөн адамдар көбөйүп кетти. Мунун, албетте, объективдүү негизи бар. Аны биз да жогоруда айтып өттүк. Бирок адилеттүүлүк үчүн алардын консультациялары ошол кезде өтө зарыл болгонун моюнга алуу зарыл. 90-жылдардын башында биздин адистер рынок экономикасы жана демократиялык мамлекет эмне экенин, аны кантип куруу керек экенин таптакыр билишкен эмес. Алар жада калса жөпжөнөкөй мыйзамды да жөндөп жаза алышпаган. Мыйзам жазып кел десе, Орусиянын мыйзамын же башка бир өлкөдө чыккан мыйзамды көчүрүп келишчү. Аны да маңызын түшүнбөй, өзү билгендей бурмалап, эптеп бирдеңке кылып алып келишчү. Мен муну Ак үйдө иштеп жүргөндө өз башыман өткөрдүм. Бир министрликтин даярдап келген мыйзамын кабыл албай, кайра оңдоп чыгуу үчүн кайтарып бере коем деп гезитке да жамандалып чыккан болчумун. Донорлордун рекомендациялары, ар кандай кеңештери, ноу-хаулары өткөөл мезгилде келип чыккан проблемаларды тез жана кандайдыр бир деңгээлде сапаттуу чечүүгө жардам берди. Алардын аркасы менен өлкө кыска убакыттын ичинде жаңы шартта иштеп кете ала турган адистерди да даярдай алды. Бирок ал акчалар эффективдүү жана сарамжалдуу пайдаланганда анын пайдасы мындан да көп болмок. Андай болбогон себеби - өкмөт аны белек катары карап, белек берген өлкө өзү билет дегендей мамиле жасап, донорлорду өз жайына коюп койгон. Алар акчанын көбүн чет өлкөлүк адистерди жалдоого жумшаары, бизге деп бөлүнгөн акча өздөрүнө эле кетип калаары тууралуу басма сөз беттеринде жана парламенттин трибунасынан көп эле айтылды. Акыркы жылдары биздин адистер да рынок экономикасын өздөштүрүп, айрым иштерди аткарганга жарап калды. Бирок иш ордунан дагы эле жылган жок. Донор жалдаган адистер кымбат болгону аз келгенсип, алар Кыргызстандын шартын жакшы билбей, ишке ашпаган кеңештерди берген фактылар көп кездешет. Ушундан улам донорлордун техникалык жардамды ишке ашырган уюмдарынын арасында да коррупция күчтүү болуп, анда иштеген адамдар жакшы кызматтарды өз адамдарына алып берүүгө аракет жасашса керек деген ойго келдим. Бирок аны далилдеш кыйын. Кыргызстанда техникалык жардамды пайдалануунун бирдиктүү саясаты иштелип чыккан эмес. Донорлордун ишин координациялоо да жетишсиз деңгээлде. Ошондуктан бир эле иш бир нече донор тарабынан жүргүзүлүп, акча чачынды болгону байкалат. Мисалы, финансы министрлигинин эсебинде турган 280 долбоордун 64 административдик реформаларды жүргүзүүгө багытталыптыр. Алардын 17 Европалык комиссия, 18 Түркиянын Эл аралык өнүгүү агенттиги, 11 ПРООН, 10 Азия өнүгүү банкы, калганын башкалар каржылаган экен. Бирок андан башкаруу системасы кенедей да жакшырып кеткен эмес. Мамлекеттик аппарат сан жагынан да, сапат жагынан да мурда кандай болсо, ошо бойдон кала берген. Коррупция болсо, тескерисинче, күчөгөн. "Кол ийрисине тартат" деген чын окшобойбу.Министрликтердин жана ведомстволордун ичинен эң көп акча алган Финансы министрлиги болгон. Каржыланган долбоорлордун 17% ушу министрликке тиешелүү. Андан кийинки орунду Президенттик администрация жана өкмөт аппараты ээлешкен. Мындан акча муктаждыкка эмес, күчкө жараша бөлүнгөнү сокур адамга да көрүнүп турат. Ким күчтүү болуп, кайсы жерде кандай акча бар тууралуу маалыматка ээ болсо, ал бекер акчаны каалаганча ала берген. Өлкө экономикасынын өзөгүн түзгөн өнөр жайына акчанын 2,7% гана тийген. Ош, Жалалабат, Баткен областтарынын баары биригип, 5% гана жардам алган. Мамлекеттик кызматкерлер техникалык жардамды чет өлкөлөрдү кыдырууга жана өз адамдарын айлыгы чоң долбоорлорго орноштурууга мүмкүнчүлүк берген нерсе катары гана карашкан. Алар кымбатка жалданган чет өлкөлүк кеңешчилерден бирдеме үйрөнүп калайын, аны ишке пайдаланайын деп аракет кылышкан эмес. Кеңешчилер жазган эмгектер эч кимге кереги жок болуп, чаң басып кабинеттерде жыйылып турганын айтышат. (Уландысы бар) Сапар Орозбаков, Бишкек экономикалык анализ борборунун директору, экономика илимдеринин кандидаты |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|