![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум Айбанчылык Түн жамынган зөөкүрлөр Биз адам баласы айбандардан эмнебиз менен айырмаланабыз? Албетте, акылыбыздын тунуктугу, курчтугу менен алардан өзгөчөлөнүп, жогору турабыз. Кандай иштерди кылбайлы бардыгы орду-орду менен жасалып, ирээти менен бүтөт. Анткени бардык нерселерди акыл-эс менен ой жүгүртүп жасайбыз. Биз ошон үчүн адамбыз. Бирок адамдар арасында дагы чектен чыккан айбандар бар. Андайларды "эки аяктуу айбандар" деп атасак да болот. Бири 19 жашка, экинчиси 23 жашка чыгышкан бул эки жигиттин жасаган жоруктарын көрүп, аң-сезимдүү адамдар эмес эле таш боор мыкаачы, жырткыч айбандарды элестетип кетесиң. Арийне, экөө тең көпчүлүк сыяктуу эле калаага иш издеп келишкен бойдок жигиттер. Бирок алар калаадан бакыт табышкандын ордуна, тескерисинче өздөрүнүн келечектерине балта чаап алышты. Осмоналиев Азамат Тынчтыкбекович 1985-жылы Талас районунун Көпүрө-Базар айылында, экинчиси Касымбеков Канат Исаевич 1989-жылы Жайыл районунун Бөксөжол айылында туулган. Ошол күнкү алардын жосунсуз жоруктары менен жүрөк үшүткөн кылыктары бирөөлөрдүн жүрөктөрүнө эстен кеткис так салып кетти. Көчөдөн арак ичишкенби, айтор экөө тең ортодон жогору кызуу абалында болчу. Кечки саат он чендерде Бишкек калаасынын Кривоносов көчөсүндө турган павильонго ээрчишип киришет. Павильондун сатуучусу Жамила Элебаева өзү жалгыз отурган. Кечкисин бул жакка эл да аз келет. Чөнтөктөрүндө сокур тыйын акчалары жок экөө жалгыз отурган сатуучу келинге тийише башташат. - Бизге бир бөтөлкө арак бересиң. - Арак жок, бер албайм. Чорт жооп берген сатуучуга экөө ачууланып жаман сөздөр менен ашатып, сөгө башташат. Павильондо эч ким жок ээн турганынан пайдаланышып, өздөрүн-өздөрү билип, кожоюндук кылып киришет. Азамат ызырынып келип сатуучуну бет талаштыра уруп да жиберет. Канат болсо ары жактан бөтөлкөнү ала коюп павильондун ичиндеги лампочкаларды чаап сындырып таштайт. Андан соң сырттагы лампочканы да бурап өчүрүп салат. Павильон ичи караңгы болуп, ичинде эч ким жоктой болуп калат. Экөө эмне максат менен бул жакка келишкени, эмнени көздөп жатышканы айтпаса деле белгилүү болчу. Азамат Осмоналиев ары жактан бычак алып келип сатуучунун мойнуна такап коркутуп, порнографиялык кинолорду туурап ар кандай иштерди зордуктап жасатат. Ал өзүнүн ишин бүтүргөн соң павильондун ичин тинтип, коробканын ичиндеги 2000 сомду, плащка катып койгон 8000 сомун таап алып, сатуучу колунда кармап жүргөн 2000 сомдук "Нокиа - 3310" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жулуп алган. А.Осмоналиевдин аңгилиги андан да ашып түштү. Кызды ал дагы бычак менен "өлтүрүп салам" деп коркутуп, зордуктайт. Андан соң айбанчылык иштерди жасай баштайт. Алдындагыны эч кимден жардамы жок алсыз, макулук катары көрүп, кордогонун уланта берди. Сатуучунун үстүнө шампунь куюп, өзү да аңгилик кумарын кандырат. Кийимдеринин баары тамтыгы чыгып айрылган сатуучу эч каршылык көрсөткөнгө алы келбей зөөкүрлөрдүн куурчагына айланды. Аны моокумдары канганча кордоп, зордоп бүтүшкөн экөө мындай чечимге келишти. - Бул бизди таанып калды, эми көзүн тазалаш керек. Азамат Осмоналиев мууздамакчы болуп, колундагы бычагы менен жабырлануучунун мойнун кескилегенде бактыга жараша анын бычагы мокок болуп өтпөй койду. Ары жакта турган суусу бар бөтөлкөнү ала коюп туруп, ансыз деле араң турган жабырлануучунун башына бир канча жолу шилтеп калды. Катуу соккудан жерге кулап түшкөн жабырлануучу али акыл-эсин жоготкон жок. Жерде өлүмүш болуп, кыймылсыз жата берди. Муну биротоло түбүнө жетейин дедиби, зөөкүр текчеде турган телевизорду алып келип анын башына таштап жиберди. Жабырлануучуга Кудайдын боору оорудубу, бул жолкусунда да өлүмдөн калды, эсин али жоготкон жок. Азамат бул эми даана өлдү деп ойлоду, бирок ошентсе да чындап өлгөнүнө ишениш үчүн эңкейип жүрөгүн тыңшап көрдү. Али эсинен тана элек жабырлануучу демин ичине кармап, катып туруп калды. Караңгыда мас немелер анын тирүү калганын байкашкан жок. Экөө адам кейпинен кетип, күнөөсү жок келинди кордогону аз келгенсип, павильондун ичин тоногонго киришти. Тамак-аштарды баштыкка салып, жабырлануучунун 2500 сомдук алтын шакегин, 3000 сомдук сөйкөсүн алып жолдоруна түшүп кете беришти. Тартылып алынган буюмдарды, айрылып, тамтыгы чыккан кийимдерди, тонолгон тамак-аштарды эсептегенде алар жабырлануучунун моралдык запкысын эсептебегенде жалпы жонунан 21980 сомдук материалдык зыян келтиришкен. Жабырлануучу тирүү калбаганда, балким кутурган зөөкүрлөр көпкө чейин кармалбай жүрүшөт беле? Бирок баары бир алыска узап кете алышкан жок. Сурак мезгилинде да адегенде күнөөлөрүн жарым-жартылай моюндарына алышып, кээ бир жасаган айбандык иштерин танууга аракет кылып көрүштү. Күбө далилдер так, туура коюлгандыктан алардын үстүлөрүнөн сот төмөнкүдөй өкүм чыгарды. Касымбеков Канат Исаевичти КР КЖКсынын бир канча статья, пункттары менен күнөөлүү деп таап 13 (он үч) жылга, Осмоналиев Азамат Тынчтыкбековичти да бир канча статья, пункттардын негизинде 17 (он жети) жылга эркинен ажыратты. Экөө тең жаза мөөнөттөрүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөмөй болушту. (Белгилүү себептер менен жабырлануучунун аты-жөндөрү өзгөртүлүп берилди) Н.Молдотаев, Бишкек шаарындагы Ленин райондук прокурорунун жардамчысы КРИМХРОНИКА Түрмө сыртындагы баңгизат Борборубуздун өзүндө жайгашкан №47 эмгек түзөтүү колониясынын бийик дубалынын жанынан баңгизат алып жүргөн адам кармалды. Дубалдын жанына келип токтогон машинеден шек санаштыбы, айтор баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери дароо барып эле машинени текшерүүгө алды. Анын айдоочусу 1969-жылы туулган А.Янковенко болчу. Алар ойлошкондой эле машиненин ичинен 3 кг 590 гр марихуана таап чыгышты. Бул баңгизатты дубалдын ары жагына ыргытканы алып келгенби, айтор иликтөө жүрүп жатат. Кулкуну куураган чиновник Жергебиздин түштүк аймагындагы автобекетти мыйзамсыз түрдө менчикке чыгарып алган чиновник айыпталууда. Болгондо да Маммүлк фондунун, аймактык менчиктештирүү комиссиясынын төрагасы өзү барып жатпайбы мындай кылмышка. Ал Араван аймагындагы автобекетти өзүнүн эле менчигиндей сатууга алып чыккан. Объект болсо КРнын транспорт жана коммуникация министирлигинин карамагында болчу. Ошентип, кулкуну куураган мамчиновник өкмөткө 600 миң сом зыян алып келген. Бүгүнкү күндө тергөө иши башталды. Айлыкка ыраазы болушпай… Жалалабат шаарындагы жогорку окуу жайындагы журналистика факультетинин деканы жана Бишкекте профессионалдык лицейдин директорунун орунбасары өзүнүн окуучуларынан пара алып жаткан жеринен кармалышты. Жалалабат мамлекеттик университетиндеги журналистика факультетинин деканы өзүнүн студентинен ар бир экзаменде жакшы баа коюп берем деп 3 миң сом талап кылган. Ал эми Бишкектеги профессионалдык лицейдин директорунун орун басары болсо окууну бүттү деген сертификат жасап бергенге 1,7 миң сом сураган. Экөө тең пара алып жаткан кезде кармалышып, тергөөгө алынууда. Чет өлкөлүктөр алдатпайт Кытай атуулунан миллион сомдук товарларды алдап алып качып кеткен жигит колго түштү. Чет өлкөнүн атуулу мени таппай калат деп ойлодубу 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Кытай атуулунан жогорудагы суммадагы ар кандай товарларды сатып берем деп алдап алып, көздөн кайым болгон. Бирок, арам ою ишке ашпай, Ички иштер Министрлигиндеги тергөө жана кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери аны бат эле таап, кармап келишти. Ага өтө чоң суммадагы буюм уурдагандыгы үчүн деген айып коюлууда. "Султан" кылтакка түштү Бишкек калаасынан "Султан" деген кошумча аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Борборубуздагы Ленин РИИБ кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Москва районуна караштуу Садовое айылынын тургуну, өз аты М.М.Юсупов "Султан" деген кошумча аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кылтакка илишти. Бул коркунучтуу кылмышкер көптөн бери издөөдө жүргөн болчу. Чала өлүк аялды зордуктап… Бишкектеги көчөдөн белгисиз аялды машине уруп кетип, айдоочу качып жоголсо, көчөдө бараткан дагы бир аңги жабырланган аялды зордуктап кеткен. Бул окуя борбор калаабыздагы Орозбеков - Ленинград көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кечки саат 9 чендерде белгисиз айдоочу 35 жаштагы Г.А. аттуу аялды машинеси менен катуу уруп алып качып кеткен. Жерде эсин жоготуп, кызыл-жаян болуп жаткан аялды көчөдө кетип бараткан аңги киосканын артына сүйрөп барып зордуктап салган. Бул окуяны милицияга Э.Мырзатаев деген жигит кабарлаган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду. Качып кеткен айдоочу 22 жаштагы И.В.Литвинов кармалды. Ал эми аңги жигит болсо изделүүдө. "Шашкан шайтандын иши" Төрт адамдын өмүрү кыйылды "Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат" болуп, бул жигит сот алдында запкы жегендердин өздөрүнө күнөө коюп, жазадан эптеп кутулуп кетүүнү көздөп турду. - Машинени мен жакшы эле айдап келаткам. Жанымда отурган жүргүнчүлөрдүн бирөөсү рулга жабышып, оң жакка буруп жиберди. Кырсык ошондон болду. Мамлекеттик номери В9303 Р "Мерседес-Бенц" маркасындагы машинеде алты адам отурушкан. Убакыт түнкү саат бир болчу. Айдоочу Бишкек шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Назаров Асылбек Маратович өзүнүн машинесине жүргүнчүлөрдү ашыгыраак салып, анысы аз келгенсип өтө катуу ылдамдыкта айдап, Манас проспектиси менен түштүктү карай жөнөгөн. "Кырсыкты кайдан деп болбойт", канчалык тажрыйбалуу болгону менен кандай гана айдоочу болбосун көз-ачып жумганча кырсыкка кабылып калышы мүмкүн. Машина айдоодо мактаныч жок, "тек жүрсөң, ток жүрөсүң" дегендей жол эрежесин бузуп, өтө катуу айдабай бир калыпта жүргөн айдоочу эч убакта кырсыкка кабылбайт. Бул жигит анткен жок, жүргүнчүлөрдү машинесине шыкап, жол эрежесин буза катуу ылдамдыкта айдады. Шаша турган деле эч нерсе жок болчу, "шашкан шайтандын иши" болуп, ошол катуу ылдамдыгы менен кетип баратып, рулга ээ боло албай кетти. Машине жолдон чыгып, даракты катуу сүзүп токтоду. Натыйжада машиненин ичинде отурушкан жүргүнчүлөр Э.Бекмырзаев, М.Буларкиева, К.Сыдыкова дароо эле ошол жерден "мүрт" кетишти. Н.Чынтемирова болсо №4 шаардык ооруканадан каза болду. А.Айылчиев оор акывалда ооруканага жеткирилди. "Мен күнөөлүү эмесмин, рулду жанымда отургандардын бирөөсү буруп жиберди" деп өлгөндөргө күнөө койгону менен аман калган жүргүнчүлөр Айылчиева менен Карымшаков болгонун болгондой айтып берди. Айдоочуга эч ким тоскоол болушкан эместигин далилдешти. Эреже боюнча эл көп жүргөн жерде саатына 60 км ылдамдык менен айдаш керек болчу, ошондой эле машинеге мынчалык көп кишини шыкап салбаш керек эле. Айдоочу канчалык танганы, актанганы менен күнөөсү мойнуна коюлду. Бирок ошол күнү ичкилик ичкен эместиги аныкталды. Мына, айдоочунун шашмалыгынын кесепетинен бир канча күнөөсүз жүргүнчүлөр мерт болушту. Сот Назаров Асылбек Маратовичти КР КЖКсынын 281-статья, 3-пунктунун негизинде 10 (он) жылга эркинен ажыратты. Азыр көчөдө эл кыймылынан автотранспорт кыймылы көп. Алардын арасында окубай эле айдоо күбөлүгүн акчага сатып алгандар да бар. Кудай "Сактансаң - сактайм" дейт, бул башка айдоочуларга да сабак болушу керек. Т.Турапбаева, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокурорунун ага жардамчысы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|