![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №27, 04.03.08-ж. |
Меймансап Форум ![]() Ыр майдан "Кыргызстан обондору" радиосунун ди-джейи Чыңгыз Мырзаев: "Ырларымды топтосом, бир китеп чыгат" - "Кыргызстан обондорунун" популярдуу ди-джейи "Чыңгыз" дегенде кыздар эт-бетинен кетет дешет. Ушул чынбы? - Аябай популярдуумун деп айтканым туура эмес болуш керек. Кудай буюрса, популярдуулук, чоң-чоң ийгиликтер жаралчу мезгил али алдыда. Элдин купулуна толуу, эмгегиң сиңүү кыйын нерсе. Өзүмдү бийик деңгээлдеги, атактуу кишилердин катарына кошо албайм. - А ырчы катарычы? - Ырчылыкты бир чети хобби, экинчи чети талантым деп койсом болот. Кыргызстанда таланттуу ырчылар көп, алардан алдыга озуп кеткен деле жайым жок. Аракетиме жараша ийгиликтер болуп жатат. - Сен башкы ролдо тартылган "Кандуу сүйүү" фильминде Бек Борбиев чыгарган "Арылгыс арман" ырын ырдайт эмессиңби. Бул ырды "Кыргызстан обондорунун" эфиринен да кетире баштапсыңар… - Уккандар жактырганын айтышты. Бек өзү дагы угуп, жактырды. Азыр Бек Борбиев "Жыйырма беш жаш" деген жаңы ыр жазып берди. Аны да ырдадым, азыр радиолордон кетип атат. Бекке окшогон таланттуу ырчынын менин чыгармачылыгыма карата оң пикир айтканы мен үчүн чоң ийгилик. Себеби, мен өзүм Бект мырзанын ырларын ырдап, чоңойгон жигитмин. - "Кандуу сүйүү" чыгармасынын башкы каарманы Алымбектин ролун спектаклде Бек ойногон. А фильмде сен аткардың. Учурунда Бек ойногон бул роль өтө популярдуу болгон. "Бектин деңгээлине жете аламбы" деген жүрөксүнүү болду беле? - Негизи адамдын коркуп турганы жакшы. Бирок, ошол эле учурда тобокелчилик дагы болуш керек. Эл менен сүйлөшүп калганда "бул ролду спектаклде Бек аткарган экен" деген сыймыктануу менен айтым жатам. Ага тартылганыма абдан ыраазымын. Фильм даяр болгондо, көрөрмандар да өздөрүнүн сын-пикирлерин айтышаар. - Чыңгыз, сени куюлуштуруп ыр да жазат деп угуп жүрөбүз… - Ата Мекен, ата-эне, сүйүү, турмуш тууралуу ырларды жазууга аракет кылам. Кээбирлери обонго ылайыктуу жазылат. Айрымдарын окуганга туура келет. Ырларымды топтосо, бир китеп чыгып калчудай. - Анан китебиңди качан чыгарайын деп жатасың? - Чынын айтсам, китепке чыгына элекмин. Убакыт өтүп, жашың өдөлөгөн сайын мурдагы жазган ырларың купулуңа толбой калат экен. Ошолорду оңдоп-түздөп туруп чыгарса болот. - Жеке концерт менен эл кыдырып, талантыңды айыл жергесиндегилерге да тартуулай турган оюң барбы? - Андай максатым бар. Себеби мен Бишкек менен Чүйдүн айланасынан алыс чыга элекмин. Кудай буюрса, ушул жылы Кыргызстанды түрө кыдырып, өзүмдүн күчүмдү сынап, талантымды калың элге тартуулап келсем деген оюм бар. Маектешкен Шааркүл Медетбекова Эптеп эле ээрге отуруш керекпи? Айдатма аткаминерлерге айтаар сөз Эй, аткаминерлер! Бюджетте акча жок деп алакан жайганыңарды качан токтотосуңар? Ээрчиме, жетеленме, түрттүрмө адатыңардан арылып өз алдыңарча качан ойлоно аласыңар? Көзүңөрдү чоңураак ачып байлык, акча алып келе турган мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды көрсөңөр кана. "Күйгөндөн айтам..." дегендей ошолорду көрбөй, сезбей жүргөнүңөргө күйүп-бышып көзүңөргө көрсөтүп, кулагыңарга куюп коеюн дедим. Боом капчыгайынан өтүп Нарын тарапка бурулуп Кубакынын белин аралап жөнөгөндө ээн жаткан жайыт жерине көзүң түшүп: "Аттиң, эчкилерди өстүрө турган жер турбайбы", деп суктанасың. Созулуп жаткан жайыт жерлерде анча-мынча мал жүргөнү менен толук пайдаланылбай бош жатканы өкүндүрөт. Бул жерге атайын эчки чарбасы уюштурулса төрт-беш жылдын ичинде эле ой-кырда эчкилер жайнап жайыттын көркүн ачмак. Эчки атайын тоютту деле талап кылбаган өзгөчө жаныбар. Анан дагы жалгыз туубай эгиздеп тууйт. Ошон үчүн "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эки улак" деген сөз айтылып калгандыр. Кубакынын кенен жайыттуу жерине кеминде жүз миңдей эчкини багууга болот. Ал так ушундай таштуу, адырлуу жерлерди мекендейт. Эгерде бул жерде кайсы бир аткаминер демилге көтөрүп эчки чарбасын уюштурууну колго алса, ошол аймактын эле эмес өлкөнүн да экономикасынын өсүшүнө салмактуу салым кошор эле. Арзан өндүрүлгөн эчки эти, тыбыты, териси канчалаган кирешелерди бермек. Сүтүчү! Адамга жагымдуу келип, денсоолугун чыңдамак. Кубакынын бели - "кирешенин бели" делип аталмак. Тилекке каршы, ошол аймак тиешелүү болгон райондун, областтын башында тургандар андай ачылбай жаткан байлыкты ачмак турсун кашайгырдыкы көрбөй жатышпайбы. Ошондой эле Ысык-Көлдүн сыртындагы Сарыжаздын суусу бекерден бекер эле Кытай тарапка агып кетүүдө. Улуттук Илимдер Академиясынын суу жана гидроэнергетикалык ресурстар проблемалары институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун ою боюнча бул дарыяга төрт-беш ГЭС курууга болот. Алар бир жарым миллион киловатт электр энергиясын иштеп чыгып Кытайга да экспорттоого болот экен. Ал ГЭСтердин жанында энергетиктердин поселоктору пайда болуп, Кытайга көл тараптан да транспорттук коридор ачылат. Андай болгондо жаратылышы кооз жерлер бир жагынан туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болуп миллиондогон акчалай кирешелер мамлекеттик казынага түшүп турат. "Бул кабинеттерде олтуруп алып эле кыялдануулар эмес, илимий жактан көп жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы. Мындай иштер аткаминерлер тарабынан колго алынып башталса инвестор болууга Россия, Кытай кызыкдар болуп жатат", - дейт. Д.Маматканов. Көңүл бурууну талап кылып экономикабыздын чыңдалышы үчүн өз убактысын күтүп жаткан мындай жерлер Кыргызстанда канча дейсиң. Ээлеген кызматын корстон болуп демилгесиз убакыт өткөрүп жүргөн аткаминерлерге айтар сөз: "Экономикабызды көтөрөлү, эл турмушун жакшырталы деген чыныгы оюңар, максатыңар болсо акча жок деп алакан жайбай алды-артыңарды карап, жогорудагыдай киреше берүүчү булактардын көзүн ачкыла. Качанкыга чейин жетеленме болуп бирөөнүн колун карап жардамына, капчыгына көз артасыңар. Ордуңардан козголуп оңду-солду карап көргүлөчү. Өлкөбүздү өнүктүрүп, өстүрүүгө өзүбүздө эле толгон токой мүмкүнчүлүктөр, шарттар бар. Аларды көрүш гана керек. Анте албасаңар түпкү максатыңар эптеп эле ээрге отуруш беле..." Жума Мамбетов Сөз бойдон калбаса болду… Марат Үсөналиев: "Окуучулар форма кийиши керек" Мезгил агымы билим берүү тармагын да өзгөртүп, жаңыланууну талап кылууда. Билим берүү жана илим министрлиги бул боюнча кандай жаңы кадамдарды жасап жатат? Ушул жана башка суроонун тегерегинде министрликтин мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү башкармасынын жетекчиси Марат Үсөналиев менен кыскача аңгемелешкенбиз. - Марат Жолдошбекович, республиканын мектептеринде билим берүүнү реформалоонун, тагыраак айтканда жаңылануунун максаты эмнеде? - Айтса, айтпаса төгүнбү, айрым мектептердеги окуучулардын билим деңгээли учурдун талабына жооп бербейт. Жыл сайын республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү жүз балл да ала алышпайт. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Эң биринчи кадамды биз мугалим кадрлары менен камсыз кылуудан баштоону чечтик. Анткени буга чейин көптөгөн мектептерде айрым сабактардан мугалимдер жетишпей (физика, англис тили, химия, орус тили ж.б.) окуучулар жеткиликтүү билим ала албай жатат. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Мугалим кадрларын даярдоонун устаканасы болгон педагогикалык жогорку окуу жайларын калыбына келтирип, тиешелүү сабактар боюнча мугалимдерди жетиштүү даярдоого министрлик өзгөчө басым жасоодо. Экинчи маселе - окуу китептеринин жетишпей жаткандыгы. Азыр республикадагы 85 орто мектеп, 22 мектеп-интернаттар 85 пайыз гана окуу китептери менен камсыз болушкан. Билим берүү академиясы менен бирдикте электрондук окуу китеби боюнча программаны түзүп жатабыз. Эгерде ал оюбуз ишке ашса, окуу китептеринин маселесин толук чечкен болобуз. Бүгүнкү күнү мектептердеги билим берүү компьютер менен тыгыз байланышкан. Бирок, айыл-кыштактардагы көптөгөн мектептерде компьютердин жоктугунан окуучулар замандан артта калышууда. Компьютер жетишпеген мектептерге ушул март айынан баштап 90 миллион сомго компьютерлер жеткирилет. Андан тышкары да ар кайсы жерлерге керектөөсүнө жараша инвестициялар тартылууда. Мисалы, Кочкор районуна 24 млн. сом инвестиция тартылып, мектептерден тышкары бала-бакчаларга, спорттук инвентарлар сатып алууга жумшалмакчы. Ал эми он эки жылдык окууга өтүү боюнча атайын иликтеп, изилдөө иштери жүргүзүлүп, бул жагынан башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары да эске алынат. Мындай ишти "жети өлчөп, бир кесиш" керек. Ошондуктан ал боюнча бир чечимге келүү али алдыдагы иш болуп эсептелет. - Окуучулардын мектептеги формасы тууралуу кенен сөз боло баштады. Бул боюнча сиздин оюңуз? - Ооба, окуучулук форманын үстүндө иштеп жатабыз. Силердин газета да окуучулук форманын зарылдыгын жазып чыкпадыбы. Кенже класстарга жана жогорку класстардын окуучуларына өз-өзүнчө форма каралат. Ал үчүн атайын сынак жарыяланып, мыкты үлгүлөр Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылат. Суроо салган Уларбек Үмөталиев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|