Коомдук-саясый гезит
№29, 11.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Стиль

Ким кандай кийинет?
Көчөгө чыксаң, көпчүлүктүн көңүлүн бурган, ар түркүн түспөл, түркүн жан...
Исламчылар
Чүй боорундагы айылга барып калып, сөөк коюуга келгенде өзгөчө кийинген жаштарга көңүлүм бурулду. Алар адаттан тышкары сакалын узун кылып өстүрүп алышкан, бутунда көлөч, башында ак топу, боз кийим кийген, боз дамбал, юбкадай узун көйнөк, көпчүлүктөн обочо турушат. Өздөрүн алар исламчылар деп аташат, элди кудайга ишенүүгө чакырышат. Алар менен сүйлөшө келсең билими, түшүнүгү тайкы, ал түгүл элементардык түшүнүгү жок экенин билесиң. Даабатка барабыз дешип айыл кыдырып, мечиттерге же тааныштардыкына түнөп, исламдын түшүнүктөрүн элге жайылтып жүргөндөр. Ал эми жергиликтүү калк аларга көз- карашын билдирбегени менен ич ара мечитке түнөп, кыштата андагы светти жагып чыгышып, анын акысын кошо төлөшпөй баса беришти, энергетиктер ага карайбы, светтин акысы төлөнбөгөн деп мечитти жарыксыз калтырышты деп айтышты. Эгер айылда билим ала тургандар бар болсо, Араб өлкөлөрүнө алпарып акысыз окутуп келе тургандар бар экенин айтышат. Жергиликтүү калк бул топтогуларга кандай мамиле кылаарын көп деле ачыкка чыгарышпайт, бирок "даабатка барган балдар ичкилик ичпейт, жаман иштерге барбайт, ошонусу менен коомго пайда гана алып келбесе, зыянчылыгы жок" дешет. Бирок өз балдарын даабатчыларга кошууга даашпайт. Бир башкача кийинип, жаңычыл исламга үгүттөп жүргөндөргө өтө этият мамиле жасашат. Кечээ гана ушул элдин арасында, эл кийгендей эле кийим кийип, элдей жашоо өткөрүп жүргөндөр бүгүн башка маданиятты, башка жашоо образын, башкача ой жүгүртүп калгандарына эмнегедир кубанып турбаган маанайды сезүүгө болот.
Бишкекте да хиджаб кийген кыздарды көп жолуктурасың. Алар ичкилик ичпейт, жаман жолго түшпөйт, көпчүлүк жаштар барган жерге барбайт, өздөрүн элден обочо кармап, өздөрүнчө топ менен жүрүшөт. Алардын да коомго зыяны жок, тартиптүү кыздар деп эсептелишет. Автобустарда чоңдорго орун бошотуп бербегендерине караганда алар көп деле сыйчыл келишпейт.Сүйлөшө келсең ислам окуу жайларында окугандар, намазга жыгылышат. Эмнегедир алар кыргыздан алыстап бараткандай туюлат.




  Эмо

Бишкектеги секелек кыздардын тобу жаш ырчылардын артынан чуркап, концерттеринде сүрөткө тартып, автографтарын жыйнап жүргөнүн байкайсың. Аларга көңүл коюп караган киши кийимдеринин өңү кара же кызгылтым болоорун, өздөрүн шайыр, ачык алып жүрөөрүн, жапыз така кийип, көбүнчө спорттук стилди карманаарын көрөт. Кулагын эки-үч жеринен, мурдун тешип, сөйкө салып алышат. Кээ бири атүгүл оозун, курсагын тешип, ырбап кетип, андан жабыркашат. Рюкзак же болбосо спорттук сумкаларына кичинекей тукаба жумшак оюнчуктарды илип алышкан. Силер кайсы топко киресиңер десе алар кыткылыктап, "Биз эмобуз" деп айтышат. "Эмо" деген сөз эмоционалдуу дегенден эле келип чыкканын айтышат. Булар көбүнчө 12-14 жаштардагы романтик кыздар экенин баамдоого болот. Алардын кругозору кең, орус жана батыш маданияты менен жакшы тааныш. Орус тилинде сүйлөшөт. Бара-бара чоңоюп, токтолгондо бул кылыктары калат дешет психологдор. Ошентсе да булар да кыргыздан алыстап бараткандай сезилет.

  Готы


Аз санда болсо дагы жаштардын арасында өздөрүн ушундай топко киргизгендер Бишкекте да бар. Алар өздөрүн ак сөөк, башкалардан бийик эсептешет. Таланттуу келишет, бири сүрөт тартат, бири ыр жазат. Көбүнчө кара, боз түстө, узун кийинишет, өлбөстүктүн символу деп, моюндарына атайын чынжырча, колуна чынжырча, моюндарына да жалтырак тагып алышат. Ооздорун, тырмактарын да кара түстө боешот. Манжалары ачык мээлей кийип жүргөнүн көрөсүң. Бирок пессимисттик маанайда жүрүшөт, өздөрүн курмандык кылууга даяр тургандар. Кээде мүрзөлөрдү аралап жүрүшөт.
Социологдор готика тобуна киргендерди коммерциялык максатта жүргөндөр атайын кийим тигип, алардын артынан акча жасап алуу үчүн кармап жүрүшөт, бара-бара булар чоң турмушка аралашып, орто кылымдагы готика маданиятын унутуп калышат деп эсептешет.

Даярдаган Айжан Айтышова














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan