![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 14.03.08-ж. |
Меймансап Форум Маараке Айтылуу куудул Асанкулдун 80 жылдыгы Турган турпаты менен эле боорду эзген, элибиздин тубаса таланты, куудул Асанкул Шаршенов өткөн жылы 80 жашка чыкмак. Сокулук районунун эли, райондун жетекчилери мындай мааракени кеңири белгилеп коюу демилгесин көтөрүп жатышат. Жалпы кыргыз журтунун сүймөнчүктүү куудулу Асанкулга арналган эскерүү кечеси 20- мартта Сокулук районунун борборундагы Маданият үйүндө өтмөй болду. Келиңиз, чыныгы элдик куудулга таазим этиңиз! "Аалам" пресс. Ысмайыл Кадыров: Кыргыздын Гиннес китебинен Алп адамдар Эл оозунда байыртадан бери эле кыргыздан чыккан алп адамдар жөнүндө айтылып келет. Алсак . Манас, Кошой, Семетей, Сейтек ж.б. элдик баатырлар, эпос каармандары, уламыштагы Ажымоолук сыяктуулар алп адамдар катары сүрөттөлөт. Кийинки мезгилде жашап өткөн тарыхый алп адамдар да бар. Алар төмөнкүлөр: Алп Тобок Эң зор жана узун бойлуу кыргыз 16- кылымда жашап өткөн алп -Тобок болсо керек. Бизге жеткен айрым маалыматтар боюнча анын бою 4 метрге жеткен. Аны ат көтөрө албай, өмүр бою жөө жүргөн. Ал акталаалык кадимки Жанболот баатырдын иниси, Тайлак баатырдын бабалары болгон. Жанболот Кытайга туткунга түшүп калганда Тобок кыргыз жергесинен Пекинге чейин жөө барып бошотуп келген. Кыдыралы балбан Элдин айтымында Нарын өрөөнүндө жашап өткөн Кыдыралы балбан да зор адам болгон. Ага тогуз койдун терисинен тон тигишчү экен. Жоголгон улак анын кепичинин ичине жатып алып, кепичтин таманына салынган чөптү кепшеп жатканда табылганы аңыз катары айтылат. Төрөгелди баатыр Кадимки Төрөгелди баатырдын да алп адамдардан болгондугу жөнүндө азыноолак маалыматтар бар. Токсонбай балбан Ноокаттык Токсонбай балбан Кокон хандыгынын тушунда жашап, Кокон ханынын беш жыл камалып турган көк букасын жеңген, андан кийин хан ордосунда балбан болуп көп жыл кызмат өтөгөн. Эл арасында турганда анын бою көкүрөктөн чыгып турчу экен. Кожомкул Каба уулу Кожомкул Каба уулу кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан болгон. 47 жашында салмагы 165 кг, бою 2м 36 см болгон, колунун манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон 52- өлчөмдөгү өтүк кийген. 635 кг "Кожомкулдун ташы" деген ат менен элге белгилүү ташты Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 м. аралыкка көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы аңыз болуп айтылып келет. Кыдырша уулу Абдыманап Тогузторолук атактуу балбан Кыдырша уулу Абдыманаптын бою 2 метрден ашык, салмагы 130 кг болгон. Кыргызстандын тарых музейинен анын чепкени Италияга, андан Финляндияга сатылып, дүйнөдөгү алп адамдардын кийимдери турган музейге коюлган. Турусбек Шыгаев Акталаа районунан Турусбек Шыгаевдин салмагы 150 кг жеткен. Жеңишбек Азыркынын алп адамы деп акталаалык Жеңишбекти атоого болот. Анын боюнун узундугу 2. 28 см., салмагы 150 кг болгон.Азыркы жеңил машиналарга батпай, үстү ачык жүк ташуучу машиналарга түшүүгө аргасыз болот. Редакциядан: сиздердин айылда да алп адамдар болсо, бизге кабарлаңыздар. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|