Коомдук-саясый гезит
№30, 14.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Артка эмес, алдыга десек...

"Туура бийде тууган жок..."
Элдин эркиндиги, бийликтин калк мүдөөлөрүн жана ар бир жарандын эркин өнүгүшүн камсыз кылышы өлкөнү өнүктүрүүнүн бирден-бир өбөлгөсү болуп эсептелет.
"Акыйкаттык үчүн" коомдук кыймылынын максаты да, жасаган ар бир иш-аракети да мына ушул демократиялык принциптерди жана эркиндиктерди ишке ашырууга багытталган.

Ал эми биздин азыркы жашообузда бийлик бир жагынан демократиянын принциптерин сактоого аракеттенип жаткандыгын жар салганы менен, экинчи жагынан адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин ар тараптан ооздуктоого аракеттенүүдө. Эркиндиктин негизги принциптери сөз эркиндиги, өз эркин ачык билдирүү болуп эсептелет.
Элибизде сөз кудуретин бийик баалаган "баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген салттуу сөз бар. Ата-бабадан келаткан салт боюнча кыргыз журтчулугунда сөз эркиндигине кысым жасоо айыпталып келген. Ошондуктан, биз жарыяланган макалалары боюнча "Де-факто" жана "Алиби" гезиттеринин үстүнөн жүргүзүлүп жаткан сот ишине кабатырлануудабыз. "Ар-намысыбызга, абийирибизге шек келтирди" деген шылтоо менен Президенттин бир тууган инисинин баласы макалалардын авторлоруна 500 миң сомдон жана гезиттерге1 миллион сомдон доо айыбын койгон.
Бийлик аныгында бир кишинин колуна топтолуп, кала берсе соттор да эркиндикке ээ болбой калган чакта чындыкты чагылдырган, акыйкат үчүн күрөшкөн бул эки гезитти жаап салуу максаты даана байкалууда. Анткени, аталган суммаларды төлөө оңойго турбастыгы түшүнүктүү. Мындай сот процесси мамлекет башчысынын да беделин түшүрүп, бүткүл Кыргызстан элинин алдында уят кылууда. Анткени даанышман элибизде "туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген кеп бар эмеспи.
Ал эми негизсиз күнөө коюп, басма сөзгө кысым көрсөтүү жана сөз эркиндигин ооздуктоо коомубуздун өнүгүшүндө терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондой болсо да биз үмүт үзбөй, Президентти айкөл жана гумандуу болууга чакырабыз.
Биз, Кыргызстан, демократиянын принциптерин бекем карманабыз деп милдеттенме алып, БУУнун Адам укуктары боюнча Конвенциясына жана ОБСЕнин Хелсинки документтерине кошулганбыз. Басма сөз эркиндигин сот аркылуу ооздуктоо менен биз дүйнөлүк коомчулук алдында алган милдеттенмелерибизди аткарбай жатабыз. Мындай окуялар Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына терс таасирин тийгизип, кадыр-баркына доо кетирет. Ошондуктан, Конституциянын гаранты катары Президентти басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин сактоого чакырабыз.

"Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы




  Баш кесмек бар, тил кесмек жок…

"СЕНТЯБРЬ" ТЕЛЕКАНАЛЫ
бийликтин кезектеги курмандыгыбы?
Акыркы жылдарда өлкөбүздө адам укугуна, сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине болгон басмырлоо аракети күч алууда. Учурда эркин басылмалары, эркин телеканалдарынын саны азайюу менен дээрлик бир жактуу, азыркы бийликтин ырын ырдаган басылмалар менен телеканалдарга айланууда. "Аалам", "Де факто", "Алиби" сыяктуу элдин алкоосуна татып жаткан гезиттерди эске албаганда, башка басылмалар бийлик камчысын чапкан органдарга айланды.

Акыркы жылдары эфирге чыгып келе жаткан оппозициялык маанайдагы "НТС", "Пирамида" жана түштүктөгү "Сентябрь" телеканалы элге туура, ар тараптуу маалымат жеткирип келе жатышкан. Өткөн жылы "НТС" менен "Пирамиданы" бийлик өз колуна алды. Ошондуктан, ал телеканалдар да мурдагыдай эл таламын, мүдөөсүн канааттандырбай, окуяларды бир тараптуу чагылдырууга өттү. Түштүктөгү "Сентябрь" телеканалы 2006-жылдагы ноябрь, 2007-жылдагы апрель митингдерин жана декабрдагы Жогорку Кеңешке шайлоолордун жүрүшүн түштүк региондо жашаган калкка туура, так жана ар тараптуу жеткирип турган. Андан сырткары азыркы учурдагы бийликтин чырмалышкан коррупциясы, өзүм билемдик менен жасаган жоруктары жөнүндөгү элдин даттанган арыз-муңун көпчүлүккө ашкерелөөдө бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүп келе жаткандыгы жашыруун эмес. Мына ушул сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөрдү байма-бай чагылдырып турган телеканал бийлик төбөлдөрүнүн ого бетер куйкасын куруштуруп, ошол себептен анын ишмердигин мыйзамсыз жол менен токтотууга болгон аракеттер күч алууда. Сөзүбүз куру болбос үчүн, болуп өткөн бир эле фактыга токтолуп өтөлү. Өткөн жылдын сентябрь айында Сузак районундагы Каралма токой чарбасынын директору Козубай Жумагуловдун өзүм билемдик менен жасаган жосунсуз жоруктарын ашкерелеген элдик жыйындын жүрүшү "Сентябрь" телеканалынан көрсөтүлгөн. Ошол жыйында өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, элди нааразы кылган Президенттин кудасы Козубай Жумагулов эл тарабынан өз баасын алган. Ошондон кийин К.Жумагулов кызматынан четтетилген. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан бул окуядан кийин "Сентябрь" телеканалына болгон кысым мурдагыдан да күчөдү. Анткени, бул жерде Президенттин кудасынын "аброюу" кетип жатпайбы! Ноябрь жана апрель митингдерин өз убагында телеканалдан чагылдыруу учурунда телестудияга эки жолу, телевидениенин кызматкерлерине үч жолу кол салуу болуп, бул тууралуу жабырланган журналисттер өз учурунда укук коргоо органдарына кайрылышкан. Тилекке каршы, бир жылдан ашуун убакыттан бери тиешелүү укук коргоо органдары алардын арыздарын карабай келишет. Мына чындык, мына адилеттүүлүк! Алгач бийлик телемунара мыйзамсыз курулган деп эки жылдай телевидениени күнөөгө жыгууга аракет кылып келишти. Бирок, бардык курулуш иштери мыйзам чегинде жасалгандыктан, алар телеканалды жабуунун башка жолдоруна өтүштү. Эми Жалалабат областтык прокуратурасы Каралма токой чарбасынын кызыкчылыгын коргогон болуп, телемунара курулган 6 сотых таштак жер туура эмес берилген деген доо коюп, Жалалабат областтык райондор аралык соту 2007-жылдын 5-декабрында шашылыш түрдө, телемунаранын кожоюнунун катышуусуз, соттук иликтөө жүргүзүп, мыйзамсыз чечим чыгарган. Ал мезгилде Жогорку Кеңешке шайлоо компаниясы жүрүп, коомдук-саясий абал бир топ курч болуп турган эле. Телеканалдан "СДПК", "Ак жол", "ЭрК" жана "Ата Мекен" партияларынын рекламалык роликтери кетип жатканына карабастан, соттун чечими күчүнө кире электе сот аткаруучулар, милиция кызматкерлери телемунарага келишип, электр линиясын эскертүүсүз, өзүм билемдик менен кыркып салышкан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин "Сентябрь" телеканалы электр кыймылдаткычы аркылуу өз ишмердигин жүргүзүп келет. "Сентябрь" телеканалы көрүүчүлөрүбүзгө белгилүү болгондой, күн сайын таңкы саат 07:00дон 09:00го чейин "Азаттык" үналгысынын берүүлөрүн, күнү-түнү бою Россиянын "Центр" телеборборунун берүүлөрүн, "Интерньюстун" көрсөтүүлөрүн, ошондой эле жергиликтүү окуяларды чагылдырган ар түрдүү телеберүүлөрдү, жаңылыктар түрмөгүн байма-бай эфирге чыгарып келет. Кашкайган чындыкты бетке айтуу учурдагы бийлик төбөлдөрүнө жакпай, түн уйкусу бузулуп, канткенде телеканалдын үнүн өчүрөбүз деп жанталаша жасаган мыйзамсыз аракеттеринин аягы тыйылбай келатканын калың эл билет.
Телемунаранын ээси А.Текебаев райондор аралык соттун чечимине нааразы болуп, Жалалабат областтык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын 9-январында соттук иликтөө башталган. Биринчи күнү эле Каралма токой чарбасынын азыркы директору жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Текебаевдин апелляциялык арызын колдоорун сотко билдиришти жана токой фондусуна эч кандай залал келбегендигин белгилешти. Ал эми "Сентябрь" телеканалынан өрөөндүн калкы жакшы маалымат алып жаткандыгы тууралуу да айтып өтүштү. Бардык тиешелүү документтер болгондугуна, токой чарбасы менен айыл өкмөтү каршы болбогондугуна, мамкаттоонун күбөлүгү бардыгына карабай, эки айдан ашык убакыттан бери сот эмнегедир созулуп, адилет чечим чыкпай келет. Бул абал телеканалдын чыгармачылык ишмердигине бир топ залалын тийгизип, калкка маалымат жеткирүүсүнө тоскоол болууда. Официалдуу эмес жолугушууда соттордун бирөөсү ага жогору жактан мыйзамсыз болсо да телеканалды жаап бересиң деген телефон чалуулар болуп жатканын айтып берген.
"Сентябрь" телеканалы 2006-жылдан бери калк үчүн кызмат кылып келет. Чындыкты бетке айтып, элге туура маалымат жеткирет. Ошондуктан азыр арты таза эмес бийлик эл алдында ашкере болуудан коркуп, көз карандысыз жападан-жалгыз телеканалды кандай жол менен болбосун күч менен жабуунун аракетин көрүп жаткан учуру.

Калыбек Алиев,
Жалалабат шаары




  Азоого чалма

Кыргызстанда өз карандысыз ММКларга басым жогорулады
АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктарынын абалы боюнча отчетунда, 2007-жылы кыргыз өкмөтү жарандардын тынч жыйындарды өткөрүүгө укуктарын чектөөгө аракет жасагандыгы, нааразылык акцияларына чыккандардын камакка алынышы, өлкөнүн Баш мыйзамына шашылыш өзгөртүүлөрдүн киргизилиши белгиленди. Документте айтылгандай, Кыргызстанда өз пикирин ачык билдирүү урматталганы менен, көз карандысыз ММКларга басым жогорулады. Ошондой эле, документте өткөн жылы декабрда өткөн парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өтпөгөндүгү сынга алынды.

("Азаттыктан")













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan