![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №30, 14.03.08-ж. |
Меймансап Форум Кавказ түйүнү Шайлоо чырдын башыбы? Кийинки мезгилде КМШ өлкөлөрүндө шайлоо өтөт экен десе эле чыр-чатак болушу мүмкүн деп күтүнүп калчу болдук. Мисалы, Кавказ чөлкөмүн алалы. Жыл жаңыргандан бери Грузияда жана Арменияда президенттик шайлоо болуп өттү. Ошондон бери бул эки өлкөдө бейкуттук жок. Ал тургай башка коңшуларына да капшабы тийип жатат. Грузия Оппозициянын басымы менен 4-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда мурдагы президент Михаил Саакашвили жеңип чыкты деп табылды. Бирок, оппозиция шайлоо бурмаланды деп эсептеп, нааразылык иш-аракетин баштады. Бийлик жооп катары белсемдүү оппозициячылдарды камакка алып, куугунтуктап кирди. Акыры өзара тил табышып, тынчыгансып калган эле. Бирок, жакындан бери оппозиция ачкачылык акциясын өткөрүп жатат. Ачкачылык кармагандардын ичинде парламенттин алты депутаты, ошондой эле саясый партиялардын лидерлери да бар. Талаптары мурдагыдай эле - президенттик шайлоодо берилген добуштар кайра саналсын, саясый камактагылар бошотулсун д.у.с. Өлкөдөгү саясый абалдын курчушуна Косовонун көз карандысыздыгын жарыялашы да тикелей таасирин тийгизди десек болот. Бул жагдай "Россиянын сепаратисттерди колдогон саясатына карата бекем турумду камсыз кылуу, Абхазия менен Түштүк Осетия маселесин чечүүдө чечкиндүү болуу, КМШдан чыгуу" сыяктуу талаптардын күчөй баштоосунан көрүнүүдө. Мунун төркүнү да түшүнүктүү. Косовонун көзкарандысыздыгын АКШ баштаган бир топ Батыш өлкөлөрү тааныганы менен, дүйнөлүк коомдоштук бул маселеде бир пикирге келе элек. Ал ортодо өздөрүн иш жүзүндө көз карандысыз мамлекетпиз деп эсептеген Абхазия менен Түштүк Осетия Грузиядан бөлүнүп чыгуу маселесин кайрадан көтөрүп чыгышууда. Армения Кезектеги президенттик шайлоо 19-февралда болуп өткөндөн бери бул мамлекетте да тынчтык жок. Бийлик жагы өз талапкери катары өкмөт башчысы Серж Саркисянды жарыялаган, ал эми оппозиция болсо биринчи жана экс-президент Левон Тер-Петросянды туу тутуп чыккан. Шайлоонун жыйынтыгында Саркисян утуп чыкты деп жарыя кылынды. Оппозиция болсо шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деп массалык нааразылык көрсөтүү иш-чараларын уюштуруп кирди. Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү кан төгүлүү менен аяктагандыгы белгилүү. Өлкөнүн баш калаасы Еревандагы митингини кууп таратуу учурунда 8 адам набыт болуп, бир топтору жаракат алган, автомашиналар өрттөлүп, тартипсиздиктер болгон. Ошондон бери борбор калаа чукул абал режиминде жашап жатат. Кечээ жакында конституциялык сот Саркисяндын шайлоодо жеңип чыккандыгы мыйзамдуу деген чечимин чыгарды. Бирок, бул оппозицияны ынандырат деп ырастоо кыйын. Өлкөдө ички абалдын курчушу айыга элек жараны - Тоолуу Карабак маселесин да тырмап койгонсуду. Кошуна Азербайжан менен талаштуу бул аймактын чекара бойлорунда ок атышпоо тууралуу келишим бузулуп, кагылышта эки тараптан тең жоокерлер курман болгондугу билдирилди. Азербайжан буга жоопкерчиликти Армения тарабына жүктөп, ал өзүндөгү ички абалдын курчушунан элдин жана эларалык коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу максатында бул кагылышууну уюштурду деп айыптап жатат. Бийлик формуласында Хиллари Клинтон Учурда АКШда кезектеги президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Мында иш жүзүндө демейдегидей эле өлкөдөгү эки негизги партиянын - демократиялык партия менен республикалык партиянын талапкерлери ат салышаары күтүлүүдө. Демократиялык партия өз курултайында бирдиктүү талапкерди тандай албай эки адамды чыгарган. Бири - Хиллари Клинтон айым, экинчиси - Барак Обама мырза. Американын президентин шайлоо системасында талапкерлер адегенде өз шайлагычтарын чогултушат, б. а. шайлоочулар адегенде тигил же бул талапкерди шайлоо үчүн шайлагычтарга добуш беришет. Муну америкалыктар праймериз деп аташат. Ар кайсы штаттарда өткөрүлгөн праймериздерде демократиялык партиядан эки талапкер ит жыгылыш болуп келатышат, азырынча Обама алдыда. Бирок, Хиллари айымдын мүмкүнчүлүктөрүн, дараметин жеткире баалабай коюуга дегеле болбойт, акыр аягында дал ушул айым демократиялык партиянын бирдиктүү талапкери болуп калышы ыктымал. Мындай божомол биринчи кезекте Хиллари Клинтондун негизги саясый капиталы менен - анын инсандык жигердүү сапаттары, саясый жана коомдук иштеги мол тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен шартталары түшүнүктүү. Хиллари Родэм Клинтон (Родэм - кыз кезиндеги фамилиясы) 1947-жылы 26-ноябрда Чикаго шаарында төрөлүптүр. Атасы өзүнүн чакан текстиль ишканасын иштетип турган, апасы болсо үч баласын багып карап, үй кожойкеси эле болуптур. Хилларинин балалык жана өспүрүм кези жигердүү, демилгелүү өтүп, бой тарткан кезинен эле өзүн республикалык партиянын тарапкери катары санаган, аялзаты эркектер менен бардык жагынан тең укуктуу деген аң-сезимди өзүндө калыптандырган экен. Хиллари 1965-жылы кыздар жогорку окуу жайына (колледжге) кирет. Студент кезинде анын республикачыл көзкараштары радикалдашып, Вьетнамдагы согушка каршы кыймылга активдүү катышат. 1968-жылы ал Вьетнам согушуна каршы болгон республикачыл сенатор Южин Маккартини шайлоо өнөктүгүнө жигердүү аралашкан. Колледжди бүтүрүү салтанатында Хиллари мыкты студент катары баяндама жасап, ошол кездеги президент Никсондун (республикалык партиядан) саясатын аябай сындаган экен. Ал баяндамасы белгилүү "Лайф" журналына сүрөтү менен кошо жарыяланыптыр. Ошентип, анын республикачыл көз караштары акырындап демократиялык партия тарабына оой баштайт. Кийин ал Йель университетинде юриспруденция адистиги боюнча окуп жүргөндө биротоло демократиялык партия жагына өтөт, окуп жүрүп эле демократтардын бир журналында редактордук милдетти аркалаган. Айтылгандар эле Хиллари Клинтон жаш кезинен өзүнүн жигердүү ой-пикир турумун, аракеттүүлүгүн калыптандыргандыгын тастыктайт. Университетте окуган кезинде ал өзүнүн болочок жубайы, келечектеги президент Билл Клинтон менен таанышкан экен. Ал да демократиялык партиянын жигердүү тарапкери болгондуктанбы же болбосо жылдыздары башка жагынан жакындаштыбы, айтор достошуп жүрүп, кийин 1975-жылы 11-октябрда үйлөнүшөт. Баса, Билл Клинтондун 1992-жылы президенттик даражага жетишине анын жубайы Хиллари Клинтондун салымы аябагандай зор болгонун айтып жүрүшөт. Дегеле Хилларинин кесиптик жана саясый ишмердүүлүгү башынан эле ийгиликтүү башталган. Университетти бүтөөрү менен конгресстин юридикалык комиссиясында иштей баштайт. Ошондо Президент Никсондун үстүнөн болгон айтылуу "Уотергейт" процессине тикелей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Күйөөгө чыккандан кийин Билл Клинтондун мекени Арканзаска келип турук алган. Күйөөсү бул штаттын баш прокурору болуп иштеген, андан соң катары менен төрт жолу губернатор болуп шайланган. Хиллари штаттын биринчи айымы катары ага көмөк көрсөтүү менен бирге өзүнүн юристтик ишин да ийгиликтүү уланта берген. Маселен, ал 1988-жылы Кошмо Штаттардагы мыкты 100 юристтин сабына кирген. Учурда Хиллари Клинтон АКШ конгрессинин жогорку палатасынын мүчөсү - сенатор. Ошол эле мезгилде ал өзүн кесипкөй юрист деп эсептейт. Хиллари Клинтон каражат жагынан эч кимге көз каранды эмес. 1991-жылы эле анын жылдык жеке каражаты 250 миң доллардан ашкан. Андан бери бул сумма кыйла эле өскөндүгү айгине. Маселен, 1996-жылы чыгарган китебине эле жарым миллион доллардан ашык калем акы алып, анын жарымынан көбүн кайрымдуулук ишине жумшаган. Хиллари Клинтондун адамдык мыкты сапаттары катары интеллигенттүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн, белсемдүүлүгүн, чыдамкайлыгын (маселен, президент күйөөсүнүн Моника атуу кыз менен жосунсуз жоругун тигил кыз айгине кылганда кечирип эле койбодубу) айтышат. Ал эми тескери жагы катары өтө көктүгүн, атак-даңкка жакындыгын белгилешет. Эмнеси болсо да эгерде ал праймеризде Обамадан өтсө, андан соң президенттик таймашта жеңсе, АКШдагы алгачкы аялзаада президент болуп калар эле. Буга анын мүмкүнчүлүктөрү жок эмес, бар. Башкасын айтпаганда да республикачылардын 8 жылдык башкаруусунан тажаган калк демократтарга добуш берет деп болжолдошууда. Демек, Хиллари үчүн негизги тоскоолдук - анын партиялаш атаандашы Барак Обама. Даярдаган Койчуке Канаев |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|