Коомдук-саясый гезит
№30, 14.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Жандуу гүлдөр

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө
Балдар үйүндө 11-мартта ишембилик өтүп жатканына, дегеле мындагы жашоонун бир үзүмүнө күбө болуп кайттык.

Директор Аскар Масылов: "Мурда бул жакта кыргыз балдар аз болучу"
- Бизде азыркы күндө 7 жаштан 17 жашка чейинки 114 бала тарбияланып жатат. 6-7 жыл илгери бул жакта 3-4 эле кыргыз бала бар болучу, калгандары башка улуттардан эле. Азыр кыргыз балдардын саны 66 га жетти. Ош, Жалалабад, Баткен тараптан да дээрлик келчү эмес. Учурда республиканын бардык аймагынан, анын ичинен, түштүк тараптан да келип жатышат. Балдар үйү Чүй тарапта жайгашкандыктан, Чүй областы менен Бишкектен көбүрөөк.
Белгилеп кетчү бир жагдай -- кийинки кезде мындай тенденция пайда болду: атасы каза болуп калып, апасы Россияга соода кылып кетсе, "энеси акча таап, үй алгыча силерде тарбияланып тура турсун, кийинчерээк алып кетебиз" деп небересин жетелеп келгендер арбыды. Кыргыздар мындан да кыйын заманда жакындарынын жетим калган балдарын бирден-экиден алып кетип, тарбиялашчу эмес беле. Көбүнчө кенже класста экенинде апкелишет да, коларага жарап калганда алып кетишет.
- Бул жерде тарбияланып жаткан балдарды асырап-багып алабыз дегендер болсо бересиздерби?
- Эгер баланын макулдугу болсо, андагы турмуш-шарт туура келсе, анда атайын комиссия чечет. Адегенде бала асырап алаар үйгө барып, жашап, жакса калып, жакпаса кайра кетип калышат.
- Балдар бул жакка кантип, кайдан келишет?
- Ымыркай балдар үйүндө тарбиялангандар мектеп жашына келгенде, 7 ге толгондо бул жакка которулат, ата-энесиз, жетим же ата-энесинин бирөө эле болгондор, кароосуз калгандар акимчиликтин чечими, билим берүү министрлигинин путевкасы менен жиберилет. Мында 9-классты бүтүп, андан кийин окуу жайларына жөнөтүлөт.
- Тарбиялануучулардын кийинки тагдырынан кабар алып турасыздарбы?
- Кесиптик окуу жайларда окуп жатканында кабар алып турабыз, кээ бирөөлөрү бул жакта калган бир туугандарына, туугандарына каттап турушат.
- Өзгөчө шыктуулары барбы?
- Балдардын бири тамеки тартууга "шыктуу", экинчиси спортко, бийлегенге шыктуу. Дегиңкиси, балдар үйүнө келген айрымдары жердигинде шок, тентек келишет. Кээ бири үч маал тамак ичип, курсагы ток болсо да эшик алдына чыгып, тилемчилик кылып жүргөндөр да кездешпей койбойт.
- Балдардын ата-энеси же туугандары болсо, келип турабы?
- Келип турушат. Кээде атасы же энеси мас болгондо баласын эстеп келип, тарбиячыларды сабап кеткен учурлар да болот. Кандай болгон күндө дагы биз балдарга куттуу үйдөгүдөй мээримди берүүгө аракеттенебиз. Мына, мен бул жерде балдардын мектептеги журналын, сабакка жетишүүсүн карап жатам. Мектепте ар кыл кружоктор иштейт. Жайкысын 10-12 күн Ысыккөлгө, лагерге барып турушат.
- Материалдык, тамак-аш жагынан кандай камсыз болуп жатасыздар?
- Мурда тамак-ашка бир балага күнүнө 35 сом берилчү, азыр 65 сом болду деп кубанып жатабыз. Бирок нан дагы кымбаттап кетиптир. Чет өлкөлүк гранттын жардамы менен эмерек, буюмдарды алганбыз. Эмеректер жаңы. "Бишкек Rotors" клубу англис тили кабинетин жабдып, англис тили мугалимине айлык акы төлөп берип жатат.

"Эшигин көрүп, төрүнө өт"

Балдар үйүнүн директору, тарбиячылары кыйналып-кысталбастан, мындагы шарттар менен тааныштырып чыкты. Эшиктин алды, бардык бөлмөлөрү идеалдуу таза. Өзүнчө үй-бүлө болуп жашаган саамалык ишке ашырылган экен. Балдар жашы боюнча бөлүштүрүлбөстөн үй-бүлөдөгүдөй, кичине-чоңу аралаш жайгаштырылган. Бир үй-бүлөнүн уктоочу, тамак ичүүчү, сабак даярдоочу бөлмөлөрү бар. Ар бир үй-бүлөдө телевизор. Шкафтардагы балдардын кийимдери сүрөттөгүдөй тыкан жыйылган.

Зита менен Гита

Үй-бүлөлөрдү аралап жүрүп, биз сиам эгиздери, Москвадан операция жасатып, эми өз алдынча жүрүүгө жарап калган, көпчүлүккө белгилүү кыздар Зита менен Гитага жолуктук. Бакыраң көз бул кыздар азыр 15 жашта. Мында келгендерине үч жылдай болуп калыптыр. Денелери тубаса биригип төрөлгөн сиам эгиздерине 2003-жылы эң татаал операция жасалган болучу.
- Зита, ден соолугуңар жакшыбы?
- Ооба, азыр жакшы. Гита мага караганда кичине чабалыраак, бирдеме болсо эле ооруп калат.
- Бул жер жагабы?
- Бул жактагылардын баары жакшы. Үйгө да, ата-энебизге барып турабыз. Биздин үйүбүз Манас аэропортунун жанында. Жакында бизди ата-энебиз каникулга алып кетишет.
- Бир туугандарыңар барбы?
- Эки кыз, дагы бир эркек бир тууганыбыз бар.
- Сүйлөшкөн жигитиңчи?
- Жок. Бизде, лезгиндерде кыздар жигиттер менен өздөрү таанышышпайт, кудалап күйөөгө беришет. Бирок мен күйөөгө чыкпай, карьера күтүүгө аракеттенем.
- Кайсы кесипке ээ болгуң келет?
- Азырынча билбейм.
- Лезгинканы жакшы бийлейсиңби?
- Жок, бийлей албайм, мен ырдайм, тор токуйм. Мына, носки токуганды үйрөндүм. Компьютерде тергенди билем.
- Кимиңер улуусуңар?
- Апам мени улуусуң деп айтат.
(Гита дүкөнгө кетти. Андан да интервью алгылачы.)
- Гита, Москвада жакшы бекен же бул жактабы?
- Москвада шарт жакшы. Бирок өз жерибизге жетпейт.
- Канчанчы класстасыңар?
- Бешинчи класста окуйбуз. Компьютерде сүрөт тартканды жакшы көрөм. Пианинодо ойногонду үйрөнүп жатам.
Тарбиячы Подлесная Надежда Павловна эгиз кыздардын тырышчаак экенин белгиледи. Бош убактыларында сүрөт тартып, носки токуп, ден соолугу жакшы кыздардан кем калгылары келбейт. Ден соолугуна байланыштуу кыздар 1,5 - 2 саатта бир тамактанып турушу керек экенин айтты.
Балдар үйүндөгү шарт менен таанышып кетип бараттык. Мындагы жашоо канчалык жайлуу болбосун, ар бир баланын ата-эненин кашында, үй-бүлөлүк очокто тарбияланганы жакшы эмеспи. Ал эми андай шарт болбогондон кийин улуу "Педагогикалык поэманы" улап, келечек муундарга тарбия берип, түйшүктү өз мойнуна алып келаткан ал жактагы тарбиячылар менен мугалимдерге ыраазылык гана билдириш керек.

Айгүл Бакеева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan