![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №31, 18.03.08-ж. |
Меймансап Форум "Ааламдын" акциясы "Ак тоонун башы ак жалтаң…" Гезиттин өткөн сандарында Степное айылындагы №2 аялдар колониясындагы турмуш, бул тагдырга туш кылган окуялар тууралуу кеңири баяндап берген элек. Ошол материалдарыбызды жыйынтыктап жатып, аялдардын эл аралык майрамы алдында, 4- мартта редакциянын атынан алып барган чакан белектерибизди таркатканыбызды да белгилей кетели. Ар бир куттуу үйдө майрамдык столго коюлуучу суусундук, таттуулар андагы 300 дөн ашуун аялга бөлүштүрүп берилди. Өзүбүздүн, он миңдеген окурмандарыбыздын атынан алып барган дубай саламыбыз менен абактагы аялзатынын жүрөгүн кичине болсо да жибите алдыкпы деп калдык. "Сиздерге окшогон адамдарга жолукканда биз энебизге, эжебизге, бир тууганыбызга жолуккандай болуп, бу азаптуу күндөрдө бир сергип алабыз" деп айтты абактагы бир аял. Жашоодо адам баласынын башынан нелер гана өтпөйт экен. Мөлтүрөгөн секелек кыздардан тартып, 80 жаштан ашып калган кемпирге чейин темир торго түшүүгө өкүм кылынганын кара. Алардын ар биринин тагдыры ар түркүн. Киши өлтүрүү, уурулук, наркотикалык заттарды сатуу ж.б. оор кылмыш моюндарында. Сүйлөшө келсең, ар биринин өз далили, өз чындыгы бар. Жасалган кылмыштын түпкү маңызы, жашоо үчүн жандалбас, ачууга алдырып, түз жолдон таюу, орто жерде жеңил оокатка азгырылуу… Наркотикалык зат менен кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү өздөрүнө кир жугузгусу келбей, жасагандарын кылмыш катары санабай, баш айланткан чөптү туура эмес убакта соодалаганы сыяктуу тыянакка өздөрүн ишендирип алганын уктук. Ошондой кылмыш менен бир эмес, бир нече жолу кармалгандары кезигет. Амнистия күтпөгөн, кайталап чейрек кылымга кесилген, дагы бири баласынын кылмышын жашырып, ордуна өзү олтуруп берген, үй-бүлөсү менен мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө катышкандар, карыз акча өндүрөм деп, кокустан киши өлтүрүп алып азабын тарткан турмуш. Жогорку билимдүүсү да, орто билим албагандары да бар. "Эгерде күйөөбүз кишидей болуп акча таап, балдарды бакканда жеңил оокат издеп жүрбөйт элек" деген аялдар… Кандай тагдыр башка түшпөсүн, кайсы жерде болбосун, аял деген аял экен. Үй-жайын, балдарын ойлоп, убайым жегендер да, баарына кол шилтеп, келечектен үмүтүн үзгөндөр да кезигет. Жакындары менен жолукчу күндү күтүп, санаадан саргайгандар… Камакта жатып кийим тигип, өндүрүштө иштеп, болбосо тор токуп, кол өнөрчүлүк менен алектенип жаткандар. Түрмөнүн ички тартибине, жашоосуна моюн сунууга аргасыз болуп жыл санап, күн санап, көкүрөгүндө үмүт баккандар. Түрмөнүн начальниги Виктор Павлович Старостенко айрымдары эркин жашоо учурунда да жолуктурбаган шартты абакта түзүүгө жасаган кадамдарын айтып жатты. Келечекте реабилитациялык борбор уюштуруу, ал жерден түрмөдөн кийинки жашоого даярдоо, документтерин иретке келтирүү, айрымдарына каттоого турууга жардам берүү сыяктуу иштерди жөнгө салуу каралып жатыптыр. Кирпич чыгаруучу цех ачып, кошумча каражат табуу жагы да күн тартибинде турат. Түрмө ичинде пияз, картошка кургатып, жер айдап, дыйканчылык кылып, мал кармап, айтор жашоонун камын көрүү жетекчиликтин мойнунда. Камактагылар бошогондон кийин өз жолун таап кетүүгө, кайталап кылмыш жасабоого түрткү болуу аракеттери арбын. Айгүл Бакеева Сүйүн Курманова Шааркүл Медетбекова Ишенген кожом сен болсоң… Жан сакчылар кимди коргойт? Ар бир мамлекеттин сакчылары болгондой эле мамлекеттин башчыларынын, мамлекеттик кызматкерлердин жана коомдо орду бар адамдардын да жан сакчылары болууга тийиш. Американын негизги проблемаларынын бири бул президенттин коопсуздугун сактоо болуп эсептелет. Ошол себептен АКШнын жашыруун кызматы бул маселеге чоң жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Жашыруун кызмат чоң жоопкерчиликти мойнуна алат жана көп жылдык тажрыйбасында мындай адамга кол салуу окуяларына жоопкерчилик менен карайт. Атап айтканда, АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин өлүмү (1963-жылы) дал ушундай окуянын күбөсү болгон. Анын өмүрү Далласка жасаган визити менен аяктаган. Аны коштоп жүргөн жан сакчылары да, дарыгерлери да сактап кала алган эмес. Ал эми 40-президенти Рональд Рейганга (1981-жылы) да кол салуу уюштурулуп, 6 жолу денесине ок атылган. Бирок Рейганды коштогон дарыгерлеринин аракетинен улам аман калган. Азыркы учурда мындай мамлекет жетекчилерине, мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, оппозиция өкүлдөрүнө, бизнес чөйрөсүндөгүлөргө жана башка адамдарга кол салуу болбойт деп айтууга мүмкүн эмес, тескерисинче, мурдагыдан кол салуу күчөдү. АКШнын азыркы президенти. Ж.Буштун атасы Ж. Бушка да кол салуу уюштурулган, бирок жашыруун кызматтын кызматкерлеринин аракеттеринин натыйжасында, уюшулган кол салуу максатына жетпей калган. Кала берсе, Жорж Буш азыркы күндө дагы эларалык террористтердин бардык масталарынын № 1 душманы деп аталат. Анткени менен АКШнын жашыруун кызматы азырынча Жорж Буштун чекесин да чийдире элек. АКШнын жашыруун кызматы президенттин тамак-ашына чейин кам көрөт. Бул жашыруун кызматы өзүнүн көп жылдык тарыхында, мамлекет башчыларынын коопсуздугун камсыз кылууда коргоочу эсептелген 34 жан сакчысынан өз милдетин аткаруу учурунда айрылган. Бул сан 2003-жылга гана таандык. Өз кезегинде СССРдин акыркы жана биринчи президенти М.С. Горбачевго Латын Америкасына болгон иш сапарында эларалык экстремисттер тарабынан кол салуу болуп, аны айтылуу КГБ сактап калгандыгы айтылып жүрөт. Негизи эле мамлекет башчыларынын коопсуздугун сактоо зор экономикалык чыгымдарга да алып келет. Ага карабай мындай окуяларга тушуккан мамлекет башчыларынын коопсуздугун сактоо айтаарлык эле түйшүктүү. Көп мамлекеттерде коргоочулар өз милдетин жакшылап аткарышат жана мамлекет башчысынын коопсуздугун камсыздай алышат. Ал эми Кыргызстандын президентинин коопсуздугу үчүн атайын мамлекеттик күзөт кызматы бар. Бул күзөт кызматы президентке гана баш ийет жана президенттин коопсуздугу үчүн гана кызмат кылат. Мындан сырткары жеке жан сакчылары ар дайым президентти коштоп жүрөт. Башка өлкөлөр сыяктуу эле, атайын сапарлар үчүн Авангарддык топ Кыргызстанда дагы президенттин коопсуздугу үчүн өзгөчө кызмат көрсөтөт. Биздин мамлекетте да андай корголуучу адамдар аз эмес. Алардын өздөрүнө ылайык коргоочулары бар. Ал коргоочулар, жан сакчылар аздыр-көптүр негизги адамы (кожоюну, башчысы)үчүн жан үрөшөт. Бирок, биздин Кыргызстанда "негизги адамды коргоп, сактап калып, өзү жан таслим болуптур" деп уга элекпиз. Соңку мезгилдерде биздин мамлекетте киши колдуу болуп курман болгондордун саны арбын. Мисал үчүн айта кетсек: 2005-2006-жылдар аралыгында эле Кыргызстандын белдүү уулдары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Үсөн Кудайбергенов, Тынчтыкбек Акматбаев, Раатбек Санатбаев, Рысбек Акматбаев өңдүү инсандарыбыз киши колдуу болуп каза табышкан. Ал эми булардын арасынан Р. Санатбаев менен Ү. Кудайбергеновдун гана жан сакчылары болгон эмес. Калгандарынын жан сакчылары бар болчу, бирок алардын өмүрүн сактап кала алышпады. Айталы дегенибиз Кыргызстандын тарыхында бир дагы мыкты уулун же мамлекеттик чыгаан ишмерлерин жан сакчылары сактап кала алышпаган жана кайсы бир белгилүү адамдарга кол салуу учурунда өз милдетин аткарып жатып, бир да жан сакчы көз жумган эмес. Ал эми Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлери Султан Ибраимов менен Насирдин Исановдун өмүрү аликүнчө табышмак бойдон. Жан сакчылар, адам өмүрүн коргоочулар азыркы кезде Кыргызстанда таасирдүү күч катары каралганы менен негизги адам (башчы, кожоюн) үчүн өмүр алмаша электигин алардын чабалдыгы катары кароого болот. Жан сакчы өзү коргоочу адам үчүн башын айырбаштап, күчүн жумшоого жана коргогон адамын аман алып калууга милдеттенет. Азыр Кыргызстанда кырдаал, баягы "кой үстүндө торгой жумурткалаган" абалда эмес. Өлкө ичиндеги олку-солку болуп турган саясий кырдаал, жан сакчыларды сынынан өткөрбөйт деп эч ким кепилдик бербейт. Гүлбарчын Якубова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|