![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №31, 18.03.08-ж. |
Меймансап Форум Криминалдар чөйрөсү Кандуу "разборка" Жалпыга маалым белгилүү кылмышкер, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрү Болот Самсалиевдин өлүмү тууралуу өз мезгилинде маалымат каражаттарына чыккан эле. Бирок аны кимдер өлтүрүп кетишкени тууралуу маалымат берилген эмес. Кылмышкерлер кармалышпай, ушул кезге чейин табышмак бойдон калган. Төмөндөгү кылмыштын негизги түйүнү тээ ошол кездеги окуяга барып такалып, чиеленип кеткендей. Эмесе, ошонун жандырмагын жандырып көрөлү. Камышта табылган өлүк Кант шаарынын түштүк тарабындагы Милянфан айылынан өтө алыс эмес жерде "Чумыш" деген анча чоң эмес бийик камыштуу көл бар. Жайдын саратан мезгилдеринде тыюу салганга карабай, жергиликтүү айылдын тургундары ошол көлдөн чыгышпайт. Башка мезгилдерде ал жактан дегеле бир дагы адамды көрбөйсүң. Күн али жылый элек мезгил болгондуктан, ал жакта эч ким жок болчу. Жаратылышты коргоо кызматкери Э.Колганов ошол көлдөгү камышты жээктеп келе жатып, кокусунан суунун үстүндө калкып чыгып турган адамдын жылаңач денесин көрүп калды. Адегенде чөгүп өлгөн болуш керек деп ойлоду, анан жөн өлгөн адам эмес экенине шектенип, дароо бул тууралуу милиция кызматерлерине кабарлады. Окуя болгон жерге келишкен жергиликтүү милиция кызматкерлери колу-буту калың жип менен катуу таңылып, мойнуна арта салынган, жашы 35тин тегерегиндеги азият түспөлүндөгү жигиттин өлүгүн алып чыгышты. Жигит өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү дене-башынын көгаласы, жарылган жерлери айгинелейт. "Бул жигит ким, аны качан, кимдер өлтүрүштү?" милиция кызматкерлеринин алдында ушундай суроо туулуп, кылмышкерлерди табуу милдети турду. Ислам деген ким? Соттолуучу Алиев Майрамбек менен Батырбаев Турат экөө Ысыккөл областындагы Түп районунун Ичке-Суу айылында бирге өсүшкөн. Бишкекте да чогуу жүрүшүп, түрмө баландасын татып чыкканга үлгүрүшүп, ошондон соң кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетишкен. Бир күнү Бишкектен Майрамбек Туратка "Ислам деген жигит менен чогуу иштебейсиңби?" деп бир жумуш сунуштап калат. Ошондо "Ислам деген ким өзү?" деп сураганда, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болгон Болот Самсалиевди ушул жигит өлтүргөн" деп жооп берет. Кандуу кылмышка түрткөн окуянын башкы себеби ушул жооп болду. Ички иштер министрлигинин оперкызматкери А.Оморовдун айтуусунда, Батырбаев Турат Алиевди Ислам менен тааныштырып жатканда кара түстөгү машинени көрсөтүп: "Ушул машине менен Рыспек Акматбаевге кол салганы жүрүшөт" деп ойлонбой эле "балп" эттирип салган. "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" дейт. Турат өзү болсо бир мезгилде Болот Самсалиев менен түрмөдө чогуу отуруптур. Балким, кылмыштын негизги түйүнү ушунда болуп жүрбөсүн? "Канга кан!" Кримчөйрөдөгүлөр ушул сөздү принцип катары катуу кармашат. Ислам белгилүү авторитеттин жан-жөкөрү Болот Самсалиевди чын эле өлтүргөнбү же.., айтор Турат Батырбаевдин көптөн бери эле ага болгон ичине сактап жүргөн кеги бар болчу. Ошо кандуу окуя болор күнү кечки саат 9 чамаларында Турат менен Майрамбек экөө ээрчишип алып, Бишкектеги Ислам жашаган 6-кичирайонго "разборкага" барышат. Бер жактан эле мобилдик телефон аркылуу "сүйлөшө турган сөз бар эле" деп сыртка чакырып алышат. Алар бир-бирин жакшы тааныгандыктан, Ислам үйүндө отурган кызына "Турат досум келиптир, азыр келем" деп сыртка чыгып кетет. Ал ошол боюнча кайтып келген эмес. Алар "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин жан-жөкөрү Болот Самсалиевди ким өлтүрдү эле?" деп маселени кабыргасынан коюшуп, разборканы түз эле ошол үйдүн короосунун ичинен башташат. Териштирүү чатакка, бара-бара мушташка айланып кетти. Майрамбек Алиев спорт ыкмаларына салып, Исламды тээп-чаап жерге оңкосунан кулатты. Анан дароо машинесине салып шаардан чыгып, күн чыгыш тарапка багыт алат. Тергөөдө М.Алиев окуяны башкача кылып бурмалоого аракет жасады. "Териштирүү мезгилинде "Болотту сен өлтүрдүң беле?" - деп сурасам, ал "Керек болсо сени да өлтүрүп коем" деп жооп кайтарды. Ошол жерден экөөбүз чатакташып, анан мушташып кеттик. Ошондо Ислам мени сабап, эсимди жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам, көл жээгинде колу-бутум байлануу экен. Эптеп бошонуп алып, колго тийген таш менен аны эсин оодара башка чаптым. Анан өчүмдү алып, бир аз тепкиледим. Эсине келсе артымдан кубалабасын деп, мени байлаган жип менен өзүн байлап, ошол жерге таштап салып качып кеткем. Айлана караңгы болуп, бизди эч ким байкаган эмес", - дейт ал өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай. Иш жүзүндө тескерисинче болгон. Короодогу мушташууда эсин жоготкон Исламды машинеге салыбалып, Кант тарапка алып жөнөйт. Ал жактагы Милянфан айылынын четиндеги "Чумыш" деген көлдүн жээгине барып токтошот. Алардын "разборкасы" ошол жерден кайра уланып, Исламды жырткычтык менен сабап, дене-башын аябай жанчыйт. Жерде жаткан кыймылсыз дененин өлүп калганына чындап ишенген соң, аны жыпжылаңач кылып чечинтип, эки колу-бутун мойнуна арта сала жип менен катуу муунта байлап, көлгө ыргытып жиберет. Андан соң машинесин айдап, дароо кылмыш ордунан качып жоголгон. Өкүм Үмөталиевдин сөөгү окуя болгондон эки айдан кийин гана табылды. Э.Колганов кокусунан көлдөгү камыш арасынан көрүп калып, милийсага кабар бергени тууралуу жогоруда айтылбадыбы. Кылмышкер Майрамбек Алиев эртеби-кечпи кармаларын билген. Батырбаев Турат да, Алиев Майрамбек да издөөдө жүрүшкөн. Бир жолу маркумдун энесине Турат кимдир-бирөөлөр аркылуу "Майрамбекти тапсаңар, Исламдын дайнын жакшы билет" деп айттырып да жиберген. Исламдын да дайны табылбай, издөө жарыялашкан болучу. Алиев болсо кармалганга чейин эле баңгизат менен Каракол шаарынан жергиликтүү милиция кызматкерлеринин кылтагына илинип, ал жактын убактылуу кармоочу жайында камалып жаткан. Ошол жактан ШИЗОнун оперкызматкерлерине Үмөталиевди өлтүргөндүгү тууралуу расмий билдирүү жасап, "Мени бул жактан Бишкекке алып кеткиле" деп өтүнөт. Баары аныкталып, такталып чыккан соң, кечээ жакында Биринчи май райондук соту 1971-жылы туулган Алиев Майрамбек Шейшебаевичтин үстүнөн өз өкүмүн окуду. Жабырлануучуну өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн КР КЖКнын 97-статьясынын негизинде 16 (он алты) жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратты. Ал эми анын айылдашы Батырбаев Турат али изделүүдө. И.Алымсеитов, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокурорунун жардамчысы. Кримхроника Түндөгү мыкаачылар Аламүдүн районунун "Сейил" эс алуу паркынан өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 55-60 жаштардагы азият түспөлүндөгү аял кишинин сөөгү табылды. Маркумду мыкаачылар түн ичинде өлтүрүшкөн. Анын башын, көкүрөгүн катуу нерсе менен жанчып, ушунчалык кыйнап өлтүрүптүр. Мынчалык мыкаачылыкка барууга кимдин дити барды деген суроо менен азыр Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу оперлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ээси жок такси Менчик такси айдагандардын өмүрү коркунучта экенин өздөрү деле жакшы билишет. Бирок ошого карабай, көр оокаттын айынан үй-бүлө багыш үчүн акча табуунун аракетинде келишет. Кант шаарынын тушундагы Чоң Чүй каналынан ак түстөгү "Ауди-100" үлгүсүндөгү В 86-89 мамлекеттик номерлүү ээси жок автоунаа табылды. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын ээси Бишкек шаарынын тургуну С.Асанакунов болуп чыкты. Жакындарынын айтуусунда 6-март күнү эл ташып иштегени калаага чыккан боюнча кайрылып келген эмес. Айдоочунун да, кылмышка шектүү адамдардын да дайыны билине элек. Кылмышкерди кылмышкер жайлап… Өткөн жылдагы өтө сенсациялуу кылмыштардын бири Бишкекте катталган. Анда айтылуу Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү А.Кулманбетовдун өлүмү болгон. Аны борбордогу "Дордой Плаза" соода борборунун жанынан беш жолу башка атып өлтүрүшкөн. Ушул убакытка чейин буйрутма адам өлтүрүүгө байланышкан бул кылмыш иши улантылып келген. Акыры кылмыш ишинин бети ачылды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө А.Кулманбетовду Казакстандагы Р.Габбазовдун кылмыш тобунун мүчөсү А.Жумагулов деген атып өлтүрүп, ал өзү болсо кримразборкада Тараз шаарында атылып өлтүрүлгөнү аныкталды. Кеч ачылган кылмыш 2006-жылдын май айында Аламүдүн районунун "Аларча" суу сактагычынын жанында каргашалуу окуя болуп, түн ичинде белгисиз бирөө өлүктү жерге көмүп кеткен. Окуя ошол боюнча белгисиз бойдон калып, маркумду эч ким издеген эмес. Кечээ жакында эки жыл мурдагы кылмыштын бети ачылып, А.С.Мамутов деген кармалды. Көрсө, ал И.Чапковскийди тоноп алып анан өлтүрүп, кылмыш ишин жашыруу үчүн суу сактагычтын жанына көмүп салган. И.Чапковский Ош областында дайынсыз жоголгондордун тизмесинде жүргөн экен. Ишке ашпаган кандуу план Кечээ Ош областынын милиция кызматкерлери буйрутма адам өлтүрүүгө байланышкан кылмыштын бетин ачышты. Араван районунун Чекабад айылынын тургуну А.Аширакунов көр оокат айынан Орусияда жүргөн. Айылдашы С.Сатыбалдиев учурдан пайдаланып анын аялы менен көңүлдөш болуп алган. Айылдашынын Орусиядан кайтып келээрин угуп, аны өлтүрмөкчү болуп 5000 долларга үч кишини жалдайт. Жалдаган адамдары кудайдан коркуштубу, айтор милицияга өздөрү барып, окуяны баяндап беришти. С.Сатыбалдиев Ош шаарынын "Арча" кичибазарынан кармалды. Аны кармаган учурда жанынан колго жасалган барабандуу тапанча 8 огу менен табылды. Бүгүнкү күнү анын үстүнөн кылмыш иши козголду. Айдоочунун кедергиси Бишкек - Ош трассасынан эл ташыган таксист М.Султанов "Мерседес" автоунаасы менен катуу ылдамдыкта айдап, рулду башкара албай сарайды сүзүп барып токтогон. Жалалабат областынын Төбөй айылынын айдоочусу И.Жаркуловдун сарайын сүзгөн, анын ичинде отурушкан үч жүргүнчү каза болду. Жүргүнчү Ж.Абулсатарова оор жаракат алып ооруканага жеткирилди. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|