Коомдук-саясый гезит
№31, 18.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  ЭПИЦЕНТР

Кабарчыбыз Аксыдан билдирет
Аксы окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү кимдер?
Кабарчыбыз Гүлбарчын Якубованын билдиргенине караганда, Аксыдагы элдик сотко жалпысынан 400гө жакын адам катышкан.
Элдик соттун курамына Рамазан Дырылдаев, Мукар Чолпонбаев, сыяктуу 16 адам кирип, анын төрагасы болуп Эдил Керимкулов шайланган.
Жабыр тарткандардын атынан сотто айыптоочу катарында укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Сартбай Жайчибеков сөз сүйлөгөн.
"Аксы трагедиясына тиешеси бар делип, күнөөлөнүп жаткан 40 адамдын ичинен жалгыз Султан Урманаев гана элдик сотко келген. Аксы районунун Каражыгач айылында өткөн элдик сот Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Аксы трагедиясынын башкы күнөөкөрлөрү деп табышты.
Мындан сырткары, күнөөлүүлөрдүн тизмесиндеги 41 адамды күнөөлүү деп таап, жалгыз гана ошол кездеги облустун губернатору Султан Урманаевди элдик сот актады. Элдик соттун катышуучулары облустун губернатору жана райондун акиминин Каражыгач айылына келбегенине өздөрүнүн нааразычылыгын билдиришкен. Себеби, сот өтүп турган учурда облус губернатору Кошбай Масиров өзүнүн "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү машинеси менен ары-бери өтүп, Боспиектеги курман болгондорго куран окутуп, бирок, элдик сотко келбегени көпчүлүктүн кыжырын келтирди".
Гүлбарчын Якубова
(Бул тууралуу кеңири материалды гезиттин кийинки санынан окуңуздар)




Эми билдиңизби?
М.Садыркулов:
"Кыргызстандын экономикалык саясаты коркунучта"
Президент койгон тапшырмалар кандай аткарылып жаткандыгын билүү үчүн президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов аз күн мурда коллегия өткөргөн.
Анда сөз сүйлөгөн Садыркуловдун айтымында, өлкөбүздүн жаңы экономикалык саясаты коркунучка кептелген. Себеби, өкмөткө коюлган тапшырмалар абдан начар аткарылып жатыптыр.
"Экономиканын айрым тармагындагы абал адам эмес, мышык ыйлай тургандай. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөп кеткендиги көптөгөн тынчсызданууларды жаратат.
Жетекчилик кызматтарда иштегендердин потенциалы начар болгондуктан, ишти алдыга жылдырып кете алышпай жатат. Андыктан, тезинен чараларды көрүү зарыл"- дейт администрация жетекчиси.
Кыргызстандын стратегиялык өнүгүшү коркунучка кептелгенин Медет Чокановичтин эми аңдап-билгенине айрым экономисттер таң калышууда. Себеби, өлкөдөгү абалдын начарлап кетүүсү, рыноктогу баалардын кескин түрдө жогорулоосу ушул Өкмөт акебиздин начар иштегенине, то есть "жакшы" иштебегенине түздөн-түз байланыштуу экенин баары билет, түшүнөт, бирок...Анан бир нерсе болсо эле дүйнөлүк тенденцияга шылтоолоп коюуга шашышат.
Мисалы, Орусиянын Кыргызстанга саткан дан эгиндери башка өлкөлөргө сатылып кетпей, өлкөбүзгө түз келип турганда ундун баасы мынчалык жогорулайт беле?




Качкыла, милиция келатат!
"Мен ишенбейм" кайрадан камакта
Жогорку Кеңештин имаратынын жанына чыккан "Мен ишенбейм" кыймылынын 6 активистин 17-мартта милиция кызматкерлери кайрадан кармап, камакка алды.
Жаш активисттер парламенттин акыркы чакырылышындагы депутаттарынын таза эмес келгендигине байланыштуу, өз ыктыярлары менен таркап кетүүсүн талап кылып чыгышкан.




Ач бала менен ток бала ойнобойт
Оруну жок калган соодагерлер мэрге нааразы
Ош базарын тартипке келтиребиз деп, анын айланасындагы соода орундарын жергиликтүү бийлик сүрүп, орду-түбү менен тазалап таштаганын баарыбыз эле көрбөдүкпү.
Иш орундарынан айрылган соодагерлерди " на произвол судьбы" таштап койгон шаар жетекчилигине баракелде! Себеби, эптеп соода кылып, күнүмдүк оокатын кылып келген 700гө жакын соодагер бүгүнкү күнү үйбүлөсүн кантип багууну билбей баштары маң.
Ал ортодо шаардын мэри Данияр Үсөнов өзүнүн кан досу Адахан Мадумаров экөө баш болуп, мэриянын жана парламенттин айрым кызматкерлерин төш кылып (баш-аягы 40ка жакын киши), "Эсен эйр" авиакомпаниясынын самолетун жалдашып, Дубайга барып, туулган күндөрүн өткөрүп, эс алып келгени маалым болду.
Өлкөнүн №1 адамы Курманбек Бакиев Германияда дарыланып жүрсө, №2 адам болуп саналган Адахан Мадумаровдун да тиякка барып, шапар тээп жүрүшү акылга сыярлык иш эмес.
Карапайым калк кымбатчылыктын айынан кыйналып турганда, аларды нан таап жеп жүргөн ишинен арылткан Данияр Үсөнов анда кантип жайдары жүрдү экен? Ач баланын абалын ток бала кайдан билсин да, кайдан сезсин? Дегеле дүйнөлүк практикада жок, мындай опурталдуу жорукту жасап, мамлекет башындагы жогорку кызматтагы жетекчилер туш келди басып кете беришкенин кандай түшүнсөк болот?




Гезит тарыхынан
Өмүрдүн 17- жазы
Жаз… он жетинчи жаз… Үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде "Аалам" биринчи эркин гезити 17 жашка толот. Ушундан улам биз, гезит тарыхына кайрадан үңүлүп, ал тууралуу азын-оолак ойлорду чагылтууну чечтик.

Урматтуу окурмандар жана ушул 17 жыл ичинде гезитте эмгектенип кеткен кесиптештер! Сиздерден ой-пикир, кат-кабар жана кызыктуу окуяларды баяндаган макалаларыңыздарды күтөбүз.

Байланыш телефону: 54-42-07














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan