Коомдук-саясый гезит
№32, 21.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Эсен болуп эстеп кой, эй!

"Союз жакшы киши беле?"
Акаев мезгили, Бакиев мезгили деп калабыз го. Анын сыңарындай кечки тамакта отуруп, келинчегим экөөбүз Союз мезгилин (СССРди) эстеп, анын жакшы жактарын, арзанчылыгын сөз кылып олтурсак жанатан унчукпай отурган уулум бизге суроо берип жатпайбы: "Эмне, Союз деген жакшы киши беле?" деп.

Анан калса, ал келсе абийир менен ыйман тебеленип, алдуулар алсыздарды эзген бүгүнкүдөй "бирөө ичээрге суу таппай жүрсө, бирөө кечээрге кечмелик таппай жүргөн" мезгил эмес эле го. Анча болду бир үзүмүн эстеп көрөлүчү.

Мисалы, акчанын күчү
1 рубль - Бул акчага 1 кило шекер, 1 кир жууган самын, 2 ширеңке келчү. Же илибой ашканага кирип 1,2,3-тамагын алып, курсагыңды кампайтып алаар элең.
3 рубль - рубль менен бала кезде бир эмес эки-үч киного кирип, балмуздак жеп, парктагы аттракциондорго түшүп, оюндун кумарын ойда кандырып алчусуң.
5 рубль - Студент кезде беш алтообуз беш сомдон чыгарып, ал кездеги борбордун чок ортосундагы "Соң-Көл" "Нарын", "Кыргызстан" деген сыяктуу мен деген ресторандарга барып, бир тайраңдаганга кенен жетчү.
10 рубль - Бул акча менен кааласаң Ташкенге же Алма-Атага автобус менен жетип, артканына жолдон тамак да ичип, автобекетке жеткенде андан ары шаар транспортуна түшүп, ага 5 тыйын төлөп, анан да бир стакан семичкени чөнтөккө салдырып чартылдатып отуруп, барчу жериңе жетип алчусуң.
25 рубль - Оо, бул акча менен студент кезде группалаш же дос-жорону чакырып, туулган күнүңдү өткөрүп койгонго конкретно эле жетчү.
50 рубль - Там-туң баскан балаңа велосипед эле эмес, бир сыйра кийим сатып берип койсоң да болоор эле.
100 рубль - Ал кездеги орто айлык. Маянаңды алганда кадимки эле ЦУМга келип, костюм-шымы менен, дагы батинке-байпагы менен сатып алып, "чырт" түкүрүп кетчүсүң.




  Маанай

Зор да болбой, кор да болбой эч кимге...
Бир колуна шарап куюлган чөйчөк кармап, бир колу менен айдай сулуу аялзатын имере тартып, тамылжый отургандарды жеңил ойлуулукка эмес, адам эркиндигин бийик коюуга үндөгөн Омар Хаямдын төрт саптары келет эсиме:
Күнүнө бир сындырым наның болсо,
Бир чыны суу ичүүгө алың болсо.
Анда эмне бүжүрөйсүң акмактарга,
Кетирбе абийриңди намыс болсо.
А эгер бир сындырым наның да, бир чыны суу ичүүгө алың да калбай калсачы? "Ырыскы насибиң түгөнгөн күнү ичээр сууң кошо түгөнөт" дешет. А бирок, ырыскы насибиңди жеп түгөтүп алып, дале өлалбай жүрсөңчү? Анда кимге айтасың арманыңды?
... Билбейм, жашоо ушунусу менен кызык окшобойбу. Адамзат жашоосунун бири-бирисиз күн көрө албаган чынжырдай байланышын эске сала, таразанын ташын теңдейсиң.
Ошентип, бу жалган дүйнөдө белчебизден күнөөгө батып, бирөөнүн жакшылыгын билбей каргышка калып, сенден жакшылык көрүп тетири басып кеткендерге нааразы болуп, кайра ага кенедей сооп издеп, тоголок жерде томолонуп жүрөбүз...














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan