Коомдук-саясый гезит
№32, 21.03.08-ж.

Меймансап
Форум



◄◄◄
  Мончогум

Жер. Мекен. Ушул ыйыктыктар үчүн бабалар кара жанын казык кылып, канчалаган кан агып, барчындай өмүрлөр кыйылып, ошондой кооз жерди бизге, бүгүнкүдөй ары жок, намысы жок урпактарына жеткирген.
"Кыргызстан жалгыз тумар мойнумда, сенден башка Мекеним жок дүйнөдө..."
Илгери бир акылман минтип айткан экен: Мыкты падыша жерин кеңейтип, элин көбөйтөт, жакшы падыша жерин кемитпей, элин сактайт. Жаман падыша жерин сатып элин тентитет" деп. А бүгүн биздин өлкөдө эмнелер гана болуп жаткан жок. Не деген каңшаар кептер Ала-Тоонун асманында калкып жүрөт. Өзбек менен тажиктер качан болсо кадыры артык көрүнгөн, дасторкону берекеге толгон түштүгүмдүн алтындай жерлерине улам берилеп кирип келатат. " Бүт дүйнөнү кыдырдым, бирок, Ысыкөлдөй керемет жерди дүйнөнүн эч бир жеринен кезиктирбедим" деп Чынгыз Айтматов суктанган касиеттүү көл калаасында таламай, чак түштөгү таламай. Ала тоонун бермети акын Шакем айткандай чемичкедей сатылып жатат. Көйнөк, чапандай көрүнгөнгө белекке берилип жатат. Ошол эле тамшандырган Каркыра жайлоосу, бүгүн-эртең казактын колуна өткөнү турат. Кереметтүү, не бир ажайып сулуулукка толгон Жети Өгүзүң эмне болду? Алтындын азабынан абасы булганып, экологиясынын тамтыгы чыкты. Пайдасын чет жактыктар менен ар-намысы жок журт башындагылар көрдү. Эл томсоруп, жер өксүдү. Кечээ жакында дагы бир каңшаар кетти - ошол эле Жети Өгүздөн 800 чакырымдан ашык жер Орустардын Аскер деңиз флотуна ижарага берилгени жатат деп, алардын чомодой оор кемелерин алтын Ысыкөлүм көтөрө алаар бекен. Абасы таза Алай тараптан Эркечтам аркылуу пойуз жол салабыз демиш этип кытайлар келетат кылым карытып. Манас бабам жердеген Таластын дагы бир канча жерин "биздики, алабыз" деп казактар турат. СССРдин мезгилинде Киевден кийин эле жашыл шаар аталган Бишкекгибиздин кейпи бул - базар, балчык...
"Элимдин ар намысын ойгот. Өз бийлиги үчүн же бийликке жетиш үчүн момун элди түндүк-түштүк кылып бөлүп жаткан эл башындагыларга ыйман берип, намысын ойгот!" деп Теңириме жалбаргандан башка эч нерсе калбай калгандай.
Теңир демекчи, эл оозунда мындай уламыш айтылып жүрөт. Жараткан баарына жер бере баштайт. Кыргызым кыргыздыгына салып эң аягында калат. Бир жерде отурса бирөө келет, "тур" бул менин жерим деп. Башка бир жерге барат. Ал жактан да ошентет. Анан жерсиз калган кыргызым жараткандын алдына барат. Жер сурайт. Жараткан - баарын таратып салбадымбы, калбай калды дейт. Башын шылкыйтып, үшкүрүнүп отурган кыргызды көрүп, - аллда момун кыргызым ай, өзүмө деп сактап койгон жеримди берейин эми сага. Бул бейиштин төрү. Көзүңдүн карегиндей сакта деп ушул кыргыз жерин берген экен. Бул эми уламыш. Бирок, жерибиздин чын эле керемет экени жалганбы. Акын Кыялбек Урмамбетов айткандай ушул "жалгыз тумарыбызды" кантип сатканга дитибиз барат. Кыялбек сыздагандай дүйнөдө мындан башка Мекенибиз жок го... Анда канттик?

Кенжебек Арыкбаев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan