![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Белкур күрөшүнөн Кыргыз балбандары алтын медалга маарытышты Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда белкур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионаты жыйынтыкталды. Мөрөй талашууга Азиядагы 15 өлкөнүн балбандары катышып, күч сынашты. Алгач ирет өткөрүлгөн белкур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионатына Пакистан, Индия, Шриланка, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Ооганстан, Монголия, Жапон жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын балбаны күч сынашты. Жеңил салмакта баш байге үчүн кыргызстандык Жанболот Осмонов менен өзбекстандык Азизжан Эргашов килем үстүндө күч сынашып, Жанболот жеңип, Азия чемпиону аталды. 66 кг салмакта өзбекстандык балбан Жахондир Абдуллаев биринчи орунду камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык Иляс Бостонов күмүш байгелүү болду. Ал эми 73 кг салмакта Азиянын чемпиондук наам үчүн шриланкалык Арабадзи Арабади менен кыргызстандык Акылбек Төрөбеков килем үстүндө күрөшкө чыгып, Акылбек аттандашына жеңилип, баш байгени колдон чыгарды. 81 кг салмакта бардык атаандаштарын уткан кыргызстандык Темирлан Салават уулу биринчи орунду камсыз кылуу менен Азия чемпиону аталды. Ошондой эле 90 кг. салмакта Кыргызстандын намысын коргоп, финалга чейин жеткен дүйнө чемпиону, кыргыз балбаны Куралбек Ордобаев менен өзбекстандык Мухиддин Аширов мөрөй талашты. Натыйжада кыргызстандык Куралбек Ордобаев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Дүйнө жана Азия чемпиону Куралбек Ордобаев грек-рим жана белкур күрөшү менен 8 жылдан бери машыгып, Кыргызстандын намысын коргоп келатканын айтып, Бишкектеги Азия чемпионаты курч мүнөздө өткөнүн билдирди. 100 жана андан оор салмактарда кыргызстандык балбандар Эмилбек Кудайбердиев менен Абдумалик Муллажанов экөө тең финалда казак балбандарын утуп, экөө тең Азия чемпиону болуп, алтын медаль тагынды. Бишкекте өткөн белкур күрөшү боюнча Азиянын экинчи чемпионатында эркин ыкмасы боюнча таймашууларында кыргызстандык балбандар Замирбек Нурматов (81 кг), Нурбек Аканов (90 кг), Чыңгыз Аканов (100 кг) жана Ниязбек Курманкулов оор салмакта финалда жеңип, Азия чемпиону болуп, 4 алтын медалдын ээлери болушту. Азия өлкөлөрүнүн кыз-келиндери белкур күрөш боюнча алгач ирет таймашка чыгышты. Кыз-келиндер 4 баскычтагы салмак боюнча күч сынашып, кыргызстандык үч балбан кыз Азия чемпиону аталды. Алар жеңил салмакта Анара Эстебесова, 66 кг салмактагы Элзат Сарыгул кызы жана 74 кг салмакта Елена Проскурякова Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Оор салмакта гана казакстандык Зарина Балбатина баш байгенин ээси болду. Ошентип, Бишкекте өткөн белкур күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 12 алтын, 4 күмүш байгелүү болуп, командалык биринчи орунду камсыз кылышты. Казакстандык балбандар 3 алтын, 7 күмүш жана 4 коло медаль утуп, экинчи орунду ээледи. Байгелүү үчүнчү орун өзбекстандык балбандарга ыйгарылды. Алар Азия чемпионатында 2 алтын, 5 күмүш жана 8 коло байгелүү болушту. Сочиде Олимпиадалык жай куруш үчүн төрт миңдей үй бузулат Эл аралык олимпиадалык комитет 2014-жылкы олимпиада оюндарынын кышкы түрүн Сочиде өткөзүү чечимин кабыл алгандан бери жети ай өттү. Андан соң Орусиянын өкмөтү Сочинин тоолуу климаты бар курортун өнүктүрүү боюнча федералдык өзгөчө максаттуу программа кабыл алган. Ал эми Мамлекеттик Дума болсо "олимпиадалык" аталышта мыйзамга толуктоолор киргизген. Олимпиадалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн "Олимпстрой" мамлекеттик корпорациясы уюшулган. Бирок курулуш эмдигиче баштала элек. Корпорациялык жетекчилердин айтымында, ал үчүн баарыдан мурда олимпиаданын бюджетин кайра карап чыгуу керек жана уюштуруу маселелерин чечүүнү тездетүү абзел. Сочинин аймагында баш-аягы 2014-жылы олимпиадалык жайлардан 240 даанасы салынат. Мамлекет анын чыгымына деп чү дегенде эле 12 миллиард доллар бөлгөн. Экономисттер эсебинде ал каражат азыр бери дегенде эки эсеге көбөйгөн. Ага курулуш материалдарынын кымбатташы жана инфляциянын жогорулашы себепкер болду. Кийин мындай жагдайды орусиялык саясый төбөлдөр да моюндарына алышкан. Маселен, Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашиндин айтканына караганда, "олимпиадалык жайларды салууга кетчү чыгым дүңүнөн алып эсептей келгенде 24 миллиард долларга жетет". "Ведомости" гезити жазганга караганда, олимпиадалык жайларды салууда 4232 гектар жер керек. Анын ичинен 680 гектар жер жеке менчикке карайт. Ошондуктан аларды мамлекет бийлик көрсөткөн баа менен сатып алууга тийиш. Ал эми бийлик бычкан расмий баа боюнча ар бир сотук жер 12230 доллар турат. 2008-жылдын 1-январынан тарта Сочиде жаңы мыйзам күчүнө кирген. Анын арибине жараша эми 2014-жылкы олимпиада жайларын куруу үчүн керек болгон жерлерди ээлеринен ажыратуу болот. Андай толуктоо Мамдума тараптан "Олимпиадалык мыйзам" алкагында былтыр күздө кошулган. "Sunday Times" гезитинин жазганы боюнча, Кара деңиз жээгинен олимпиадага жай курулат шылтоосу менен бузула турган үйлөр эсеби азыр төрт миңге жеткен. Жаңы мыйзам арибине таянып, ал үйлөрдө жашагандарды эми башка жактарга көчүрөрү болору жазылган. Качандыр Сталин ылымсанап дайыма барып эс алып жүргөндөй, Путин да күзүндө Сочиге барып эс алары маалым. Ал туурасында Владимир Путин журналисттер менен 2006-жылы 31-январда жолугушуу маалында өзү мындай айткан: "Сочи ар кай жагынан жарашкан жер. Аба ырайы мелүүн, кыйырында деңиз жатат, тоолорунун кээ бир жерлеринен жыл бою кар кетпейт. Мен ал жерде мындан эки жыл мурда лыжа тепкемин. Ошондуктан биз Сочини өстүрүшүбүз керек"-деген Владимир Путин. Кабыл Макешов Кыргыздын Гиннес китебинен Эң жаш СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө жаш кезинде кабыл алынгандардын бири Байдылда Сарногоев , ал 10-класста окуп жүргөндө бул союзга мүчө болгон. *** Кыргыз комсомолунун арасынан республикалык жаштар союзунун эң жаш катчыларынын бири Тенти Адышева болгон. Ал 18 жашында ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп шайланган. Ал эми биздин кийинки баамыбызда комсомолдук райондук комитетинин эң жаш катчысы, азыркы белгилүү инсан Шамшыбек Медетбеков болгон. Ал 24 жашында райондук комсомол комитетин жетектеген. *** Кыргыз кыз- келиндеринин арасынан эң жаш министр Күлүйпа Кондучалова болгон. Ал 22 жашында республиканын маданият министри болуп дайындалган. *** Эң жаш кезинде диктор болгон Сакин Бегматова болуп эсептелет. Ал 14 жашында диктор болуп иштей баштаган. *** Кыргыз сценасына эң эле жаш кезинде чыккан СССРдин эл артисти Айсулуу Токомбаева болуп эсептелет. Ал 5 жашында Пуччининин "Чио-чио- сан" операсындагы мадам Баттерфляйдын уулу Сузукинин образын театр сценасына алып чыккан экен. *** Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын эң жаш курагында алган опера ырчысы Марьям Махмутова болгон. Ал 22 жашында республикага эмгек сиңирген артист, 24 жашында СССРдин эл артисти болгон. *** СССРдин эл артисти наамын Чолпонбек Базарбаев 23 жашында алган. *** Эң жаш музыкант - Эмил Атагелдиев , ал 5 жашында пианинодо ойной баштаган. *** Эң жаш шахматчы Эрнесто Инаркиев , ал 12 жашында спорт чебери наамына татыктуу болгон. *** Шахмат боюнча республиканын эң жаш чемпиону - Бегимай Кадырова , ал 8 жашында чемпион болгон. *** Кыргыз адабиятында рецензия жанрына жаш кезинде - 19 жашында тиш салгандар Камбаралы Бобулов, Теңдик Аскаров, Санарбек Карымшаков, Абдыганы Эркебаев, Жамгырбек Бөкөшев болгон. Ысмайыл Кадыров |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|