![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Полит-элита "Темир" генералдын саясый мандаты бүттүбү? Ф.Кулов президенттин мөөнөтүнө чейин отуруусун, өзүнүн экономикалык көзкарашын айтып, Москвага аттанган. Феликс мырзанын мындай кадамын саясый мандатынын бүтүшү катары баалагандар чыгууда. А.Атамбаевдин амбициясы Шаар үстүндөгү Стрельникова айылынын тургундары А.Атамбаевдин 10-апрелге чейин премьер-министр болушун каңкуулашып, даярдана башташыптыр. Алмаз мырза Германиядан ажого жолугуп, премьерликке добро алып келгени боюнча да маалымат тарады. Азырынча ойлонуп аткан имиш. Ш.Медетбеков Новосибирскиде Экс-депутат Ш.Медетбеков Новосибирск шаарына эларалык үлкөн конференцияга чакырылып, коррупция боюнча доклад окуганы кетти. Мындай жогорку деңгээлдеги жыйынга Кыргызстандан жалгыз Шамшыбек мырзаны чакырышканы нени каңкуулайт? Д.Үсөнов Москвага, А.Мадумаров Израилге учтубу? Мэриянын сунушу менен шаардык Кеңештин жыйыны 10-апрелге жылдырылып, мэр Д.Үсөнов күтүүсүздөн Москвага учуп кеткенин, о.э. спикер А.Мадумаровдун Израилге сапар алганын каңкуулашууда. Эки үлкөн аткаминерлердин мындай кадамдары саясый чөйрөдө мандем жаратууда. Табышмак. Дагы бир жыландын башы "Атамекен" партиясынын юристтери мурдагы парламенттин таркатылышын негизсиз деп таап, мыйзамсыз аракет көрүлгөнүн тастыкташууда. Мунун айланасында дагы бир саясый чуулган чыгышы ыктымал. Эгерде оппозиция көңүлдөнсө… Ажого "азууларын шакылдаткан" көлдүктөр "Акылордо" деген уюм бар. Көлдүктөрдүн тынчыкмаларын баш коштурган. Өткөн ишембиде Ысыккөлдө "акылордочулар" чогулушуп, жабык эшикте чо-оң жыйын өткөрүштү. Анабашылары И.Абдуразаков, С.Иманбаев, М.Иманалиев ж.б. болсо, бийликтен буларды колдогон губернатор К.Исаев, президенттин кеңешчиси С.Жапаров сыяктуулар маселени кабыргасынан коюшуп, баары бир добуштан ажонун саясатына "азууларын шакылдатып" алышыптыр. Казактарга Каркыраны, 4 пансионатты бербейбиз деп опурулушуп, атургай Койсарыдагы Орусиянын торпедо сыноосун айдап чыгууга батынышты. Көлдүктөрдүн мындай сүрү соо койчудай эмес. Кызыгы, М.Иманалиев ТИМди жетектеп турганда Каркыра жайлоосун "устукандаганга" катышып, Акаев - Назарбаев келишимин (жерди казактарга өткөрүү боюнча) даярдап берген. Мына ошол Мурат мырза кызарып-татарбай эле азыр патриот болуп чыга келди. "Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп". Ал эми киндик кан тамган жери үчүн С.Жапаров, К.Исаев өңдүү бийлик өкүлдөрү Акүйдүн сүрүнөн да коркуп койбогонун айтышууда. Баракелде-е, эми экөөнү эзип койбогой эле… Үсөн акеге ыраазы болгон ажо Үсөн аке Сыдыков атайын Германияга барып, ажонун ал-абалын сурап кайткан. Экөөнүн ортосунда жылуу сөздөр болуп, ажо: "Сиздин жакшылыкты эки дүйнөдө унутпайм, ыраазымын" дептир. Премьердин менчиктештирүү икаясы Премьер-министр И.Чудинов ЖОЖ, мектептердин акча маселесине байланышкан көйгөйүнөн башы адашып, билим берүү мекемелерин менчиктештирүү идеясын колдоп баштады. Буга шыкакчы Д.Нур уулу, И.Болжурова, М.Суталинов сыяктуу аткаминерлер экен. Кудайды бир карасак боло, менчиктештирүү дегиче кембагалдардын балдары ЖОЖ, мектептерде окубай калбайбы. Мына бийликтин идеологиясы. Башкасын айтпасак да, И.Чудиновдун тепкен "Жип" машинеси 100 миң долларды чапчып атпайбы. Мындай бай-бачалар карапайым үйбүлөнүн тагдырына түкүрүп да койбойбу?.. Оппозицияга аңчылыкпы? Спорт сарайы сыяктуу мерчемдүү жерлерде бою кичине, тилдери чулдураган өзбек, тажик улутундагы жигиттер машыгып, мушташканды, автомат атканды үйрөнүп, чо-оң "казатка" даярданып атканын "Атамекен" партиясы жар салып чыкты (6-беттен окуңуздар). Мындай шугулдануу эмнеге алпарат(?), оппозицияны чекеден терүү үчүнбү?.. Казактар Медет Чокановичти неге айыптады? Казактардын "Большая газета" аталышында гезити бар. Биздеги саясый кубулушка саресеп салып, "кыргыздар президентин жоготту, коомчулукта шейит кетти деген ушактар күч алууда" деп жазып чыгышты. Элдин дүргүп атканын да баса белгилеп. Ал гезит негизинен М.Садыркуловду күнөөлөп, өлкөдөгү олку-солку кырдаалды туура саясат менен жөнгө салса болмок таризинде акыл айтыптыр. Оорубаган, кырсыктабаган адам болбойт, а коомчулукту дүргүткөнгө ким күнөөлүү? МЧСпи? Аалам-пресс |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|