![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №34, 28.03.08-ж. |
Меймансап Форум Куураган курумУшу Гендер тендерге өткөндө Шайлоо кодексинин 72-статьясынын 3 пунктуна ылайык партиялык тизмеге кирген талапкерлердин ичиндегилер эркеги болобу, аялы болобу 70% тен ашпашы керек. Ошондой эле аял же эркектердин кезеги үч позициядан кийин жаңырып турушу кажет. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда үч эркектен кийин бир аял же үч аялдан кийин бир эркек болуп аттатылып түзүлүшү талап этилет. Саясатта эркектердин толук гегемониясы орногон Кыргызстан үчүн бул жобонун киргизилишин аялдардын гендердик чоң жеңиши катары баалоо керек. Азыр "Ак-жолго" барып куюлуп, жым-жым болгон "Менин өлкөм" партиясынын активдүү лидерлеринен болгон, аялдардын укугун тайманбай коргогон Г.Куликованын көктөн издегени жерден табылды десе болор. Мезгилинде ал киши парламентте бир дагы аял аттуу жок, гендердик чаңырган теңсиздикти жоюу үчүн президенттин түздөн-түз буйругу менен ЖКнын депутаты кылып жоон топ аялды дайындалсын деген өтө "демократиялык"квота доолап, күйүгүп жүргөн учурлары болгон ("жоон топтун" ичинде, албетте, биринчи кезекте өзүнүн болушу кажет экенин каңкуулап жатканын деле жашырган эмес). Эми карабайсызбы, Г.Куликованын дооматы бир нече эселенип ишке ашып турбайбы. Мындан кийин Г.Куликованын 72-статьяга маңдайы жарылып сүйүнүшү гана калат."Күчтүү" жана принципиалдуу саясатчы болгон Галина Александровнанын "Ак-жолдун" тизмесинин алдыңкы катарындагы бакыйган 17-орунга жайгашышы анын гендердик эң туура жана майнаптуу саясат жүргүзгөндүгүнүн жемиши деп билүү туура болор. Адегенде 72-статьяга карата эркектердин саясый чөйрөсүндө астырт күңкүл-мыңкыл сөздөрү чыгып кетти. Аялдар үчүн өтө эле көп процент берилип, өтө кененчилик кылып ташташыптыр деген сөздөр айтылды. Арийне, ал "нааразычылыктар" ачыкка чыгып, ачык айтыла алган жок. Ич ара шыбың-күбүң түрүндө кала берди. Бара-бара унутулуп деле кетти окшойт. Эркектердин өздөрү деле тезирээк унуткарууга шашылышты сыяктанат. Сен эмне, гендерлик теңчиликке каршысыңбы деген кагуу жегенден чочулашты өңдөнбөйбү. Кыйын-кыйчалыштык кийин партиялык көгөндү тизмелей баштаганда, б.а. гендер тендерге айланганда пайда болду. Партиялык тизмени түзө келгенде аялдардын ичинде саясатта сап болуп бере тургандары саналуу экени билинди. Же финансылык ресурстары чектелүү, же лидерлик угуту жок, же саясый потенциалы чак, же эл ичиндеги аброю аз, же интеллектуалдык ресурсу кем, же саясатка малынганды каалабайт, үй-бүлөөсүн баарынан артык көрөт... Акырында партиялардын көгөнүн тизген мыкчыгерлер Кыргызстандын саясый мейкинин сыйпалап издешип, тизмеге кирүүгө көнгөн урунтуктуулардын баарын эле төбөсүнөн тартып көтөрүп тизмеге кошо башташты өңдөнөт. Партиялык тизмелердеги мурда-кийин кулак угуп, көз көрбөгөн жаңы абсурд ысымдардын пайда болушу да ушундан чыкты өңдөнбөйбү. Андан кызыгы кийин башталып кетпедиби. Эч бир өлкөдө кезиге бербеген "Кыргызстан аялдары" ("Женщины Кыргызстана") деген аталыштагы партия бар эле. Жыныстык критерияга негизделип түзүлгөн. Мүчөлөрү чылкый аялдардан турат. Айтпаса да белгилүүдүр, гендердик тең салмакты сактап туруу максаты менен "жакшы тилек" көздөгөн партия. Мындайча айтканда, накта гендердик партия. Саясатта далай жылдар иш жүргүзүп келгендигине байланыштуу башка "кодураларга" салыштырмалуу элге аттын кашкасындай болбосо да, таанымал болуп калган жагы бар эле. Жалаң гана аялдардан турган партия бар экенине өлкө да сыймыктанчу. Эч бир өлкөдө мындай ажайып окуя болуп көрбөсө сыймыктанат да анан. Капыл-тапылынан эле шайлоо жөнүндөгү жаңы Кодекс пайда боло калып, алдыга койгон аялдардын асыл максаттары бир күндүн ичинде кыйрап түшүп жатпайбы. Жаңы мыйзам боюнча партиялык тизмеге кирген талапкердин 30% кем эмеси эркектерден болушу керек. Демек, аялдардын партия көгөнүнө 30% эркекти киргизиши талап кылынат. Мындай "татаал иштин" түйүнүн чечүү кыйын, мүмкүн да эмес экени айкын."Кыргызстан аялдары" деген ат алып жүргөн партиянын тизмесине кирүүгө макул болоор малакай кийген эркектердин чыкпасы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Натыйжасы белгилүү, "Кыргызстан аялдарынын" шайлоого катышууга болгон жолу кан буугандай тосулду да калды. Сабак боло турган кайгылуу (күлкүлүү) көрүнүш. Партия түзөм деп эле ойду келди түзө бергендин (жүрө бергендин) да өкүнүчтүү жагы бар турбайбы дейсиң. Үсөн Касыбеков Эрендерде эмне кеп? Темир Сариев, коомдук парламенттин депутаты: "Бийлик эл ишенимине эмес, күчкө таянып жатат" - Темир Аргенбаевич, азыркы парламенттин иштеп жатканына беш айдын жүзү болду. Жаңы кадамдарын байкай алдыңызбы? - Биз 16-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп айтканбыз. Жаңы парламент легитимсиз, чөнтөк парламент десек жаңылбайбыз. Партиялык тизме менен келе турган күчтүү, эркин боло турган парламентти бийлик абсурдка чейин жеткирип, өзү каалагандай парламентти алып келди. Азыр демократиялык потенциалы бар парламент жок. Мурда президент: "5-6 депутат бар, ошолор жолтоо болбосо эле эң сонун иштейт элек" дечү. Эски парламенттин таркаганына да беш айдын жүзү болуп отурат. Натыйжалуу жыйынтыгын көргөн жокмун. Кайра тескерисинче. Эл деле көрүп атпайбы. Ал эми бийлик эл ишенимине эмес, бийликтин күчүнө таянып жатат. Бийликтин саясаттагы кетирген эң чоң катачылыгы, кемчилиги ушунда. Ошондуктан өлкөдө саясый туруктуулук, экономикада өсүү жок. Социалдык жактан да жетишкендикти көрө албайсың. Муну эл жонтериси менен сезип жатат. - Бийлик башындагылар экономикабыз эңшерилбей эле өсүп атат деп атпайбы? - Эгер андай болсо, экономикабызда эбегейсиз баалар өсүп, эл неге кыйналып атат? Экономикалык күчтүү саясат жүргүзө албагандыктан, Кыргызстан импортко көз каранды болуп калды. Адистердин айтуусуна таянсак, былтыр биздин соода-сатыгыбыз 4 млрд. доллардан ашты. Ошонун ичинен 1 млрд. 100 млн. доллары экспорт. Калган 3 млрд. доллардан ашыгы импорт болуп атат. Бул көрсөткүч Кыргызстандын экономикасы импорттон толук көз каранды дегенди туюнтат. Бийликтин экономика өсүп атат дегенине кошула албайм. Кошула турган негиз жок. - Дагы бир көңүл өйүгөн нерсе, экономикабыздын кыр аркасы болгон энергетика менчиктештирилет деген талаш маселе бар. Бул боюнча оюңуз кандай? - Энергетика мамлекеттин стратегиялык эң чоң өндүрүштүк багыты. Мунун өзү кылдат мамилени талап кылат. Бүгүнкү күндө энерготармакта коррупциялашкан башкаруу системасы бар. Ушуну жоюу керек. Жойбой туруп бирөөгө менчикке өткөрүп берүү өтө опурталдуу иш. "Түндүк электро" менен "Бишкек ТЭЦти" бириктирип, Бишкек шаардык мэриянын көзөмөлүнө өткөрүп, ага тийиштүү маселелерди шаардык кеңештин депутаттары, мэрия өзү чечсе натыйжалуу болмок. Бир кишиге менчиктеп берүүгө мен каршымын. Башка альтернативдик жолдору бар, биз ошону издешибиз керек. Ал эми "Түндүкэлектрону" ири монополдошкон ишкана кылбай, облустарга бөлүп,мүмкүн алардын башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизсе туура болмок. Инвесторлорго ишеним артып отура берүүнүн кажети жок. Сырттан келген инвестор ушул жерден пайда табайын деген бир гана максат менен келет. Ошону үчүн электросекторун менчиктештирүү айрыкча бүгүнкү күндө опурталдуу. "Түндүкэлектрого" Чүй, Талас облусу, Бишкек шаары кирет. Бул мамлекеттеги керектөөчүлөрдүн 60%ын тейлейт. Негизги дүң продукцияларды чыгарып, иштеп жаткан ири завод-фабрикалар жана мекемелер "Түндүк-электро" аркылуу камсыздалат. Менчиктештиргендин ордуна энергетиканы Кыргызстандын бирден-бир байлык булагына айландыруу зарылчылыгы бар. Бул үчүн бийликтин максаты, таза саясаты болуш керек. - Кыргызстанда баягы "кургур оору" дале күчүндө. Коррупция жөнүндө айтам… - Коррупция Кыргызстандагы өтө системалашып кеткен, орчундуу проблемаларынын бири. Ар түрдүү тармактарда коррупциянын деңгээли 50% дан, 70% чейин өскөнүн айтып жүрүшөт. 50%ы бул бийликтин, ал эми 70%ы көз карандысыз эксперттердин маалыматы. Бийликтин бардык бутактарында коррупция бар. Бул дагы мамлекеттин алсыздыгынан, комплекстүү иш жүргүзө албаганынан. Коррупциянын айынан экономика эңшерилип, экономикалык айрым объекттер жокко чыгып олтурат. Наркотрафиктин улам өсүп отурушу улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир берет. Жакынкы кезде эле легитимсиз парламенттин трибунасынан президент элге кайрылып, бир топ маселелерди айтты. Бирок коррупция жөнүндө ооз ачкан жок. Бириккен улуттар уюмунун атайын адистешкен бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, былтыр 2007-жылы Афганистанда 8,5 миң тонна наркозат өндүрүлүп чыкса, ошонун төрттөн бири Кыргызстан аркылуу өтүп, Казакстан, Россия, Европа өлкөлөрүнө тарайт. Азыр Кыргызстанда көпчүлүк адамдар мурдагыдай жер айдап, дан эгип, соода-сатык менен оокат кылбай калды. Анткени,мисалы бир жылдык кирешесин, наркозат аркылуу бир күндө таап алып жатышат. 2006-2007-жылдарда Жалалабат облусунда 19 миң гектар жер айдалбай калган. Ал жердеги жарандардын бир тобу жумушчу күч катары чет өлкөлөрдө жүрсө, бир тобу наркобизнес менен жашашат экен. Бул улуттун келечегине, коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар, ойлончу маселе. - Жакынкы күндөрдө элдик курултай болгону турат. Коомчулукта ар кандай пикирлер да айтылып жатат. Элдик курултайдын максаты кандай? - Элдик курултай боюнча "Акыйкат үчүн" коомдук кыймылы чечим кабыл алган. Ошонун негизинде курултай 12-апрелде боло турган болду, буга бардык облустардан өкүлдөр келет. Курултай Конституцияга жазылып калган норма. Ушуга таянып, саясый партиялар, коомдук уюмдар чогулуп, курултай өткөрүүнү чечишкен. Муну тыюуга, жолтоо болууга бийликтин, чиновниктин эч кандай акысы жок. Башмыйзамда адам укугуна тийиштүү жобо дагы бар. Ал жобо боюнча мамлекетке кайдыгер карабаган жарандар, эл чогулуп, өлкөдөгү курч маселелерди карап, өз чечимин кабыл алууга, аны бийлик бутактарына жеткирип турууга акылуу. Бийлик органдары мыйзамды бузуп, тоскоолдук кылабыз деп атышат. Жаңы бийликтин келгенине 3 жыл толду. Алар өздөрү эмнеден ыйлап келсе, ошолорду кайра курал кылып колдонуп алышты. Мыйзамдуу жолго бийлик бут тосуп, мыйзамсыз жолго элди түртпөш керек. Азыр радикалдуу позицияда тургандар да жок эмес. Мыйзам жолдору жабыла берсе, анда башка жол менен иштөөнү издей башташат. Бийлик адамдарына айтаар элем, биринчиден, Конституцияны, анда жазылган мыйзамдарды сыйласын, экинчиден, өз ыйманын сыйласын. Маектешкен Гүлбарчын Якубова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|